Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 14-марты № 113

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 "Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Объекттин социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алып, курулуш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 "Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышы жана 1-пункту "турак жай" деген сөздөрдөн кийин "жана мейманкана" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-мартындагы N 22 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев