Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтомуна) Тиркеме |
Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244, 2025-жылдын 3-мартындагы № 108, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо тартибин аныктайт.
2. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан конкурстук жана аукциондук объекттерге таандык болбогон кум-шагыл аралашма жана чопо топурак участоктору курулуш максаттары үчүн иштелиши мүмкүн.
3. Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алууну жер казынасын пайдалануучу ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык формада, жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы тарабынан кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо тууралуу бериле турган күбөлүктүн (мындан ары - Күбөлүк) негизинде жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Күбөлүк берүү жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы тарабынан "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жүргүзүлөт. (Күбөлүк өтүнмө менен биринчи кайрылган арыз ээсине берилет).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Күбөлүк ушул Жобонун талаптарын аткаруу шартында бөлүнүп берилген жер тилкесинде кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу укуктарын берет.
6. Табигый рельефтен эки метрден ашпаган тереңдиктеги карьердин шарттарында кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу техникалык долбоорсуз жүзөгө ашырылат.
Карьердин тереңдиги 2 метрден ашкан учурда кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурактарын казып алуу өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатында оң эксперттик корутундуну алган техникалык долбоорго ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Күбөлүк бир гана жер тилкесине үч жылдык мөөнөткө андан ары үч жылга узартуу укугу менен берилет жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна күбөлүк алуу үчүн негиз болуп саналат.
Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу үчүн жер участогунун өлчөмү координаттын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттердин координаттары (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталат, жана:
- карьердин тереңдиги бетинин табигый рельефинен эки метрден ашпаган шартта кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу учурунда 1 гектардан ашпоого тийиш, ал эми дарыялардын нугунда же дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн жээгинде 0,1 гектардан ашпоого тийиш;
- карьердин тереңдиги 2 метрден ашкан учурда, өнөр жай жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө оң эксперттик корутунду алган техникалык долбоор менен аныкталышы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 244 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Күбөлүктү берүү өзгөчөлүгү жана анын колдонуу мөөнөтүн узартуу
8. Күбөлүк алуу үчүн арыз берүүчү жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, облустук маанидеги шаардын мэриясына төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:
- жайгашкан жерин жана координаттык тик бурчтуу системасында (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) анын бурчтук чекиттеринин координаттары менен жер тилкесинин өлчөмүн көрсөткөн арыз;
- жеке ишкерлер үчүн паспорттун көчүрмөсү;
- юридикалык жакты жана (же) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өндүрүүнүн, көлөмүн көрсөтүү менен арыз ээси бекиткен иштердин программасы;
- салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө жана салык органында салыктар жана жыйымдар боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында камсыздандыруу төлөмүн төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
Эгерде, жер тилкесин дарыялардын жана башка суулардын нуктарында же жээктеринде тапкан учурда, өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун арыз ээси кошумча берүүсү керек.
Эгерде, чек ара тилкесинин чектеринде жер тилкеси табылган учурда, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын макулдугун арыз ээси кошумча берүүсү керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы туруктуу иштөөчү комиссияны түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Комиссия арыз катталган күндөн тартып 25 календарлык күндүн ичинде арыздарды карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Чечим чыгаруу максатында комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга факсимилдик, электрондук же башка байланыш суралган тилкенин бар экендиги жөнүндө камтыган суроо-талап жиберет:
- жер казынасынын лицензияланган тилкелери;
- жер тилкесине макулдук берген өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- жер казынасын пайдалануу укугун алууга жер тилкесине берилген өтүнмө;
- конкурстук же аукциондук объекттерине кирген жер тилкеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 календарлык күндүн ичинде, райондук комиссияга ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыштын түрү менен берет.
13. Өтүнмө берилген жер тилкесинде пайдалуу казындылар кенинин 1-тобуна таандык болгон жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия бар болсо, комиссия өтүнүүчүдөн кошумча кат жүзүндө лицензияттын макулдугун талап кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Келип түшкөн материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрацияга Күбөлүктү берүү мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечимин берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Күбөлүктү берүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- эгерде пайдалуу кендердин 1-тобуна кире турган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кошпогондо, өтүнмө берилген жер тилкесине жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген болсо;
- эгерде өтүнмө берилген жер тилкесине пайдалуу кендердин 1-тобуна кире турган колдонуудагы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия бар болгон убакта, лицензияттын макулдугу жок болсо;
- эгерде өтүнмө берилген жер тилкесине жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдук берилген болсо;
- эгерде өтүнмө берилген жер тилкесине жер казынасын пайдаланууга укугун алууга өтүнмөлөр берилген болсо;
- эгерде өтүнмө берилген жер тилкеси чек арадагы дарыялардын жана башка суулардын нуктарында жана жээктеринде, ошондой эле жакын жаткан дамбалардын жана гидротехникалык курулуштардын аймактарында турган учурларда;
- эгерде өтүнмө берилген жер тилкеси кен калдыктары жана калдык сактагыч жайларда жайгашкан учурларда;
- эгерде өтүнмө берилген жер тилкеси өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана маданият эстеликтеринин чектеринде жайгашкан учурларда;
- эгерде өтүнмө берилген жер тилкеси конкурстук же аукциондук объекттерине кирген учурларда.
16. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы 3 календарлык күндө Күбөлүктү берет же берүүдөн баш тартат, өтүнмөнүн ээсине баш тартуу себебинин мазмунун камтыган кат жиберет жана ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга, салык органына, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыштын түрү менен, берилген Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн, жайгашкан жерин жана жер тилкесинин өлчөмүн көрсөткөн маалыматты жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Жер казынасын пайдалануучу Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясына, облустук маанидеги шаардын мэриясына төмөнкү документтерди берет:
- Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз;
- Күбөлүк;
- жер казынасын пайдалануучу бекиткен пландаштырылган өндүрүлүүчү көлөмдү көрсөткөн иштердин программасы;
- 3-жылда кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу жөнүндө топтомо отчет.
Жер участогу чек арадагыны кошпогондо, дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн нугунда же жээгинде жайгашкан учурда арыз ээси арызга жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун тиркеши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 108, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн материалдарды алган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде комиссиянын кароосуна жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Комиссия 7 календарлык күндө Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө чечим чыгарат жана кабыл алынган чечим жөнүндө маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, облустук маанидеги шаардын мэриясына жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы 3 календарлык күндүн ичинде Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн башталган мөөнөткө узартат же өтүнмөнүн ээсине Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн узартуудан баш тартуунун себебин камтыган кат жиберет жана ошондой эле жер казынасын, пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органга, салык органына, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыштын жолу менен тиешелүү маалыматты жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан белгиленген экологиялык, техникалык, чек ара коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо эрежелеринин сакталышы, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, облустук маанидеги шаардын мэриясына аткарылган иштердин жылдык отчетун өз убактысында берүүсү Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат.
Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүнүн ичинде экологиялык, техникалык, чек ара коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин эки жолу бузуу Күбөлүктүн иштөө мөөнөтүн узартуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Райондук комиссия
22. Райондук комиссия жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын, ошондой эле жергиликтүү кызматтардын: айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, айыл чарба жана суу чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча инспекциянын кызматкерлеринен түзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясына муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаты кириши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Райондук деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эки өкүлү, анын аймагында кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууну пландаштырууда райондук комиссиянын жыйналышына чечим чыгарууда добуш берүү укугу менен чакырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Комиссияны тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчисинин орун басары же облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Комиссиянын компетенциясына Күбөлүктү берүүнүн мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жана мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим чыгаруу кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнү, убактысы жана орду райондук комиссиянын төрагасы тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Комиссия чечимдерди кабыл алууга анын жыйынында комиссиянын жалпы сандык курамынын жарымынан аз эмес бөлүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү катышып жаткан шарттарда укуктуу болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Комиссиянын чечимдери комиссиянын катышып жаткан мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн жалпы санынан добуштардын көпчүлүгү менен ачык добуш берүүсү менен кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Комиссиянын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү добуш берүүдөн карманып калууга укуксуз болушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алынат, ал протокол түрүндө бекитилет жана ага төрагалык кылуучу, комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кол коюшат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кабыл алынып жаткан чечим менен макул болбогон учурда райондук комиссиянын мүчөсү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү, комиссиянын корутундусуна кошо милдеттүү тиркеле турган өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурактарын казып алууну жүзөгө ашыруучу жактардын реестри
32. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук маанидеги шаардын мэриясы кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурактарын казып алууну жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт жана квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 10унан, кеч эмес кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууну жүзөгө ашыруучу жактардын Жыйынды реестрин (мындан ары - Жыйынды реестри) түзүү үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет. Жыйынды реестринин формасы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Реестр төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- юридикалык жакты жана (же) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды;
- жеке ишкердин паспорттук маалыматтары;
- жер казынасын пайдалануучу кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурактарын казып алуу жүзөгө ашырылуучу жер тилкесинин жайгашкан жери жана өлчөмү;
- Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү;
- Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат;
- Күбөлүктүн берилген күнү жана каттоо номери;
- аткарылган иштер жөнүндө жылдык отчет берүү жөнүндө маалымат;
- экологиялык, техникалык, чек ара коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарды бузуу жөнүндө маалымат, ошондой эле аларды четтетүү жөнүндө маалыматтар.
5. Башка жоболор
34. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан Күбөлүктү үчүнчү жактарга ар кандай формада берүүгө тыюу салынат.
35. Жер казынасын пайдалануучулар, жылдын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-февралынан кечиктирбестен, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, облустук маанидеги шаардын мэриясына аткарылган иш жөнүндө ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жылдык отчет берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу Күбөлүктүн негизинде экологиялык, техникалык, чек ара коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо эрежесин бузган учурларда токтотулат. Мында, мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, облустук маанидеги шаардын мэриясына Реестрге киргизүү үчүн табылган жана четтетилген бузуулар жөнүндө тийиштүү маалыматтарды жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алууну жүзөгө ашыруучу укугун каттоо жөнүндө КҮБӨЛҮК № ____________
Берилген:
___________________________________________________________________________
(жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты/юридикалык жактын аталышы)
Арыз берүүчүнүн паспорттук маалыматтары (жеке ишкер үчүн):
сериясы ________ № ___________ берүүчү орган: ________ берилген күнү: ____________
туулган күнү: ________________________________________________________________
Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк:
сериясы _____________________________________ № ____________________________
берүүчү орган: _______________________ берилген күнү: ___________________________
Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк:
сериясы _____________________________________ № ____________________________
берүүчү: _____________________ берилген күнү: __________________________________
Жер тилкесинин административдик жайгашуусу
____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
Каттоонун аракетте болуу мөөнөтү: 20___-ж. "____" ___________________________ чейин
Каттоо күнү: _________________________________________________________________
мамлекеттик администрациясынын башчысы ______________________________________
(инициалдары, фамилиясы)
М.О.
Күнү ______________ Колу __________________
Чейин узартылган: ____________________________________________________________
(инициалдары, фамилиясы)
М.О.
Чейин узартылган: ____________________________________________________________
(инициалдары, фамилиясы)
М.О.
|
| Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу жөнүндө ОТЧЕТ ________________________________________________________ (административдик райондун аталышы) ________-жыл үчүн
№ | Жеке ишкердин аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, кум-шагыл аралашмасы жана чопо топурактары казып алынуучу жер участокторунун жайгашкан жери | Жеке ишкерди/юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери | Казылып алынган кум-шагыл аралашмасы (т) | Сатылды | Казып алынган чопо топурактар (т) | Сатылды | ||
баасы, сом/т | бардыгы, сом | баасы, сом/т | бардыгы, сом | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күнү: _______________ Колу: ___________________
М.О.