Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-августу N 590
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы N 46 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобого ылайык, объекттин социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алып, курулуш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар куруунун жаңы принциптерин, көлөмдүк-пландоочу жана конструкциялык чечимдерди, жаңы курулуш материалдарын жана буюмдарын, конструкцияларды жана жабдууларды, инженердик камсыздоо системасын, бийик кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча прогрессивдүү технологияларды колдонууну эсепке алуу менен Бишкек шаарында, Киев-Керимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай жана мейманкана комплексин долбоорлоо жана куруу эксперименттик долбоор болуп эсептелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик объекттин статусун эске алып, объектти долбоорлоодо жана колдонууга берүүдө көмөк көрсөтсүн.
3. "Кыргызгаз", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган административдик турак жай комплексинин долбоорго ылайык талап кылынуучу кубаттуулугун камсыз кылуу боюнча маселени чечүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 31-августундагы N 77 жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| Ө.Бабанов |