Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 27-июну № 57
"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Техникалык регламенти
1-берене. Ушул Техникалык регламентти кабыл алуунун максаты
"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" ушул Техникалык регламенти (мындан ары - Техникалык регламент) адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жагында керектөөчүлөрдү адаштыруучу иштерди болтурбоо максатында кабыл алынат.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Техникалык регламент:
1) имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодогу (инженердик изилдөөлөр менен кошо), куруудагы, эксплуатациялоодогу, капиталдык оңдоодогу, реконструкциялоодогу, профилин кайра өзгөртүүдөгү, демонтаждоодогу жана бузуудагы эң төмөнкү зарыл талаптарды белгилейт;
2) имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдуу системаларына талаптарды белгилейт;
3) имараттардын жана курулмалардын коопсуздуктун негизги талаптарына ылайыктуулугуна баалоо жүргүзүү тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын аймагында курулуучу турак жана коомдук имараттарга жана курулмаларга, өнөр жай, айыл чарба, суу чарба, айылдык жана шаардык чарба ишканаларынын имараттарына жана курулмаларына, транспорттун жана байланыштын, энергетиканын курулмаларына, гидротехникалык жана ирригациялык курулмаларга жайылтылат.
3. Ушул Техникалык регламент жарылгыч заттарды жана жардыруу каражаттарын өндүрүү жана сактоо үчүн арналган имараттарга жана курулмаларга, шахта үстүндөгү имараттарга, тоо кенин иштетүү, ошондой эле мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы чөйрөсүнө тиешелүү имараттарга жана курулмаларга жайылтылбайт.
4. Ушул Техникалык регламентти колдонуу максатында имараттар жана курулмалар ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык, категориясы боюнча - ушул Техникалык регламенттин 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык идентификацияланат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Техникалык регламенттин максаты үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негизги түшүнүктөр пайдаланылат. Алар менен кошо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
долбоордун автору - квалификациялык сертификаты бар адис же автордук жамаат;
Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу ченемдик документтер - ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарын ишке ашыруучу ченемдик документтер;
кыртыш суулары - жер кыртышына эң жакын жаткан жана жер астындагы суулардан жогору жайгашкан басымсыз кыртыш суулар;
демонтаждоо - имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларын жана системаларын ажыратуу;
курдуруучу (заказчы) - өзүнө таандык жер участогунда долбоордук документтердин иштелип чыгышы, инженердик изилдөөлөрдүн аткарылышы жана долбоордун даярдалышы, ошондой эле курулуштун жүрүшү жана курулуш жумуштарына техникалык көзөмөл каржыланышын камсыз кылуучу жак;
имарат - адамдар жашашы жана (же) иштеши, өндүрүштөр жайгаштырылышы, продукция сактоо же жаныбарларды багуу үчүн жайлары бар жер үстүндөгү же жер астындагы курулган курулма;
инженердик изилдөөлөр - жаңы имараттарды долбоорлоодо же мурдатан турган имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо анын максаттуулугун - ордун, техникалык параметрлерин негиздөөгө мүмкүндүк берүүчү курулуш курулуучу районду техникалык жана экономикалык иликтөөлөрдүн комплекси. Курулуш үчүн инженердик изилдөөнүн курамына инженердик-геодезиялык, инженердик-геологиялык, инженердик-гидрометеорологиялык жана инженердик-экологиялык текшерүүлөр кирет;
капиталдык ремонт - мурдатан турган имараттын жана курулманын курулуштук конструкцияларындагы жана инженердик жабдууларындагы физикалык жана моралдык эскирүүлөрдү жоюу, ошондой эле анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жана функциялык арналышын сактоо максатында аткарылуучу жумуштардын комплекси;
кызыл сызык - курулуш курулуучу тилкенин деталдуу пландоонун долбоорунда белгиленүүчү чеги;
калктын аз мобилдүү топтору - өз алдынча кыймылдашы, жүрүшү, кызматтардан пайдаланышы, керектүү маалыматтарды алышы же мейкиндикти баамдашы оор адамдар. Калктын аз мобилдүү топторуна картайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү узакка же убактылуу чектелген, кош бойлуу аялдар жана балдар коляскасы менен жүргөн адамдар кирет;
жүрүүнүн механикалык каражаттары - лифттер, эскалаторлор, көтөргүчтөр, горизонталдуу кыймылдоочу механизмдер жана адамдарды көтөрүү, түшүрүү жана туурасынан ташуу үчүн арналган башка техникалык түзүлүштөр;
жайдын микроклиматы - адамга, жаныбарга же өсүмдүктөргө таасир этүүчү, абанын температурасынын же нымдуулугунун көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлүүчү жайдын ички чөйрөсүндөгү абал;
ченемдик документ - иштин ар кыл түрлөрүнө же алардын натыйжаларына тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документ;
коопсуздукту камсыз кылуу - адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, алардын мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө, анын ичинде өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирүү мүмкүндүгүнө байланыштуу опурталды болтурбоо боюнча инженердик-техникалык жана уюштуруу чараларынын комплексин кабыл алуу;
көлөмдүк-пландаштыруу чечими - имараттын же курулманын элементтеринин тиешелүү эксплуатациялык жана конструкциялык талаптарды канааттандыруучу айкашуусу;
коркунучтуу калдыктар - курамында төмөнкүдөй коркунучтуу касиеттердин бирине ээ заттар бар калдыктар: уулуу, дүрт күйүүчү, реакциялык жөндөмү, радиациясы жогору жана алар адамдардын ден соолугу үчүн жана айлана-чөйрөгө өзү дагы, башка заттар менен контакт болгондо дагы потенциалдуу коркунучтуу;
курулуштун опурталдуу объекттери - дүрт күйүүчү, күйүүчү, кычкылдануучу, жарылгыч, уулуу жана радиоактивдүү заттар өндүрүлүүчү, кайрадан иштетилүүчү, пайдаланылуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу, сатылуучу; 0,07 МПа ашык басымда же суу 115 град. Цельсиядан жана андан жогору температурада ысып иштеген жабдуулар; туруктуу орнотулган жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлор пайдалануучу имараттар жана курулмалар;
профилин кайра өзгөртүү - имараттардын же курулмалардын функциялык арналышын өзгөртүү;
кайра пландаштыруу - жайдын планын өзгөртүү;
жай - тиешелүү функциялык арналыштагы жана курулуштук конструкциялар менен чектелген имараттын ичиндеги мейкиндик;
адамдар көп болуучу жайлар - 50 кв.м же андан көп аянттуу жайда адамдар 1 кв.м жерде 1 адамдан ашык санда такай же убактылуу (авариялык кырдаалдан башкаларында) болуучу жайлар (театрлардын, кинотеатрлардын залы жана фойеси, жыйналыш, кеңешме болуучу залдар, лекциялык аудиториялар, ресторандар, вестибюлдар, кассалык залдар, өндүрүштүк жана башка ушул сыяктуу жайлар);
бекемдикти жоготуу - конструкциянын материалынын эсептелген оордуктардын жана таасир көрсөтүүлөрдүн астында бузулушу, негиздин кыртышынын имараттар менен курулмалардын, алардын бөлүктөрүнүн же айрым конструкциялык элементтеринин тиреп туруу жөндөмдүүлүгүнүн толук же жарым-жартылай айрылышына алып келген физикалык-механикалык касиеттеринин жол берилгис төмөндөшү;
туруктуулукту жоготуу - имараттарды жана курулмаларды же алардын айрым бөлүктөрүн туруктуу тең салмактуу абалынан чыгаруудан келип чыккан мүмкүн эмес деформация калдыктары (жаан-чачын, жылышуу жана ушуга окшош деформациялар) же болбосо имараттардын жана курулмалардын же алардын бөлүктөрүнүн бузулушу;
потенциалдуу коркунучтуу заттар - дүрт күйүүчү, кычкылдангыч, уулуу, бат реакция болуучу, радиоактивдүү касиеттерге ээ, адамдардын жашоо-турмушу жана айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу заттар;
долбоордук документтер - имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн жана кабыл алынган долбоордук чечимдерди негиздөө үчүн керектүү чиймелердин, эсептөөлөрдүн комплекти жана түшүндүрмө кат;
прогрессивдүү кулоо - кайсы бир кабаттын локалдуу бузулушунун натыйжасында имараттардын жана курулмалардын тирөөсү жок калган конструкцияларынын кулашы;
жумушчу документтер - объекттерди курууну жүзөгө ашыруу боюнча деталдуу чиймелер;
реконструкция - көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерди, ошондой эле инженердик жабдууну өзгөртүүгө байланыштуу мурда турган имараттардын жана курулмалардын кайрадан курулушу;
тобокелдик - имараттардын жана курулмалардын бузулуу мүмкүндүгүн жана анын кесепеттеринин оордугун мүнөздөөчү курулушту жүзөгө ашыруудагы коркунучтун даражасы;
сейсмикалык туруктуулук - имараттардын жана курулмалардын жер титирегенде өзүнүн эксплуатациялык сапаттарын колдонуудагы ченемдердин жоболорунда каралган чекте сактоо менен чыдоого жарактуулугу;
инженердик жабдуу системасы - имараттын жана курулманын суу менен камсыздоочу, сууну четке чыгаруучу, жылытуучу, желдетүүчү жана абаны кондициялоочу, газ жана электр менен камсыздоо үчүн жабдуулардын, приборлордун жана арматуралардын жыйындыларынан турган имараттын жана курулманын бөлүгү;
түтүндөн сактоо системасы - түтүндүн, жогорку температуранын жана уулуу продуктулар күйгөндө адамга таасир этишин болтурбоого багытталган уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын комплекси;
өрткө каршы коргоо системасы - өрттүн адамга тийгизген факторлорунун алдын алуу жана андан материалдык зыянды чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
татаал жаратылыштык шарттар - курулуштун аймагында жана имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде курамы жана абалы боюнча спецификалуу топурактын болушу жана коркунучтуу жаратылыштык процесстер жана (же) техногендик таасирлер болуу (күчөшү) тобокелдиги менен мүнөздөлгөн шарттар;
бузуу - физикалык жана моралдык эскиришине байланыштуу имараттарды жана курулмаларды жок кылуу;
курулма - курулуш ишинин тиешелүү керектөө функцияларын жүзөгө ашырууга арналган сейрек натыйжасы;
адамдарды сактоо - өрттүн таасири же башка коркунучтар болгондо адамдарды имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка аргасыздан чыгаруу;
курулуштук конструкция - имараттын же курулманын тирөөчү, тосуучу жана (же) эстетикалык функцияларды аткаруучу бөлүгү;
курулуштук буюм - имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларынын элементи катары пайдаланууга арналган буюм;
курулуш материалы - имараттардын жана курулмалардын курулуштук буюмдарын жасоо үчүн арналган материал;
техникалык жактан өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттер - бийиктиги 60 м ашык имараттар жана курулмалар, ЖЭСтердин жана чоң ГЭСтердин башкы корпустары, ортосундагы асма аралык 60 м ашык курулмалар, тоннелдер, ошондой эле консолу 15 м ашык, же конструкцияларын эсептөө үчүн эсептөөнүн стандартуу эмес (атайын) усулдары колдонулган же болбосо иштелип чыккан имараттар жана курулмалар;
коркунуч - адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян келүү мүмкүндүгү;
керектен чыгаруу - коркунучтуу жана пайдаланылбоочу курулуштук калдыктарды жок кылуу жана көмүү боюнча уюштуруучу-технологиялык жумуштардын комлексин аткарууга байланышкан иш же калдыктарды экинчи сырье жана пайдалуу продукция алуу максатында зыянсыздоо;
эвакуация - өрт же башка өзгөчө кырдаал болгон учурда адамдардын имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка уюшкандыкта чыгуу процесси;
имараттардын жана курулмалардын элементтери - курулуштук конструкциялар жана алардын элементтери, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын курулуш объектинин бекемдигин, туруктуулугун жана ишеничтүүлүгүн камсыздоочу башка курамдык бөлүктөрү.
4-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери
Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, архитектура, шаар куруу жана курулуш жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Техникалык регламент жана ушул Техникалык регламенттин колдонулуу чөйрөсүнө таандык болгон Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары болуп саналат.
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
5-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу
1. Имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле имараттарга жана курулмаларга байланыштуу долбоорлоо (анын ичинде инженердик изилдөөлөр), куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү жана кайра пландаштыруу, демонтаждоо жана бузуу процесстеринин, ошондой эле инженердик коммуникациялардын коопсуздугу ушул Техникалык регламенттин талаптарын жана буга байланыштуу башка техникалык регламенттердин талаптарын аткаруу менен камсыз кылынат.
2. Ушул Техникалык регламент имараттардын жана курулмалардын механикалык, өрт, жер титирөө, термикалык, химиялык, биологиялык, радиациялык, экологиялык жана электрдик коопсуздугунун орчундуу (жалпы) талаптарын белгилейт.
Имараттарга жана курулмаларга карата коопсуздуктун деталдуу (конкреттүү) талаптары башка техникалык регламенттер менен белгилениши мүмкүн.
Эл аралык, региондук, улуттук стандарттардын колдонулушу, ушул Техникалык регламенттин орчундуу талаптарынын аткарылышы катары каралат.
3. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган сунушталуучу ченемдик укуктук актыларды ыктыярдуу негизде колдонуунун жыйынтыгында ушул Техникалык регламенттин жана буга байланыштуу башка техникалык регламенттердин жана мыйзам ченемдүү актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жана (же) жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумунда жарыялайт.
6-берене. Механикалык коопсуздукту камсыз кылууга талаптар
1. Имараттын жана курулманын конструкциялары жана негиздери курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда жана демонтаждоодо төмөнкүлөрдүн натыйжасында коркунуч болбогудай касиеттерге ээ болууга тийиш:
1) айрым тирөөч конструкциялардын же алардын элементтеринин бузулушунда;
2) имарат же курулма бүт же айрым бөлүгү бузулганда;
3) конструкциялар, негиздер жана туташкан геологиялык массивдер жол берилгис өлчөмдө деформацияланганда;
4) имараттын же курулманын, инженердик же технологиялык жабдуунун, өткөргүч түтүктөрдүн бөлүктөрү тирөөч конструкциялардын орчундуу деформациясынын же жылышуусунун, анын ичинде вертикалдан четтөөнүн натыйжасында бузулганда.
2. Имараттардын жана курулмалардын механикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жалпы эле имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле алардын айрым элементтеринин бекемдигин, туруктуулугун жана мейкиндиктеги өзгөрбөстүгүн камсыз кылуучу конструкциялык схемаларды караштыруу зарыл.
3. Механикалык коопсуздук талаптарын аткаруу ушул Техникалык регламентте көрсөтүлгөн, имаратты же курулманы долбоорлоо, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу жана демонтаждоо процессинде жүктөмдөрдүн жана таасирлердин бир убакта таасир этүүсүнүн эске алынган варианттарындагы бекемдикти жана туруктуулукту ырастоочу эсептөөлөргө же башка ыкмаларга негизделет.
4. Имараттын же курулманын кабыл алынган конструкциялык чечимдеринин коопсуздугун негиздөөчү эсептөөлөр тобокелдик фактору боюнча долбоорлонуучу объекттин категориясына жараша жүргүзүлөт.
5. Адамдарды көтөрүү, түшүрүү жана горизонталдуу ташуу үчүн арналган механикалык ташуу каражаттары коопсуз жана тиешелүү техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына ылайык болууга тийиш.
7-берене. Өрт коопсуздугун камсыз кылууга талаптар
1. Имаратты же курулманы өрт чыгуу мүмкүндүгү болбогудай, өрт чыкканда имаратты же курулманы түтүн каптоону жана өрттүн адамдарга жана жаныбарларга зыяны тийишин болтурбагыдай же чектегидей, ошондой эле өрт чыккан учурда төмөнкүдөй талаптар аткарылгыдай долбоорлоо жана куруу зарыл:
1) имараттын же курулманын туруктуулугун, ошондой эле тирөөч курулуштук конструкциялардын адамдарды жана жаныбарларды эвакуациялоо, өрттүн зыянын азайтууга багытталган башка аракеттерди жасоо үчүн зарыл убакыттын ичинде туруктуулугун жана бекемдигин сактоо;
2) өрттүн коркунучтуу факторлорунун түзүлүшүн жана өрттүн очогунун чегинен сыртка таралышын чектөө;
3) өрттүн коңшу имараттарга жана курулмаларга таралбашы.
2. Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөрдү караштыруу зарыл:
1) долбоорлонуп жаткан имараттын же курулманын коңшу имараттан же курулмадан өрткө каршы бөлүнүшү же аралыгы;
2) адамдарды эвакуациялоо жолдорунда күйбөөчү же оңой менен күйбөөчү материалдарды пайдалануу;
3) адамдарды, анын ичинде калктын аз мобилдүү топторун коопсуз эвакуациялоо;
4) эвакуациялоо жолунун аралыгынын эң кыскалыгы;
5) өрттү аныктоо, кабарлоо жана адамдардын (анын ичинде калктын аз мобилдүү топторун) эвакуациясын башкаруу системасы;
6) өрттү автоматтык өчүрүү;
7) түтүнгө каршы сактануу;
8) эвакуациялык чыгуулардын зарыл санда болушу, ыңгайлуу жайгашуусу жана коопсуз габарити;
9) өрт өчүрүүчү техниканын келишине жана киришине, өрттөн сактануу кызматынын бөлүмчөлөрүнүн коопсуз келишине жана өрт өчүрүү каражаттарынын өрттүн очогуна коопсуз берилишине мүмкүндүк;
10) сырткы жана ички өрткө каршы суу менен камсыздоо.
8-берене. Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылууга талаптар
1. Имараттарды жана курулмаларды куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу жумуштары сейсмикалык туруктуулукту камсыз кылуучу иш-чаралар, ошондой эле жер титирегенде адамдарды шашылыш эвакуациялоонун шарттары каралган долбоорлор боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Төмөндөгү талаптарды аткаруу имараттардын сейсмикалык таасирлерден бузулушун азайтуу үчүн зарыл шарт болуп саналат:
1) курулуш үчүн оңтойлуу аянтты тандоо;
2) имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерин сейсмикалык таасирде абдан аз бузулгудай кылып тандоо;
3) сейсмикага каршы атайын долбоордук-техникалык жана курулуштук-конструкциялык чечимдерди кабыл алуу;
4) куруу-монтаждоо жумуштарынын жогорку сапатын камсыз кылуу.
3. Имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугуна карата талаптар сейсмикалык коопсуздук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
9-берене. Термикалык коопсуздукту камсыз кылууга талаптар
1. Имаратты же курулманы адамдар жана жаныбарлар имараттардын же курулмалардын элементтерине же конструкцияларына түздөн-түз тийгенде күйүп калбагыдай кылып долбоорлоо зарыл.
2. Термикалык коопсуздук адамдардын жана жаныбарлардын жогорку же өтө муздак температурадагы нерселерге тийүүсүн болтурбоочу конструкциялык чараларды кабыл алуу менен камсыз кылынат.
10-берене. Химиялык, радиациялык, биологиялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга талаптар
1. Имараттарды жана курулмаларды курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин кайра өзгөртүүдө, демонтаждоодо жана бузууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга жаткан айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучуна жол берилбейт.
2. Имаратты жана курулманы эксплуатациялоо процессинде же аларды токтоткондо химиялык, радиациялык жана биологиялык таасирлер адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратпагыдай долбоорлоо жана куруу зарыл.
Көрсөтүлгөн максатта жер кыртышында, атмосфералык абада, ичүүчү сууда, радиациялык фондо адамдар жана жаныбарлар үчүн потенциалдуу коркунучтуу химиялык, биологиялык заттардын, биологиялык жана микробиологиялык организмдердин жана иондоштуруучу нурлануунун болушунун санитардык-гигиеналык ченемдеринин талаптары сакталат.
3. Пайдаланылуучу курулуш материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан колдонууга уруксат берилиши керек, аларда зыяндуу заттар адамдардын жана жаныбарлардын организмине түз же кыйыр таасир эткидей санда болбошу жана бөлүнүп чыкпашы керек.
4. Пайдаланылуучу курулуш материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын радиациялык коопсуздугу "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" Техникалык регламенти жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды аткаруу жолу менен камсыз кылынат.
5. Курулуш үчүн аянтты тандоо санитардык-коргоочу, сууну коргоочу зоналарды, скважиналарды коргоо боюнча зоналарды эске алуу менен, жерлердин, көлмөлөрдүн категорияларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына так ылайык жүргүзүлөт.
6. Имараттардын жана курулмалардын экологиялык коопсуздугуна жалпы талаптар экологиялык коопсуздук боюнча тиешелүү техникалык регламент менен белгиленет.
11-берене. Электрдик коопсуздукту камсыз кылууга талаптар
Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда адамдардын, жаныбарлардын жана мүлктүн электр тогуна түздөн-түз тийүүдөн сактоону камсыз кылуу үчүн ички жана тышкы электрдик системаларды орнотуу боюнча шарттарды сактоо зарыл.
12-берене. Ички микроклиматка, инсоляцияга, күндөн сактанууга, жарык кылууга, ызы-чуудан жана нымдан сактоого талаптар
1. Имараттардын жана курулмалардын ичинде зарыл микроклимат, жетишээрлик табигый жана жасалма жарык камсыз кылынууга, инсоляцияга жана күндөн сактанууга, ошондой эле ызы-чуудан жана нымдан сактоо талаптары сакталууга тийиш.
2. Керектүү микроклиматты камсыз кылуу үчүн имараттын жана курулманын сыртты тосуучу конструкцияларынын жайлардын микроклиматын ченемге салынуучу параметрлерин камсыз кылуучу конструкциялык чечимдер тандалат.
3. Инсоляцияга жана күндөн сактанууга карата талаптар жайларды жарык тараптарга багыттоо чаралары, ошондой эле конструкциялык жана пландоо мүнөзүндөгү чаралар менен камсыз кылынат.
4. Адамдар такай болуучу, жер үстүндөгү кабаттарда жайгашкан жайларда табигый жана жасалма жарык, ал эми жер астындагы кабаттарда адамдардын ден соолугуна зыян келүү коркунучун болтурбоо үчүн жетишээрлик жасалма жарыктандыруу камсыз кылынат.
5. Адамдарды тышкы жана ички булактарда жаралуучу абанын жана ызы-чуунун эпкининен сактоо үчүн иш-чаралар каралат.
6. Тосмо конструкциялардын ашыкча нымдашуусун, алардын беттери сууланышын болтурбоо жана ал конструкциялардын узакка чыдамдуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
7. Ички микроклиматка, инсоляцияга жана күндөн сактоого, табигый жана жасалма жарыктандырууга, ызы-чуудан жана нымдан сактоого карата жалпы талаптар ушул Техникалык регламент менен тиешелүү өз ара байланыштагы ченемдик документтерде белгиленет.
13-берене. Татаал табигый шарттарда имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар
1. Имаратты жана курулманы аны эксплуатациялоо учурунда табигый процесстер жана (же) техногендик таасирлер ушул Техникалык регламенттин 6-беренесинде көрсөтүлгөн кесепеттерге жана (же) адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучун жаратуучу окуяларга дуушарлантпагыдай долбоорлоо жана куруу зарыл.
2. Коркунучтуу табигый процесстерде имараттарга жана курулмаларга жалпы талаптар ушул Техникалык регламент менен тиешелүү өз ара байланыштагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
14-берене. Инженердик изилдөөлөрдөгү талаптар
1. Инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө ушул Техникалык регламенттин жана ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы тиешелүү ченемдик документтердин инженердик изилдөөлөр жана курулуш үчүн топуракты иликтөөлөр боюнча талаптарды аткаруу зарыл.
2. Инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары туура жана имараттын же курулманын параметрлеринин жана башка долбоордук касиеттеринин негизделген маанилерин аныктоо үчүн жетиштүү болууга тийиш.
3. Инженердик изилдөөлөр иштин аткарылган комплексинин натыйжасында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) аянтты тандоону негиздөө үчүн курулуш объектин жайгаштыруучу жердин табигый жана техногендик шарттары жөнүндө зарыл жана жетиштүү материалдарды (маалыматтарды) алууну;
2) имараттардын жана курулмалардын принциптүү көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерин кабыл алууну;
3) курулуш объекттерин жайгаштыруу схемаларын (кырдаалдык жана башкы пландарды) түзүүнү;
4) имараттардын жана курулмалардын негиздерин, фундаменттерин жана конструкцияларын эсептөөнү;
5) курулуш объектинин айлана-чөйрөгө таасирин баалоону.
4. Объекттерди куруу, эксплуатациялоо, реконструкциялоо жана демонтаждоо мезгилиндеги төмөнкүдөй инженердик изилдөөлөр аткарылат:
1) жумушчу документтерде көрсөтүлгөн табигый шарттардын иш жүзүндөгү шарттарга ылайык же ылайык эместигин аныктоо үчүн;
2) тургузулуучу курулмалардын жана алардын негиздеринин сапатын баалоо, алардын долбоордук талаптарга ылайыктуулугун текшерүү үчүн;
3) имараттардын жана курулмалардын абалын жана алардын инженердик коргоо системаларынын натыйжалуулугун баалоо үчүн;
4) имараттардын жана курулмалардын туруктуулугун, ишеничтүүлүгүн жана эксплуатациялык жарактуулугун жогорулатуу үчүн;
5) атайын инженердик-геодезиялык, инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык, кадастрлык жана башка жумуштарды жана иликтөөлөрдү (байкоолорду) аткаруу үчүн;
6) айлана-чөйрөнүн компоненттеринин өзгөртүү абалдарын мониторинги үчүн;
7) объекттерди демонтаждагандан жана бузгандан кийин аймакты рекультивациялоо (зарыл болгондо) үчүн.
5. Инженердик-геодезиялык изилдөөлөр курулуштун аймагындагы табигый жана техногендик шарттарды комплекстүү баалоо жана объекттерди долбоорлоону, курууну жана эксплуатациялоону негиздөө үчүн керектүү топографиялык-геодезиялык материалдардын жана аймактагы абал жана рельеф жөнүндө маалыматтардын алынышын камсыздоого тийиш.
6. Инженердик-геологиялык изилдөөлөр долбоорлонуп жаткан курулуштун районундагы инженердик-геологиялык шарттардын, анын ичинде рельефтин, геологиялык түзүлүштүн, геоморфологиялык жана гидрогеологиялык шарттардын, кыртыштын курамын, абалын жана касиеттерин, геологиялык жана инженердик-геологиялык процесстерди, өздөштүрүлгөн (курулуш курулган) аймактардын шарттарынын өзгөрүшү комплекстүү иликтенишин, объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн долбоорлонуучу объекттердин геологиялык чөйрө менен өз ара таасир этишүүсү чөйрөсүндөгү инженердик-геологиялык шарттардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнүн божомолун түзүүнү камсыз кылууга тийиш.
7. Инженердик-гидрометеорологиялык изилдөөлөр негизделген долбоордук чечимдерди кабыл алуу үчүн курулуш курулуучу аймактын (аянттын, участканын) гидрометеорологиялык шарттарын комплекстүү иликтөөнү жана долбоорлонуучу объект менен өз ара таасир этишүүнүн натыйжасында ал шарттардын мүмкүн болуучу өзгөрүүсүнүн божомолун камсыз кылууга тийиш.
8. Инженердик-экологиялык изилдөөлөр объектти жайгаштыруу пландалган райондо айлана-чөйрөнүн абалын бардык компоненттери боюнча иликтөөнү камсыз кылууга тийиш жана жагымсыз экологиялык жана ага байланышкан башка кесепеттерди болтурбоо, төмөндөтүү же жоюу жана адамдардын жана жаныбарлардын жашоосунун ыңгайлуу шарттарын сактоо максатында аткарылат.
9. Инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү талаптардын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү контроль жүзөгө ашырылат.
15-берене. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодогу талаптар
1. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо тобокелдиктерге талдоо жүргүзүлөт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) куруудагы, эксплуатациялоодогу, капиталдык оңдоодогу, реконструкциялоодогу, профилин кайра өзгөртүүдөгү, демонтаждоодогу жана бузуудагы, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардагы (иштебей калгандагы жана сырткы таасирлердеги) коркунучтардын бардык булактарын жана аларды ишке ашыруунун жолдорун аныктоону жана так баяндоону;
2) эсептөөлөрдү, эксперименттерди, эксперттик ыкмаларды пайдаланып же ошого окшош имараттардын жана курулмалардын эксплуатациялык маалыматтары боюнча тобокелдикке сандык баа берүүнү;
3) конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдерди жана тобокелдикти жол берилүүчүдөн ашпаган деңгээлге чейин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууну;
4) айлана-чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баалоо жүргүзүүнү.
2. Инженердик изилдөөлөрдү тиешелүү негиздемейинче же алар жетишсиз болсо имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоого жана курууга жол берилбейт.
3. Имараттардын жана курулмалардын негиздерин өзгөчө таасирлерди (жер титирөөнүн, суу каптоонун же жер көчкүнүн) эске алуу менен жетишээрлик ишеничтүү кылып долбоорлоо зарыл.
4. Имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоо төмөнкүлөрдү эсептөөлөрдүн негизинде тандоону камтыйт:
1) негиздөөнүн тибин (табигый же жасалма);
2) фундаменттердин тибин, конструкциясын, материалын жана өлчөмдөрүн (тайыз же терең; узата, лента, түркүк же плита; темирбетон, бетон жана буробетон).
5. Негизге фундаменттен келүүчү күч жана таасир имараттын жана негиздин биргелешкен таасирин эске алып эсептөө менен белгиленет.
6. Негиздерди долбоорлоодо объектти куруу жана эксплуатациялоо процессинде аянттын гидрогеологиялык шарттарынын мүмкүн болуучу төмөнкүдөй өзгөрүүлөрү эске алынат:
1) кыртыш суулардын болушу же пайда болуу (өтүү) мүмкүндүгү;
2) жер астындагы суулардын деңгээлинин табигый сезондук жана көп жылдык өзгөрүүлөрү;
3) жер астындагы суулардын деңгээлинин мүмкүн болгон техногендик өзгөрүүсү;
4) өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарынын негизинде жер алдындагы конструкциялардын материалдарына жана кыртыштын коррозиялык активдүүлүгүнө карата жер астындагы суулардын агрессивдүүлүгүнүн даражасы.
7. Эгер жер астындагы суулардын болжолдонгон деңгээлинде негиздин кыртышынын физикалык-механикалык касиеттери начарлашы, жаман физикалык-геологиялык процесстер болушу, тереңдеги жайларды эксплуатациялоо шарттары бузулушу мүмкүн болсо долбоордо тийиштүү сактоочу иш-чаралар каралат.
8. Эгер жер астындагы суулар же өнөр жайлык агымдар тереңдеги конструкциялардын материалдарына карата агрессивдүү болсо же кыртыштын коррозиялык активдүүлүгүн көбөйтүшү мүмкүн болсо коррозияга каршы иш-чаралар каралууга тийиш.
9. Басымдуу жер астындагы суулардын деңгээлинен ылдый негиздерди, фундаменттерди жана башка жер астындагы конструкцияларды долбоорлоодо жер астындагы суулардын басымын эске алуу жана жер астындагы суулардын котловандарга жырып киришин, котловандын түбүнүн көбүшүн жана имараттын көтөрүлүп чыгышын болтурбоочу иш-чараларды караштыруу зарыл.
10. Фундаменттерди түптөөнүн тереңдиги төмөнкүлөрдү эске алуу менен кабыл алынууга тийиш:
1) долбоорлонуп жаткан имараттын арналышы жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү, анын фундаментине күч келүүлөр жана таасирлер;
2) жанаша имараттардын фундаменттерин түптөөнүн тереңдиги, ошондой эле инженердик коммуникацияларды орнотуунун тереңдиги;
3) имараттар курулуучу аймактын мурдатан бар жана долбоорлонуп жаткан рельефи;
4) курулуш аянтынын инженердик-геологиялык шарттары (кыртыштардын физикалык-механикалык касиеттери, тектердин катмарлануусунун мүнөзү, жылышып кетиши мүмкүн болгон катмарлардын, шамалдоо жылчыктарынын жана катмарлуу көңдөйлөрдүн бар экендиги);
5) аянттын гидрогеологиялык шарттары жана имаратты куруу жана эксплуатациялоо процессинде алардын өзгөрүү мүмкүндүгү;
6) дарыялардын нугуна курулган имараттын (көпүрөнүн, өткөргүч түтүктөрдүн) астындагы топурактын жуулуп кетүү мүмкүндүгү;
7) сезондук тоңуунун тереңдиги.
11. Негиздердин жана фундаменттердин долбоорунда негиздин топурагы нымдашуусун, ошондой эле куруу мезгилинде тоңуп калуусун болтурбоочу иш-чаралар каралууга тийиш.
12. Мурдатан турган курулмаларга түздөн-түз жакын жайгашкан имараттарды долбоорлоодо негиздин ал курулмалардын салмагынан, ошондой эле долбоорлонуучу башка имараттардын салмагынан кошумча деформацияланышы эске алынууга тийиш.
13. Имараттардын жана курулмалардын негиздери ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы ченемдик документтердин имараттардын жана курулмалардын негиздери, күч келүүлөр жана таасирлер боюнча талаптарын эске алуу менен долбоорлонууга тийиш.
14. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо имараттарды жана курулмаларды курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин кайра өзгөртүүдө жана демонтаждоодо болуучу күч келүүнүн, таасирлердин бардык түрлөрү эске алынат.
15. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо конструкциялардын тирөөчтүк жарактуулугун жана деформацияланышын эсептөөдө пайдаланылуучу усулдар ушул Техникалык регламент менен курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
16. Эсептөөнү аткаруу процессинде төмөнкүлөр эске алынат:
1) имараттардын жана курулмалардын курулуш объектисинин категориясынын тобокелдик фактолору жана жайгашкан орду боюнча;
2) куруу-монтаждоо жумуштарынын өндүрүштүк долбоордон мүмкүн болгон четтөөлөрү;
3) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын техникалык маанилеринин мүмкүн болуучу диапазондору;
4) курулуш аянтынын физикалык-механикалык касиеттеринин ар түрдүүлүгү;
5) эсептөөнүн колдонулуучу усулдары менен эсептөөнүн тактыгы боюнча чектөөлөр;
6) локалдуу жана прогрессивдүү бузулуулардын болжолдуу кесепеттери.
17. Парктардын, скверлердин, үй алдындагы участкалардын (балдар жана спорттук аянтчалар, үйдүн жанындагы жашылдандыруу зоналары), жол боюндагы жашылдандыруу зоналарында, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, суу коргоо зоналарынын чектеринде имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
18. Имараттар жана курулмалар адамдардын коопсуз жана эркин жүрүшү үчүн жетиштүү мүмкүндүктү камсыз кылууга тийиш.
19. Чатырларды жана тосуучу конструкцияларды атмосферадагы нымдын киришин жана курулуштук конструкцияларда жана инженердик жабдууларда алардын бекемдигин, туруктуулугун жана ишеничтүүлүгүн азайтуучу конденсаттын топтолушун болтурбагыдай долбоорлоо зарыл.
20. Имараттардын жана курулмалардын потенциалдуу коркунучтуу заттарды сактоо, иштетүү же процесстерди пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайлары жана орундары изоляцияланып, эксплуатациялоо шартында да, мүмкүн болуучу жол берилгис пайдалануу учурунда да адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактоочу конструкциялык касиеттери болууга жана төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:
1) санкцияланбаган кирүүнү болтурбоочу түзүлүштөр менен;
2) потенциалдуу коркунучтуу заттар суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларына киришин болтурбоочу түзүлүштөр менен;
3) дүрт күйүүчү жана (же) жарылгыч заттар сакталган жерлерди күйүүдөн сактоо системалары менен.
21. Имараттар жана курулмалар бийиктиктен кокустан кулап кетүү мүмкүндүгү эң төмөн болгудай долбоорлонот. Тосмолорго карата талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы тиешелүү ченемдик документтердин тиешелүү бөлүмдөрүндө белгиленет.
22. Өндүрүштүн жана керектөөнүн катуу калдыктарын чогултуучу жана сактоочу объекттерди долбоорлоого талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктаган тартипте белгиленет.
23. Имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын ичтеги жана сырттагы тосуучу функцияларды аткаруучу элементтери төмөнкү ызы-чууну өткөрүүгө жетишээрлик даражада каршы турууга тийиш:
1) имараттардын жана курулмалардын ичиндеги жайлардын ортосунда;
2) имараттардан жана курулмалардан жанаша аймакка (атмосферага);
3) жанаша аймактан имараттардын жана курулмалардын жайларына.
24. Имарат жана курулма имараттардын жана курулмалардын ичинде жаралган жана жанаша аймакка (атмосферага) угулуучу ызы-чуу санитардык-гигиеналык ченемдер менен шартталган деңгээлдерден ашпагыдай болуп долбоорлонот.
25. Имараттардын жана курулмалардын тышкы жана ички тосмо конструкцияларынын үн изоляциясы имараттардын жана курулмалардын ичинде адамдар болуучу жерлерде сыртта болгон ызы-чуунун, инженердик камсыз кылуу системаларынан, өндүрүштүк-технологиялык жабдуулардан жана санитардык-техникалык түзүлүштөрдөн чыккан үндүн таасири белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерге чейин азайышын камсыз кылууга тийиш.
26. Имараттарды жана курулмаларды алардын арналышына жараша долбоорлоодо калктын аз мобилдүү топтору үчүн жетишээрлик шарттар камсыз кылынууга тийиш.
27. Имараттар жана курулмалар, анын ичинде турак жай калктын аз мобилдүү топтору үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) максаттуу баруучу (арналыштагы) жерлердин жеткиликтүүлүгү жана имараттардын жана курулмалардын ичинде жүрүүнүн тоскоолдуксуздугу;
2) жашаган, тейленген жана эмгегин жүзөгө ашырган жерлерде басуучу жолдордун (анын ичинде эвакуациялык) коопсуздугу;
3) жашоо-турмуш чөйрөсүнүн ыңгайлуулугу жана комфорту.
28. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн жеткиликтүү имараттардын жана курулмалардын долбоорлук чечимдери калктын башка топторунун жашоо-турмушунун шарттарын, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугун чектебөөгө тийиш.
29. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн имараттардын жана курулмалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу белгиленген тартипте бекитилүүчү долбоор түзүүгө тапшырмада аныкталат.
30. Имараттардын жана курулмалардын эвакуациялык жолдору жана чыгуучу жерлери төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) адамдар алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келгенге чейин имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка тоскоолдуксуз эвакуацияланышы;
2) адамдарды куткаруу;
3) куткаруучу бөлүмдөрдүн жеткиликтүүлүгү жана адамдарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана мүлктөрдү сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
31. Имараттардын жана курулмалардын долбоордук, көлөмдүк-пландаштыруу жана конструктивдик чечимдерин туура аткаруу үчүн жоопкерчиликти долбоордун авторлору тартат.
16-берене. Долбоорлоо документтерине жалпы талаптар
1. Имараттардын же курулмалардын долбоорлоо документтеринде курдуруучу же заказчы тарабынан долбоорлоочуга берилген баштапкы маалыматтар эске алынат. Долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтардын курамында тобокелдик фактору боюнча долбоорлонуучу объектинин категориясы көрсөтүлөт.
2. Долбоорлонуучу имарат же курулма төмөнкү категориялардын бирине таандык болууга тийиш: I - тобокелдик фактору өтө жогорку объекттер; II - тобокелдик фактору жогору объекттер; III - тобокелдик фактору орто объекттер; IV - тобокелдик фактору төмөн объекттер.
Курулуш объекттеринин категориясынын класстары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Коркунучтуу өндүрүш объекттерине кирген, тобокелдик факторлору өтө жогорку жана жогорку имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо документтеринде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү ушул объекттерди куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу, демонтаждоо жана бузуу процессиндеги авариялардын коркунучтуу кесепеттеринен Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарына ылайык коргоо боюнча конструктивдик жана уюштуруу-техникалык чаралар каралат.
4. Долбоорлоо документтеринде имараттын же курулманын параметрлеринин долбоордук маанилери жана башка долбоордук мүнөздөмөлөрү, ошондой эле анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорлонуучу иш-чаралар куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу этаптарында имарат же курулма адамдын ден соолугу жана өмүрү, айлана-чөйрөгө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн коопсуз болгондой белгиленет.
Имараттын же курулманын параметрлеринин долбоордук маанилерин жана башка долбоордук мүнөздөмөлөрүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорлонуучу иш-чаралар тиешелүү техникалык регламенттердин тикелей талаптарына шилтеме берүү менен негизделет, ал эми мындай тикелей талаптар жок болгондо, төмөнкүлөрдүн натыйжаларына:
1) иликтөөлөрдүн;
2) сертификацияланган же башка ыкма менен иш жүзүндө сыналган усулдар боюнча аткарылган эсептердин жана (же) сыноолордун;
3) коркунучтуу окуялардын, анын ичинде табигый же техногендик мүнөздөгү тобокелдикти ишке ашырууну баалоонун.
Негиздөөдө долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтар, анын ичинде курулуп жаткан аймактагы, ал эми зарыл учурларда конкреттүү жер участогунун аймагындагы инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары эске алынат.
