Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча талаш-тартыштарды карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп эсептелет жана ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Апелляциялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) жана ведомствого караштуу уюмдарынын кызматкерлеринин ичинен 7 мүчөдөн түзүлөт жана Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Апелляциялык кеңештин жыйындарында каршы пикирлерди жана арыздарды ачык жана айкын кароону камсыздоо максатында чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугусуз байкоочу катарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Апелляциялык кеңешке
II. Апелляциялык кеңешке берилүүчү каршы пикирлер жана арыздар
3. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 31, 33, 34, 36, 38-беренелерине, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 16, 32-беренелерине, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 12, 15-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй каршы пикирлер берилиши мүмкүн:
1) ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын жана маани-маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
2) пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала экспертизанын чечимине;
3) өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же маани-маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
4) ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;
5) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирилген белгиге экспертизанын чечимине;
6) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;
7) географиялык көрсөтмөнү каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
8) товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
9) географиялык көрсөтмөнү каттоого жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы;
10) товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы;
11) селекциялык жетишкендикке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй арыздар берилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону токтотуу жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Каршы пикирлерди жана арыздарды берүүнүн шарттары жана тартиби
5. Ушул Эрежелердин 3, 4-пункттарында каралган каршы пикирлер жана арыздар өтүнүүчү тарабынан түздөн-түз же анын өкүлү аркылуу берилет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууда башка тартип белгиленбесе, каршы пикирлерин, билдиришет, алар боюнча Апелляциялык кеңешке кат жазышат жана Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жыйындарга катышат.
Өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыктарын өкүлдөөгө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним катты ушул өтүнүүчү өзү же өтүнүүчү берген тийиштүү ишеним каты бар анын патенттик ишенимдүү өкүлү бере алат. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Каршы пикир, арыз жана ушул Эрежелерде каралган башка документтер жана материалдар Апелляциялык кеңешке кагаз жүзүндө почта аркылуу же болбосо кириш корреспонденцияны кабыл алууну тейлеген Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз берилет.
Каршы пикир, арыз жана ушул Эрежелерде каралган башка документтер жана материалдар Кыргызпатенттин расмий сайты аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Кагаз жүзүндө берилген каршы пикирге же арызга каршы пикирдин жана арыздын көчүрмөлөрүн жана ага тиркелген PDF форматындагы документтерди жана материалдарды камтыган электрондук алып жүрүүчү тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Каршы пикирди же арызды, ага пикирди, ошондой эле тараптардын түшүндүрмөлөрүн жана өтүнүчтөрүн электрондук түрдө расмий сайт аркылуу берүүдө жөнөкөй электрондук кол тамга колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Каршы пикир же арыз бир өтүнмөгө, ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө бир патентке, эл аралык каттоо боюнча бир өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке, бир товардык белгиге, тейлөө белгисине, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө бир күбөлүккө тиешелүү болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Каршы пикир же арыз мамлекеттик же расмий тилде машинага басылган түрдө түзүлүүгө, аны берген жак (анын өкүлү) тарабынан кол коюлууга жана окулгудай болууга тийиш.
56. Каршы пикир же арыз Апелляциялык кеңешке эки нускада берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, товардык белгиге, тейлөө белгисине, географиялык көрсөтмөгө жана/же товар чыгарылган жердин аталышына, селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн каттоо номери, ал эми коргоо документи тууралуу талаш-тартыш болгондо, документтин номери, каршы пикирди берген жеке жактын фамилиясы, аты же юридикалык жактын аталышы жана кат алышуу үчүн дареги;
- даттануу берилген чечимге карата талаш-тартыштын маани-маңызы;
- сунушталган жана бардык ага каршы көрсөтүлгөн объектилердин салыштыруу талдоосун кошкондо, өтүнүчүнүн бардык далилдерин жана жүйөлөрүн толугу менен көрсөтүү (коргоо документин берүүдөн баш тартууда);
- өтүнүчүнүн пикири боюнча анын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи болгон жүйөлүү далилдер жана негиздүү жагдайлар;
- талаш-тартыш предмети боюнча өтүнүчүнүн так билдирилген талаптары.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- каршы пикирге же арызга тиркелген документтердин тизмеги;
- каршы пикир жана арыз берилген күн, ай жана жыл;
- каршы пикирди же арызды берген адамдын колу;
- юридикалык жактын атынан каршы пикирди же арызды берген адамдын колу жана юридикалык жактын мөөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, каршы пикирлер арыз ээсине чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 4-пунктчасында каралган каршы пикирлер патентти колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет.
Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде белгиленген талаптар бузулган учурда, ушул Эрежелердин 3-пунктунун 6-пунктчасында каралган каршы пикир каттоо колдонулган бүткүл мөөнөт ичинде, ал эми "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде белгиленген негиздер боюнча - Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде каттоо жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып беш жыл өткөнгө чейин берилет.
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 9-пунктчасында каралган каршы пикир географиялык көрсөтмөнү каттоону, географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу мөөнөтү ичинде берилет.
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 10-пунктчасында каралган каршы пикирлер товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун, товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүнүн күбөлүгүн колдонуу мезгилинде берилет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган арыз жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн каршы пикирлерди берүү мөөнөтү Апелляциялык кеңешке каршы пикир келип түшкөн учурда Апелляциялык кеңеш каршы пикир боюнча чечим кабыл алганга чейин токтотулуп турат. Апелляциялык кеңеш каршы пикирди кароосуз калтырган же каршы пикирди кайтарган учурда, каршы пикирлерди берүү мөөнөтү жалпы тартипте улантылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Каршы пикирге же арызга каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү тийиштүү алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.
Бир түрдүү товарларга карата ушул Эрежелердин 3-пунктунун 5-пунктчасында каралган каршы пикирге "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин ээсинин берилген белгини каттоого макулдугу тиркелет.
Жеке жак тарабынан же анын атынан берилүүчү каршы пикирге же арызга ошондой эле арыз ээсинин жеке мүнөздөгү маалыматтарды (жеке маалыматтарды) чогултууга, сактоого, иштетүүгө, пайдаланууга, берүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча жеке маалыматтарды трансчек аралык берүүгө макулдугун ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Каршы пикир же арыз берген күн болуп Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документти тиркөө менен бул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген каршы пикир же арыз келип түшкөн күн эсептелет.
Берилген каршы пикири же арызы ушул Эрежелердин талаптарына туура келбесе же каршы пикир же арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, арыз ээсине тиешелүү суроо-талап жөнөтүлөт.
Оңдолгон каршы пикирлер, арыздар же алымды кошумча төлөөнү ырастоочу документ берилбеген учурда, каршы пикир же арыз арыз ээсине кайтарылат. Каршы пикирди же арызды кароонун мөөнөтү оңдолгон документ же алымды кошумча төлөө жөнүндө документ берилген датадан тартып эсептелет.
Каршы пикир же арыз берген жактын өтүнүчү боюнча каршы пикирди же арызды кароонун датасын белгилөө жөнүндө кабарлама жиберген датага чейин тиешелүү өтүнүч кат берген шартта, каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет.
10. Каршы пикир же арыз берген жак же анын өкүлү Апелляциялык кеңештин чечиминин бүтүмү жарыяланганга чейин берген каршы пикирин же арызын кайра сурап ала алат. Мында каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.
11. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же берилбеген болуп эсептелген каршы пикирди же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
12. Өтүнүүчү тарабынан каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтү өтүнүчүнүн өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн.
Өтүнүч кат каршы пикирди берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кетишинин жүйөлүү себептерин тастыктоону камтышы керек жана ага каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым жана каршы пикир үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.
Өтүнүч кат менен бирге каршы пикирди берүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин жүйөлүү себептерин тастыктаган, белгиленген өлчөмдө көрсөтүлгөн алымдарды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, өтүнүч кат жана каршы пикир берилбеген болуп эсептелет.
Эгер алым белгиленгенден аз төлөнгөн жана/же анын төлөгөндүгүн тастыктаган документ болбогон учурда, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.
13. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же каршы пикир берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кеткендигин калыбына келтирүү жана өтүнүч кат менен бирге каршы пикир берилбеген деп таанылган учурда каршы пикир үчүн алымдардын төлөнгөн суммасы кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
IV. Каршы пикирлерди жана арыздарды каттоо жана кабыл алуу
14. Келип түшкөн каршы пикирди же арызды кабыл алуу жана каттоо ушул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган талаптардын сакталгандыгын текшерүүнү жана ага каттоо номерин ыйгарууну камтыйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
141. Каршы пикирди же арызды кабыл алуу, каттоо, ошондой эле Апелляциялык кеңештин катчысына тиркелген материалдары менен берүү иш кагаздарын жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан каршы пикир же арыз Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Апелляциялык кеңештин катчысы келип түшкөн каршы пикирдин, арыздын жана аларга тиркелген материалдардын толуктугун формалдуу текшерүүнү жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
143. Эгерде каршы пикирде же арызда формалдуу, анын ичинде ушул Эрежелердин 6-8-пункттарына ылайык келбеген кемчиликтер аныкталса, анда Апелляциялык кеңештин катчысы аларды көрсөтүү менен бул кемчиликтерди оңдоо үчүн эки айдан ашпаган мөөнөттү белгилөө аркылуу аталган кемчиликтерди оңдоо мүмкүндүгүн берүү менен арыз ээсине суроо-талап жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
144. Эгерде каршы пикирге же арызга мыйзамдар жана ушул Эрежелер менен талап кылынган документтер тиркелбесе, анда Апелляциялык кеңештин катчысы арыз ээсине он жумуш күндүн ичинде, ал эми арыз ээси чет өлкөдө болсо, анда эки айдан ашпаган мөөнөттө мындай документтерди берүүнү сунуштайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
145. Эгерде арыз ээси кемчиликтерди ушул Эрежелердин 14-3, 14-4-пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттөрдө жойбосо же каршы пикир же арыз ушул Эрежелердин 7-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдөн тышкары берилсе жана бул мөөнөттөр мыйзамдарда каралган тартипте калыбына келтирилбесе, Апелляциялык кеңеш каршы пикирди же арызды кайтарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
146. Каршы пикирди же арызды кайтаруу жол берилген кемчиликтер жоюлгандан кийин аны менен жалпы тартипте экинчи ирет иштөөгө тоскоолдук кылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
147. Эгерде каршы пикирдин же арыздын талаптары Апелляциялык кеңештин компетенциясына кирбесе, анда Апелляциялык кеңеш арызды кароосуз калтыруу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
148. Каршы пикир/арыз кайтарылган же кароосуз калтырылган бардык учурларда Апелляциялык кеңештин катчысы каршы пикирдин/арыздын көчүрмөлөрүн, ошондой эле ага тиркелген документтерди же алардын бир бөлүгүнүн көчүрмөлөрүн өзүндө сактап калат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Арыз ээси каршы пикирди же арызды кайтаруу же кароосуз калтыруу менен макул болбогон учурда бул чечим сотко даттанылышы мүмкүн. Каршы пикирди же арызды кайтаруу же кароосуз калтыруу мыйзамсыз деп таанылган учурда ал биринчи кайрылган күнү берилген деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 4, 6, 9, 10-пунктчаларында, 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган каршы пикирди же арызды кароого кабыл алуу жөнүндө каршы пикирдин же арыздын көчүрмөсүн тиркөө менен талашып жаткан коргоо документинин ээсине кабарлоо жөнөтүлөт жана каршы пикирдин (арыздын) тыянактарын жокко чыгаруучу өзүнүн тыянактарын берүү сунушталат.
Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна же Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна протоколго ылайык катталган товардык белгинин, тейлөө белгисинин ээсине аталган кабарлоо белгинин ээсинин дарегине түздөн-түз жөнөтүлөт. Ошол эле учурда каршы пикирди же арызды кароо менен байланышкан ишти мындан ары жүргүзүү ушул Эрежелердин III бөлүмүнө ылайык Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу жүзөгө ашырыла тургандыгы билдирилет.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Эгер каршы пикир же арызды берүү ушул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган шарттарды канааттандырбаса, каршы пикир же арыз кайтарылып берилип, берилбеген болуп эсептелет.
V. Каршы пикирлерди жана арыздарды карап чыгуунун мөөнөтү
18. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-3, 5-11-пунктчаларында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан алар келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралат.
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 4-пунктчасында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, алты айдын ичинде каралып чыгат.
Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1-2-пунктчаларында каралган арыздар Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, төрт айдын ичинде каралып чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Каршы пикирин же арызын кабыл алуу жөнүндө Апелляциялык кеңеш тарабынан кабарлоо жиберилген кайсы жак болбосун Апелляциялык кеңешке жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен жыйындын мөөнөтүн жылдыруу тууралуу өтүнүч кат менен кайрыла алат.
Өтүнүч кат жазуу түрүндө жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен берилиши керек жана эгер ал даттанууну карап чыгуунун жарыяланган мөөнөтүнө чейин үч жумушчу күндүн ичинде келип түшсө, эске алынат.
Бул учурда Апелляциялык кеңештин жыйынын өткөрүүнүн жаңы датасы дайындалат, бул тууралуу каршы пикирди же арызды кароонун бардык катышуучуларына билдирилет.
20. Апелляциялык кеңеш иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотууга милдеттүү:
- эгер талаш-тартышка түшкөн укук мамилеси укук мураскорлукка уруксат берсе, каршы пикирди же арызды карап чыгуунун катышуучусу болуп эсептелген жаран (жеке жак) каза болсо же юридикалык жак жоюлганда же кайра өзгөртүлүп түзүлсө - чыгып калган жактын укук мураскорун аныктаганга чейин;
- жарандык сот ишинде же административдик тартипте каралып чыгуучу башка иш чечилгенге чейин бул ишти карап чыгуу мүмкүн болбогондо.
Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин мыйзамдарда каралган бардык мөөнөттөрдүн ичинде токтотулат.
Иш боюнча өндүрүш иштин бүтүшүнө кызыкдар болгон юридикалык жактын арызы боюнча же анын токтоп калышына негиз болуп калган кырдаалды четтеткенден кийин Апелляциялык кеңештин демилгеси боюнча кайтадан башталат.
VI. Апелляциялык кеңештин жыйынында каршы пикирди же арызды карап чыгуу
21. Каршы пикирди же арызды карап чыгуу төрагалык кылуучу менен кошо, курамында бештен кем эмес мүчөсү бар Апелляциялык кеңештин жыйынында жүргүзүлөт.
22. Апелляциялык кеңештин мүчөсү(мүчөлөрү) ишти карай албайт жана ишти кароодон четтетилиши керек, эгер ал:
- ишке катышкан кайсы бир жактын же алардын өкүлдөрүнүн үй-бүлөсүнүн мүчөсү, жакын тууганы болуп саналса;
- иштин натыйжасына жеке, түздөн-түз же кыйыр кызыкдар болсо же анын объективдүүлүгүнө жана калыстыгына шек туудурган башкача абалдар келип чыкса;
- өтүнмөнүн материалдарын кароодо эксперт катарында катышкан болсо;
- аны Апелляциялык кеңештин талкуусуна чыгарганга чейин талаш-тартышка байланыштуу иштин божомолдуу жыйынтыгы жөнүндө кароосуз эле, кандай түрдө болбосун өз позициясын айткан болсо (же ачык билдирген болсо).
23. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда каршы пикир же арыз берген жак, талаш-тартышка түшкөн коргоо документинин ээси жана/же өкүлү жана Кыргызпатенттин экспертизасынын тийиштүү бөлүмүнүн өкүлү катыша алат.
Каршы пикир же арыз берген жак, коргоо документинин ээси өзү, ошондой эле анын ыйгарым укугу тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат менен тастыкталган өкүлү аркылуу каршы пикирди же арызды карап чыгууга катыша алат.
Апелляциялык кеңеш башка жактарга добуш берүүгө укугу жок катышууга уруксат бере алат.
Ушул пункттун биринчи абзацында аталган жактар Апелляциялык кеңештин кайсы мүчөсүнө/мүчөлөрүнө болбосун анын ишти кароодон жүйөлүү четтей тургандыгын билдирүүгө укуктуу. Ишти кароодон четтегендиги ушул Эрежелердин 22-пунктунда баяндалган негиздердин бири белгилүү болгон учурдан кечиктирбестен, ишти маани-маңызы боюнча кароо бүтүрүлгөнгө чейин билдирилиши керек. Ишти кароодон четтөөнү билдирүү боюнча аныктама мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө кабыл алынууга тийиш. Ишти кароодон четтөөнүн жүйөлүү себептери көрсөтүлүп, жазуу түрүндө баяндалышы керек. Ишти кароодон четтөө боюнча аныктама даттанылбайт. Апелляциялык кеңештин мүчөсүнө/мүчөлөрүнө ишти кароодон четтөө жөнүндө негизделбеген арыз канааттандырылбайт.
24. Ушул Эрежелердин 22-пунктунда баяндалган жагдайлар болсо, Апелляциялык кеңештин мүчөсү (мүчөлөрү) өздөрүнүн ишти кароодон четтей тургандыгын билдирүүгө милдеттүү. Өздөрүнүн ишти кароодон четтей тургандыгы ишти маани-маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилиши керек.
Эгер ушул Эрежелердин 22-пунктунда баяндалган жакка өзүн ишти кароодон четтетүүчү негиз ишти кароо башталгандан кийин белгилүү болсо, анда ал тиешелүү негиз келип чыккан баскычта өзүнүн ишти кароодон четтей тургандыгын билдириши керек.
25. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда катышууга укугу бар жана Апелляциялык кеңештин жыйыны өткөрүлө турган күнү жана орду жөнүндө кабарлоо алган кайсы жактын болбосун келбей калышы каршы пикирди же арызды карап чыгууга тоскоолдук келтирбейт.
Апелляциялык кеңеш өз демилгеси же талаш-тартышка катышкан адамдын өтүнүчү боюнча тараптардын келбегендигинин натыйжасында аталган жыйында каршы пикирди же арызды кароонун мүмкүн эместигин таануу менен жыйынды өткөрүү мөөнөтүн жылдырууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Апелляциялык кеңеште иш мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Иш жүргүзүлүп жаткан тилдерди билбеген талаш-тартыштарга катышкан жактарга котормочу аркылуу талаш-тартыштын материалдары менен таанышууга жана Апелляциялык кеңештин ишине катышууга укук берилет.
Апелляциялык кеңештин жыйынында жаздыруу аппаратурасы Апелляциялык кеңештин макулдугу менен гана пайдаланышат.
27. Апелляциялык кеңештин жыйынын төрагалык кылуучу жетектейт.
Төрагалык кылуучу Апелляциялык кеңештин жыйынын ачат жана каршы пикирди же арызды кароого катышуучу адамдарды, Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат, ишти кароого катышуучу жактарга Апелляциялык кеңештин мүчөсүнө (мүчөлөрүнө) иштен четтөөнү билдирүүгө, өтүнүчүн билдирүүгө, Апелляциялык кеңештин жыйынынын протоколу менен таанышуу укугун түшүндүрөт.
28. Маани-маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыгуу төрагалык кылуучу тарабынан каршы пикирди же арызды жарыялоодон башталат.
Ишти андан ары карап чыгуу, эреже катары төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
- тараптарды жана Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна жоопторду угуу;
- эксперттер чыгып сүйлөшөт;
- чыгып сүйлөгөндөрдү ишти кароого катышкандардын арасынан мурда чыгып сүйлөгөндөр менен толуктоо.
29. Апелляциялык кеңештин жыйынынын протоколу Апелляциялык кеңештин катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Жыйындын протоколуна Апелляциялык кеңешке төрагалык кылуучу, бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коёт.
30. Зарыл учурда Апелляциялык кеңеш өз чечими менен атайын таанууну талап кылган маселелерди түшүндүрүү үчүн көз карандысыз экспертизаны дайындоого укуктуу. Бул адистерге карап чыгууга берилүүчү материалдар өтүнүүчү жана каралуучу талаш-тартыштын маани-маңызы жөнүндө маалыматтарды камтыбашы керек.
Көз карандысыз экспертизаны жүргүзүү зарыл болгон билими бар компетенттүү адистерге тапшырылышы керек.
Көз карандысыз эксперт зарыл учурда Апелляциялык кеңештен кошумча материалдарды суроого укуктуу.
Көз карандысыз эксперттин корутундусу төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- жүргүзүлгөн изилдөөлөргө толук баяндоо;
- жыйынтыгы боюнча чыгарылган корутунду;
- Апелляциялык кеңеш тарабынан берилген суроолорго негизделген жооптор.
Апелляциялык кеңешке корутунду жазуу түрүндө берилет. Көз карандысыз эксперт корутундуну толук жана так бербеген учурда, Апелляциялык кеңеш кайрадан экспертизаны жүргүзүүнү белгилөөгө укуктуу, аны жүргүзүү ошол эле экспертке же башка көз карандысыз экспертке же эксперттик комиссияга тапшырылат.
VII. Чечимдин күчүнө кириши
31. Апелляциялык кеңештин чечими маани-маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыккандан кийин Апелляциялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
Чечим Апелляциялык кеңештин катышуучу мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Апелляциялык кеңешке төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Апелляциялык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдин корутундусун каршы пикирди же арызды карап чыгууга катышкан тарапка төрагалык кылуучу жарыялайт.
32. Апелляциялык кеңештин кайсы мүчөсүнүн болбосун өзгөчө пикири болсо, ал өзүнчө протокол түрүндө таризделет жана каршы пикирдин же арыздын материалдарына кошулат.
33. Апелляциялык кеңештин чечими жазуу түрүндө баяндалат, төрагалык кылуучу жана талаш-тартыштарды карап чыгууга катышкан Апелляциялык кеңештин бардык мүчөлөрү кол коюшат.
Ушул Эрежелердин II бөлүмүндө каралган каршы пикирди же арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча каршы пикирди же арызды канааттандыруу, жарым-жартылай канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
34. Апелляциялык кеңештин жүйөлүү чечими түзүлөт жана каршы пикирин же арызын берген жакка, ошондой эле коргоо документи же каттоо талаш-тартышка түшкөн учурда - коргоо документинин ээсине чечим чыгарылган датадан кийин бир айдын ичинде жөнөтүлөт. Зарыл болгон учурда чечимдин көчүрмөсү Кыргызпатенттин тийиштүү бөлүмдөрүнө жиберилиши мүмкүн.
35. Апелляциялык кеңештин чечими аны кабыл алган датадан тартып күчүнө кирет.
36. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, каршы пикирди билдирген кайсы тарап болбосун чечимди алган учурдан тартып, үч айлык мөөнөттө сотко даттанууга укугу бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)