Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 149
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоонун даректүүлүгүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
32-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жалпы кирешеси" деген сөздөр "жыйынды кирешеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин 1-пунктунун 4-пунктчасындагы "жалпы кирешеси" деген сөздөр "жыйынды кирешеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун 2-пунктчасы "салык органдары тарабынан берилген патенттин" деген сөздөрдөн кийин "(багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентине берилүүчү ыктыярдуу патенттен тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13-14-пунктчалар менен толукталсын:
"13) үй-бүлөнүн бакубаттыгын жакшыртууга жана үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга багытталган долбоорлордун алкагында үй-бүлөгө натуралык же акчалай түрдө көрсөтүлгөн жардамдын суммасы;
14) багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысы.";
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
2-пунктундагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "жалпы киреше" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9 жана 10-пункттарындагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-главасынын аталышындагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-главасынын аталышындагы "Жалпы кирешени" деген сөздөр "Жыйынды кирешени" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-главасынын аталышындагы жана 18-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-главасынын аталышындагы жана 21-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-главасынын аталышындагы жана 22, 23-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "жалпы киреше" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27-29, 31 жана 33-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "жалпы киреше" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11-главасынын аталышындагы жана 34-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36-пунктундагы "Жалпы киреше" деген сөздөр "Жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |