Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы № 86
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 1.5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.9-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.2 жана 4.5-пункттарындагы, 4.7-пунктунун экинчи абзацындагы, 6.7-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы, 9.4-пунктунун биринчи абзацындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |