Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасында Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү жана түзүү тартибин аныктайт (мындан ары - Реестр).
Реестр Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин рынокторуна Кыргыз Республикасында мүлктү баалоо боюнча кызматтарды жеткирүүчүлөрдүн персоналынын квалификациясын таануу жана кирүү уруксатын алуу үчүн укуктук механизм деп таанылат.
2. Реестрди жүргүзүү тартиби
2. Реестрди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын баалоо ишинин субъекттери берген маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).
3. Баалоо ишинин субъекти деп, мүлктү баалоо жаатында тейлөө кызматтарын көрсөткөн, алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, менчиктин бардык формаларындагы Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары таанылат.
4. Реестр ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө жүргүзүлөт.
5. Реестр ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ачык жайгаштырылат жана мүлктү баалоо жаатында тейлөө кызматтарын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын баалоо ишинин субъекттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
6. Реестрге киргизүү Кыргыз Республикасынын баалоо ишинин субъектисинин арызы боюнча ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлөт.
7. Реестрдеги маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын Кыргыз Республикасынын баалоо ишинин берилген арыздарынын негизинде кезектеги календардык жылдын 20-апрелине чейин жаңыртылып турат.
8. Кыргыз Республикасынын баалоо ишинин субъекттери берген маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Реестрге киргизилүүгө тийиш.
9. Реестрге киргизүү үчүн берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти баалоо ишинин субъекти тартат.
10. Баалоо ишинин субъекттери берген маалыматтарды жана арызга тиркелген документтерди тактоо үчүн ыйгарым укуктуу орган ушул жобонун 14-пунктуна ылайык жетишпеген маалыматтарды жана документтерди суратып алууга же тактоого укуктуу.
11. Реестрге киргизилген Кыргыз Республикасынын баалоо ишинин субъекти төмөнкүдөй учурларда Реестрден чыгарылат:
1) баалоо ишинин субъекти Реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды берсе;
2) ушул жобонун 7-пунктуна ылайык кезектеги календардык жылдын 15-апрелине чейин ыйгарым укуктуу органга документтерди жана маалыматтарды бербесе же анын ишиндеги кандайдыр бир өзгөрүүлөр жоктугу жөнүндө расмий кабарлоо бербесе;
3) баалоо ишинин субъекти (юридикалык жак) жоюуда;
4) баалоо ишинин субъекти (жеке жак) өзүнүн ишин токтотсо;
5) баалоо ишинин субъекти банкрот деп табылса;
6) баалоо ишинин субъекти жөндөмсүз, жөндөмдүүлүгү чектелген, кабарсыз деп таанылса;
7) баалоо ишинин субъекти каза болду деп жарыяланса.
Ушул пункттун 3-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалымат баалоо ишинин субъектисинин жакын туугандары жана же ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилет.
12. Реестрде камтылган маалыматтар өзгөрсө, баалоо ишинин субъекти он жумуш күндүн ичинде тийиштүү өзгөртүүлөрдү Реестрге киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын дарегине актуалдуу маалыматты (жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө) жөнөтөт.
3. Баалоо ишинин субъекттери тарабынан маалыматты берүү тартиби
13. Кыргыз Республикасынын баалоо ишинин субъекттери Реестрге киргизүү үчүн ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык арыз менен ыйгарым укуктуу органга кайрылат.
14. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
юридикалык жактар үчүн:
1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
2) бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун ырастаган документтер;
3) ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча штаттык жумушчулардын - баалоочулардын саны жөнүндө маалыматтар;
4) баалоо түрлөрү жөнүндө маалыматтар;
5) соңку үч жылда улуттук валютада көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү жөнүндө маалыматтар.
жеке жактар үчүн:
1) паспортунун көчүрмөсү;
2) жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү;
3) билими жана квалификациясы жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
4) илимий наамдын жана илимий даражасынын болушу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
5) бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугун ырастаган документтер;
6) баалоо ишинде иштеген стажы жөнүндө маалыматтар;
7) баалоонун түрлөрү жөнүндө маалыматтар;
8) соңку үч жылда улуттук валютада көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү жөнүндө маалыматтар.
15. Баалоо ишинин субъекттери ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй маалыматтарды беришет:
1) ушул жобонун 7-пунктуна ылайык ар жыл сайын;
2) ушул жобонун 14-пунктуна ылайык Реестрде камтылган жеке маалыматтар өзгөрсө.
4. Реестрди колдонуу тартиби
16. Баалоо ишинин субъекттери жөнүндө маалыматтар электрондук түрдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан маалыматтардын он-лайн сактагычында (мөөнөтсүз) сакталат.
17. Жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө берилген баалоо ишинин субъекттери тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте сакталат.
|
| Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
20___-жылга Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин РЕЕСТРИ
№ | Юридикалык жактын аталышы | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери | Юридикалык дареги | Юридикалык жакты каттоо датасы | Штаттык баалоочулардын саны (маалыматтар 2-тиркемеге ылайык берилет) | Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун ырастаган маалыматтар | Көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү (саны) жана түрлөрү (соңку үч жылда улуттук валютада көрсөтүлгөн кызматтар) | Реестрге киргизүү датасы |
| Аты-жөнү |
|
| Жеке жак төмөнкүдөй маалыматтарды берет: билими жана квалификациясы жөнүндө, илимий наамы жана илимий даражасы жөнүндө, иш стажы жөнүндө |
|
|
| |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Реестрдин экинчи тилкеси юридикалык жактарга (юридикалык жактын аталышы) жана жеке жактарга (аты-жөнү) карата түзүлөт. Реестрдин бешинчи жана алтынчы тилкеси юридикалык жактарга (юридикалык жакты каттоо датасы жана штаттык баалоочулардын саны) жана жеке жактарга (жеке жак тарабынан төмөнкүдөй маалыматтар берилет: билими жана квалификациясы жөнүндө, илимий наамы жана илимий даражасы жөнүндө, иш стажы жөнүндө).
|
| Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
20____-жылга баалоо ишинин баалоочулары-штаттык жумушчулары жөнүндө КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР
№ | Аты-жөнү | Иштеген жери жана ээлеген кызмат орду | Юридикалык жакты каттоо датасы | Юридикалык дареги | Билими жөнүндө маалыматтар: Качан жана кайсыл ЖОЖ аяктаган, адистиги. Кошумча кесиптик билими, илимий наамы жана илимий даражасы, кесиптик квалификациясы жөнүндө, иш стажы | Көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү (саны) (соңку үч жылда улуттук валютада көрсөтүлгөн кызматтар) | Реестрге киргизүү датасы |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма |
| Баалоо ишин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган |
Арыз
Мен, _______________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
маалыматтарды кабыл алууну жана аларды Реестрге киргизүүнү суранам
____________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
____________________________________________________________________________________
(дареги, почта индекси, телефону, факсы, электрондук почтасы)
____________________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана ыйгарым укуктуу органда күбөлүктү каттоо номери)
Кол тамгасы: ______________________________ Датасы: ____________________________________
----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат
Берүү датасы _____________________________
Арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алган ыйгарым укуктуу жак
____________________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Каттоо номери _________________________________
| Белгиленген формадагы арыз |
| Уюштуруу документтеринин көчүрмөсү |
| Жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү |
| Паспорттун көчүрмөсү |
| Билими жана квалификациясы жөнүндө документтин көчүрмөсү |
| Илимий наамдын жана илимий даражанын болушу жөнүндө документтин көчүрмөсү |
| Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугун ырастоочу документ |
| Көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү (саны) (соңку үч жылда көрсөтүлгөн кызматтар (улуттук валютада)) |
| Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери |
| Баалоо ишинде иш стажы жөнүндө маалыматтар |
| Баалоо түрлөрү жөнүндө маалыматтар |
Кошумча документтер
_____________________________________________________________________________
(документтердин аталышы)
Арызды кабыл алган адамдын кол тамгасы ________________________________________