Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 18-декабрындагы № 765
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 36 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
I. Киришүү
Туризм чөйрөсү Кыргыз Республикасынын экономикасынын эң артыкчылыктуу жана экспортко багытталган тармактарынын бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) туризм чөйрөсүндөгү заманбап дүйнөлүк тенденцияларды жана республиканын туристтик индустриясынын учурдагы кырдаалын чагылдырат.
Программада туризм чөйрөсүндө олуттуу натыйжаларга жетүү үчүн максаттар, милдеттер, иш-чаралар конкреттүү мөөнөттөр, жооптуу аткаруучулар жана финансылык ресурстар системалуу негизде аныкталган.
Азыркы учурда туризмдин динамикалуу өсүшүн, анын экономиканын башка секторлоруна сезилерлик мультипликативдүү таасирин, коомдун жана айлана-чөйрөнүн бакубаттыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын туристтик тармагы келечекте өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек.
Программада жана Иш-чаралар планында өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулган, ал туристтик тармакты өнүктүрүү локомотиви болуп саналат.
Региондорду өнүктүрүүнүн актуалдуулугун эске алып, Программа эң биринчиден калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, айлана-чөйрөнүн туруктуулугуна жана кайта калыбына келишине, жер-жерлерде маданий турмуштун ар түрдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталат.
2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланды, ага ылайык Программа менен туризм чөйрөсүн санариптештирүүгө жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн андан ары жылдырууга, ошондой эле 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги багыттарына көңүл бурулат.
Көптөгөн драмалуу жана баатырдык окуяларга бай кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхы, улуу "Манас" эпосу, өзгөчө рухий маданияты, уникалдуу салт-санаалары, мейман достугу жана элинин жөнөкөйлүгү, мурункудай сакталып калган табияты жана бийик тоо кыркаларынын жана түшүмгө бай өрөөндөрүнүн таза экологиясы - Кыргызстанда туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүү үчүн визиттик карточка болот.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы артыкчылыктуу жаратылыш жана тарыхый-маданий объекттердин картасы
Сүрөттүн графикалык көчүрмөсүн караңыз.
II. Рыноктун дүйнөлүк тренддери жана Кыргыз Республикасындагы туризмдин учурдагы абалы
Азыркы учурда туризм дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүп келаткан секторлорунун бири болуп саналат. Туризм бюджеттерди толтуруу, региондук өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу менен, дүйнөнүн көп мамлекеттеринде маанилүү экономикалык ролду ойнойт.
БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун (мындан ары - ЮНДТУ) маалыматына ылайык 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык туристтердин саны 1,23 млрд. адамды, туризмден түшкөн кирешелер - 1,5 трлн. долларды, ИДПнын көлөмү - 7,2 трлн. долларды же дүйнөлүк ИДПнын 10 %ын түзгөн, 270 млн. адам туризм чөйрөсүндө иштейт, бул дүйнөлүк жумушчу күчтүн 8%ын түзөт.
Эл аралык туристтердин келиши (млн. ЮНДТУ)
| 1990-ж. | 2010-ж. | 2017-ж. | Өсүш |
Дүйнөдө бардыгы | 435 | 950 | 1326 | 304% |
Европа | 261 | 489 | 672 | 257% |
Азия жана Тынч океан региону | 56 | 206 | 323 | 576% |
Америка региону | 93 | 150 | 211 | 226% |
Африка | 15 | 50 | 63 | 420% |
Жакынкы Чыгыш | 10 | 55 | 58 | 580% |
Эл аралык туристтердин өсүшүнүн эн жогорку темпи Азия жана Тынч океан регионунда белгиленүүдө, анын натыйжасында бул багытта салыштырма салмактын (туристтердин санынын) пландуу өсүшү байкалууда.
ЮНДТУнын божомолдоруна ылайык 2020-жылга карата туристтердин саны 1,4 млрд. адамды түзөт, ал эми 2030-жылга карата 1,8 млрд. адамга жетет. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө көптөгөн өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөр дүйнөлүк туристтик рынокто өз ордун ээлөөгө активдүү чараларды көрүшүүдө.
Дүйнөдө альтернативдик туризмдин ар кандай түрлөрү активдүү өнүгүүдө: билим берүүчү, экологиялык, окуялуу, айылдык, спорттук, руханий-зыяратка баруучу. Tourism 2020 Vision (ЮНДТУ) изилдөөлөрүнө ылайык массалык туризм чөйрөсүндө туризмдин окуялуу, суу, экологиялык, маданий-дүйнө таануу жана тематикалык түрлөрү эн келечектүү багыттар болуп саналат.
ЮНДТУнын маалыматтарына ылайык негизги туристтик максаттар: бош убакыт жана эс алуу (53%); туугандар, дарылануу, дин (27%) жана иш сапарлар (14%) болгон.
Ар кандай өлкөлөрдүн жарандарынын чыгымдары (млрд. доллар)
Кытай | 261 |
АКШ | 122 |
Германия | 81 |
Улуу Британия | 64 |
Франция | 41 |
Кыргыз Республикасы туристтик секторду ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн жогорку туристтик потенциалга жана бир катар жагымдуу шарттарга ээ.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык (мындан ары - Улутстатком) 2017-жылы туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 418,2 млн. долларды түзгөн, (2016-жылы - 415,6 млн. доллар), импорт - 345,6 млн. доллар (437,3 млн. доллар), келген туристтердин саны - 4567,4 миң адам (3,833 миң адам).
Диаграмманын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Кыргыз Республикасына туристтер негизинен КМШ өлкөлөрүнөн келишет: Казакстан Республикасынан (65%), Россия Федерациясынан (17%), Өзбекстан Республикасынан жана Украина Республикасынан (5-6%), алар көбүнчө жайкы мезгилде Ысык-Көлгө келишет. Европадан жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтерди негизинен туризмдин тоо, окуялуу, тарыхый жана башка түрлөрү кызыктырат.
2010-2017-жылдары Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн негизги параметрлери
Көрсөткүчтөр | 2010-ж. | 2014-ж. | 2017-ж. |
Туристтик тармактан чөйрөсүндө ИДПга карата дүң кошумча нарк (млн. сом.) | 8241,5 (3,7%) | 17318,2 (4,3%) | 25141,7 (5%) |
Туризм чөйрөсүндө негизги капиталга инвестициялар (млн. сом) | 6951,7 | 10635,3 | 24849,4 |
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту (Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү чыгымдары, млн. доллар) | 259,9 | 377,3 | 345,6 |
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту (КМШны кошкондо, чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн кирешелер, млн доллар) | 271,7 | 408,1 | 418,2 |
Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген туристтер (миң адам) | 1224,1 | 3790,8 | 4567,4 |
Визасыз режим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу жайылтылган, келген жарандар (адам) |
| 83989 | 98683 |
Диаграмманын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 45 өлкө үчүн визасыз режим бар.
2017-жылдын сентябрынан тартып "Таза коом" санариптик трансформациялоо программасынын алкагында "Электрондук виза" системасы ишке киргизилген. Бул чара чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан түздөн-түз өтүүдө электрондук визаны колдонуу менен визалык колдоо алуусун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле арыз ээси арызын бергенден кийин 72 сааттын ичинде электрондук визаны ала алат.
Статистикалык маалыматтардын оң динамикасына биринчи жолу 2014-2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү таасирин тийгизди, алар коомду маданий жана рухий жактан байытууга, кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын тарыхын таанытууга зор салым кошту. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Борбордук-Азия регионунда келечектүү туристтик өлкө катары Кыргызстандын жагымдуу имиджин түздү. "Forbes", "Global Spots 2013", "World travel and tourism council", "Geographic Traveler Awards", "National Geographic Traveler", "National Geographic". "Financial Times", "The Guardian" сыяктуу абройлуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары Оюндарга олуттуу көңүл бурушту. Мындан тышкары "The Guardian" "Lonely Planet" эл аралык басылмалары Кыргызстанды 2019-жылы баруу үчүн дүйнөдөгү 10 топ жана 5 сунушталуучу өлкөлөрдүн ичине киргизген.
ЮНДТУнын маалыматтарына ылайык Кыргызстан жакынкы 10 жылда ИДПнын өсүшү 8,2% деңгээлинде боло турган жана туристтердин саны 7,0 млн. адамга чейин көбөйө турган өлкөлөрдүн тизмесинин башында турат.
Азыркы учурда туризм чөйрөсү Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-мартындагы № 34 "Туризм жөнүндө" Мыйзамы менен регламенттелет, ал туризмдин укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруу негиздерин аныктайт жана жарандардын эс алууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө укуктарын ишке ашырууга багытталган.
Туризм чөйрөсүндө бул этапта туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жана облустарда туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештер иштеп жатышат. Муну менен бирге аталган органдардын ишин аларга кошумча ыйгарым укуктарды жана милдеттерди берүү мүмкүнчүлүгү менен күчөтүү зарыл.
III. Стратегиялык багыттар жана туризмди өнүктүрүү проблемалары
Республиканын туристтик индустриясы туризм өлкөсү катары Кыргызстандын имиджин жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү өлкөнү өнүктүрүүдөгү артыкчылык болууга тийиш. Туристтик индустрия сервистин эл аралык стандарттарына туура келиши жана өлкөнүн жаратылыш байлыгын сарамжалдуу пайдаланышы керек.
Бүгүнкү күндө туруктуу өнүктүрүү үчүн негизги фактор болуп таанылган туруктуу туризм (экологиялык туризмди кошкондо) олуттуу мааниге ээ.
Туруктуу туризм эң биринчиден социалдык-маданий, экологиялык жана экономикалык проблемаларды чечет, ал төмөнкүлөрдү болжолдойт:
- маданий баалуулуктарды, улуттун өзгөчөлүгүн сактоону, бул дүйнө элдерин жакындатуу фактору болуп саналат;
- туризмди өнүктүрүү негизи болуп саналган жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдаланууну камсыздоону;
- жергиликтүү калкты туруктуу иш менен камсыз болууга тартуу, муну менен жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жакырчылыкты азайтууга мүмкүндүк берүү.
Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсү азыркы учурда туруктуу өсүү тенденциясына ээ. 2023-жылга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөрдө туристтик тармактын ИДПсынын деңгээли 7%дык деңгээлге жетет.
Бул багытта туризмди өнүктүрүүнүн стратегиялык негиздери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1. Маркетингдик иш, мында негизги күч-аракеттер Кыргызстанды Борбордук Азия регионундагы туризмдин борбору катары алга жылдырууга багытталат. Мындагы саясат туристтердин келишинин 10 пайызын камсыздоочу потенциалдык туристтик рынокторду изилдөөгө жана пайдаланууга багытталат.
2. Туризм чөйрөсүн санариптештирүү. Бул чара туризм чөйрөсүн бирдиктүү экономикалык кайра өндүрүү базасына киргизүүгө, келген туристтерди эсепке алууга жана өлкөнүн туристтик инфратүзүмү жөнүндө бардык маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү жана тренддерди түзөт.
3. Өлкөнүн региондорунда туризмди өнүктүрүү. Кыргыз Республикасынын региондору туризмди өнүктүрүүнүн борборлору болууга тийиш. Аталган стратегиялык максат 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында негизделген региондорду өнүктүрүүнүн максаттарын жана милдеттерин чагылдырат.
4. Туризм чөйрөсүндө бизнес жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ал үчүн салык салуу жол-жобосун жеңилдетүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштер уланат.
5. Кыргыз элинин түмөн түрдүү бай руханий маданиятынын, уникалдуу каада-салттарынын, үрп-адаттарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн негизинде туризмди өнүктүрүү.
Ошону менен бирге азыркы кезде туризмдин инфратүзүмү төмөнкүдөй көйгөйлөр менен мүнөздөлөт:
- туристтик жана рекреациялык зоналардын инфратүзүмүнүн начар өнүккөндүгү;
- популярдуу туристтик объекттерге баруучу автомобиль жолдорунун сапатынын начардыгы;
-туристтик инфратүзүмгө мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмүнүн жетишсиздиги;
- мамлекеттик органдарда туризмдин инфратүзүмү жөнүндө бирдиктүү маалыматтын жоктугу;
- чет тилдердеги географиялык көрсөткүчтөрдүн жоктугу;
- туристтик объекттер жана туристтик маршруттар үчүн навигациянын GPS-системасынын жоктугу;
- 4 жана 5 жылдыздуу деңгээлдеги мейманканалардын, жол боюндагы сервис объекттеринин, окуялуу туризмди жактыруучулар үчүн адистештирилген жайгаштыруу каражаттарынын, заманбап бизнес жана конгресс-борборлорунун жетишсиздиги ж.б.;
- Кыргызстанды негизги туристтик рыноктор менен байланыштырган түз авиамаршруттардын жетишсиздиги;
- жергиликтүү, ошондой эле эл аралык маанидеги аэропорттордогу сервистин деңгээлинин эл аралык стандарттарга шайкешсиздиги (аэропортто жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча жол-жоболор, узун кезек күтүүлөр, жүктүн кечиктирилиши, такси кызматы);
- туризм объекттерине баруу үчүн чек ара аймактарында атайын уруксат берүүлөрдү тариздөөдөгү татаалдыктар;
- туристтик тармак үчүн кадрларды даярдоонун төмөн деңгээли;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында иштелип чыккан туристтик маршруттардын жоктугу.
Аба транспорту туристтер үчүн транспорттун артыкчылыктуу түрү болуп саналат. Аба каттамдарынын тармагын кеңейтүү дүйнөлүк туристтик рынокторго кирүүгө жол ачат. Туризмди өнүктүрүү үчүн авиалиниялардын өнүккөн тармагы жана заманбап аэропорттор зарыл. Республикада эл аралык статуска ээ төрт аэропорт иштейт, алардын ишин оптималдаштыруу зарыл. Аба транспорту менен туристтерди ташуунун көлөмү 2010-жылдагы 0,46 млн. адамдан 2017-жылы 1,8 млн. адамга чейин көбөйгөн.
Туристтик индустрияны өнүктүрүү жогорку кесипкөй кадрларды талап кылат. Республикада "Туризм", "Социалдык-маданий сервис жана туризм", "Туризм менеджменти" багыттары боюнча 15 ЖОЖ, 2 орто кесиптик окуу жайы жана 21 кесиптик лицей иштейт.
Ошону менен бирге, кадрларды даярдоо деңгээли окутуунун заманбап жана эл аралык стандарттарын, туризм чөйрөсүндөгү тиешелүү окуу программаларын иштеп чыгууну талап кылат. Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү калктын туристтер менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.
Иштеп жаткан, курулуу баскычындагы жана иштебей турган туристтик объекттердин менчиктик таандыгын толук инвентарлаштыруудан өткөрүү зарыл.
Санаторийлердин жана эс алуу мекемелеринин саны
№ |
| 2010-ж. | 2017-ж. |
1 | Туристтик мейманканалар, базалар | 7 | 10 |
2 | Санаторийлер-профилакторийлер | 8 | 10 |
3 | Эс алуу пансионаттары | 72 | 101 |
4 | Дарылануу пансионаттары | 1 | 5 |
5 | Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагерлери | 5 | 9 |
6 | Базалар жана башка эс алуу мекемелери | 6 | 7 |
7 | Санаторийлер | 15 | 13 |
8 | Балдар санаторийлери | 6 | 6 |
9 | Эс алуу үйлөрү | 11 | 5 |
10 | Балдардын ден соолугун чыңдоо комплекстери | 29 | 24 |
Бардыгы | 161 | 190 | |
Кыргыз Республикасынын аймагына келген туристтерди эсепке алуу жана чектөө методикасын иштеп чыгуу зарыл. Азыркы кезде туристтердин санын так эсепке алуу жүргүзүлбөйт, Кыргыз Республикасынын Статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматтарынын бир кыйла айырмачылыктары бар экендигин белгилеп кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсү экологиялык багытталууга тийиш жана актуалдуу экологиялык талаптарды эске алуу менен өнүгүшү керек. Ошону менен бирге, төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:
- айлана-чөйрөнүн булганышы, тактап айтканда тиричилик калдыктары менен;
- туризм чөйрөсүндө инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында рекреациялык ишке уруксат берилген жерлерди пайдалануу ченемдеринин жана эрежелеринин жоктугу;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш объекттерине баруу жана аны коргоо эрежелеринин сакталбашы.
IV. Туризмди өнүктүрүүгө түрткү берүүчү факторлор
Төмөнкү булактар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө түрткү берүүчү негизги факторлордон болууга тийиш:
- туруктуу саясий стабилдүүлүк жана ачык тышкы саясат;
- либералдуу мыйзамдар;
- жаратылыш жана экология;
- транспорттук, жол жана маалыматтык инфратүзүм;
- улуттук маданияттын жана тарыхтын өзгөчөлүктөрү;
- адам фактору;
- коомдук коопсуздук.
Кыргызстан - ири Борбордук Азия регионунун чок ортосунда жайгашкан уникалдуу өлкө. Өлкөнүн геосаясий өңүттөгү айырмалуу өзгөчөлүгү болуп көп полярдуу эл аралык кызматташтыгы жана эл аралык коомчулук үчүн ачыктыгы саналат.
Туризмди өнүктүрүү үчүн өлкөдөгү ички саясий кырдаалдын стабилдүүлүгү бир кыйла мааниге ээ.
Өлкөнүн мыйзамдары 1994-жылы кабыл алынып, өзүнүн тарыхый изин калтырган жана азыркы кезде колдонулуп жаткан "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелет. Келечекте Мыйзамга азыркы мезгилдин талаптарына адекваттуу болгон олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Кыргызстан табигый жаратылышка жана таза экологияга ээ. Өлкөдө 750дөн ашуун көл жана 40000ге жакын чоң жана кичи дарыялар бар, 80ден ашык жаныбарлардын түрлөрү жашайт жана 4000гө жакын өсүмдүктөрдүн түрлөрү өсөт.
Кыргызстандын аймагында Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Сары-Челек сыяктуу дүйнөдөгү бийик тоолуу ири көлдөр, ошондой эле Борбордук Азия аймагынын бир кыйла бөлүгүн суу менен камсыздаган Нарын дарыясынын ири суу артериясы жайгашкан.
Мындан сырткары, республиканын аймагында бийиктиги деңиз деңгээлинен 7000 метрден ашык Победа, Ленин, Хан-Теңир тоо чокулары жайгашкан.
Өлкөдө ири транспорттук түйүндөр жана бийик тоолуу автомагистралдар бар, алар келечекте жагымдуу туристтик объекттерге айланышат: Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт трассалары, курулуп жаткан Түндүк-Түштүк автомагистралы.
Бүгүнкү күндө кыргыз элинин улуттук маданиятынын, тарыхынын жана искусствосунун өзгөчөлүктөрү көптөгөн туристтердин көңүлүн өзүнө тартууда: Улуу кыргыз каганаты, улуттук-кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүгү, боз үйдүн өзүнчөлүгү жана оригиналдуулугу, куш салуу, "Көк-Бөрү ат оюну, дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, бүт дүйнөгө таанылган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары долбоору, ошондой эле "Бурана" мунарасы, "Манас-Ордо" "Сулайман-Тоо", "Таш-Рабат комплекстери, "Өзгөн" тарыхый-маданий комплекси ж.б.
Туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүдө акыр аягындагы негизги роль адам факторуна, мисалы өлкөнүн карапайым адамдарына берилет. Кыргызстандын эли абдан меймандос, адам менен баарлашуудагы ачыктыкка жана толеранттуулукка ээ. Элибиздин бул сапаттары чет өлкөлүктөрдүн баарына белгилүү жана тургундарыбыздын мындай сапаттары өлкөнүн мыкты туристтик имиджин түзөт.
V. Программанын милдеттери
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эң оболу бир катар концептуалдык маселелерди чечүү зарыл, алар:
- мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу мыйзамдык чөйрөнү түзүү;
- туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана санаториялык-курорттук уюмдардын мамлекеттик объекттерин сарамжалдуу пайдалануу максатында чарбалык органды түзүү;
- туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу үчүн программалык бюджеттик каржылоонун негизинде анын каржылоосун камсыз кылуу;
- туризмде кластердик ыкмалардын системасын киргизүү;
- туристтердин көбөйүп жаткан санын эске алуу менен бюджетке салыктык эмес түшүүлөрдүн өсүшүн камсыздоо;
- эл аралык уюмдар - Дүйнөлүк туристтик уюм (UNWTO), Дүйнөлүк саякаттар жана туризм кеңеши (WTCC) тарабынан колдонулуучу методикаларга ылайык туризм чөйрөсүнүн кошумча көрсөткүчтөрүн жыйноонун жана эсептөөнүн методологиясын жана тизмегин иштеп чыгуу;
- заманбап талаптарга ылайык статус берүү үчүн жайгаштыруу каражаттарын (мейманканаларды, мотелдерди, конок үйлөрүн) классификациялоо системасынын эл аралык стандарттарын ишке киргизүү;
- эл аралык жана жергиликтүү маанидеги "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторун модернизациялоо;
- Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Балыкчы-Тамчы, Түндүк-Түштүк, Ош-Баткен-Исфана, Тараз-Талас туристтик кластерлерине баруучу республикалык маанидеги автомобиль жолдорун реабилитациялоо;
- региондордогу муниципалдык, анын ичинде туристтик инфратүзүмдүн курулушун, ошондой эле туристтик объекттерге жана маршруттарга навигация системасын модернизациялоону камсыздоо;
- жолго караштуу инфратүзүмдү: сервистик тейлөө объекттерин (коомдук тамактануу пункттарын, техникалык тейлөөнү, медициналык пункттарды) кыргыз, орус жана англис тилдеринде көрсөткүчтөрдү жана белгилерди жакшыртуу боюнча облустук жана райондук иш-аракеттердин иштиктүү планын иштеп чыгуу;
- туристтик объекттер жана маршруттар үчүн тазалоочу курулмалардын инфратүзүмдөрүн реабилитациялоо;
- региондордо жайгашкан маданий-тарыхый мурас объекттерин сактоо жана популяризациялоо боюнча чараларды көрүү;
- туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн ата мекендик рыногунда суроо-талапты калыптандыруу, ата мекендик туристтик продукт үчүн жаңы потенциалдуу дүйнөлүк рынокторду жана кардарларды аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- улуттук, ошондой эле региондук деңгээлде туризм чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу эл аралык кызматташтыкты жөнгө салуу;
- жакынкы жана алыскы чет мамлекеттин рыногунда ата мекендик туристтик продуктулардын маркетингдик илгерилетүүсүн камсыз кылуу.
VI. Программаны каржылоо
Программанын иш-чаралары республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында туристтик рыноктун катышуучуларынын жигердүү финансылык көмөк көрсөтүүсү жана салымы менен ишке ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамын талап кылуучу сунушталган чаралардын пакети жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Иш-чаралардын бир кыйла бөлүгүн эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен аткаруу пландалууда.
Программанын алкагында финансылык каражаттар кеңири масштабдуу маалыматтык кампанияларды өткөрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерге жетүүгө түрткү берген башка иш-чараларды өткөрүүгө багытталат.
VII. Мониторинг жана баалоо
Программаны ишке ашырууну баалоо жана мониторинг системасы Программаны ишке ашырууну баалоо жана мониторинг индикаторлорунун матрицасында белгиленген базада түзүлгөн. Индикторлордун иш жүзүндөгү мааниси үзгүлтүксүз негизде ушул Программанын тиркемесине ылайык квартал сайын берилип турат.
Программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасына тиркеме |
Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттин аталышы | Индикатордун аталышы | Ченөө бирдиги | Базалык жыл (2018-ж.) | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр (2023-ж.) | Жооптуу орган | |||
2019-ж. | 2020-ж. | 2021-ж. | 2022-ж. | |||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) | (10) | (11) |
1 | Мамлекеттик орган системасын жакшыртуу жана туризмдин өнүгүшү үчүн жагымдуу мыйзам чыгаруу чөйрөсүн түзүү | Туристтик иш чөйрөсүнүн ИДПдагы үлүшү | % | 5,0 | 5,3 | 5,6 | 6,0 | 6,5 | 7,0 | Маданиятмин, Улутстатком (макулдашуу боюнча) |
Туризм чөйрөсүндөгү негизги капиталга инвестициялар | млн. сом | 24849,4 | 27335,0 | 30100,0 | 33075,0 | 36385,0 | 40020,0 | Маданиятмин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | ||
Бюджеттин кирешесине туризмдин салымы (салыктар) | млн. сом | 97,0 | 135,0 | 170,0 | 200,0 | 250,0 | 300,0 | МСК, Маданиятмин | ||
2 | Эл аралык стандарттарга ылайык туристтик инфраструктуранын базалык компоненттерин модернизациялоо | Туристтик объектилерге алып баруучу оңдолгон жолдордун саны | бирдик | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 | Маданиятмин, Улутстатком (макулдашуу боюнча) |
Кемпинг борборлорунун саны | бирдик | 0 | 0 | 2 | 3 | 4 | 5 | Маданиятмин, ТЖМ | ||
3 | Туристтик максаттар үчүн Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын кирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | Визасыз режимдеги өлкөлөрдүн саны (2012-жылдын 21-июлундагы № 121 КР Мыйзамы) | бирдик | 45 | 45 | 56 | 0 | 0 | 0 | Маданиятмин, ТИМ, МЧК, УКМК |
Визасыз режимдеги өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк туристтердин саны | миң адам | 98,7 | 105,0 | 115,0 | 130,0 | 150,0 | 180,0 | Маданиятмин, МЧК | ||
Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту (чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн кирешелер) | АКШ млн. долл. | 418,2 | 434,0 | 452,0 | 470,0 | 489,0 | 508,0 | Маданиятмин, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | ||
4 | Туристтердин Кыргызстанда болуусунун ишенимдүү коопсуздугун камсыздоо | Дүйнөлүк экономикалык форумдун версиясына карата өлкөлөрдүн коопсуздук рейтинги боюнча индекси | балл | 4,96 | 5,01 | 5,06 | 5,11 | 5,16 | 5,21 | Маданиятмин |
5 | Өлкөнүн туристтик индустриясынын заманбап талаптарга жооп берүүчү кадрдык потенциалын түзүү | Туризм боюнча тренингдердин жана окутуучу семинарлардын саны | бирдик | 0 | 0 | 2 | 2 | 2 | 2 | Маданиятмин |
6 | Иштеп жаткан жана потенциалдуу туристтик-рекреациялык зоналардын жаратылыш рекреациялык сыйымдуулугун баалоону эске алуу менен жергиликтүү коомдоштуктун жана өлкөнүн туристтик тармагынын субъектилеринин кызыкчылыгында айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоо | Геопарктардын саны | бирдик | 0 | 0 | 0 | 1 | 0 | 2 | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Маданиятмин |
Туристтердин келүүсү үчүн зарыл болгон шарттары менен туристтик сейил бактардын саны | бирдик | 0 | 0 | 1 | 1 | 1 | 1 | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Маданиятмин | ||
7 | Ар бир облустун өзгөчөлүгүн жана туристтик потенциалын эске алуу менен өлкөнүн региондорунда туризмди активдүү өнүктүрүү | Аймактар боюнча туризм чөйрөсүндөгү чарбакер субъекттердин саны | бирдик | Баткен обл. 649 | Баткен обл. 714 | Баткен обл. 785 | Баткен обл.864 | Баткен обл.950 | Баткен обл. 1045 | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Маданиятмин |
Жалал-Абад обл. 919 | Жалал-Абад обл. 1011 | Жалал-Абад обл. 1112 | Жалал-Абад обл. 1223 | Жалал-Абад обл. 1345 | Жалал-Абад обл. 1480 | |||||
Ысык-Көл обл. 1704 | Ысык-Көл обл. 1875 | Ысык-Көл обл. 2063 | Ысык-Көл обл. 2269 | Ысык-Көл обл. 2496 | Ысык-Көл обл. 2746 | |||||
Нарын обл. 431 | Нарын обл. 474 | Нарын обл. 521 | Нарын обл. 573 | Нарын обл. 630 | Нарын обл. 693 | |||||
Ош обл. 820 | Ош обл. 902 | Ош обл. 992 | Ош обл. 1091 | Ош обл. 1200 | Ош обл. 1320 | |||||
Талас обл. 268 | Талас обл. 295 | Талас обл. 325 | Талас обл. 358 | Талас обл. 394 | Талас обл. 433 | |||||
Чүй обл. 1183 | Чүй обл. 1301 | Чүй обл. 1431 | Чүй обл. 1574 | Чүй обл. 1731 | Чүй обл. 1904 | |||||
Туризм чөйрөсүндө ишке ашырылган инвестициялык долбоорлордун саны | бирдик | 0 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Маданиятмин | ||
8 | Негизги салттуу жана потенциалдуу туристтик рыноктордо Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанып-билүүнү жогорулатуу | Дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНВТО) классификациясына кирген алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын саны | миң адам | 4568 | 4800 | 5100 | 5300 | 5600 | 6000 | МЧК, Маданиятмин |
Мамлекеттик бюджеттин жарнамага кеткен чыгымдарынын көлөмү жана туризм өлкөсү катары Кыргызстандын чет өлкөлөрдө алдыга илгерилөөсү | млн. сом | 7,8 | 32,8 | 55,9 | 92,2 | 104,6 | 122,6 | Маданиятмин | ||
9 | Туристтик кызматтарды көрсөтүүнүн деңгээлин жакшыртуу | Туристтик кызмат көрсөтүүлөр (кафелер, ресторандар, жайгаштыруу каражаттары ж.б.у.с.) жөнүндө оң пикирлер - Booking.com, TripAdvisor.ru, Foursquare, Airbnb.ru платформалары |
|
|
|
|
|
|
| Маданиятмин |