Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы № 48
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-февралындагы № 48 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу кол коюлганга чейин тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, ошондой эле Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 303-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо жана медицина илимдери чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 72 койка-орундуу (алардын 21и реанимациялык бөлүмдүн койкалары болуп саналат) Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын (мындан ары - Оорукана) ачуу болуп саналат, анда медициналык жардамга кайрылышкан Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына, ошондой эле башка өлкөлөрдүн жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга заманбап, жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүлөт. Макулдашуунун алкагында Оорукананы юстиция органдарында катталган учурдан тартып 3 жыл бою биргелешип пайдалануу каралган, андан кийин Оорукананы башкаруу кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Мында негизги милдет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу жана каржылоо системасынын жаңы принциптерин жана программаларын өткөрүп берүү, ошондой эле жыл сайын 20 кыргыз дарыгерине медициналык адистиктер боюнча Түркияда окуудан өтүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Макулдашуунун 15-беренесине ылайык ал ратификацияланууга тийиш.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык терс кесепеттерди, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды алып келбейт.