Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 18-декабрындагы № 765
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 36
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын активдүү илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы № 10 жарыяланды
Премьер-министри | М.Абылгазиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары | Эскертүү |
1. Туризм чөйрөсүнүн макроэкономикалык болжолдук максаттары | |||||
1 | Туристтик иш чөйрөсүндө ИДП өсүшүн камсыздоо: 2019-ж. - 5,3% 2020-ж. - 5,6% 2021-ж. - 6,0% 2022-ж. - 6,5% 2023-ж. - 7,0% | Маданиятмин, Экономмин, МСК, Улутстатком, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-2023-ж.ж. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Болжолдуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнүн тенденцияларын жана БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун (ЮНВТО) болжолдуу маалыматтарын эске алуу менен түзүлдү |
2 | Кыргыз Республикасына кирип келген чет өлкөлүк туристтердин санын көбөйтүүнү камсыз кылуу (миң адам): 2019-ж. - 4800 2020-ж. - 5100 2021-ж. - 5300 2022-ж. - 5600 2023-ж. - 6000 | Маданиятмин, ТИМ, МЧК, Улутстатком, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-2023-ж.ж. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Болжолдуу маалыматтар Кыргыз Республикасына келген туристтердин санынын көбөйүшүнүн тенденцияларын жана БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун (ЮНВТО) болжолдуу маалыматтарын эске алуу менен түзүлдү |
3 | Туризмди өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинде Кыргыз Республикасынын ордун камсыздоо: 2019-ж. - 100 орун 2021-ж. - 80 орун 2023-ж. - 70 орун | Маданиятмин, ТИМ, Экономмин, Финмин, ССМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-2023-ж.ж. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Атаандашуу жөндөмүнүн индекси 14 компоненттен эсептелет. Аталган компоненттер КР стратегиялык программаларында чагылдырылган |
2. Туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу мыйзам чөйрөсүн түзүү | |||||
4 | Колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын туризм чөйрөсүндөгү коюлган стратегиялык максаттарга жана милдеттерге шайкештигин талдоо | Маданиятмин, макулдашуу боюнча: туристтик ассоциациялар, эл аралык уюмдар | 2019-жылдын ноябры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Программанын стратегиялык максаттары натыйжалуу ченемдик-укуктук чара көрүүнү талап кылат |
5 | Туризм чөйрөсүн регламенттеген колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду караштырган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Маданиятмин | 2019-жылдын октябры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын айрым жоболору азыркы мезгилдин талаптарына шайкеш келбейт |
6 | Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнүн улуттук концепциясын иштеп чыгуу, анын негизги багыттары төмөнкүлөр болот: - өнүккөн туристтик инфраструктура; - туризмди региондордо өнүктүрүү; - экология жана туристтердин коопсуздугу; - кыргыз элинин каада-салттарынын жана маданиятынын өзгөчөлүгүнө, акыл-ой байлыгына негизделген туризм | Маданиятмин, Токой агенттиги, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, макулдашуу боюнча: туристтик ассоциациялар, эл аралык уюмдар | 2021-жылдын сентябры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Жаңы концепция туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багытын аныктайт |
7 | Туризм чөйрөсүндө кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу | Маданиятмин, Экономмин, ЭСӨМ, БИМ, макулдашуу боюнча: туристтик ассоциациялар, Тоо гиддеринин ассоциациясы, эл аралык уюмдар | 2020-жылдын декабры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Бүгүнкү күндө туризм чөйрөсүндө стандарттар жок |
8 | Дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНВТО) сунуштарын эске алуу менен туризм статистикасынын методологиясын жана эсепке алууну жакшыртуу | Улутстатком, Маданиятмин, макулдашуу боюнча: эл аралык уюмдар | 2020-жыл | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Азыркы мезгилде тизме жана методология жакшыртууну талап кылат |
9 | Туристтик объекттердин электрондук реестрин иштеп чыгуу | Маданиятмин, МТБМК, ИИКБА, макулдашуу боюнча: туристтик операторлор, эл аралык уюмдар | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Бул милдет Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашырылат |
3. Туристтик инфраструктуранын базалык компоненттерин модернизациялоо | |||||
10 | "Кыргыз Туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү | Маданиятмин | 2019-жылдын январы | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты |
11 | Санаторийлик-курорттук уюмдардын объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында туристтик чөйрөдөгү мүлктүн инвентаризациясын өткөрүү | Маммүлкфонду, Маданиятмин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-жылдын сентябры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Азыркы мезгилде туризм чөйрөсүндө 11715 объект иштеп жатат, алардын кыйласы эскирген жана капиталдык оңдоону талап кылат |
12 | Кыргыз Республикасынын "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо: - электрондук маалыматтык такталарды орус жана англис тилдеринде уюштуруу; - келип жаткан туристтерге ыңгайлуу шарттарды камсыздоо; - өткөрүү жөндөмүн жакшыртуу; - потенциалдуу туристтик өлкөлөрдөн авиарейстердин санын көбөйтүү | ТЖМ, МЧК, "Манас" эл аралык аэропорту" ААК (макулдашуу боюнча), МТБМК, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2022-жылдын декабры | "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын каражаттарынын чегинде | Аталган талаптардын жоктугу Кыргызстанга туристтик агымдын жетишсиз динамикасында көрүнүүдө |
13 | Республикалык маанидеги автомобилдик жолдорду реабилитациялоо жана жыл сайын туристтик кластерлерге алып буруучу 120 км кем эмес автожолду капиталдык оңдоо: Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Балыкчы-Тамчы, Түндүк-Түштүк, Ош-Баткен-Исфана, Талас-Тараз | ТЖМ | 2019-2023 гг. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Туристтердин санын көбөйтүү үчүн тоскоолдуктардын бири болуп республикалык маанидеги автожолдордун төмөн сапаты саналат |
14 | Туристтик жарнамалык программаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: - басма сөз каражаттарындагы жарнама; - радиодогу жарнама; - телекөрсөтүүдөгү жарнама; - интернеттеги жарнама; - тышкы жарнама ж.б. | Маданиятмин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, МТБМК, ЖМК (макулдашуу боюнча), мобилдик компаниялар (макулдашуу боюнча) | 2019-2023-ж.ж. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Жарнамалоо программасы төмөнкүдөй аспекттерди камтышы керек: региондордогу туризм, экология жана туристтердин коопсуздугу, кыргыз элинин каада-салттарынын жана маданиятынын өзгөчөлүгүнө, акыл-ой байлыгына негизделген туризм |
4. Туризмди региондордо өнүктүрүү | |||||
15 | Региондордо туризмди өнүктүрүү боюнча дайыма иштөөчү кеңештерди туризм чөйрөсүндөгү бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн, анын ичинде элдик кол өнөрчүлүктүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүү | ЖӨБ жана этностор агенттиги, Экономмин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-жылдын апрели | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Азыркы мезгилде региондордо туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар жок |
16 | Туризмди өнүктүрүүнүн төмөнкүлөрдү камтыган региондук пландарын иштеп чыгуу: - региондун өзгөчөлүктөрүн жана кызыктыруучу жерлерди; - жергиликтүү табигый ресурстарды максимум пайдалануу; - туризмдин айылдык, экологиялык, тарыхый, элдик кол өнөрчүлүк жана башка түрлөрүн өнүктүрүү; - жол жээгиндеги инфраструктураны өнүктүрүү; - тарыхый-маданий объекттерди сактоо; - экологиялык коопсуздук ж.б. | Экономмин, ТЖМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, макулдашуу боюнча: "Айылбанк" ААК, "РСК банк" ААК, РКӨФ | 2019-жылдын сентябры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Региондук пландар реалдуу милдеттерди камтуу менен ушул Программанын жоболоруна ылайык келиши керек |
17 | Региондордо кызыктыруучу объекттердин маршруттук жаңыртылган картасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Маданиятмин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-жылдын ноябры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Программанын жоболорун эске алуу менен маршруттук картаны иштеп чыгуу керек |
18 | Региондордун аймактарында тарыхый-маданий объекттердин сактыгын камсыз кылуу | Маданиятмин, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-2023-ж.ж. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Тарыхый-маданий объекттер туристтерди тартуунун жана жергиликтүү калктын кирешелеринин булагы болуп саналат |
19 | Элдик чыгармачылыктын кол өнөрчүлүгүн жер-жерлерде өнүктүрүү: - жергиликтүү коомдошторго кол өнөрчүлүктүн буюмдарын чыгарууга жана аларды сатууга көмөктөшүү; - усталардын мыкты жетишкендиктерин өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө пропагандалоо | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Дайыма | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Бул улуттук туристтик продуктуларды илгерилетүү үчүн кыйла дем бере турган чара болуп саналат |
20 | Айыл аймактарынын калкынын арасында туристтерди региондорго тартуу боюнча түшүндүрүү ишин дайыма өткөрүү: - позитивдүү имиджди түзүү; - үй-бүлөлөрдүн кирешелерин толуктоо; - коопсуздукту камсыздоо | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Дайыма |
| Талдоого ылайык экологиялык жана агрардык туризмди өнүктүрүү акыркы жылдары региондогу тургундардын кирешелерин көбөйтүүгө көмөктөштү |
21 | Региондук туристтик ассоциацияларды региондогу туризмди өнүктүрүүгө тартуу | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 2019-2023-ж.ж. |
| Азыркы мезгилде региондордо туристтик ассоциациялар менен аракеттенүү жок |
22 | Өлкөбүздүн кызыктыруучу жерлеринде жана негизги туристтик обьекттерде интернет тармагын тартууну жана вай-фай системасын орнотууну камсыз кылуу | Маданиятмин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, МТБМК | 2021-жылдын декабры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде, тартылган каражаттар | Азыркы мезгилде ушундай система жок |
5. Кыргыз Республикасына туристтердин кирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | |||||
23 | Кыргыз Республикасынын аэропорттору аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учуу үчүн чет өлкөлүк авиакомпанияларды тартуу боюнча дайыма иш жүргүзүү | ТЖМ | 2019-жылдын июлу | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Учуулардын географиясын кеңейтүү, максаттуу туристтик рыноктун сегменттеринен жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү |
24 | Чек ара жанындагы аймактарда жайгашкан туризм объектилерине кирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | Маданиятмин, УКМК, МЧК | 2019-2023-ж.ж. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Чек ара жанындагы аймактарда жайгашкан туристтик объекттерге ("Шахимардан" анклавы, Өзбекстан Республикасы) чет өлкөлүк туристтердин барып келиши |
25 | Электрондук визаларды берүү жол-жоболорун жакшыртуу | УКМК, ТИМ | Дайыма | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын киргизүүнүн жана кеңейтүүнүн алкагында |
26 | "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мыйзамды колдонуу мөөнөтүн узартуу жагынан өзгөртүү киргизүү | ТИМ | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 45 өлкөнүн жарандары үчүн 2020-жылы визасыз режимди колдонуу мөөнөтү аяктайт |
27 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы контролдук өткөрүү пункттарын жайлаштыруу жана материалдык-техникалык жактан жабдуу | МЧК | 2019-2023-ж.ж. | Республикалык бюджет менен бекитилген каражаттардын чегинде | Азыркы мезгилде чек арадагы көп иши авралдык режимде жүргүзүлүүдө (КӨП "Ак-Жол", "Достук" ж.б.) |
6. Туристтердин Кыргызстанда болуусунун ишенимдүү коопсуздугун камсыздоо | |||||
28 | Тоо-лыжа базаларында коопсуздук ченемдерин сактоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны бекитүү (тоо-лыжа трассаларынын коопсуздугу жана даярдоо, коопсуздук техникасын сактоо) | Экотехинспекция | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында | Азыркы учурда өлкөдө тиешелүү ченемдик укуктук документ жок |
29 | Асма зым аркан жолдорун орнотуу жана коопсуз пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Экотехинспекция, Туристтик операторлор (макулдашуу боюнча) | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар | Азыркы учурда өлкөдө тиешелүү ченемдик укуктук документ жок |
30 | Куткаруучунун тоодогу кесиптик стандартын иштеп чыгуу | ӨКМ, Эмгексоцмин, БИМ, макулдашуу боюнча: Тоо гиддеринин ассоциациясы, Квалификацияны өнүктүрүү борбору, эл аралык уюмдар | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Азыркы учурда кесиптик стандарттар жок |
31 | Туристтик тармак чөйрөсүндө камсыздандыруу системасын иштеп чыгуу | Мамфинкөзөмөл, Мамкамсыздандыруу | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Камсыздандыруу системасы эл аралык ченемдерге шайкеш келиши керек |
32 | Чет өлкөлүк туристтердин болуу коопсуздугун камсыз кылуучу иштиктүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу | ИИМ | 2019-жылдын майы | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтарына ылайык КРге келүүчү туристтердин коопсуздук деңгээли төмөнкү деңгээлде калат |
7. Туризмди өнүктүрүү максатында экологиялык коопсуздукту камсыздоо | |||||
33 | Улуттук жана жаратылыш парктарын жана музей-коруктарды, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону камсыз кылуу | Токойагенттиги, Маданиятмин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, макулдашуу боюнча: туристтик операторлор, эл аралык уюмдар | Дайыма | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Экологиялык туризм артыкчылыктуу багыт болуп эсептелет |
34 | Айлана-чөйрөгө сый-урмат менен мамиле кылууну түзүүгө багытталган социалдык роликтерди даярдоо жана телерадиоберүү каналдарында жайгаштыруу | Токойагенттиги, макулдашуу боюнча: КТРК, эл аралык уюмдар | Дайыма | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, донордук каражаттар | Азыркы учурда проблемага коомдук маани бериле элек |
35 | Тазалоочу курулмалардын төмөнкү инфраструктураларын реконструкциялоону жана реабилитациялоону камсыз кылуу: - Ысык-Көлдүн акваториясын; - Соң-Көлдүн акваториясын; - жайгаштыруунун жамааттык каражаттарын | Экотехинспекция, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Курулуш агенттиги Токой агенттиги | Дайыма | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Тазалоочу курулмалардын учурдагы абалы туристтердин ыңгайлуу жайгашуусун камсыз кылуу үчүн олуттуу проблема болуп эсептелет |
36 | Иштеп жаткан жана потенциалдуу туристтик-рекреациялык зоналардын жаратылыштык рекреациялык сыйымдуулугун баалоо методологиясын иштеп чыгуу | Токой агенттиги, УИА, Маданиятмин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, макулдашуу боюнча: туристтик операторлор, эл аралык уюмдар | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Азыркы учурда бул методология жок |
37 | Өлкөнүн туристтик кадыр-баркынын визиттик карточкасы катары ак илбирсти жана жаныбарлардын сейрек кездешүүчү башка түрлөрүн сактоо идеясын алга жылдыруу | Токой агенттиги, УИА, Ак илбирсти сактоо боюнча фонд (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Ак илбирсти жана КРдеги жаныбарлардын сейрек кездешүүчү башка түрлөрүн сактоо идеясынын айланасында дүйнөлүк коомдук резонанс түзүлдү |
8. Эл аралык туристтик рынокто өлкөнү алга жылдыруу | |||||
38 | Кабыл алынган бренд-платформанын негизинде өлкөнүн брендин иштеп чыгуу | Маданиятмин | 2019-жылдын июну | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында | Иш жүзүндө азыркы учурда өлкөгө бренд берүү боюнча колдонмо жок |
39 | Кыргыз Республикасында туризм жөнүндө, анын ичинде эл аралык туристтик рынокто жайылтуу үчүн аброй жаратуучу промо-ролик түзүү | Маданиятмин | 2019-2023-жж. | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, донордук каражаттар | Азыркы учурда аброй жаратуучу промо-роликтер туруктуу негизде түзүлбөйт |
40 | You Tube каналына негизги максатnуу рыноктор боюнча "Pre-roll" видеоролик киргизүү | Маданиятмин, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, донордук каражаттар | Азыркы учурда You Tube каналында "Pre-roll" видеоролиги жок |
41 | Глобалдуу Интернет-мейкиндигине чет өлкөлүк блогерлердин аброй жаратуучу маалыматты жайгаштыруусу | Маданиятмин, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, донордук каражаттар | Бүгүнкү күнгө карата чет өлкөлүк блогерлер жайгаштырган КРдин туристтик потенциалы жөнүндө макалалар аз санда |
42 | Кыргыз Республикасынын туристтик операторлору менен бирдикте Бириккен Араб Эмиратында, Германияда жана Корея Республикасында Road Show өткөрүү | Маданиятмин, туристтик ассоциациялар (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2019-2023-жж. | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Азыркы учурда КРде Road Show өткөрүү практикасы жок (пресс-конференция, салт-санааларды жана элдик-колдонмо өнөрдү ж.б. презентациялоо) |
43 | ITB (Берлин), КITF (Алматы), МITT (Москва), TOURSIB (Новосибирск), EXPOTRAVEL (Екатеринбург), Arabian travel market (Дубай) сыяктуу адистештирилген көргөзмө иш-чараларына, ошондой эле өлкөлөрдө алга жылуу үчүн башка потенциалдуу иш-чараларга катышуу жолу менен тышкы рынокторго Кыргызстандын туристтик продуктуларын чыгаруу | Маданиятмин, ТИМ, туристтик ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2019-2023-жж. | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар | Азыркы учурда КР 3-4 эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышат, бул туризмди илгерилетүү үчүн жетишсиз болуп эсептелет |
44 | Социалдык тармактарда туризм чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн кеңири масштабдуу маалыматтык компания өткөрүү (Social media marketing) | Маданиятмин, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2019-2023-жж. | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, донордук каражаттар | Социалдык тармактарда туризмди илгерилетүү платформасы жок |
45 | Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында, "Манас" жана "Ош" аэропортторунда туристтик маалыматтык борборлорду (ТМБ) түзүү | ТЖМ, "МАМ" ААКы (макулдашуу боюнча), Бишкек, Ош жана Каракол шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2019-2023-жж. | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, донордук каражаттар | ТМБлар суткадагы 24 сааттын ичинде зарыл болгон маалыматты алуу үчүн туристке мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоосу бар шаймандар менен жабдылат |
46 | Туризм чөйрөсүндөгү персоналга жана кесиптик билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй жалпы квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: - чет тилдерди окутуу; - окуу программаларын өркүндөтүү; - практикалык көндүмдөр системасын өркүндөтүү | БИМ, ЭСӨМ, Маданиятмин, макулдашуу боюнча: туристтик ассоциациялар, эл аралык уюмдар | 2019-жылдын декабры | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Туризм чөйрөсүндөгү бүгүнкү күндө иштеп жаткан билим берүү системасы тийиштүү натыйжа бербей жатат |
47 | Туристтик тармакта баштапкы окутуу жана иштөө көндүмдөрү боюнча окуу программалык модулдарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | БИМ, ЭСӨМ, Маданиятмин, туристтик ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2022-жылдын майы | Республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын алкагында, тартылган каражаттар, донордук каражаттар | Азыркы учурда билим берүү системасында аталган окуу программалары жок |