Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы № 80
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңештин ишинин укук колдонуу практикасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-мартындагы N 15 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |