Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 32
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
176-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Жалданма жумушчуларынын саны 50 адам жана андан ашык болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүргүзгөн уюмдар жана жеке ишкерлер салык агенттери катары ар бир жалданма жумушчуга карата ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын жалданма жумушчулардын эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт.".
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
1. Жалданган кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөр, анын ичинде туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде 2 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;
б) туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан жалданган кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктчасында аталган жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
в) I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.";
2) 9-статьясында:
а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) 2-1-статьянын "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз;";
б) 2-пунктунда:
"а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 2-1-статьянын "б" пунктчасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"б" пунктчасынын биринчи абзацындагы "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 2-1-статьянын "в" пунктчасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 2-1-статьянын "а" пунктчасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 4-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 2-1-статьянын "б" пунктчасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 13-статьясынын 3-пунктунун биринчи абзацы "2," деген цифрадан кийин "2-1," деген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
26-статьясынын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөндө, жашырылганда - төлөмдөрдүн төмөндөтүлгөн, жашырылган суммасынын эки эселенген өлчөмүндө айып акы, ал эми бир жылдын ичинде кайра бузулганда - төрт эселенген өлчөмдө айып акы;".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилүүчү өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулары белгиленсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |