Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 669
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы ишкер субъекттердин ишин лицензиялоо маселелерин мындан ары жөнгө салуу максатында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2018" деген цифралар "2020" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |