Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 31-январы № 33

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 21, 2021-жылдын 18-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобонун 2022-жылдын 1-январына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 21, 2021-жылдын 18-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М.Д.  Абылгазиев