Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 143
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Айнакулов жана А.А.Артыков демилгелеген "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 143 токтому менен жактырылган |
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Айнакулов жана А.А.Артыков демилгелеген "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толуктоо сунушталат: "- этил спиртинин 28%дан ашык көлөмдүк үлүшүнө ээ болгон алкоголдук продукция үчүн маркалоосунда мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу сүрөттөрдүн жана/же пиктограммалардын фонундагы этикетканын жана/же контроэтикетканын негизги аянтынын кеминде 40%да алкоголду колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө медициналык эскертүүнү да жайгаштыруу зарыл Мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык эскертүү карартылган Helvetica шрифти менен ак фондо так жана даана жазылышы керек, ал бөтөлкөнүн (кутунун) сыртында, аны ачууда бузулбагандай жерде жайгаштырылат".
Ошону менен бирге, этил спиртинин көлөмдүк үлүшү 28%дан кем болгон алкоголдук продукциянын зыяндуулугу жөнүндө суроо пайда болгондуктан, негиздеме-маалымкатты этил спиртинин сунушталган көлөмдүк үлүшүнүн чеги (28%) тууралуу маалымат менен толуктоо сунушталат.
Мында аталган түзөтүүлөрдө медициналык эскертүүнүн техникалык мүнөздөмөсү каралгандыгын эске алып, аны төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"- этил спиртинин 28%дан ашык көлөмдүк үлүшүнө ээ болгон алкоголду колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө медициналык эскертүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте".
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесине ылайык товарды маркалоо болуп штрих код түрүндө берилген символдордун уникалдуу ырааттуулугу катары таанылган идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына түшүрүү/чаптоо саналат.
Ушуга байланыштуу "маркалоо" терминин колдонуу максатка ылайыктуу эмес.
2. Мындан сырткары, Мыйзамдын долбоору менен 10-берененин 6-пунктундагы "интеллектуалдык менчик жаатындагы" деген сөздү алып салуу сунушталат.
Мында "мыйзамдар" деген түшүнүк жалпыланган жана кеңири чечмелөө мүмкүндүгүнө ээ болгон, так эмес мүнөздөгү түшүнүк экендигин белгилеп кетебиз, ушуга байланыштуу мыйзамдар чөйрөсүн конкреттештирүүнү сунуштайбыз.
3. Ошондой эле коомдук талкуулоо үчүн ченем жаратуучу органдын расмий сайтына Мыйзамдын долбоорунун жайгаштырылган датасы жөнүндө маалыматты жана талкуулоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматты негиздеме-маалымкатта чагылдыруунун зарылдыгын белгилейбиз.
4. Ошону менен бирге, аталган Мыйзамдын долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына шайкеш келтирилүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда белгиленген сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кайра иштеп чыгууну сунуштайт.
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- этил спиртинин 28%дан ашык көлөмдүк үлүшүнө ээ болгон алкоголдук продукция үчүн маркалоосунда мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу сүрөттөрдүн жана/же пиктограммалардын фонундагы этикетканын жана/же контроэтикетканын негизги аянтынын кеминде 40%да алкоголду колдонуунун зыяны жөнүндө медициналык эскертүүнү да жайгаштыруу зарыл. Мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык эскертүү карайтылган Helvetica шрифти менен ак фондо так жана даана жазылышы керек, ал бөтөлкөнүн (таңгактын) сыртында, аны ачууда бузулбагандай жерде жайгаштырылат.";
- 10-беренесинин 6-бөлүгүндө "интеллектуалдык менчик жаатындагы" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|