Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-июлу № 87

Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө

Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттердин ишин лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Убактылуу жобонун 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары;

2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 669 токтому;

3) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 16 токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 3-августундагы № 84 жарыяланды

 

Төрага

У.А. Марипов