Загрузка документа…
Кайынды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-февралындагы № 159/XLVIII – 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-декабры № 151/XLV - 6
25.01.2019-жылдын №85/ XXXVII - 1 Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессияснын “Кайынды шаарынын бала бакчаларында тарбиялануучуларына ата-энелердин тѳлѳмүн (родительский взнос) бекитүү жѳнүндѳ” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жѳнүндѳ
25.01.2019 жылдын №85/ XXXVII - 1 Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессияснын “Кайынды шаарынын бала бакчаларында
тарбиялануучуларына ата-энелердин тѳлѳмүн (родительский взнос) бекитүү жѳнүндѳ” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жѳнүндѳ Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү тутумунун материалдык-техникалык жана окуу базаларын колдоо үчүн каржылоонун кошумча булактарын тартуу жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) катышуу формаларын оптималдаштыруу максатында,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамнын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын 30.05.2014-жылды №81 “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамнын пункт-2 № 12-беренсине ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.25.01.2019 жылдын №85/ XXXVII - 1 Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессияснын “Кайынды шаарынын бала бакчаларында
тарбиялануучуларына ата-энелердин тѳлѳмүн (родительский взнос) бекитүү жѳнүндѳ” токтомунун пункт 1-не өзгөртүү киргизлсин
Окуу керек:
Кайыңды шаарынын балдар бала бакчасынын тарбиялануучуларына, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) Каинды шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери боюнча каттоосу бар, бирок иш жүзүндө жашаган жери администрациялык округдан тышкары, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары болсо Кайынды шаарынын бала бакчасынын тарбиялануучуларына, ата-энелердин тѳлѳмү (родительский взнос) жыл сайын, бир балага 5000 (беш миң) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2.Кайынды шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери боюнча катталбаган жана жакын жайгашкан калктуу конуштарда жашайган, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары үчүн, Кайынды шаарынын мектептеринде окуп жаткан окуучулардын ата-энелик тѳлѳмү боюнча маселени карого кийинки 2021-2022-окуу жылына Кайыңды шаарынын мэрисяына сунун киргизилсин.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |