Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы N 346 токтому менен бекитилген
Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу ЖОБО
Бул Жобо архив мыйзамдарын бузууларга Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык жаза колдонуунун тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык Мамлекеттик архив кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын аймагындагы менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, бардык юридикалык жактар, жеке адамдар тарабынан жарандыгына карабастан, архив иши боюнча мыйзамдардын кынтыксыз сакталышын контролдойт.
Архив мекемелеринин архив иштери жана иш кагаздарын уюштуруу маселелери боюнча чечимдери жана көрсөтмөлөрү бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын архив мыйзамдардагы администрациялык укук бузууларды өз убагында жана калыстык менен кароо жана күнөөлүү адамдарды администрациялык жоопкерчиликке тартуу каралган.
2. Административдик жаза колдонуу архив ишинин республикалык башкаруу органынын жетекчилери, аймактык мамлекеттик архивдердин (мындан ары - мамлекеттик архив кызматынын органдары) жетекчилери жана алардын орун басарлары тарабынан ишке ашырылат.
3. Администрациялык жаза колдонууга негиз болуп, мамлекеттик архив кызматынын органдары тарабынан текшерүү мезгилинде аныкталган, четтетилбеген бузуулар тууралуу маалыматтар камтылган администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол эсептелет.
4. Мамлекеттик архив кызматынын органдары колдонулган администрациялык жаза колдонуунун эсебин жүргүзөт.
II. Архив иши боюнча администрациялык жаза жана укук бузуулардын түрлөрү
5. Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга төмөнкү администрациялык жазанын түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- айып салуу.
6. Иш кагаздардын, өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүү эрежелерин бузуу үчүн, ошондой эле документтерди сактоонун белгиленген шарттары жок болсо, кызмат адамдарына бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
7. Документтердин туруктуу жана узак мөөнөткө сакталышын тартипке келтирүү (документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү жана илимий-техникалык жактан иштеп чыгуу, делолордун тизмелерин түзүү) мөөнөттөрү сакталбаганда, кызмат адамдарына отуз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
8. Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын белгиленген мөөнөттө мамлекеттик архивге документтерди, анын ичинде аудиовизуалдык документтерди өткөрүп берүүдөн негизсиз баш тартса, кызмат адамдарына эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
9. Менчигинин түрүнө карабастан, мекеме, уюм жана ишкана жоюлганда же кайрадан уюшулганда кызмат адамдары тарабынан архив документтерин укук мураскерине же андай жок болгондо тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлбөсө, кызмат адамдарына отуздан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
10. Менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда документтер болгондо архивдик маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, социалдык-укуктук мүнөздөгү документтердин көчүрмөлөрүн берүүдөн негизсиз баш тартса, кызмат адамдарына эскертүү же онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
11. Кызмат адамдары мамлекеттик архив мекемелеринин өкүлдөрүн ведомстволук архивдерге киргизбей койсо, кызмат адамдарына бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
12. Ыйгарым укуктуу адамдар мөөр басып бекиткен архив сактоочу жайларды өз алдынча ачса, иши убактылуу же биротоло токтотулган архивдердин ишин кайрадан иштетсе, кызмат адамдарына бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун мамлекетке тиешелүү болгон документтерин мыйзамсыз сатып алуу, сатуу жана мыйзамга каршы дагы башка келишимдерди жасаса, жарандарга жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
14. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин, жана анын ичинде аудиовизуалдык документтерди жоготсо, бузса, жашырып койсо же мыйзамсыз жок кылса, жарандарга жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат.
III. Административдик айып салуу жана ал боюнча даттануу тартиби
15. Мамлекеттик архив кызмат органдары тарабынан ушул Жободогу 2.1.1. - 2.2.9-пунктчаларда көрсөтүлгөн укук бузуулар байкалганда, администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт (тиркеме).
16. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол 2 нускада (түп нускада) түзүлөт: биринчи нуска укук бузуучуга берилет, экинчиси - мамлекеттик архив кызмат органында калат.
17. Протоколдо төмөндөгүлөр камтылат:
- түзүлгөн күнү жана орду;
- протокол түзгөн адамдын кызматы, аты-жөнү, кызмат күбөлүгүнүн номуру;
- укук бузуучу жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, үй дареги, телефон);
- администрациялык укук бузуунун түрү, күнү жана орду;
- укук бузуу боюнча жоопкерчиликти караган укук ченемдик акт;
- күбөлөрдүн аты-жөнү жана үй дареги (эгерде керектүү болсо).
18. Протоколго аны түзгөн, кызмат адамы, укук бузган адамдар жана күбөлөр (эгерде керектүү болсо) кол коюшат. Укук бузган адам протоколго кол коюудан баш тартса, протоколго ал тууралуу жазылат. Укук бузуучунун протоколго кол коюудан баш тартуусу, аны администрациялык жаза колдонуудан бошотууга негиз болбойт.
Укук бузган адам протоколго кошумча тиркелүүчү түшүндүрмөлөрдү жана протоколдун мазмуну боюнча сын-пикирлерди берүүгө, ошондой эле өзүнүн ага кол коюудан баш тартуусунун жүйөөсүн баяндоого укуктуу.
Протоколду түзүүдө укук бузуучуга анын Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 570-беренесинде каралган укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, бул жөнүндө протоколго белги коюлат. Административдик жоопко тартылуучу адамга протоколдун копиясы кол коюу менен тапшырылат же почта аркылуу ага жөнөтүлөт.
19. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол бир сутканын ичинде мамлекеттик архив кызмат органынын жетекчисине же орунбасарына ишти кароого жана чара колдонууга берилет.
20. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароодо төмөнкүлөр эсепке алынышы керек:
- каралып жаткан иш мамлекеттик архив кызмат органынын кароосуна кире турганы;
- каралууга тийиштүү администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол жана ага тиркелген документтердин туура түзүлгөндүгү;
- иш каралышы үчүн кошумча материалдар талап кылынбастыгы;
- билдирилген өтүнүч канааттандырууга жатабы;
- ишти кароого мүмкүндүк бербеген себептердин бар экендиги.
21. Мамлекеттик архив кызмат органдарынын жетекчилери же анын орун басарлары Администрациялык укук бузуулар жөнүндө жиберилген иш материалдарды он күндүк мөөнөттүн аралыгында кароого милдеттүү.
22. Укук бузган адамга иш каралуучу күндүн жана кайсы жерде карала тургандыгы тууралуу маалымат билдирилет.
23. Катышуу зарыл болсо, жоопкерчиликке тартылуучу адам келбей калгандыгына байланыштуу иш каралбасы мүмкүн, бирок укук бузган адам кайта чакырууда келбесе, анда иш кароо анысыз өткөрүлөт.
24. Администрациялык ишти карап бүткөндөн кийин төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алынат:
- администрациялык айып салуу жөнүндө;
- ишти токтотуу тууралуу;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти башка түрдөгү же өлчөмдөгү администрациялык айып салууга укуктуу судьяга же органдын (кызмат адамынын) кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө.
25. Администрациялык укук бузуу жөнүндө токтомго мамлекеттик архив кызмат органынын жетекчиси же анын орун басары кол коет.
26. Токтомдун көчүрмөсү үч күн мөөнөттө чара көрүлгөн адамга тил кат алуу менен тапшырылат же заказдык кат менен жөнөтүлөт.
27. Милдеттин аткарбагандыгы үчүн берилген административдик жаза, кызматкерди ошол кызмат милдетин аткаруудан бошотпойт.
28. Администрациялык укук бузуу жөнүндө кабыл алынган токтомдун чечими тууралуу даттануу жогору турган органга же сотко кайрылууга болот.
29. Администрациялык укук бузуу жөнүндө токтомго даттануу, чечим чыгарылган күндөн тартып он күндүк мөөнөт ичинде берилиши мүмкүн.
30. Администрациялык жаза көрүү жөнүндө токтомдун чечими тууралуу жогорку органдарга берилген арыз, чечимдин аткарылышын арыз каралганга чейин токтотот.
31. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу жогору турган мамлекеттик архив кызмат органдары же сот тарабынан, арыз келип түшкөн күндөн тартып жыйырма күндүк мөөнөттө каралат.
IV. Аткаруу боюнча иш өндүрүшү
32. Салынган айып, айып салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтом боюнча даттанылган учурда даттануу канааттандырбастан калтырылгандыгы жөнүндө маалымданган күндөн, он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
33. Администрациялык укук бузуу үчүн төлөнүүчү айыптардын бардык суммаларын айыпкер Кыргыз Республикасынын банк мекемелерине төлөйт жана республикалык жана жергиликтүү бюджетке чектелет.
34. Эгерде айып укук бузуучу тарабынан бир айдын ичинде төлөнбөсө, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексине ылайык сот аркылуу өндүрүүгө жиберилет.
35. Айып жазасы толук төлөнгөндөн кийин администрациялык укук бузуу токтому аткарылды деп эсептелинет. Айыпты төлөгөндүгү тууралуу квитанция, же укук бузган адам иштеген мекеменин бухгалтериясынан "төлөндү" деген белги коюлуп жиберилген токтом далил болот.
V. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш кагаздарын алып баруу
36. Айыптарды каттоо журналынын барактарына номер коюлуп, көктөлүп, жетекчинин колу коюлуп, мөөр менен бекитилүүгө тийиш.
37. Администрациялык укук бузуулар боюнча туура, негизделген чечим чыгаруу жана администрациялык укук бузуулар боюнча иш жүргүзүүгө көзөмөл мамлекеттик архив кызмат органынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт.