Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автомобиль транспорту жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Автомобиль транспорту жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 911-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "ишенимдүү башкаруу" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
25-статьясынын 2-бөлүгүндө:
а) тогузунчу, онунчу жана он биринчи абзацтарындагы "он алты жашка" деген сөздөр "он сегиз жашка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) он экинчи абзацындагы "он жети жашка" деген сөздөр "он сегиз жашка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) он бешинчи жана он алтынчы абзацтарындагы "жыйырма бир жашка" деген сөздөр "жыйырма үч жашка" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "төрт" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын;
г) он жетинчи абзацындагы "он сегиз жашка" деген сөздөр "жыйырма жашка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтарындагы "жыйырма бир жашка" деген сөздөр "жыйырма үч жашка" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "төрт" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын, "(эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес)" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |