Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 113
Объекттин социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алып, курулуш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 "Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышы жана 1-пункту "турак жай" деген сөздөрдөн кийин "жана мейманкана" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |