КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-апрели № 247
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын бошогон кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларын төлөө үчүн акча каражаттары бөлүнсүн.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы" Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 6-пунктчасы.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |