Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-марты № 98
Таланттуу балдарды окутуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана жакшыртуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия" мекемеси "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи" мекемеси деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы "Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясын Улуттук компьютердик гимназияга кайра түзүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-декабрындагы № 951 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы "Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясын Улуттук компьютердик гимназияга кайра түзүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи" мекемесинин уставын бекитсин;
- объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- "Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи" мекемесин каржылоону Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |