Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-апрели № 150
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды арттырууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды арттырууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- токтомдун 2 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктунда:
1) "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) экинчи абзацы "("Ак-Жол автожол")" деген сөздөрдөн кийин ", Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол")" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4, 5, 7 жана 11-пункттарындагы "транспорттук контролдоонун жана" деген сөздөр алып салынсын;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;
- Тартиптин 1 жана 2-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусу менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
Тартип кыйыр салыктарды башкаруу максатында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды өткөрүүнү эсепке алуу жол-жобосун аныктайт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды эркин өткөрүүгө тыюу салбайт (чектебейт).
Ушул Тартип төмөнкүлөргө карата колдонулат:
1) ушул Тартиптин 3-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган ыйгарым укуктуу уюмдарга жана ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган тартипте ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү товарларды жана алардын көлөмүн эсепке алуу жол-жобосуна;
2) мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу боюнча төмөнкү пункттарга:
- Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка автожолу"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожолу"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожолу"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол") транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар биринин иштеп баштаган күнүнөн тартып;
- Талас облусунун Манас районунда ("Кичи-Капка автожолу"), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Жайыл автожолу"), Чүй облусунун Сокулук районунда ("Камышановка автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожолу"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожолу"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожолу") транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар бирин орнотуу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жараша.";
- 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салык салуу жана товарларга байкоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) датасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды жана өткөрүлүүчү жүктөрдүн көлөмүн эсепке алуу салык кызматы органдары тарабынан төмөнкүлөр менен бирдикте жүзөгө ашырылат:
1) товарларды ташууда - убактылуу/стационардык пункттун ишине тартылган мамлекеттик органдар;
2) товарларды төмөнкүлөр аркылуу ташууда товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүктү алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдар:
- темир жол транспорту - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (ушул Тартиптин № 9 тиркемесине ылайык форма боюнча);
- аба транспорту - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому, же товарларды эсепке алуу жана/же жүк алуучуга өткөрүп берүү боюнча милдет жүктөлгөн агент (ушул Тартиптин № 9 тиркемесине ылайык форма боюнча).
4. Ыйгарым укуктуу салык органы менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ыйгарым укуктуу уюмдардын ортосундагы маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү ушул Тартиптин жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын биргелешкен чечими менен бекитилген регламенттин негизинде ишке ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүү (импорттоо) датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
- товарларды темир жол транспорту менен ташууда - белгиленген станцияга келген дата;
- товарларды аба транспорту менен ташууда - ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан товарлар таризделген дата.";
- 12-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык органы арызды кароодо бир жумуш күндүн ичинде маалымкатты берүү жөнүндө же баш тартууну негиздөө менен маалымкатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкатты берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги;
2) тигүү жана текстиль тармагынан тышкары, ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүү.";
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 9-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 1-8-тиркемелериндеги "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 9-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жол/аба транспорту менен товарларды өткөрүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Станциянын/аэропорттун аталышы ___________________________________________
№ | Жазылган дата | Станциянын, аэропорттун аталышы | Жүк алуучу тууралуу маалымат | Инвойс эсеп-фактурасынын № жана датасы | Жүк тууралуу маалымат | Жүк жөнөтүүчү тууралуу маалымат | |||||||||||
Аталышы | ИСНи | КодУ | МСКБ коду | ТЭИ ТН боюнча товардын тобунун коду | Жүктүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү (салмагы) | Жүктүн максаттуу багыты | Жүктүн түрү (консолидацияланган - "К", консолидацияланбаган - "КЭ") | Ташып кирүү белгиси (убактылуу ташып кирүү - "У", башкасы - "-") | Жөнөткөн өлкө | Субъекттин аталышы | Субъекттин ИСНи | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер
№ | ТЭИ ТН коду | Позициянын аталышы | Өлчөө бирд. | Саны |
1 | 01 | Бодо мал | баш | 3 |
2 |
| Кой-эчки | баш | 5 |
3 |
| Башка тирүү жаныбарлар | баш | 10 |
4 | 02 | Бодо малдын эти | кг | 20 |
5 |
| Кой-эчкинин эти | кг | 20 |
6 |
| Канаттуулардын эти | кг | 20 |
7 |
| Башка эт жана тамак-аштык эт субазыктары | кг | 20 |
8 |
| Тирүү балык | кг | 20 |
9 |
| Тоңдурулган балык | кг | 20 |
10 |
| Башка балыктар жана рак сымалдар, моллюскалар жана суудагы башка омурткасыздар | кг | 20 |
11 | 04 | Сүт азыктары | литр | 20 |
12 |
| Ак май | кг | 20 |
13 |
| Сыр жана быштак | кг | 20 |
14 |
| Жумуртка | даана | 60 |
15 |
| Накта бал | кг | 10 |
16 |
| Малдан алынуучу башка тамак-аш азыктары | кг | 20 |
17 | 07 | Картошка | кг | 50 |
18 |
| Томаттар | кг | 50 |
19 |
| Пияз | кг | 50 |
20 |
| Капуста | кг | 50 |
21 |
| Сабиз | кг | 50 |
22 |
| Бадыраң | кг | 50 |
23 |
| Буурчак жашылчалары | кг | 50 |
24 |
| Башка жашылчалар жана айрым жегенге жарамдуу тамыры жемиш өсүмдүктөр жана жемиш тамырдуу өсүмдүктөр | кг | 50 |
25 | 08 | Жаңгактар | кг | 25 |
26 |
| Банандар | кг | 25 |
27 |
| Курма, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго | кг | 25 |
28 |
| Цитрус мөмөлөрү | кг | 25 |
29 |
| Жүзүм | кг | 25 |
30 |
| Коон, дарбыз | кг | 50 |
31 |
| Алма, алмурут жана айва | кг | 25 |
32 |
| Кызыл өрүк, алча жана гилас, шабдаалы, кара өрүк | кг | 25 |
33 |
| Башка жемиштер, жегенге болуучу жемиштер жана жаңгактар; цитрус мөмөлөрүнүн кабыгы же коондун кабыгы | кг | 25 |
34 | 09 | Кофе | кг | 10 |
35 |
| Чай | кг | 10 |
36 |
| Башка кофе, чай, мате, же парагвай чайы жана татымалдар | кг | 10 |
37 | 10 | Буудай | кг | 300 |
38 |
| Кара буудай | кг | 300 |
39 |
| Арпа | кг | 300 |
40 |
| Сулу | кг | 300 |
41 |
| Жүгөрү | кг | 300 |
42 |
| Күрүч | кг | 100 |
43 |
| Башка дандар | кг | 300 |
44 | 11 | Ун | кг | 50 |
45 |
| Угут | кг | 100 |
46 |
| Крахмал | кг | 100 |
47 |
| Ун-акшак өнөр жайынын башка азыктары | кг | 50 |
48 | 15 | Малдан жана өсүмдүктөн алынуучу тоң майлар жана суюк майлар | кг | 30 |
49 |
| Өсүмдүктөн же малдан алынуучу башка тоң майлар жана суюк майлар | кг | 30 |
50 | 16 | Колбасалар | кг | 20 |
51 |
| Эт субазыктары | кг | 20 |
52 |
| Даяр же консерваланган балык | кг | 20 |
53 |
| Эттен, балыктан жасалган башка даяр азыктар | кг | 20 |
54 | 17 | Кант | кг | 50 |
55 |
| Кондитер азыктары | кг | 50 |
56 |
| Канттан жасалган башка азыктар | кг | 50 |
57 | 19 | Ундан жасалган даяр тамак-аш азыктары | кг | 50 |
58 |
| Макарон азыктары | кг | 50 |
59 |
| Нан, ундан жасалган кондитер азыктары | кг | 50 |
60 |
| Ундан жасалган башка кондитер азыктары | кг | 20 |
61 | 22 | Минералдуу жана газдалган суулар | литр | 20 |
62 |
| Угуттуу пиво | литр | 20 |
63 |
| Жүзүм шарабы | литр | 10 |
64 |
| Спирт ичимдиктери | литр | 10 |
65 |
| Этил спирти | литр | 10 |
66 |
| Уксус | литр | 10 |
67 |
| Башка алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктар | литр | 20 |
68 | 24 | Тамеки сырьесу | кг | 10 |
69 |
| Башка тамеки жана өнөр жайлык тамекини алмаштыруучулар | кг | 10 |
70 | 25 | Туз | кг | 20 |
71 |
| Мрамор, травертин | кг | 200 |
72 |
| Гранит | кг | 200 |
73 |
| Майда таш, гравий, шагыл же майдаланган таш | кг | 2000 |
74 |
| Гипс | кг | 300 |
75 |
| Акиташ | кг | 300 |
76 |
| Портландцемент, цемент | кг | 200 |
77 |
| Цемент | кг | 200 |
78 |
| Асбест | кг | 300 |
79 |
| Башка топурак жана таш, шыбак материалдары | кг | 500 |
80 | 27 | Таш көмүр, брикеттер | кг | 2000 |
81 |
| Кокс | кг | 2000 |
82 |
| Автомобиль бензини | литр | Бак жана 20 |
83 |
| Дизель отуну | литр | Бак жана 20 |
84 |
| Мотор майлары | литр | 30 |
85 |
| Башка отундар | литр | Жогоруда көрсөтүлгөн позициялардан ашпаган санда |
86 | 30 | Дары каражаттары | даана | Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес |
87 |
| Башка фармацевт продукциясы | даана | Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес |
88 | 31 | Малдан же өсүмдүктөн алынуучу жер семирткичтер | кг | 1000 |
89 |
| Башка жер семирткичтер | кг | 1000 |
90 | 32 | Сырлар жана лактар; шпатлевка, мастика | литр | 30 |
91 |
| Башка боёочу заттар; мастика; полиграфия боёгу, сыя, тушь | литр | 20 |
92 | 33 | Атыр | таңгак | Эки аталышта, 3төн ашык эмес |
93 |
| Атырлуу суу | таңгак | Эки аталышта, 3төн ашык эмес |
94 |
| Башка эфир майлары жана резиноиддер; парфюмердик, косметикалык же атыр каражаттары | таңгак | Эки аталышта, 3төн ашык эмес |
95 | 34 | Самын | таңгак | 20 |
96 |
| Башка жуучу каражаттар, үстүңкү-активдүү органикалык заттар, жуучу каражаттар, майлоочу материалдар, жасалма жана даяр момдор, тазалоо же жылмалоо үчүн курамдар, шамдар жана окшош буюмдар, жабыштырып жасоо үчүн пасталар, пластилин "тиш дарыгеринин мому" жана тиш дарыгеринин гипстин негизиндеги курамдары | кг | 20 |
97 | 36 | Фейерверктер | даана | 20 |
98 |
| Башка пиротехникалык буюмдар | даана | 20 |
99 | 39 | Түтүктөр, түтүкчөлөр, шлангдар жана алардын фитингдери, пластмассадан жасалган | даана | 50 |
100 |
| Ванналар, душтар, раковина, биде, унитаздар, пластмассадан жасалган | даана | 2 |
101 |
| Пластмассадан жасалган ашкана идиштери | даана | 50 |
102 |
| Пластмассадан жасалган башка буюмдар | даана | 50 |
103 | 40 | Жаңы резина шиналары жана покрышкалары | даана | 4 |
104 |
| Мурда колдонулган резина шиналары жана покрышкалары | даана | 4 |
105 |
| Резина камералары | даана | 8 |
106 |
| Башка каучук, резина жана алардан жасалган буюмдар | даана | 5 |
107 | 41 | Бодо малдын иштетилбеген терилери | даана | 5 |
108 |
| Кой-эчкинин иштетилбеген терилери | даана | 5 |
109 |
| Ийленген булгаары | даана | 2 |
110 |
| Башка иштетилбеген терилер (накта мехтен тышкары) жана өңдөлгөн булгаары | даана | 5 |
111 | 42 | Саквояждар, чемодандар, аялдардын сумкалары | даана | 5 |
112 |
| Накта булгаарыдан жасалган башка буюмдар (жибек куртунун фиброининин буласынан тышкары) | даана | 5 |
113 | 44 | Иштетилбеген жыгач материалдары | м3 | 10 |
114 |
| Тактайлар | м3 | 10 |
115 |
| Желимделген фанера | м3 | 10 |
116 |
| Башка жыгачтар жана алардан жасалган буюмдар; жыгач көмүрү | м3 | 10 |
117 | 46 | Токулган жана токуу үчүн материалдан жасалган ошол сыяктуу буюмдар | даана | 10 |
118 |
| Башка токулган буюмдар | даана | 10 |
119 | 47 | Жыгачтан же башка булалуу целлюлоза материалдарынан масса; регенирленген кагаз же картон | м3 | 5 |
120 | 48 | Кагаз жана картон; кагаз массасынан, кагаздан же картондон буюмдар | даана/кг | 10 же 50 |
121 | 49 | Басма китептери, гезиттер, репродукциялар жана полиграфия өнөр жайынын башка буюмдары | даана | 10 |
122 |
| Башка басма продукциясы | даана/кг | 10 же 50 |
123 | 50 | Жибек | кг/метр | 20 |
124 |
| Жибектен жасалган башка буюмдар | кг/метр | 20 |
125 | 51 | Жүн | кг | 20 |
126 |
| Жүн жиптен жасалган кездемелер | кг/метр | 10 |
127 | 52 | Пахта | кг | 20 |
128 |
| Пахтадан жасалган башка буюмдар | даана | 10 |
129 | 55 | Синтетика булаларынан жасалган кездемелер | кг/метр | 10 |
130 |
| Химиялык буладан жасалган башка буюмдар | даана | 10 |
131 | 57 | Килемдер | даана | 2 |
132 |
| Башка килемдер жана полго салынуучу текстиль жабуулары | даана | 2 |
133 | 59 | Линолеум | метр | 10 |
134 |
| Башка текстиль материалдары | метр | 10 |
135 | 61 | Пальто, кыска пальто, жамынма, плащтар, күрмөлөр, ветровкалар, штормовкалар | даана | 2 |
136 |
| Костюмдар, комплекттер, пиджактар, блайзерлер, шымдар, комбинезондор | даана | 2 |
137 |
| Көйнөктөр | даана | 10 |
138 |
| Блузкалар, блузылар | даана | 10 |
139 |
| Кальсондор, трусылар, ич көйнөктөр, пижамалар, мончого кийүүчү халаттар, үйдө кийүүчү халаттар | даана | 10 |
140 |
| Майкалар, жеңи менен фуфайкалар жана башка машина же кол менен токулган трикотаж фуфайкалар | даана | 10 |
141 |
| Свитерлер, пуловерлер, кардигандар, жилеттер | даана | 5 |
142 |
| Балдар кийими | даана | 10 |
143 |
| Спорттук костюмдар | даана | 5 |
144 |
| Колготкилер, чулкилер, гольфалар, байпактар | даана | 20 |
145 |
| Мээлейлер, кол каптар | даана | 5 |
146 |
| Башка кийим предметтери | даана | 5 |
147 | 63 | Жууркандар жана пледдер | даана | 5 |
148 |
| Ич кийим | даана | 10 |
149 |
| Көшөгө | даана | 5 |
150 |
| Брезенттер; чатырлар | даана | 2 |
151 |
| Башка даяр текстиль буюмдары | даана | 5 |
152 | 64 | Бут кийим | даана | 10 |
153 |
| Башка бут кийим | даана | 10 |
154 | 65 | Шляпалар | даана | 3 |
155 |
| Башка баш кийимдер жана алардын бөлүктөрү | даана | 3 |
156 | 66 | Зонттор | даана | 5 |
157 |
| Күндөн коргоочу башка зонттор, тросттор, тросттор-отургучтар, атка минүү үчүн чыбыктар, камчылар жана алардын бөлүктөрү | даана | 5 |
158 | 68 | Брусчатка, бордюр таштары жана плиталары | даана | 200 |
159 |
| Иштетилген таш | даана | 200 |
160 |
| Цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган буюмдар | даана | 200 |
161 |
| Таштан, гипстен, цементтен, асбесттен, слюдадан же ушуларга окшош материалдардан жасалган башка буюмдар | даана | 100 |
162 | 69 | Кыштар, блоктор, плиткалар | даана | 500 |
163 |
| Отко чыдамдуу кыштар | даана | 500 |
164 |
| Башка керамика буюмдары | даана | 5 |
165 | 70 | Айнек тактасы | даана | 10 |
166 |
| Айнек күзгүлөр | даана | 5 |
167 |
| Ашкана идиши | даана/компл. | 20/3 |
168 |
| Айнектен башка буюмдар жана алардан жасалган буюмдар | даана/компл. | 20/3 |
169 | 71 | Табигый же жасалма бермет, өстүрүлгөн, кымбат баалуу же жарым-жартылай кымбат баалуу таштар, кымбат баалуу металлдар, кымбат баалуу металлдар менен жасалгаланган металлдар жана алардан жасалган буюмдар; бижутерия; тыйындар | даана | 10 |
170 |
| Кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган башка буюмдар | даана | 10 |
171 | 72 | Кара металлдар | кг | 1000 |
172 |
| Башка кара металлдар | кг | 1000 |
173 | 73 | Кара металлдардан жасалган буюмдар | даана | 1000 |
174 |
| Кара металлдардан жасалган башка буюмдар | даана | 1000 |
175 | 74 | Жез жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
176 |
| Башка жез жана андан жасалган буюмдар | даана | 1000 |
177 | 76 | Алюминий жана андан жасалган башка буюмдар | кг | 1000 |
178 |
| Башка алюминий жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
179 | 78 | Коргошун жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
180 |
| Башка коргошун жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
181 | 82 | Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган аспаптар, керек-жарактар, бычак буюмдары, кашыктар жана аш айрылар, кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган алардын бөлүктөрү | даана | 50 |
182 | 83 | Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган башка буюмдар | даана | 10 |
183 | 84 | От казандар | даана | 2 |
184 |
| Насостор | даана | 2 |
185 |
| Машиналар, жабдуулар жана станоктор | даана | 2 |
186 |
| Аспаптар | даана | 10 |
187 |
| Башка жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр | даана | 2 |
188 | 85 | Кыймылдаткычтар | даана | 2 |
189 |
| Трансформаторлор | даана | 2 |
190 |
| Аккумуляторлор | даана | 3 |
191 |
| Башка электр машиналары жана жабдуулар, алардын бөлүктөрү, үн жазуучу жана үн чыгаруучу аппаратура, телевизиондук сүрөттөрдү жана үндөрдү жазуу жана көрсөтүү үчүн аппаратура, алардын бөлүктөрү жана буюмдары | даана | 2 |
192 | 87 | Темир жол же трамвайынын кыймылдуу курамынан тышкары, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү жана буюмдары | даана | 1 |
193 |
| Башка транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү | даана | 1 |
194 | 89 | Кемелер, кайыктар | даана | 1 |
195 |
| Башка сүзүүчү конструкциялар | даана | 1 |
196 | 90 | Оптикалык, фотографиялык, кинематографиялык, өлчөө, контролдоо, прецизиондук, медициналык же хирургиялык аспаптар жана аппараттар; жана алардын бөлүктөрү жана буюмдары | даана | 5 |
197 |
| Башка приборлор жана түзүлүштөр | даана | 5 |
198 | 91 | Бардык түрдөгү сааттар жана алардын бөлүктөрү | даана | 5 |
199 | 92 | Музыкалык аспаптар; алардын бөлүктөрү жана буюмдары | даана | 5 |
200 | 94 | Эмерек | даана | 2 |
201 |
| Медициналык, хирургиялык, стоматологиялык же ветеринариялык эмеректер | даана | 2 |
202 |
| Матрас үчүн негиздер; шейшеп-жаздык каптар жана ушул сыяктуу эмерек буюмдары | даана | 10 |
203 |
| Башка эмеректер жана анын бөлүктөрү | даана | 2 |
204 | 95 | Оюнчуктар, оюндар жана спорттук инвентарь жана алардын бөлүктөрү жана тетиктери | даана | 10 |
205 | 97 | Көркөм өнөр чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат | даана | 5 |
Эскертүү:
Адамдын товар алып өтүүсүнүн кайталанышы ошол эле адам суткасына бир жолудан ашпаган санда өтүүсү менен аныкталган.
Ушул тизме төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө тыюу салынган же чектелген товарларга;
2) ишкердик максаттарда колдонулган товарларга.".