Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-февралы № 39
Кыргыз Республикасында баалоо ишин либералдаштыруу, өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 23 чечими менен бекитилген Мүлктү баалоо боюнча кызмат көрсөтүү сектору боюнча либералдаштыруу планынын 3-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежесинде:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.".
3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы N 10 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |