Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 126
Баалуу металлдар рыногун жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 "Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "кум түрүндөгү алтынды жана" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. АКК тийиштүү ишканаларда кум түрүндөгү алтынды аффинаждоого жана ички рынокто даяр продукция түрүндө сатууга укуктуу.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-мартындагы N 23 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |