Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-марты № 130
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Билим берүү жана маданият тармагында" I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 95 жана 96-главалар менен толукталсын:
"
95. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Дене тарбия жана спорт боюнча секцияларда чоң адамдар үчүн сабактарды өткөрүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 123-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы | Жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар (28 жаштан жогорку калк), спорттун түрлөрү менен машыгууга жана жалпы дене тарбия жагынан даярданууга кызыккандар. Дене тарбия жана спорт менен өз кызматкерлеринин машыгуусуна кызыкдар юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-бөлүгүнүн 45-беренеси; - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19-беренеси; - "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7, 13, 14, 20, 27 жана 30-беренелери; - "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24, 46-беренелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызматты керектөөчү: - өз машыгуусун уюштурат, дене тарбия менен машыгууну аткаруунун түрүн, ыкмасын жана жолдорун тандайт; - дене тарбия жана спорт боюнча өзүнүн жеке өнүгүүсүн жана машыгуусун башкарат; - дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө теоретикалык илимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болот; - өзүнүн эс алуусун активдүү жана пайдалуу өткөрөт |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарга жооп берген имараттарда ишке ашырылат. Имараттар суу түтүгүнө, жылытууга, телефон байланышы менен жабдылган, дааратканаларга (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы) ээ болот. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу. Таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн имараттар жана бөлмөлөр пандус, кармоочтор менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүчү мекемелерде: - керек болгон жабдуулар жана инвентарлар, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары менен жабдылган спорт залы, спорттук аянтчасы же стадион болушу керек; - белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келген спорттун түрлөрү боюнча адистер, машыктыруучулар, инструкторлор менен толук комплекттелгендиги. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуунун жана арыздарды тариздөө үчүн белгиленген убакыт - 30 мүнөт; Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы керектөөчү өзү программаны тандашына ошондой эле аны менен макулдашууга жараша болот; Дене тарбия жана спорт менен машыгуу төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - бир жолку; - бир айдын ичинде (бир айдын ичинде көп жолу барууга мүмкүн болгон абонемент берилет); - бир жыл ичинде (бир жыл ичинде көп жолу барууга мүмкүн болгон абонемент берилет). Абонементтер кызмат көрсөтүүчү мекемелердин иштөө тартибине жараша берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөндөгүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тийиштүү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - жазуу түрүндө; - электрондук түрдө goskomsport05@mail.ru электрондук дарегинен; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен түздөн-түз байланышканда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар берилет: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын бар экендиги жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды (үлгүлөр) толтуруунун тартиби жөнүндө маалымат; - акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.sport.gov.kg); - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү порталынан; - маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - түздөн-түз кайрылуу жана телефон менен байланыш; - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин коомдук кабылдамалары. Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы кызмат көрсөтүүчү жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бардык мекемелерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кошо тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болууга тийиш. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейжиктери) болууга тийиш. Калк менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери этиканын негизги төмөнкүдөй принциптерин сактоого тийиш: - сылык, ак ниет, сыпайы; - сабырдуу, принципиалдуу болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, баарлашкан адамды уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алуучу чечимдерди тең салмактоого жана жүйөөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык иш-милдеттер) жана жарандарга карата этиканы, ийкемдүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдарга (көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү), улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарга, ооруктун эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете элек балдарды коштоп жүргөндөргө кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кардар алышы үчүн төмөнкүдөй документтерди бериши керек: - эркин формадагы арыз; - ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; - фотосүрөт 3x4 (4 даана) (бир айга же бир жылдык абонемент алганда берилет); - кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү жана кол коюу (эгерде тарап юридикалык жак болсо); - акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция; - саламаттыгы тууралуу медициналык маалымдама (белгиленген формада). Келишимге кол коюлгандан кийин керектөөчүлөр акы төлөөсү керек. Акы төлөө Кыргыз Республикасынын бардык банк мекемелеринде накталай эмес (же мекеменин кассасында накталай) ишке ашырылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт: - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, улуту жана туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы боюнча, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу; - спорттук нормативдерди/натыйжаларды аткаруу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүчү мекемеге өз алдынча кайрылганда берилет. Кызмат электрондук форматта арыз берүү этабында жарым-жартылай (керектөөчүлөр арыздын электрондук формасын толтуруп алса болот) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтынан көрсөтүлөт (www.sport.gov.kg) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкүдөй учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга мүмкүн: - ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарына ылайык келбегенде жана сакталбаганда; - спорттук тайпалар толуп калганда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү оозеки же жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле колтамгасы жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө берилген кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү аны каттоого алган күндөн баштап 14 иш күндөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүдө талаш маселе келип чыккан учурда керектөөчү жетекчиликке кайрылууга акысы бар. Кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ар бир 3 жылда кеминде бир жолу каралып чыгууга тийиш |
96. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Ден соолукту чыңдоо жана спорттук максаттарда сууда сүзүүчү бассейндердин кызматтарын көрсөтүү - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 124 пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы | Жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар, ошонун ичинде чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар. Дене тарбия жана спорт менен өз кызматкерлеринин машыгуусуна кызыктар юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-бөлүгүнүн 45-беренеси; - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19-беренеси; - "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7, 20, 27 жана 30-беренелери; - "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Бассейнди бир жолку жана абоненттик тейлөө |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарга жооп берген имараттарда ишке ашырылат. Имараттарда суу түтүгү, жылуулук, телефон байланышы менен жабдылган, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы) болушу керек. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу; Таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн имараттар жана бөлмөлөр пандус, кармоочтор менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүчү мекемелер: - керек болгон спорттук жабдуулар, инвентарлар менен, ошондой эле куткаруучу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары менен жабдылган сүзүүчү бассейни бар; - белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келген адистер, машыктыруучулар, инструкторлор жана куткаруучулар менен толук комплекттелгендиги. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуунун жана арыздарды тариздөө үчүн белгиленген убакыт - 30 мүнөт; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 сааттан (бир жолку абонемент) 1 жылга чейин (бир айлык жана жылдык абонемент) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөндөгүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тийиштүү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - жазуу түрүндө; - электрондук түрдө goskomsport05@mail.ru электрондүк дарегинен; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен түздөн-түз байланышканда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар берилет: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын бар экендиги жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды (үлгүлөр) толтуруунун тартиби жөнүндө маалымат; - акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.sport.gov.kg); - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү порталы; - маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - түздөн-түз кайрылуу жана телефон менен байланыш; - жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин коомдук кабылдамалары. Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган кызмат көрсөтүүчү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бардык мекемелерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кошо тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болууга тийиш. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейжиктери) болууга тийиш. Калк менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери этиканын негизги төмөнкүдөй принциптерин сактоого тийиш: - сылык, ак ниет, сыпайы; - сабырдуу, принципиалдуу болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, баарлашкан адамды уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алуучу чечимдерди тең салмактоого жана жүйөөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык иш-милдеттер) жана жарандарга карата этиканы, ийкемдүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдарга (көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар), улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарга, ооруктун эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете элек балдарды коштоп жүргөндөргө кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кардар алышы үчүн төмөнкүдөй документтерди бериши керек: - эркин формадагы арыз; - ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; - фотосүрөт 3x4 (4 даана) (бир айга же бир жылдык абонемент алганда берилет); - кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү жана кол коюу (эгерде тарап юридикалык жак болсо); - акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция; - саламаттыгы тууралуу медициналык маалымдама (белгиленген формада). Мындан сырткары жогоруда белгиленген документтерден башка керектөөчүлөрдүн өздөрүндө төмөнкүлөр болуусу зарыл: - сүзүүчү баш кийими; - плавка/купальник; - шлепка; - сүргү; - көз айнек (сууда сүзүүчү) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт: - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, улуту жана туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы боюнча, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүчү мекемеге өз алдынча кайрылганда берилет. Кызмат электрондук форматта арыз берүү этабында жарым-жартылай (керектөөчүлөр арыздын электрондук формасын толтуруп алса болот) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтынан көрсөтүлөт (www.sport.gov.kg) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 12-пунктунда белгиленген документтерди көрсөтпөгөндө; - келишимдин шарттары бузулганда; - бассейнге келүүчүлөр, тайпалар жана имарат толуп калганда; - абонементтин мөөнөтү бүткөндө; - мекеменин ички тартибинин эрежелери бузулганда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү оозеки же жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле колтамгасы жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө берилген кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү аны каттоого алган күндөн баштап 14 иш күндөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүдө талаш маселе келип чыккан учурда керектөөчү жетекчиликке кайрылууга акысы бар. Кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты ар бир 3 жылда кеминде бир жолу каралып чыгууга тийиш |
";
- "Башка кызмат көрсөтүү тармагында" VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 10-глава менен толукталсын:
"
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Спорт оюндарына катышуучу аттарды үйрөтүү жана даярдоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-глава, 13-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы | Жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жарандыгына карабастан жеке жактар, ошондой эле уюштуруу жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-бөлүгүнүн 45-беренеси; - "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 27, 35-беренелери; - "Улуттук оюндар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси; - "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-беренелери; - "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кызмат өзүнө кошот: - классикалык жана улуттук спорттук түрлөр боюнча мелдештерге катышуу үчүн спортчуларды жана аттарды даярдоо; - спорттук аттардын жаш жылкыларын даярдоо (аттарды биринчи жолу адамга жана минүүгө көндүрүү, атты башкаруу каражаттарына көндүрүүгө үйрөтүү); - спорттук аттарды кармоо кызматтары (атканада бөлүп кармоочу жай, суутуу, тоюттандыруу жана жаюу) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүүчү мекеме белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарга жооп берген спорттук объекттер менен жабдылган (ипподром, аткана, суутуучу аянттар). Имараттарда суу түтүгү, жылуулук, телефон байланышы менен жабдылган, дааратканалар болот. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу. Таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн имараттар жана бөлмөлөр пандус, кармоочтор менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүдө төмөнкүлөр камсыздалат: - болжолдуу 3x3 метр аттык акыр; - жумшактыгы сакталган жетиштүү өлчөмдөгү таарынды. Акырларды ар күнү бөлүштүрүү, күн бою кыктардан тазалоо; - 3 маал жем берүү (чөп чектелбеген, тоют рецепт менен сулу жана сулусуз, рационун алдын ала сүйлөшүүгө болот. Тоют ар бир атка өз алдынча аныкталат); - күн сайын суутуу; - ачык манеж; - аткана, ветеринардык кароо, баардык эмдөөлөр график боюнча; - аттар үчүн конкурдук тоскоолдуктардын бардык топтому; - тажрыйбалуу окутуучу-машыктыруучулардын (инструкторлордун) болушу |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуунун жана арыздарды тариздөө үчүн белгиленген убакыт - 30 мүнөт; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 күндөн 1 жылга чейин (керектөөчүнүн өтүнмөсүнө ылайык) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөндөгүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тийиштүү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - жазуу түрүндө; - электрондук форматта goskomsport05@mail.ru электрондук дарегинен; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен түздөн-түз байланышканда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар берилет: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын бар экендиги жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды (үлгүлөр) толтуруунун тартиби жөнүндө маалымат; - акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.sport.gov.kg); - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү порталы (gosuslugi.mineconom.kg); - маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - түздөн-түз кайрылуу жана телефон менен байланыш; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин коомдук кабылдамалары. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы кызмат көрсөтүүчү жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бардык мекемелерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кошо тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болууга тийиш. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейжиктери) болууга тийиш. Калк менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери этиканын негизги төмөнкүдөй принциптерин сактоого тийиш: - сылык, ак ниет, сыпайы; - сабырдуу, принципиалдуу болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, баарлашкан адамды уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алуучу чечимдерди тең салмактоого жана жүйөөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык иш-милдеттер) жана жарандарга карата этиканы, ийкемдүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кардар алышы үчүн төмөнкүдөй документтерди бериши керек: - эркин формадагы арыз; - атка ветеринардык маалымдама; - ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; - юридикалык жак үчүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү; - кызмат көрсөтүлүүчү жерде керектөөчү менен кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлөт. Келишимге кол коюлгандан кийин керектөөчүлөр акы төлөөсү керек. Акы төлөө Кыргыз Республикасынын бардык банк мекемесинде накталай эмес (же мекеменин кассасында накталай) ишке ашырылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт: - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, улуту жана туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы боюнча, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - акыркы натыйжанын күтүлүүчү натыйжага шайкеш келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүчү мекемеге өз алдынча кайрылганда берилет. Кызмат электрондук форматта арыз берүү этабында жарым-жартылай (керектөөчүлөр арыздын электрондук формасын толтуруп алса болот) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтынан көрсөтүлөт (www.sport.gov.kg) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 12-пунктунда белгиленген документтерди көрсөтпөгөндө; - келишимдин шарттары бузулганда; - атканалар толуп калганда; - келишимдин мөөнөтү бүткөндө; - керектөөчүнүн мекеменин ички тартибинин эрежелерин бузганда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү оозеки же жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле колтамгасы жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө берилген кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү аны каттоого алган күндөн баштап 14 иш күндөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүдө талаш маселе келип чыккан учурда керектөөчү жетекчиликке кайрылууга акысы бар. Кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты ар бир 3 жылда кеминде бир жолу каралып чыгууга тийиш |