5. Долбоорлоо документтеринде төмөнкүлөр каралат:
1) параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн иш жүзүндөгү маанилерин аныктоо үчүн конструкциялардын жана инженердик-техникалык камсыздоо системаларынын элементтеринин, ошондой эле куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу жана демонтаждоо процессинде имараттын же курулманын коопсуздугуна таасир берүүчү материалдардын, буюмдардын жана түзүлүштөрдүн параметрлеринин жеткиликтүү болуусу;
2) имаратты же курулманы коопсуз эксплуатациялоо;
3) эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу боюнча иш-чараларын жүргүзүүнүн ыкмаларына коюлуучу талаптар, аларды аткарганда конструкциялардын жана (же) инженердик-техникалык камсыз кылуунун коопсуздугу бузулбайт же жайлардын микроклиматынын параметрлери начарлабайт.
6. Долбоордук документтерде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) курулуш иштерин аткаруу этаптары аяктаганда контролдук жүргүзүүнүн усулдары жана каражаттары;
2) конструкциялардын, негиздердин жана инженердик жабдуулардын системаларынын абалын текшерүүнүн, кароонун жана күбөлөндүрүүнүн эң төмөнкү мезгилдүүлүгү;
3) конструкцияларга жана инженердик жабдуулардын системаларына жүктөмдөрдүн маанилери жөнүндө маалыматтар, имараттарды же курулмаларды эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу процессинде алардан ашык кылууга жол берилбейт.
4) жашырын электр өткөргүчтөрдүн, түтүктөрдүн жана башка түзүлүштөрдүн жайгашуусу, алардын бузулушу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлккө жана (же) айлана-чөйрөгө, жаныбарларга зыян келтирүү коркунучуна алып келет.
7. Долбоорлоо документтеринин сапаты жөнүндө экспертизанын оң корутундусу болмоюнча имараттарды жана курулмаларды курууга жол берилбейт.
Долбоорлоо документтеринин экспертизасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же аккредиттелген эксперттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Курулушу мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу объекттердин, тобокелдик фактору жогору объекттердин экспертизасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
17-берене. Колдонулуучу курулуш материалдарына, буюмдарга, конструкцияларга жана жабдууларга талаптар
1. Курулушту жүзөгө ашыруучу адам курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды кампага жыйноону жана сактоону камсыз кылат.
2. Курулушту жүзөгө ашыруучу адам тарабынан долбоорлоо документтеринде каралган колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын түрлөрүн, типтерин, маркаларын алмаштыруусу, ошондой эле долбоорлоо документтерине кандай гана болбосун башка өзгөртүүлөрдү киргизүүсү долбоорлоо документтерин иштеп чыгуучу жана макулдук алынуучу органдар менен макулдашуу боюнча курдуруучунун (заказчынын) макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Алмаштыруу документ түрүндө таризделет, ал эми кабыл алынган өзгөртүүлөр милдеттүү түрдө долбоорлоо документтерине киргизилет. Кабыл алынган конструкциялык схеманын жана ушул имараттын же курулманын коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча белгиленген чечимдердин бузулушуна алып келбеген учурларда гана мындай алмаштырууларга же өзгөртүүлөргө жол берилет.
3. Имараттарды жана курулмаларды курууда, ар кандай оңдоо-куруу иштери аткарылганда колдонулган курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
18-берене. Аткаруу документтери
Курулушту жүзөгө ашыруучу адам төмөнкүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат:
1) аткаруу документтерин - иш жүзүндө аткарылган иштердин, анын ичинде тышкы инженердик тармактарды орнотуу боюнча иштердин ушул чиймелерге же долбоорлоо документтерин иштеп чыгуучунун макулдугу менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайыктуулугун ырастоочу кол коюлган жумушчу чиймелердин комплектин;
2) геодезиялык аткаруу схемаларын, ал эми долбоорлоо документтеринде каралган учурларда - ошондой эле куруу процессинде курулуштун таасири тийүүчү зонадагы имараттардын жана курулмалардын натыйжаларын.
19-берене. Имараттарды жана курулмаларды куруудагы коопсуздук талаптары
1. Имараттарды жана курулмаларды курууда курулушту жүзөгө ашыруучу адам долбоор менен аныкталган имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын бардык комплексин аткарууга милдеттүү. Ошондой эле имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу көз каранды болгон бардык технологиялык операциялардын аткарылышын контролдоонун мүмкүндүгүн камсыз кылат. Тобокелдик деңгээли конкреттүү имарат жана курулма үчүн белгиленгенден жогору болбоого тийиш.
2. Эгерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн курулуш-монтаждоо иштеринин процессинде же аткаргандан кийин кандайдыр бир сыноолорду жүргүзүү талап кылынса, анда алар долбоордун бардык талаптарын аткаруу менен толук көлөмдө жүргүзүлөт.
3. Долбоордон четтөөлөр автор жана макулдугу алынуучу органдар менен макулдашылат. Мында аткарылуучу чечимдердин тобокелдигин талдоо жүргүзүлөт.
4. Эгерде жер астындагы суулардын божомол кылынган деңгээлинде негиздин кыртышынын физикалык-механикалык өзгөчөлүктөрүнүн жол берилгис начарлоосу, жагымсыз физикалык-геологиялык процесстердин өнүгүүсү, казылган жайларды эксплуатациялоо шарттарынын бузулуусу мүмкүн болсо, инженердик коргоонун тиешелүү иш-чаралары каралат.
5. Инженердик коргоону кошкондо, курулуш аянтын даярдоо жанаша жаткан аймактарда коркунучтуу физикалык-геологиялык процесстердин активдешине алып келбөөгө тийиш.
6. Имараттар, курулмалар жана инженердик коргоонун иш-чаралары аймактарга терс таасирин тийгизген учурларда (сазга айлануу, жээктердин бузулушу, жер көчкүлөрдүн пайда болушу жана активдеши) тиешелүү компенсациялык-калыбына келтирүү иш-чаралары каралат жана аткарылат.
7. Курулуш аянтындагы курулуш-монтаждоо иштери жакын жайгашкан имараттарга, курулмаларга жана калкка зыян келтирбегендей аткарылат.
8. Имараттарды жана курулмаларды курууда колдонулуучу жүк көтөрүүчү механизмдер, атайын машиналар, жабдуулар коопсуздукту камсыз кылуу менен эксплуатацияланууга тийиш жана тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына жооп бериши керек.
9. Инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча кыртыш газдарынын (радондун, метандын, ториндин) чыгуусу бар болгон участоктордо имараттарды жана курулмаларды курууда кыртышка тийген полдорду жана жер төлөлөрдүн дубалдарын кыртыш газдары имаратка жана курулмага кирбегендей кылып изоляциялоо боюнча чаралар жана алардын концентрациясын жетиштүү деңгээлде төмөндөтүүгө өбөлгө болуучу башка чаралар көрүлөт.
20-берене. Курулушту консервациялоо
Курулушту алты айдан ашык мөөнөткө токтотуу же токтото туруу зарыл болгондо курдуруучу (заказчы) же анын заказы боюнча курулушту жүзөгө ашыруучу адам тарабынан объектти консервациялоо - курулушту жана курулуш аянтын негизги конструкциялардын жана негиздин бекемдигин, туруктуулугун жана сакталышын, адам жана айлана-чөйрө үчүн коопсуздугун камсыз кылуучу абалга келтирүү жүргүзүлөт.
21-берене. Мурдатан турган имараттарды реконструкциялоодо жана профилин кайра өзгөртүүдө коопсуздук талаптары
1. Көп квартиралуу үйлөрдөгү жайларды реконструкциялоого, профилин кайра өзгөртүүгө жана кайра пландаштырууга архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте берилген техникалык корутундунун негизинде гана жол берилет.
2. Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо, кайра пландаштырууда жана профилин кайра өзгөртүүдө коопсуздук талаптарын аткаруу үчүн реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө уруксат берген уюмдар жана имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү жана кайра пландаштыруу боюнча курулуш иштерин жүзөгө ашырган уюмдар жоопкерчилик тартат.
22-берене. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоодо коопсуздук талаптары
1. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоо "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу" Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүчү курулуш материалдарын жана буюмдарын колдонуу менен оңдолуучу объекттин курулуш конструкцияларынын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүнү көздөбөшү керек.
2. Капиталдык оңдоодон кийин имараттардын жана курулмалардын калкалоочу конструкцияларынын жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрү жайга керектелүүчү микроклиматтын параметрлерин камсыз кылууга тийиш.
3. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоодо коопсуздуктун талаптарын аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликти мурдатан турган имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоону жүзөгө ашыруучу уюмдар тартат.
23-берене. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоодо коопсуздук талаптары
1. Курдуруучу (заказчы) төмөнкүдөй документтерди комплектөөнү жана имараттын же курулманын менчик ээсине сактоого берүүнү камсыз кылат: инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары, долбоордук жана жумуш документтери, аткаруу документтери, курулуш процессиндеги мониторингдин натыйжалары.
2. Имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде конструкциялардын жана инженердик камсыз кылуу системаларынын параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү ушул Техникалык регламенттин 16-беренесинде келтирилген долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн ылайыктуулук имараттын же курулманын менчик ээси же анын тапшырмасы боюнча менчик шериктештигинин, турак жай кооперативинин же үй комитетинин ыйгарым укуктуу адамдары (мындан ары - башкаруучу уюм) иштеп чыккан программа боюнча долбоорлоо документтеринин талаптарын эске алуу менен мезгилдүү өткөрүлүүчү кароонун жана контролдук текшерүүлөрдүн же мониторингдин жүрүшүндө ырасталат.
Менчик ээси же башкаруучу уюм өз демилгеси боюнча эксплуатациялоо документтерин, анын ичинде конструкциялардын жана инженердик камсыздоо системаларынын параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн долбоорлоо документтерине ылайыктуулугун текшерүүнүн конкреттүү эрежелерин камтыган объекттин паспортун, ошондой эле ишкананын экологиялык паспортун иштеп чыгууга заказ бериши мүмкүн.
3. Конструкциялардын жана (же) инженердик камсыз кылуу системаларынын параметрлеринин жана (же) башка мүнөздөмөлөрүнүн эксплуатациялоо стадиясы үчүн долбоорлоо документтеринде белгиленген чектен чыгып кетүүсү табылганда тиешелүү дефекттер критикалык (аларды жоюу үчүн эксплуатациялоону токтото туруу же эксплуатациялоону толук токтотуу менен оңдоону жүргүзүүнү талап кылат) же эксплуатациялоону токтотпой эле учурдагы оңдоо процессинде жоюлушу мүмкүн болгон критикалык эмес деп классификацияланат.
4. Тобокелдик факторлору өтө жогорку жана жогору имараттардын же курулмалардын конструкцияларынын жана инженердик камсыз кылуу системаларынын параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүсү имаратта же курулмада түздөн-түз жүзөгө ашырылуучу автоматтык мониторингдин объекти болуп эсептелиши мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен ушундай имараттар же курулмалар үчүн мониторинг жүргүзүү милдети каралбаса, мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечимди имараттын же курулманын менчик ээси кабыл алат.
Мониторинг процессинде табылган дефекттер жөнүндө маалымат алардын компетенциясына жараша ыйгарым укуктуу органдарга берилет.
5. Табылган дефекттерди жоюу үчүн эксплуатациялоону токтото туруу жөнүндө же эксплуатациялоону толук токтотуу жөнүндө же табылган дефекттерди учурдагы оңдоо жолу менен жоюу тууралуу чечимди имараттын же курулманын менчик ээси, же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте уюм тарабынан кабыл алынат.
6. Имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде текшерүүлөрдүн жана иликтөөлөрдүн бардык натыйжалары, ошондой эле табылган чектен чыгууларды жоюу боюнча иш-чаралар документтелет. Тиешелүү документтер имараттын же курулманын менчик ээсинде сакталат.
7. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоодо жана техникалык тейлөөдө төмөнкүдөй тобокелдик факторлорунан адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу камсыз кылынат: кулоодон, соккудан, күйүүдөн, электр тогунан жабыркоодон, өрттөн жана анын коркунучтуу факторлорунан, жарылуудан, имараттардагы же курулмалардагы инженердик тармактардын авариясынын айынан болуучу суу каптоолордон, транспорт каражаттарынын кыймылындагы авариялык кырдаалдардан жана башка физикалык жана химиялык факторлордон.
8. Имараттардын жана курулмалардын ичине кыртыш сууларынын кирүү коркунучу пайда болгон, ошондой эле бул суулардын айынан имараттын жана курулманын бекемдигин же туруктуулугун жоготууга алып келүүгө жөндөмдүү зыян келтирилип, тирөөчү же калкалоочу конструкциялардын бузулуу коркунучу пайда болгон учурда ушул суулардын кирүүсүн алдын алуу же сууларды имараттын жана курулманын башка курулуш конструкцияларына зыян келтирбеген ыкма менен буруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
9. Жогорку деңгээлдеги нымдуулук пайда болушу мүмкүн болгон имараттардын жана курулмалардын турак-жай, жумушчу, кызматтык жана башка жайларында жана мейкиндиктеринде температуралык режимдердин которулуп туруучу жана желдеткичтер (кондиционердик) камсыз кылынат.
10. Санитардык-техникалык түзүлүштөрдөн суунун кокустан агуусу имараттардагы жана курулмалардагы коңшу жайларга суунун агып кирүүсүнө алып келбөөгө тийиш.
11. Эксплуатациялоо процессинде нымдуулуктун таасиринде турган курулуш конструкцияларынын же инженердик жабдуулардын системаларынын элементтеринин беттери нымдуулуктун таасиринен корголууга жана тазалоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
12. Имараттардын жана курулмалардын жашырын мейкиндиктери ички нымдуулуктан корголот.
13. Имараттарда жана курулмаларда өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жетиштүү жарык берүү каралууга тийиш.
14. Авариялык жарык берүү төмөнкүлөрдө орнотулат:
1) өткөөл жайларда, коридорлордо, холлдордо, фойелерде жана вестибюлдарда, тепкичтерде жана адамдарды эвакуациялоонун башка жолдорунда, адамдар көп болуучу имараттардын жана курулмалардын башка жерлеринде;
2) эгерде жумушчу жарыкты өчүрүүнүн жана мында өндүрүштүк жабдуунун иштешин улантуусунун айынан жаракат алуу коркунучу пайда болсо, анда адамдар дайыма иштеген жайларда.
15. Имараттар жана курулмалар адамдарды коопсуз жөнүндө алдын ала кабарлоочу тиешелүү системалар менен жабдылат.
16. Коркунуч жөнүндө кабарлоочу система коркунучтун пайда болуусун аныктоочу датчиктер жана адамдардын имараттан жана курулмадан тышкары коопсуз жерлерге чыгуусун камсыз кылуучу кабарлоо түзүлүшүн камтууга тийиш.
17. Имараттар жана курулмалар потенциалдуу коркунучтар жөнүндө кабарлоо максатында адамдардын коопсуз жүрүүсүн, запастык эшиктерди табууну, имараттагы жана курулмадагы адамдарды куткаруунун негизги ыкмаларын камсыз кылган маалыматтык колдоо каражаттары менен жабдылат.
18. Маалыматтык колдоо каражаттары так айырмаланууга жана бардык кырдаалдарда түшүнүктүү болууга тийиш.
19. Адамдар көп жүргөн имараттар жана курулмалар жетиштүү түрдөгү табигый, жасалма жана айкалышкан жарык берүүлөр жана инсоляциялар менен камсыз кылынат.
20. Имараттардын жана курулмалардын ар кандай жайларынын табигый, жасалма жана айкалышкан жарык берүүсүнүн жана инсоляциясынын көрсөткүчтөрү санитардык-гигиеналык ченемдердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
21. Объекттеги жумушчу зонага жана айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыгарылуучу булгоочу заттар санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык ченемдер менен белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
22. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоодогу коопсуздуктун талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси же имаратты жана курулманы эксплуатациялоочу уюм тартат.
23. Менчик ээси же эксплуатациялоочу тарабынан имаратты же курулманы эксплуатациялоо токтотулганда калкка жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн алдын алган чаралар, анын ичинде адамдардын жана жаныбарлардын имаратка эркин кирүүсүнө тоскоол болуучу чаралар көрүлөт.
24-берене. Жылытууга, желдетүүгө жана кондиционерлөөгө коюлуучу талаптар
1. Имараттардын жана курулмалардын жайларында жол берилген санитардык-гигиеналык ченемдерден төмөн эмес микроклиматтын параметрлери кармалып туруусу керек.
2. Имараттардын жана курулмалардын жылытуу системасын төмөнкүдөй долбоорлоо жана орнотуу зарыл:
1) адамдардын механикалык жана термикалык жарат алуу, газдардын, буулардын, аэрозолдордун же чаңдардын күйүү же жарылуу тобокелдиги эң төмөн болгондой;
2) эксплуатациялоонун пландалган географиялык шарттарында төмөн жана жогору температуралардын тийгизген таасирине системанын чыдамдуу болушун камсыз кылгыдай.
3. Жылытуу түзүлүштөрү, энергия берүү линиялары, түтүктөр жана башка коммуникациялар бекем бекитилет жана тышкы таасирлерден корголот.
4. Борбордоштурулган жылуулук менен камсыздоо жок болгондо, электр жылыткыч түзүлүштөрү же газ же суюк отун менен иштөөчү автоматташтырылган жылуулук генераторлору жылуулук энергиясынын булагы катары колдонулушу мүмкүн. Мында отундун толук күйүүсү жана күйүүнүн продукттарын газ чыгаруучу жана газ, чаң жыйноочу коммуникациялар аркылуу абага чыгаруу камсыз кылынат.
5. Имараттардын жана курулмалардын желдетүү жана кондиционерлөө системалары төмөнкүлөрдүн топтолушун болтурбоого тийиш:
1) ашканада тамак-аш даярдоодо пайда болгон жыттардын жана буулардын;
2) санитардык-гигиеналык түзүлүштөрдөн жана калдыктарды сактоочу жерлерден чыккан жыттардын;
3) өндүрүш процессинин жүрүшүндө пайда болгон газ түрүндөгү кыйыр продукттардын жана ашыкча нымдуулуктун;
4) уулуу буулардын жана газдардын;
5) ошондой эле бактериялардын, вирустардын жана ооруну пайда кылуучу башка микроорганизмдердин жана аллергиялык заттардын.
6. Жылытуу, желдетүү, кондиционерлөө системалары гидравликалык жана жылуулук туруктуулугуна, өрт-жарылуу коопсуздугуна ээ болуп, тазалоо жана оңдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Суюктукту жогорку басымда кармаган катуу жана ийкемдүү түтүктөр каралган ички жана тышкы чыңалууларды көтөрүүгө жана сактоочу түзүлүштөр болууга тийиш.
25-берене. Түтүк коммуникацияларына коюлуучу талаптар
1. Ысык, муздак, жеңил күйүүчү, коррозиялык-активдүү же уулуу суюктуктарды жана газдарды берүүчү потенциалдык коркунучтуу түтүк коммуникациялары бар имараттарда жана курулмаларда адамдардын, мүлктүн, айлана-чөйрөнүн, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылуучу чаралар көрүлөт.
2. Түтүк коммуникациялары төмөнкүлөрдүн болуу ыктымалдуулугун максималдуу түрдө ылдыйлаткандай кылып орнотулат:
1) имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо процессинде олуттуу зыяндарды же бузулууларды;
2) инженердик жабдуулардын системаларынын ар кандай элементтеринин ортосундагы же түтүк жана электрдик коммуникациялардын элементтеринин ортосундагы өз ара коркунучтуу аракеттенүүлөрдү;
3) эксплуатациялоо кызматынын персоналына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү.
3. Өрткө каршы түтүктөрдү кошпогондо, каналдарга, шахталарда, кабиналарда, тоннелдерде, ошондой эле нымдуулугу жогору жайларда орнотулган түтүк коммуникацияларын нымдуулуктун кондесациясынан коргоо зарыл.
4. Имараттардын жана курулмалардын өрт чыгуу коркунучу бар мейкиндиктерине орнотулуучу күйүүчү материалдардан жасалган түтүктөр өрттөн корголот.
26-берене. Газ жана электр камсыздоо системаларына коюлуучу талаптар
1. Газды (электр тогун) бардык газ пайдалануучу (электр тогун пайдалануучу) түзүлүштөргө берүү системасы желдетүү (электр тогунун) системасынын иштөөсү бузулган бардык учурларда автоматтык түрдө өчүрүүчү түзүлүштөр менен жабдылат.
2. Газ түтүктөрүн өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар жайларда жана зоналарда; жер төлөлөрдө; жарылуу коркунучу бар жана күйүүчү материалдардын кампаларында; подстанциялардын жана бөлүштүрүү түзүлүштөрүнүн жайларында; желдетүү камералары, шахталар жана каналдар, лифттердин шахталары; таштанды жыйноочу жайлар; түтүн чыгуучу морлор аркылуу; газ түтүгү коррозияга дуушар болуучу жайлар жана жерлер аркылуу, ошондой эле агрессивдүү заттар таасир бериши мүмкүн болгон жерлерде; газ түтүктөрү күйүүнүн ысык продукттары менен жуулушу же ага ысытылган, эриген металлдын тийиши мүмкүн болгон жерлерде орнотууну кароого тыюу салынат.
3. Газ приборлорун турак-жайлардын жер төлө кабаттарында (жер төлөдө) жайгаштырууга, ал эми суютулган көмүр суутек газдарын берүүдө бардык арналыштагы имараттардын жер төлө жана эң үстүңкү кабаттарында жайгаштырууга тыюу салынат.
4. Геологиялык шарттары татаал, сейсмикалык таасирлер берилүүчү, сууктагы жердин көтөрүлүшүн кошкондо, кыртыштын чөгүүсү, борпоң тартуусу бар болгон райондордо имараттарды жана курулмаларды курууда газ коммуникациялары имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын мүмкүн болуучу жылышууларын эске алуу менен орнотулат.
27-берене. Суу менен камсыздоо системаларына коюлуучу талаптар
1. Таза сууну пайдалануу жана санитардык-техникалык түзүлүштөрдү орнотуу каралган имараттар жана курулмалар техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарын канааттандыруу үчүн суу менен камсыздоонун коопсуз системалары менен жабдылат.
2. Имараттардын жана курулмалардын суу менен камсыздоо системаларын төмөнкүдөй долбоорлоо жана орнотуу зарыл:
1) адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз сууну суу пайдалануучулардын жана белгиленген санитардык-техникалык приборлордун эсептик санына ылайык келген көлөмдө берүүнү камсыз кылуу;
2) системадагы таза суунун булганышын жокко чыгаруу;
3) жабдуулардын жана түтүктөрдүн коррозиясын, түтүктөрдү жана жабдууларды шорлордун жана биологиялык өзгөрүүлөрдүн басышын жокко чыгаруу;
4) сууну санитардык-техникалык жана башка кабыл алуу түзүлүштөрүнө кабыл алуу түзүлүштөрүн эксплуатациялоонун ченемдүү шарттарында каралган басым менен берүүнү камсыз кылуу;
5) суунун агышынын алдын алуу;
6) ички жана тышкы өрт өчүрүү максаттары үчүн суу берүүнү камсыз кылуу;
7) адамдарга термикалык жараттарды келтирүүнүн алдын алуу.
3. Таза суу менен камсыз кылуу системаларында тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган материалдардан жасалган түтүктөр жана башка жабдуулар (суу тийүүчү) колдонулат.
4. Геологиялык шарттары татаал, сейсмикалык таасирлер берилүүчү, сууктагы жердин көтөрүлүшүн кошкондо, кыртыштын чөгүүсү, борпоң тартуусу бар болгон райондордо имараттарды жана курулмаларды курууда суу менен камсыздоо коммуникациялары имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын мүмкүн болуучу жылышууларын эске алуу менен орнотулат.
28-берене. Сууну алып өтүү системаларына коюлуучу талаптар
1. Өндүрүштүк жана тиричилик суу керектөө, ошондой эле санитардык-техникалык түзүлүштөрдү орнотуу каралган имараттар жана курулмалар сууну алып өтүүнүн коопсуз системасы менен жабдылууга жана техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Сууну алып өтүү системасы агын сууларды сууну керектөөчүлөрдүн жана орнотулган санитардык-техникалык приборлордун эсептик санына ылайык келген көлөмдө коопсуз алып өтүүнү камсыз кылууга тийиш.
3. Сууну алып өтүүнүн борбордоштурулган системасы жок болгондо, локалдуу тазалоочу курулмалардын (суу түтүгү имараттардын жана курулмалардын ичине киргизилсе) жасалышы зарыл болуп эсептелет.
4. Сууну алып өтүү системасын төмөнкүдөй долбоорлоо жана орнотуу керек:
1) агын суулардын тосмолонушуна жана башка жакка агып чыгуусуна жол бербөө;
2) имараттардын жана курулмалардын ички мейкиндигин, айлана-чөйрөнү, суу алуучу горизонтторду жана суу ресурстарын булгабоо;
3) техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүү үчүн эксплуатациялоо кызматтарынын жана авариялык кызматтардын персоналы жеткендей кылуу;
4) кыртыштын табигый жылуусу менен шартталган жүктөмдөрдүн туруктуу болушун камсыз кылуу.
29-берене. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоодогу жана бузуудагы коопсуздук талаптары
1. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоо жана бузуу алардын эрте эле (күтүүсүздөн) бузулушун жокко чыгарган ыкма менен жана жакын жайгашкан имараттарга жана курулмаларга зыян келтирүүсүз аткарылууга тийиш.
2. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоо жана бузуу алдында бардык инженердик коммуникацияларды өчүрүү зарыл жана кайрадан алардын иштетилишин токтоткон чараларды көрүү керек.
3. Куруу иштери пландалбай, турган аймагында демонтаждалууга тийиш болгон жана бузула турган имараттын же курулманын менчик ээси демонтаждоо долбоорун иштеп чыгууга заказ берет, анда демонтаждоо жана бузуу боюнча техникалык чечим каралат, бул чечимде калктын, айлана-чөйрөнүн, имараттардын жана курулмалардын, инженердик инфраструктуралардын, анын ичинде иштеп жаткан жер алдындагы коммуникациялардын коопсуздугу камсыз кылынууга тийиш. Долбоордо имаратты же курулманы демонтаждоодон кийин же бузуудан кийин калган материалдарды жана калдыктарды ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү камсыз кылуу, ошондой эле демонтаждалган же бузулган имараттын же курулманын ордуна жаңы курулуш пландалбаса, аймакты абаттоо боюнча иш-чаралар да каралат.
4. Имаратты же курулманы жарылууну, күйгүзүүнү же башка коркунучтуу усулдарды колдонуп демонтаждоо жана бузуу боюнча техникалык чечимдердин коопсуздугу белгиленген тартипте негизделүүгө тийиш.
5. Демонтаждалган жана бузулган имараттын же курулманын менчик ээси тиешелүү маалыматтык кызматтарга имаратты же курулманы демонтаждагандан кийин же бузгандан кийин жерде же жер алдында калган коммуникациялар, жайлар, конструкциялар жөнүндө документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Имараттарды жана курулмаларды демонтаждоодогу жана бузуудагы коопсуздук талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти имараттарды жана курулмаларды демонтаждаган же бузган уюмдар тартат.
30-берене. Курулуш таштандыларын утилдештирүүгө коюлуучу талаптар
Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоонун, реконструкциялоонун, профилин кайра өзгөртүүнүн, демонтаждоонун жана бузуунун натыйжасында пайда болгон (курууда алар пайдаланылган) курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын калдыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык утилдештирүүгө жатат.
31-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздуктун негизги талаптарына ылайык келүүсүн баалоо
1. Ылайыктуулукту баалоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) имараттын же курулманын долбоорлоо документтеринде белгиленген мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн ушул объектти курууну баштоонун алдында күбөлөндүрүү;
2) имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн аны куруу убагында күбөлөндүрүү;
3) курулуп бүткөн имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн күбөлөндүрүү.
4) эксплуатацияланып жаткан имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн имаратты же курулманы андан ары эксплуатациялоо мүмкүндүгүн ырастоо үчүн мезгил-мезгили менен күбөлөндүрүү.
2. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда алардын ылайыктуулугун баалоо төмөнкү формаларда аткарылат:
1) долбоордук документация жана инженердик изилдөөлөр;
2) мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү;
3) курулуш контролу;
4) курдуруучунун (заказчынын) техникалык көзөмөлү;
5) автордук көзөмөл;
6) айрым конструкцияларды, байланыштарды жана инженердик-техникалык системаларды камсыз кылууну сыноо (эгерде бул сыноолор долбоордук документтерде каралса);
7) курулуп бүткөн имараттын же курулманын же алардын бөлүгүнүн долбоордук документтерге ылайык келиши жөнүндө уруксат берүү (жактыруу) же ырастоо.
32-берене. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларынын ылайыктуулугун баалоо
1. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларынын ылайыктуулугун баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизалоо формасында аткарылат.
2. Ылайыктуулукту баалоо долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын өрткө каршы, экологиялык талаптарга жана ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте күбөлөндүрүлөт.
3. Долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү документтери болуп ушул Техникалык регламенттин талаптарына долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын ылайыктуулугу жөнүндө экспертизанын оң корутундусу эсептелет.
4. Инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларын милдеттүү экспертиза жүргүзүүгө жаткан объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мыйзам менен белгиленген тартипте аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
33-берене. Имараттарды жана курулмаларды куруу процессинде алардын ылайыктуулугун баалоо
1. Тобокелдик факторлору өтө жогорку жана жогору имараттарды жана курулмаларды курууда мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына аткарылып жаткан иштердин ылайыктуулугун текшерүү формасында жүзөгө ашырылат.
2. Курулуш контролу долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына курулуш-монтаждык иштеринин, курулуп жаткан инженердик-техникалык камсыз кылуу конструкцияларынын жана тармактарынын (имаратты же курулманы куруунун бүткүл процессинин ичинде) ылайыктуулугун баалоо максаты менен жүргүзүлөт.
Курулуш контролу төмөнкүдөй формаларда аткарылат:
1) курдуруучу (заказчы) тарабынан сунуш кылынган долбоордук документти киргизүү контролу;
2) колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды киргизүү контролу;
3) курулуш-монтаждык иштеринин этаптарын аткаруу процессинде жана бүткөрүү боюнча операциялык контролу;
4) аткарылган иштердин ылайыктуулугун баалоо, андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контроль үчүн мүмкүн болбой калган алардын натыйжалары, анын ичинде инженердик-техникалык камсыз кылуунун айрым конструкцияларын жана тармактардын участкаларын орто аралыкта кабыл алуу.
3. Долбоордук документти киргизүү контролу менен анын комплекттүүлүгүн, анда иштердин жана конструкциялардын тизмегинин болушу, алардын көрсөткүчтөрү имараттын жана курулманын коопсуздугуна таасир берүүсү текшерилет жана куруу процессинде ылайыктуулугу бааланууга жатат, параметрлердин көрсөтүлгөн тизмеги боюнча контролдонуучу чектелген маанилери болууга, ошол параметрлерди контролдоо жана ченөө усулдары жөнүндө көрсөтмөлөрү болууга тийиш.
4. Колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдууларды киргизүү контролу менен алардын долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарына ылайыктуулугун текшеришет.
Ылайык келбегендиги киргизүү контролу менен табылган курулуш материалдар, буюмдар жана конструкциялар, ошондой эле жабдуулар курдуруучу (заказчы), ал эми зарыл болгондо, ошондой эле долбоорлоочу жана аларды колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө архитектура-курулуш көзөмөлдөө мамлекеттик органынын өкүлү чечим кабыл алганга чейин жарактуулардан бөлүнөт.
5. Курулушту жүзөгө ашыруучу жак операциялык контролдоо аркылуу долбоордук жана жумушчу документтердин технологиялык операцияларынын аткарылышынын курамына жана ирээттүүлүгүнө ылайыктуулугун текшерет.
Операциялык контролдун натыйжалары документтештирилет.
6. Аткарылган иштердин ылайыктуулугун баалоо, андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контролдоо үчүн мүмкүн болбой калган алардын натыйжалары, анын ичинде инженердик-техникалык камсыз кылуунун айрым конструкцияларын жана тармактык участкаларын орто аралыкта кабыл алуу курулушту жүзөгө ашыруучу жак, ошондой эле шаар куруу иши жаатындагы мыйзамдарга ылайык келишимдин негизинде курулушту жүзөгө ашыруучу учурларда курдуруучу (заказчы) тарабынан аткарылат жана документтештирилет.
7. Заказчынын техникалык көзөмөлү курдуруучу (заказчы) же ушул максат үчүн алар тартуучу юридикалык же жеке жак тарабынан аткарылат.
Заказчынын техникалык көзөмөлүнүн предмети курулушту жүзөгө ашыруучу жак тарабынан долбоордук жана жумушчу документтердин талаптарын, колдонулуучу курулуш материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды, жабдууларды аларды киргизүү контролунун аткарылышынын жана операциялык контролдун толуктугун, киргизүү натыйжаларынын жана операциялык контролдун тууралыгын, ошондой эле аткарылган иштердин ылайыктуулугун баалоону сактоо болуп эсептелет, анын натыйжалары андан аркы иштерди аткаруу башталгандан кийин контролдоо үчүн жеткиликтүү болбой калат.
Заказчынын техникалык көзөмөлдөө өкүлүнүн сын-пикири курулушту жүзөгө ашыруучу жак тарабынан аткаруу үчүн документтештирилет.
8. Автордук көзөмөл бекитилген долбоорлордо (жумушчу долбоорлордо) каралган чечимдер жана көрсөткүчтөр менен курулуш объекттерин эксплуатациялоодо киргизилген технологиялык, архитектура-курулуш жана башка техникалык чечимдердин ылайыктуулугун камсыз кылуу максатында бүткөн курулуш объекттерин эксплуатациялоодо куруу жана кабыл алуу бүткүл мөөнөтүндө, ошондой эле курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн долбоорчулардын, курулуш-монтаждоочу уюмдардын жана заказчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында жүзөгө ашырылат.
9. Эгерде бул сыноо долбоордук документте каралса, айрым конструкцияларды сыноону курулушту жүзөгө ашыруучу жак уюштурат. Сыноо техникалык регламенттердин, долбоордук жана (же) жумушчу документтердин талаптарына ылайык аткарылат.
Изилдөөнүн натыйжалары жалпысынан техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына монтаждалып курулуп бүтүшүнүн ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү тиешелүү актылар менен таризделет жана курдуруучу (заказчы) эгерде курулуш келишимдин негизинде жана автордук көзөмөлдөө (эгерде ал аткарылып жатса) аткарылган болсо курулушту жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу жактын өкүлү тарабынан кол коюлат.
10. Инженердик-техникалык системанын монтаждоо менен бүткөн сыноону курулушту жүзөгө ашыруучу жак уюштурууну камсыз кылат. Сыноо долбоордук документтин жана ченемдик документтердин ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштарынын талаптарына ылайык аткарылат.
Изилдөөнүн натыйжалары техникалык регламенттердин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына инженердик-техникалык камсыз кылуунун системасынын монтаж менен курулуп бүтүшүнүн ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү жана курулушту жүзөгө ашыруучу жактын өкүлү, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагын эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын өкүлдөрү (алар болгондо), автордук көзөмөлдүн өкүлү (эгерде ал аткарылып жатса) тарабынан кол коюлуучу тиешелүү актылар менен таризделет.
Курулуш келишимдин негизинде аткарылган учурларда сыноолордо курулушту жүзөгө ашыруучу (подрядчы) жактын ыйгарым укуктуу өкүлү, курдуруучу (заказчы) жана инженердик-техникалык камсыз кылуунун (алар болгондо) тармактарын эксплутациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдар катышат. Техникалык регламенттин, долбоордук жана жумушчу документтеринин талаптарына инженердик-техникалык камсыз кылуунун системасынын монтаж менен курулуп бүтүшүнүн ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү актылар мындай учурда сыноонун бардык катышуучулары тарабынан кол коюлат.
Сыноолордун натыйжаларынын негизинде инженердик-техникалык камсыздоонун тармактарын эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдар курулушту жүзөгө ашыруучу жакка аларды тышкы тармактарга кошулууга техникалык шарттарды объекттер инженердик-техникалык камсыз кылуу системасынын ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну берет.
11. Курдуруучу (заказчы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик курулуш көзөмөл органына курулуш аянтында иштин башталышы жөнүндө, ал эми курулуш процессинде - аткарылган курулуш конструкцияларын жана инженердик жабдуу тармактарынын участкаларын ачылган иштерин күбөлөндүрүү жана орто аралыкта кабыл алууну контролдоо мөөнөттөрү жөнүндө билдирет.
34-берене. Имараттардын жана курулмалардын аяктаган курулушунун ылайыктуулугун баалоо
Тобокелдик фактору өтө жогорку курулушу аяктаган объекттин ылайыктуулугун баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке киргизүүгө уруксат берүү (жактыруу) түрүндө жүзөгө ашырылат;
Тобокелдик факторлору жогору жана орто курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо аккредиттелген уюмдар тарабынан сертификациялоо түрүндө объекттердин сертификатка ылайыктуулугун ырастоочу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилүүчү формада жана тартипте жүзөгө ашырылат.
35-берене. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо маалында алардын ылайыктуулугун баалоо
1. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо процессинде алардын ылайыктуулугун баалоо формалары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эксплуатациялык контроль;
2) аспаптык контроль (лабораториялык ченөөлөр жана иликтөөлөр);
3) мамлекеттик көзөмөл.
2. Эксплуатациялык контроль эксплуатациялык документтеринин техникалык регламенттеринин талаптарына имаратты же курулманы техникалык тейлөө боюнча ишти эксплуатациялоо процессинде аткарылышынын ынайыктуулугун баалоо максатында имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде жүргүзүлөт. Эксплуатациялык контроль техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбестигин өзү менен алып келүүчү конструкциялардын элементтеринин жана инженердик жабдуулардын кемчиликтерин жана бузулууларын табуу максатында эксплуатациялоочу объекттерди техникалык иликтөө жолу менен жүргүзүлөт.
3. Эксплуатациялык контроль имараттын, курулманын менчик ээси же имаратты же курулманы эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдун башкаруучусу тарабынан аткарылат. Эксплуатациялык контроль кароо жана изилдөө формаларында, анын ичинде сыноочу жабдууларды жана ченөөчү каражаттарды (аспаптык контроль) колдонуу менен аткарылат.
4. Менчик ээси же уюмдун башкаруучусу эксплуатациялоочу объекттердин ылайыктуулугун баалоонун тиешелүү жаатында аккредитацияланган сыноочу лабораторияларга (борборлорго) имараттын же курулманын техникалык абалынын аспаптык контролунун аткарылышын заказ бериши мүмкүн.
5. Тобокелдик факторлору өтө жогорку жана жогору имараттардын жана курулмалардын техникалык абалынын эксплуатациялык контролу долбоордук документте каралган имараттардын жана курулмалардын инженердик конструкцияларынын жана системаларынын абалынын автоматташтырылган мониторинг системасынын жардамы менен жүзөгө ашырылат.
6. Эксплуатациялык контроль имаратка же курулмага долбоордук документте каралган мезгилдүүлүк менен, ошондой эле имаратты же курулманы инженердик камсыз кылуунун конструкцияларынын жана системаларынын бузулбагандыктары табылбаган учурларда аткарылат.
Имараттын, курулманын менчик ээси же уюмдун башкаруучусу эки жылда бир жолудан кем эмес имараттарга жана курулмаларга пландык аспаптык контролду жүргүзүшөт.
7. Эксплуатациялык контроль менен бекитилген техникалык регламенттердин жана эксплуатациялык документтеринин талаптарына имараттардын жана курулмалардын ылайыктуулугу имараттын, курулманын менчик ээси же эксплуатациялоо журналындагы тиешелүү жазуулар менен уюмунун башкаруучусунун өкүлү тарабынан күбөлөндүрүлөт.
8. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо процессинде мамлекеттик көзөмөл тобокелдик факторлору өтө жогорку, жогору жана орто имараттарга жана курулмаларга карата жүзөгө ашырылат.
9. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө органы тарабынан имараттын же курулманын менчик ээсине же алар тарабынан тартылган табылган кемчиликтерди жок кылуу жөнүндө же эксплуатациялоодон объекти чыгаруу тууралуу тапшырмада уюмдун башкаруучусуна берүү үчүн негиз болуп эсептелген акты түзүлөт. Тапшырмада бузулуунун түрү, ченемдик укуктук актыга шилтеме, техникалык регламент, талаптары бузулган эксплуатациялык документтер көрсөтүлөт.
36-берене. Жеке турак жай курулуш объекттеринин ылайыктуулугун баалоо
Жеке турак жай курулуш объекттеринин ынайыктуулугун баалоо өз калоосу менен жеке менчик ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эгерде жеке турак жай курулуш объекттеринин ылайыктуулугун баалоо, жеке менчик ээси тарабынан өткөрүлбөгөн болсо, анын объектисинин курулушунун коопсуздугуна жоопкерчиликти жеке менчик ээси өзү тартат.
37-берене. Мамлекеттик көзөмөл
Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
38-берене. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Техникалык регламентти тиешелүү түрдө, өз убагында аткарбаганы же аткаруудан четтөө үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
39-берене. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
1. Ушул Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |