Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-майы № 244
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жободо:
- 7-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- карьердин тереңдиги бетинин табигый рельефинен эки метрден ашпаган шартта кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурактарын казып алуу учурунда 1 гектардан ашпоого тийиш, ал эми дарыялардын нугунда же дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн жээгинде 0,1 гектардан ашпоого тийиш;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |