Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, 2019-жылдын 25-февралындагы № 86, 2020-жылдын 3-июнундагы № 294, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693, 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1 Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйэамын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. 1.2. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө (мындан ары - жогорку окуу жайлар) "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү кесиптик билим берүү программаларын, ошондой эле кесиптик орто жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында түзүлгөн окуу-илимий уюму болуп эсептелет. Жогорку окуу жайы (мындан ары - жож) юридикалык тараптын беделине (статусуна), өзүнчө балансы жана өзүнүн аталышы бар мөөргө ээ болгон билим берүүчү уюм болуп эсептелет. Жождун бедели анын түрүнө, уюштуруучулук укуктук формасына, аккредитациядан жараша аныкталат жождун бедели анын аталышына кошулуп жазылат. Жождун аталышы аны түзүүдө белгилениши, бедели (статусу) өзгөргөндө да милдетүү түрдө өзгөрөт. Өзгөчө шарттардан башка учурларда жаңы түзүлгөн жож алгачкы ирээтте институттун беделин алат, жождун бедели менен аталышынын өзгөрүшү аккредитациядан кийин ишке ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) 1.3. Жождун негизги милдеттери: - адамдын интеллектуалдык, маданий жана адеп-аклектик өнүгүүсүндө жогорку билим же жождон кийинки кесиптик билим алуусунун талаптарын канааттандыруу; - илимий-педагогикалык кызматкерлер менен окуп жаткандардын биргелешкен чыгармачылык иш-аракеттеринин натыйжасында фумдаменталдык жана прикладдык илим менен искусстволорду өнүктүрүү, алынган натыйжаларды билим алуу процессинде пайдалануу; - жогорку билимдүү адистерди, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу; - окуп жаткандарга жарандык позицияны жана чыгармачылык активдүүлүктү калыптандыруу; - калк арасында билимди жайылтуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу; - коомдун адеп-аклектик, маданий жана илимий байлыктарын сактоо жана көбөйтүү; - мамлекеттик жождо адистерди даярдоонун мамлекеттик заказдарын аткаруу болуп эсептелет. 1.4. Жогорку билим берүү жалпы орто же кесиптик орто билимдин базасында, университеттерде, академияларда, институттар менен адистештирилген жогорку окуу жайларында (консерваторияда, аскердик жогорку окуу жайларында ж.б.) ишке ашырылат. Университет - жож: - даярдоо багыттарынын (адисттиктердин) кеңири спектри боюнча жогорку жана жождон кийинки билим берүү программасын ишке ашырат; - илимдин кеңири спектри боюнча фундаменталдуу жана прикладдык изилдөөлөрдү аткарат; - жогорку билимдүү адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди (илимдин кандидаттары менен докторлорун) даярдоону ишке ашырат; - өзүнүн профилдери боюнча илимий жана илимий-методикалык борбор болуп эсептелет. Академия - жож: - илимий иш-аракеттердин тармактары боюнча жогорку жана жождон кийинки билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырат; - илим же маданият тармактары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү аткарат; - адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жогорку билимдүү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат; - өзүнүн тармактык иш-аракеттери боюнча илимий жана илимий-методикалык борбор болуп эсептелет. Институт - жож же университеттин, академиянын структуралык бөлүмү: - жогорку билимдин билим берүүчү программаларын жана жождон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырат; - адистерди даярдоону, кайра даярдоону, жогорку билимдүү кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну, кесиптик иш-аракеттин белгилүү бир тармагы үчүн илимий , илимий педагогикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат; - адистерди даярдоо профили боюнча фундаменталдык жана прикладдык мүнөздөгү илимий изилдөөлөрдү аткарат. Адистештирилген жож (консерватория, аскердик жогорку окуу жайы ж.б.) чакан профилдеги жож: - жогорку билим берүүнүн жана жождон кийнки билим берүү программаларын ишке ашырат; - жогорку билимдүү кызматчыларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, илим жана илимий-педагогикалык кадрларды кесиптик иш-аракеттин белгилүү бир профили үчүн даярдоону ишке ашырат; - прикладдык илим изилдөөлөрдү аткарат. 1.5. Жож өзүнүн менчиктик формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болот. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык) 1.6. Жождун уставы "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары менен ушул Жобонун негизинде иштелип чыгат. Жождун уставы уюштуруучусу (уюштуруучулары) (тарабынан бекитилет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык тарап катарында мамлекеттик катоодон өтөт. Ушундай эле тартипте жождун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошумчалар) киргизилет. 1.7. Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер билим берүү уюмдарын өз алдынча башкаруунун формасы болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык) 1.8. Окумуштуулар кеңешин, камкордук кылуучу кеңеши менен каржылоо комиссиясын шайлоонун жана иш-аракеттерин уюштуруунун тартиби, алардын тутуму менен ыйгарым укуктары, жождун уставы Кыргыз Республикасынын тийиштүү жоболору жана ченемдик-укуктук актылары тарабынан аныкталат. 1.9. Жожго түздөн-түз анын жетекчиси (ректор, президент, начальник, директор) башчылык кылат. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат (кайра дайындалат) жана кызмат ордунан бошотулат. "Улуттук" деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайы карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоодо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алуу зарыл. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордун бир эле мамлекеттик жогорку окуу жайында он жылдан ашык ээлей албайт. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын, анын ичинде "улуттук" деген статуска ээ жогорку окуу жайынын жетекчиси кызмат ордунан бошотулган учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анын милдеттерин аткарууну ошол мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу жүктөйт. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жождорду кошпогондо, мамлекеттик жождордун окуу иштери боюнча проректорлору жождордун жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жождун окуу иштери боюнча проректору жождун жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Мамлекеттик жождордун окуу иштери боюнча проректорлорун кошпогондо, проректорлор жождордун жетекчилери тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Мамлекеттик жождордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жождун окумуштуулук даражасы, тийиштүү профили жана квалификациясы бар адистеринин ичинен контракттык-конкурстук негизде жождун уставында белгиленген тартипте дайындалат. Мамлекеттик жождун жетекчиси Кыргыз Республикасынын окуу, илимий, финансылык-чарбалык иштер жана кадрлар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы белгиленген тартипте аныкталган учурда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Мамлекеттик жождун жетекчиси эгерде жож аккредитациядан өтпөсө же анын статусу төмөндөсө да кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мамлекеттик жождун жетекчиси мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда иштин тиешелүү участогу үчүн түздөн-түз жооп берген орун басарлары да кызмат орундарынан бошотулат. Мамлекеттик эмес жожду түздөн-түз жетекчи (ректор, президент, начальник, директор) башкарат, ал окумуштуулук даражасы, тийиштүү профили жана квалификациясы бар адистердин ичинен уюштуруучулар тарабынан дайындалат. Мамлекеттик эмес жождун жетекчисин дайындоо жана чакыртып алуу жол-жобосу, ошондой эле ыйгарым укуктары уюштуруучулар тарабынан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат жана жождун уставында белгиленет. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык) 1.10. Жождун жетекчиси (ректору, президенти, начальниги, директору): - жождун иш-аракеттеринин натыйжаларына, адистердин даярдыгы менен билим сапаттарынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайыктуулугуна, жождун илимий, каржылоо жана чарба иш-аракеттеринин жыйынтыктарына жооп берет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жождун атынан башка уюмдардын бардыгында өзүн таанытат, жождун мүчөлөрү менен акча каражаттарына буйрук кылып, келишимдерди түзүү менен ишеним каттарды берет, банкттарда эсеп-кысап эсептерин ачат жана кредиттерди бөлүштүрүүнү башкарат; - жождун уставына ылайык анын кадрдык тутуму менен структурасын калыптандырат; - жождун компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат, көрсөтмө берет; - жождун уставы тарабынан каралган функциялар менен укуктуулуктарды аткарат. 1.11. Жож өзүнүн уставынан келип чыккан маселелер боюнча ченемдерди калыптандырууга жана иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу. Жождун окуу процессин уюштуруусуна, илимий жана чарба иш-аракеттерин жүргүзүүсүнө мамлекеттик органдар менен билим берүү башкармалыгынын кийлигишүүсү Кыргыз Республикасынын ченемдик-укук актыларында көрсөтүлгөн учурларда гана жол берилет. 1.12. Жож өзүнүн иш-аракетеринин жыйынтыктарына оперативдүү бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзүүнү ишке ашырып, өзү баш ийген органдарга белгиленген тартипте отчет берет. II. Жождорду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу 2.1. Мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын сактоо шартында мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар менен жеке адамдар, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер менен эл аралык уюмдар жожду уюштуруучулардан боло алышат. 2.2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тарабынан аскер кызматы каралган министрликтери жана аткаруу бийлигинин башка органдары үчүн кесиптик билим берүүчү программаларды ишке ашыруучу жождор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт. 2.3. Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, министрликтер жана комитеттер эсептелет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) 2.4. Мамлекеттик эмес жож Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары менен уюштуруучулар тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат. 2.5. Жож тийиштүү окуу жана материалдык-техникалык, илимий-педагогикалык кадрлар, окутуу-методикалык жана маалымат базасы болгондо гана уюштурулушу мүмкүн. 2.6. Кесиптик жогорку билим берүүнүн кесиптик билим берүү программасын (жождон кийинки билим берүү программасынан башкаларын) ишке ашыруу укугун жаңы түзүлүп жаткан жож билим берүү иш-аракеттерине лицензия алган учурдан баштап алат, ал эми квалификация менен академиялык даражаны жана билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугун - аккредитациядан өткөндөн кийин жана каржылоо-чарба жаатындагы иш-аракетте юридикалык тараптын укуктуулугу сыяктуу документтер анын юридикалык тарап катарында мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап берилет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) 2.7. Жождон кийинки кесиптик билим берүү программасынан ишке ашыруу (жактоочуларды, аспиранттарды, докторлорду даярдоо) укугун аккредитациядан өткөндөн кийин алат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) 2.8. Жождорду лицензиялаштыруу окуу-методикалык, материалдык-техникалык базанын жана билим берүү ишин жүргүзүү үчүн профессордук-окутуучулар курамынын болушун текшерүү максатында жүргүзүлөт, мезгил сайын жүргүзүлүп туруучу аккредитация (5 жылда бир жолудан ашык эмес) мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документ берүүгө укук берет. Аккредитациядан өтпөй калган жождор билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугунан ажыратылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) 2.9. Жождор менен программаларды лицензиялаштыруу жана аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жождорду лицензиялаштыруу жана аккредитациялоо жөнүндөгү жоболор менен аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10. Жожду кайра уюштурууда жана анын беделин өзгөртүүдө жождун уставына тийиштүү өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилет. III. Жогорку окуу жайларынын структурасы 3.1. Жождордун структураларын алардын каражаттарына жараша ушул жобо жана устав тарабынан белгиленген тартипте калыптандырылат. 3.2. Жождордо юридикалык тараптын филиалдын бедели бар структуралык бөлүмдөр түзүлүшү мүмкүм, алар өз-өзүнчө мүлк менен камсыз кылынат. Жождун структуралык бөлүмдөрүнө филиалдар менен бөлүмдөрдү түзүүгө укук берилбейт. Бир жождун алкагында студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бир багыттагы же бир адистиктеги (институттарды, борборлорду, факультеттерди) кайталоочу структуралык бөлүмдөрдү түзүүгө жол берилбейт. жождордун бардык илимий, конструктордук, өндүрүштүк ж.б. бөлүмдөрү билим берүү иш-аракеттерин жүргүзүүгө милдеттүү. 3.3. Жождордун структуралык бөлүмдөрү белгиленген тартипте жалпы орто жана кесиптик жогорку билим берүү программаларын, ошондой эле кошумча жана жождон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыра алышат. Жалпы орто жана кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашырып жатышкан структуралык бөлүмдөр билим берүү маселелеринде тийиштүү билим берүү уюмунун укуктуулугу болушу керек. 3.4. Жож, анын бардык структуралык бөлүмдөрүн кошуп алганда, окутуу-илимий-өндүрүштүк бирдиктүү комплекс катарында иштейт. Жож өзү түзгөн структуралык бөлүмдөрдөгү окуу жана илимий процесстердин натыйжалуулугуна, ошондой эле структуралык бөлүмдөр жөнүндөгү жоболор менен белгиленген башка милдеттенмелер боюнча жооп берет. Жождун структуралык бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелеринин формасы окутуу-илимий өндүрүштүк комплекс катарында жождун уставы тарабынан белгиленет. 3.5. Юридикалык тараптын жана филиалдын бедели бар жождун структуралык бөлүмдөрү мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жождун өзү тарабынан түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат. IV. Жождун окутуу иш-аракеттери 4.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Републикасынын жогорку билим берүүнүн багыттары менен адистиктеринин Тизмесине ылайык жождордо адистерди даярдоо иштери жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4.2. Кесиптик билим берүү программаларынын багыттары же адистиктери менен деңгээлдери, шарттарынын ченемдик чектери, ошондой эле окуп жаткандардын контингентинин чеги лицензиялоонун (өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларын кошпогондо) жана аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык) 4.3. Жаңы багыттар менен адистиктерди ачуу жана каржылоо мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык алардын мазмуну менен окуу процессин уюштуруунун жыйынтыктары боюнча уюштуруучу тарабынан ишке ашырылат. 4.4. Жож мамлекеттик заказ боюнча кадрларды даярдоону республикалык (жергиликтүү) бюджеттен каржылоо сыяктуу эле, окутуунун акысын төлөөчү жеке адамдар же юридикалык тарап менен түзүлгөн келишим боюнча кадрларды даярдоону ишке ашырат. Окутуунун кайсы формасы болсо да, өзгөчө статуска ээ мамлекеттик окуу жайларын кошпогондо, алдын ала лицензияны алуу жана мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарынын талаптарын аткаруу милдеттүү болуп эсептелет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык) Окутуунун кайсы формасы болсо да, алдын ала лицензияны алуу жана мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарынын талаптарын аткаруу милдеттүү болуп эсептелет. 4.5. Мамлекеттик заказ боюнча адистерди даярдоо планы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Адистерди келишимдердин негизинде даярдоонун планы болсо, студенттердин контингенттеринин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жож тарабынан түзүлөт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209, 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4.6. Билим берүүнүн багыттары же адистиктери боюнча мазмуну жож тарабынан мамлекеттик билим берүү стандарттардын тийиштүү талаптарынын негизинде аныкталып, ал милдетүү түрдө аткарылат. Белгиленген тартипте жож мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарынын беделинин төмөндөп кетишине же белгиленген тартипте кайра уюштурулушуна (жоюлушуна чейинки талаптардын аткарылышына) жооп берет. 4.7. Жождогу окуу процесси окутуунун педагогикалык жактан негизделген каражаттарын, формалары мемен ыкмаларын тандап алуу жолу менен түзүлөт. Сырттан, күндүзгү-сырттан (кечки), дистанциялык жана экстернаттык формада кесиптик жогорку билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу сырттан, күндүзгү-сырттан жана дистанциялык формада экстернат формасында даярдоого тыюу салынган жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү Тизменин багыттары же адистиктери боюнча ишке ашырылат. Билим берүүнүн бардык формалары менен деңгээлдери боюнча сабактардын негизги түрлөрү мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын аткарууну камсыз кылуучу окуу пландары менен программалары тарабынан аныкталат. Сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары жождор студенттердин кызыкчылыктары менен чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган кошумча кызмат (тейлөө) түрүндөгү факультативдлк ж.б. сабактарды да киргизе алышат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4.8. Окутуу тилдери окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуу, студенттердин өтүнүчтөрүн канааттандыруу милдеттеринен келип чыккандыктан, кадрлар жана окуу процесстери боюнча колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү зске алуу менен жождор тарабынан белгиленет. 4.9. Окутуунун мөөнөтү, окуу жылынын башталышы менен аякталышы, студенттердин милдетүү түрдөгү окуу сабактарынын апталык өлчөмү (нагрузкасы), сыноо сессиялары менен каникулдардын мөөнөтү, ошондой эле практикалык окутуу менен жыйынтыктоонун формалары мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарынын талаптарына ылайык окуу пландары тарабынан белгиленет. Аудитордук сабактардын (академиялык сааттын) уэактыгы 40-50 мүнөттүн ичинде жождун уставы тарабынан белгиленет. Окуу процессин уюштуруу окутуунун жогорку сапатын камсыз кылууну студенттердин окуусунуи коопсуздук жана турмуш-тиричилик шарттарын түзүүдөн келип чыккан маселелер эске алынуу менен ишке ашырылат. 4.10. Жогорку кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программалары боюнча алгачкы ирээт окутуу (анын ичинде экстернат формада да) биринчи жогорку билим алганга тете болуп эсептелет. 4.11. Студенттердин маалыматтуулугу кесиптик билими менен дагдылыгы (машыккандыгы) Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик-укук актылары тарабынан белгиленген баалар менен мамлекеттик үлгүдөгү билим жөнүндөгү документтерде аныкталат. Студенттердин маалыматын, билимин жана кесипти окутуунун этаптар аралыгындагы экспертизалар менен системалардын тартиби жождун уставы тарабынан белгиленет. 4.12. Окуу жылынын сабактары боюнча аттестацияланбай калган студенттер кийинки курска көчүрүлбөйт. 4.13. Мамлекеттик тийиштүү билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде окуу планы менен программаларын толук өлчөмдө аткарган студенттер мамлекеттик аттестацияны берүүгө киргизилет. Бүтүрүүчүгө адистиги боюнча квалификация же багыты боюнча (бакалавр, магистр) академиялык даражаларды ыйгаруу жөнүндөгү маселе мамлекеттиик аттестациянынын натыйжалары боюнча чечилет. 4.14. Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясынын өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4.15. Мамлекеттик каржылоодогу топтун саны билим берүүнүн биринчи жана экинчи курстарында даярдоонун -тийиштүү адистиктери менен багыттарына кабыл алуу пландары тарабынан аныкталат, бирок 20дан кем эмес болуу керек, ал эми билим берүүнүн андан кийинки курстарында болсо, бөлүнгөн каржылоонун чегинде жождор тарабынан белгиленет. Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен окутулуп жаткан топтун саны бюджеттен тышкаркы каржылоонун өлчөмүнүн чегинде, бирок 25тен көп эмес адам жож тарабынан белгиленет. V. Жождун илимий иш-аракеттери 5.1. Жождор фундаменталдуу жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзүшөт, анткени алар жогорку сапаттагы бакалаврларды, магистрлерди жана кесиптик жогорку билимдүү адистерди даярдоонун негизи болуп эсептелет. 5.2. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен (илимий изилдөөлөргө жана долбоорлоо иштерине) каржылануучу илимий иштерди пландаштыруу маселеси белгиленген тартипте бекитилген илимий-изилдөө (илимий-техникалык) программаларына ылайык жож тарабынан ишке ашырылат. Келишимдер боюнча аткаруучулук демилгелүү изилдөөлөрдү, илимий-изилдөө иштерин, ошондой эле башка чыгармачылык иштерди пландаштыруу маселеси Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча жождун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү тематикалык пландарга ылайык жож тарабынан ишке ашырылат. 5.3. Жождогу илимий изилдөөлөрдү уюштуруунун милдеттүү шарттары-илимий интеграция жана окуу процесстерин камсыз кылуу, ошондой эле жыйынтыгы боюнча алынган аккредитацияга ылайык илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо болуп эсептелет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) VI. Жождордун студенттери, угуучулары, аспиранттары жана изилдөөчүлөрү 6.1. Белгиленген тартипте жожго кирген жана жогорку билим берүүнүн кайсы деңгээлде болсо да жогорку билим алып жаткандардын студент (курсант) деген бедели болот. Студентке белгиленген тартипте студенттик белет жана зачеттук китепче берилет. 6.2. Студенттерди жожго кабыл алуу, которуу, чыгаруу жана ордуна калыптандыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик-укук актылары менен жөнгө салынат. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебиннен окуп, өз каалоосу же жөнү бар себептер менен жождон чыгып кеткендер ошондой эле негизде (акысыз) окууга кайра кабыл алынуу укугуна ээ. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 6.3. Жожго кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү кабыл алуунун эрежелерине ылайык аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 6.4. Медициналык көрсөтүүлөр ж.б. өзгөчө шарттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте куралдуу күчтөрдүн катарынан алып калуу укугун сактоо менен студентке академиялык эс алуу (отпуск) берилет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 6.5. Күндүз окуу формасындагы студенттер үчүн окуу жылынын ичинде 2 жолу узактыгы 7 апта, бирок 10 аптадан көп змес мөөнөттө каникул берилет. 6.6. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алып жаткан окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте стипендия берилет. Юридикалык тарап жана жеке адам менен түзүлгөн келишимдер боюнча окуп жатышкан студенттер келишимдерде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык ал студенттер окууга жиберүүчүлөрдүн эсебинен стипендия алууга укуктуу. 6.7. Жождордун студенттери: - тийиштүү билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык талаптардан кем эмес маалымат жана кесиптик билим алууга; - мамлекеттик билим берүүнүн тандап алуу жана адисдештирүү боюнча курстарына кабыл алуу стандартынын алкагында жождун тийиштүү бөлүмдөрүнүн макулдугу боюнча окуу жайы тарабынан сунуш кылынган адистиктерди тандоого; - акы төлөөнүн негизинде ошол окуу жайынын уставы тарабынан аныкталуучу тартипте сабактын кошумча түрлөрүнө катышууга; - башка кесиптик билим берүүнүн программасына же Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу тартипте башка жождон билимин улантууга; - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте жекече (индивидуалдык) окуу графиги жана экстернаттык сыноо (экзамен) берүүгө; - бардык илим-изилдөө иштеринин түрлөрүнө, конференцияларга, симпозиумдарга катышууга, өзүнүн эмгектерин, анын ичинде жождордун басмаларында басып чыгарууга; - жождун уставы тарабынан аныкталган тартипте бардык окуу, илимий жана башка бөлүмдөрдүн окуу-лабороториялык имараттарынан, китепканаларынан, спорттук курулуштарынан пайдаланууга; - күндүз окуу формасындагылар куралдуу күчкө кызмат өтөөдөн калууга (отсрочка), Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аскер кесиби боюнча билим алууга; - Кыргыз Республикасынын калкты эмгек мелен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү абал жөнүндө жождун администрациясынан маалымат алууга; - өзүнүн инсандык сапат касиетин коргоого, өз көз карашы менен ой пикирин эркин жана жеткиликтүү түшүндүрүүгө, окуу жайынын администрациясынын ченемдери боюнча билим берүүнү башкаруу органдары жана административдик органдарга чейин доомат менен кайрылууга; - жождордун иш-аракеттеринин маселелери боюнча маанилүү чечимдерин чечүүгө жана талкуулоого, коомдук уюмдар менен жождун башкаруу органдары аркылуу ректорду шайлоого катышууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 6.8. Студенттер билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде теориялык билимге, кесиптик дагдылыкка, билимге, илимий изилдөөлөрдүн азыркы учурдагы ыкмаларына ээ болууга, окуу планы менен окутуу программасы тарабынан белгиленген тапшырмалардын бардык түрлөрүн мөөнөтүндө аткарууга, окуу жайынын уставы менен ички тартип эрежелерин бекем сактоого милдеттүү. 6.9. Студенттер үчүн окуудагы, илимий изилдөө ж.б. иштердеги жетишкен ийгиликтери үчүн материалдык жана моралдык сыйлыктардын ар түрдүү формалары (алардын ичинде атайын аталган ысымдагы стипендиялар да) жождун уставына ылайык жана колдо бар каражаттардын чегинде белгиленет. Окуу пландарын аткарбагандыгы жана жождун уставы тарабынан белгиленген милдеттерди бузгандыгы үчүн студенттерге тарбиялык мааниси бар чаралар, алардын ичинен студенттердин катарынан чыгарууга чейинки катуу жаза колдонулат. Ал жазалар, алардын ичинде, ички тартипти бузгандыгы үчүн жождон чыгаруу, студенттерден жазуу түрүндө түшүнүк алгандан кийин колдонулушу мүмкүн. 6.10. Өндүрүштөн бошоп окуган жождун бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 6.11. Жожго чейин даярдыктан өткөн, квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоого медициналык жогорку билими бар адистерди жождон кийинки даярдоонун структуралык бөлүмдөрүндө окуп жаткандар жождун угуучулары болуп эсептелинет. Угуучулардын укуктук абалы, ошондой эле аларды окутуп жаткан уюм жождордун жетекчилери тарабынан бекитилүүчү тийиштүү структуралык бөлүмдөр жөнүндөгү жоболор менен аныкталат. 6.12. Илимдин кандидаты деген наамы бар жана илимдин доктору деген окумуштуулук даражаны жактоо үчүн докторантурага киргендер - докторантуранын угуучулары болуп эсептелинет. Кесиптик толук жогорку билими бар жана аспирантурада окуп жаткан илимдин кандидаты деген даражага диссертация даярдап жаткандар - аспиранттар болуп эсептелинет. Кесиптик толук жогорку билими бар, жожго бекитилген аспирантураны же докторантураны бүтүргөн, аспирантураны бүтүрбөй эле, илимдин кандидаты деген даражаны жактоо үчүн диссертация даярдап жатышкан, ошондой эле илимдин кандидаты деген даражасы бар, илимдин доктору деген даражага диссертация даярдап жаткандар - талаптануучулар болуп эсептелет. Аспиранттардын, докторанттар менен талаптануучулардын укук абалдары, ошондой эле аларды окутуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасында жождордон кийин билим берүүнүн жобосу тарабынан аныкталат. VII. Жождун кызматчылары 7.1. Жождордо илимий-педагогикалык курам (профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер), инженердик-техникалык, административдик-чарба, окуу-тарбия иштерин тейлөөчү ж.б. сыяктуу кызматчы персоналдар каралат. 7.2. Административдик-чарбалык, инженердик-техникалык, окуу-көмөкчү, тейлөөчү жана башка персоналдын кызматына келишимдин (контракттын) негизинде дайындалат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик окуу жайларын кошпогондо, илимий-педагогикалык курамдын кызмат орундарын ээлөө контракттык-конкурстук негизде жүргүзүлөт. Эмгек келишимин түзүүнүн (5 жылдык мөөнөткө чейин) алдында конкурстук тандоо өткөрүлөт. Конкурс өткөрүүнүн жана келишимдерди (контракттарды) түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат. Жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен башка кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына же келишимде (контрактта) каралган шарттарга ылайык жүргүзүлөт. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартибин өз алдынча аныктайт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 7.3. Илимнй-педагогикалык курам: - алар тарабынан окутулуучу окуу сабактарынын мазмунун мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык аныктоого; - окутуунун жана илимдин процесстердин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуучу окутууну жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн каражаттары менен ыкмаларын эркин тандоого; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдүү эмгек эс алууга (отпускка) чыгууга; - квалификацияны жогорулатуу жана окуу китептерин жазуу үчүн 3 айдан 1 жылга чейин чыгармачылык эс алууга (отпускага) чыгууга, чыгармачылык эс алуунун узактыгы менен мезгилдүүлүгү ал эс алуунун максаты менен каржылоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жождун окумуштуулар кеңеши же контракттын шарттары тарабынан аныкталат. - өзүнүн кесиптик иш-аракетине тийиштүү уюштуруучулук жана материалдык техникалык жактан камсыз болууга; - белгиленген тартипте жождун окумуштуулар кеңешин шайлоого катышууга; - жождун окуу, илимий ж.б. ар түрдүү маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга; - жождун уставы тарабынан белгиленген тартипте имараттын, маалымат фондунун, лабораториялардын, кабинеттердин, китепканалардын, компьютердик класстарын, окуу жана илимий мекемелердин социалдык-тиричилик, маданият ж.б. бөлүмдөрүнүн тейлөө кызматтарынан пайдаланууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жождун администрациясынын буйруктарына доомат коюуга укуктуу. 7.4 Жождун илимий педагогикалык курамы: - окуу жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун жана студенттер тарабынан билим берүү программаларын мамлекеттик стандарттардын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүлөрүн камсыз кылууга; - студенттердин өз алдынчалуулугун, демилгелүүлүгүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүш жана жогорку адеп-аклектүүлүк ченемдерге көндүрүүгө, учурдагы цивилизация менен демократиялык шарттарында кесиптик сапаттарды, жарандык бекем туруктуулукту (позицияны), жашоого жана эмгекке болгон жөндөмдүүлүктү калыптандырууга; - өзүнүн билим деңгээли менен квалификациясын такай жогорулатууга студенттерди активдүү тартуу менен илимий изилдөөлөрдү, башка чыгармачылык иштерди жүргүзүүгө, окуу жайынын уставдык ченемдерин аткарууга милдеттүү. 7.5. Административдик-чарба жана башка персоналдын укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдары, жогорку окуу жайынын уставы жана ички тартип эрежелерин, кызматтык инструкциялары менен ишке ашырылат. 7.6. Илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо төмөнкү: - докторантура (аспирантура, адьюктура ж.б.) - илимдин доктору деген окумуштуулук даражанын диссертацияларын даярдоо үчүн илимий кызматчыларды кызматка которуу; - илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражаны жактоого диссертацияларды даярдоо жана жактоо үчүн жактоочуларды жожго бекитүү; - диссертациянын үстүндө иштөөнү бүтүрүү үчүн чыгармачылык эс алууга (отпускка) чыгуу формаларында ишке ашырылат. -Илимий педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу иштери белгиленген тартип боюнча жождордун атайын бөлүмдөрүндө, ошондой эле кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана аларды кайра даярдоочу окуу жайларында ишке ашырылат. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасында жождон кийинкн билим берүү жөнүндө жобо менен белгиленет. 7.7. Окутуучулар өзүнүн негизги кызматы менен бирге бир эле учурда бирөөнүн ордуна иштөө (совместительство) шарттарында кошумча: кафедра башчысынын, декандын (анын орун басарынын), бөлүм башчысынын, аспирантура, практика жана методика башчыларынын милдеттерин аткара алышат. Бирөөнүн ордуна иштөө шарттарындагы кызматты аткаруу максатында административдик тутум алышат. Бул иштерди аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары менен шартталат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомдорунун редакцияларына ылайык) VIII. Жождордун каржылоо-чарбалык иш-аракеттери 8.1. Жождун каржылоо булактары: - мамлекеттик заказ боюнча адистерди даярдоонун зсебинен каржылануучу республикалык жана жергиликтүү бюджеттер; - уюштуруучулардын жана өз каражаттары, алардын ичинде валюталык каражаттар да бар, билим берүүдөн, консультациялардан илимий-изилдөө, басып чыгаруу, коммерциялык-өндүрүш ж.б. мыйзамдуу иш-аракеттерден түшкөн каражаттар; - ишканалар, уюмдар, коомдук фондулар, жеке адамдар (анын ичинде чет өлкөлүктөр да) тарабынан түшкөн каражаттар; - мамлекеттик жана коммерциялык банктар тарабынан берилүүчү кредиттер; - окутуудан түшкөн каражаттар; - кадрларды даярдоо боюнча юридикалык тараптар жана жеке адамдар менен түзүлгөн келишимдер боюнча түшкөн каражаттар; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар жождун каражаттарынын негизги булактары болуп эсептелет. 8.2. Мамлекеттик заказ боюнча кадрларды даярдоону каржылоо студенттердин контингентинин санына жараша республикалык (жергиликтүү) бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. 8.3. Бюджеттик жана бюджеттен тышкары бюджеттин эсебинен каржылоонун өлчөмү аларга теңдештирилген материалдык чыгымдарды жождун профилине туура келген иштерди өткөрүүнү, эмгек акыны төлөө үчүн каражаттарды топтоону, жожго зарыл материалдык-техникалык базаны түзүүнү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык эмгек жамааттын социалдык жактан өнүктүрүүнү жана материалдык жактан кызыктырууну (стимулдаштырууну) камсыз кылуусу керек. 8.4. Окуткандыгы үчүн ар бир окуу жылына акы төлөөнүн өлчөмү чыгымдар сметасы менен аныкталат жана жождун жетекчиси тарабынан бекитилет. Окутуунун сметалык наркы өзүнө окуу тарбия жана илимий процесстердеги өткөрүүнүн чыгымдарын жана маалымат менен камсыз кылууну, жожду утурумдук кармоому, эмгек акы төлөөнү, материалдык техникалык базаны өнүктүрүүнү жана кызматчыларды материалдык жактан кызыктырууну жана студенттерди социалдык жактан колдоону камтууга тийиш. Түшкөн пайда (прибыль) окутуунун наркына кирбейт. Окууга кирүүчүлөрдү жож окутуунун наркын төлөөнүн тартиби менен (окутуу үчүн төлөнүүчү анынын өлчөмүн, аны төлөөнүн тартиби менен мөөнөтүн, акы төлөөнүн мөөнөтү менен төлөнүүчү сумманын өлчөмүн бузгандыгы үчүн өз ара жоопкерчилик, санкция ж.б.) окуп жаткандардын заказчылар менен түзүлүүчү келишимдерде чагылдырылышы керек. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомунун редакциясына ылайык) 8.5. Кызматчылардын бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, материалдык кызыктыруунун жана материалдык жардамдын өлчөмү менен формасы жождо бар каражаттардын чегинде жана "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан белгиленет. Мындай учурларда, мамлекеттик тариф ставкасы менен бекитилген айлык акы (оклад) эң төмөнкү айлык акы (оклад) болуп пайдаланылат. Мамлекеттик ставкалар менен айлык акылар квалфикациясына, аткаруучу иш-аракеттеринин татаалдыгы менен шарттарына, жогорку окуу жайынын иш-аракеттеринин иатыйжаларына жана ар бир кызматчынын кошкон салымына жараша кызматчылардын эмгек акысын төлөөнү милдеттүү түрдө дифференциациялоо белгиленет. Педагогикалык жана илимий кадрлардын эмгегинин натыйжалуулугун баалоодо студенттердин билим деңгээли, илимий педагогикалык кадрларды даярдоо, илимий жана педагогикалык процесстерди интеграциялоо, педагогикалык чыгармачылык жана педагогикалык тажрыйбаларды жүргүзүү маселелери приоритеттүү критерийлерден болуп зсептелет. 8.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана уставы менен белгиленген тартипте жож өзүнүн тышкы экономикалык ишаракеттеринен түшүүчү бюджеттен тышкаркы каражаттарды, анын ичинде валюталык каражаттарды да, өз алдынча башкарат. Эгерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралбаган болсо, анда жождун каржы жана материалдык каражаттарын анын эсебинен алып таштоого болбойт. Өтүп жаткан жылда (чейректе - кварталда, айда) пайдаланылбай калган каражаттар кийинки жылга (чейрекке, айга) ал окуу жайынын каржылоочу өлчөмүнө киргизилип эсептелбейт. 8.7. Жождун оперативдүү башкаруусундагы мүлк, анын ичинде, мамлекеттик жождун имараттары менен курулуштары билим берүүдөн башка максаттар үчүн пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жагдайлардан башка учурларда, жол берилбейт. Мамлекеттик заказдарды аткарууга бөлүнгөн каражаттардын чегинде, ошондой эле өзүнүн менчик каражаттары менен башка мыйзамдуу булактарынын эсебинен жождун материалдык-техникалык базасын өз алдынча өнүктүрөт. IX. Жождордо иштеп жаткан коомдук уюмдар 9.1. Жождун жүргүзүп жаткан негизги иш-аракеттеринин багыттарына туура келген коомдук уюмдардын (саясы, динийлерден башкасы) түзүлүшү мүмкүн. Коомдук уюмдар менен болуучу өз ара мамиле жождун келишимдери менен уставы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 9.2. Жождо окуп жаткандардын таламдарын алардын коомдук бирикмелери менен уюмдары талашат. 9.3. Жож юридикалык тарап катарында эсептелиши, өздөрүнүн уставдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алпарып жатышкан комплекстердин, бирикмелердин (ассоциациялардын, кошундардын) тутумуна кириши мүмкүн. 9.4. Окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-техникалык жана башка кеңештер тибиндеги коомдук бирикмелер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү алар жөнүндөгү жоболорго ылайык түзүлөт жана иштейт. Ушул бирикмелердин сунуштамалары жождордун илимий кеңештеринин ишинде жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан эске алынат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
X. Жождордун эл аралык жана тышкы экономикалык иш-аракеттери 10.1. Жогорку жана жождон кийинки билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка катышууга, чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен байланыш түзүүгө, мамлекеттер жана эл аралык билим берүү, илимий жана илимий-изилдөө программаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте ишке ашырууга укуктуу. Ушул максатта окуу жайлары: - эл аралык коомдук (бейөкмөт) билим берүүчү бирикмелерге жана уюмдарга кирүүгө; - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери катарында каралуучу чет элдик өнөктөр менен бирдикте кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт. 10.2. Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын жождорунда даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын алардын жождорунда даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, квотадан тышкары кыгызстандык илимий-педагогикалык кадрлардын башка өлкөлөрдө иштөөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мамлекеттер арасында түзүлгөн тийиштүү макулдашуулардын жогорку окуу жайлары, чет элдик жарандар жана юридикалык тараптар менен тике түзүлгөн келишимдер менен ишке ашырылат. 10.3. Жождор Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жождордун негизги милдеттерин аткарууга багытталган уставдары тарабынан каралган - тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу. 10.4. Эл аралык жождор жана алардын филиалдары эл аралык макулдашууларга ылайык ачылат. 10.5. Эл аралык иш-аракеттердин бардык түрлөрү тийиштүү мамлекеттер менен түзүлгөн эл аралык макулдашуулар тарабынан каралбай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, анда келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
|