Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430, 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусу менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
Тартип кыйыр салыктарды башкаруу максатында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды өткөрүүнү эсепке алуу жол-жобосун аныктайт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды эркин өткөрүүгө тыюу салбайт (чектебейт).
Ушул Тартип төмөнкүлөргө карата колдонулат:
1) ушул Тартиптин 3-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган ыйгарым укуктуу уюмдарга жана ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган тартипте ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү товарларды жана алардын көлөмүн эсепке алуу жол-жобосуна;
2) мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу боюнча төмөнкү пункттарга:
- Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка автожолу"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожолу"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожолу"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол"), Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Кара-Балта" темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Аламүдүн" темир жол станциясы), Ош облусунун Кара-Суу районунда ("Кара-Суу" темир жол станциясы), Бишкек шаарында ("Бишкек-1" темир жол станциясы), "Манас" эл аралык аэропортунда, "Ош" эл аралык аэропортунда транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар биринин иштеп баштаган күнүнөн тартып;
- Талас облусунун Манас районунда ("Кичи-Капка автожолу"), Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Жайыл автожолу"), Чүй облусунун Сокулук районунда ("Камышановка автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожолу"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожолу"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожолу") Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Кара-Балта" темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Аламүдүн" темир жол станциясы), Ош облусунун Кара-Суу районунда ("Кара-Суу" темир жол станциясы), Бишкек шаарында ("Бишкек-1" темир жол станциясы), "Манас" эл аралык аэропортунда, "Ош" эл аралык аэропортунда транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар бирин орнотуу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жараша.
- Талас облусунун Манас районунда ("Кичи-Капка автожолу"), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Жайыл автожолу"), Чүй облусунун Сокулук районунда ("Камышановка автожолу") транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар бирин орнотуу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жараша.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) товарды импорттоо - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына экономикалык максатта пайдалануу үчүн товарды ташып киргизүү;
2) импортер - импорттолуучу товарды сатып алуучу же алуучу болуп саналган юридикалык же жеке жак, жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти же резиденти эмеси. Эл аралык транспорттук коштомо кагазда (CMR) же коштоочу кагазда көрсөтүлгөн товардын сатып алуучусу же сатуучусу болбогон учурда товардын ташуучусу импортер деп таанылат;
3) консолидацияланган жүк - бир транспорт каражатында бир жүк ташуучу тарабынан өткөрүлүүчү (темир жолдон тышкары), ар башка жөнөтүүчүлөргө таандык болгон жана/же ар башка алуучуларга багытталган товарлардын ар түрдүү партиялары;
4) эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) - жүктөрдү эл аралык автотранспорттук ташууну жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды ырастоочу товардык-коштоочу документ;
5) мобилдик топ - курамында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын, салык кызматы органынын, ички иштер органынын, Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча органынын кызматкерлери болгон, товарларды эсептен өткөрбөй ташып киргизүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана ЕАЭБ укугун бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-контролдук жана рейддик иш-чараларды ишке ашыруу максатында түзүлгөн топ;
6) товарды ташуучу - товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүчү жана ага жооптуу жак;
7) транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункту (мындан ары - убактылуу пункт) - стационардык пункт иштеп баштаганга чейин товарларды жана өткөрүлүүчү жүктөрдүн көлөмүн эсепке алуу, салык салуу максатында Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) күнүн аныктоо, товарларга байкоо жүргүзүү, ошондой эле салык кызматы органынын, ички иштер органынын кызматкерлери жана зарылдыгына жараша мамлекеттик статистика органынын, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды эркин өткөрүүнү чектебеген башка функцияларды ишке ашыруулары үчүн керектүү болгон техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдылган жер;
8) товарларды эсепке алууну камсыз кылуучу стационардык пункт (мындан ары - стационардык пункт) - товарларды жана өткөрүлүүчү жүктөрдүн көлөмүн эсепке алуу, салык салуу максатында Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) күнүн аныктоо, товарларга байкоо жүргүзүү, ошондой эле ыйгарым укуктуу транспорттук контролдоо органынын, салык кызматы органынын, ички иштер органынын кызматкерлеринин жана зарылдыгына жараша мамлекеттик статистика органынын, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын, товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун кызматкерлеринин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды эркин өткөрүүнү чектебеген башка функцияларды ишке ашыруулары үчүн керектүү болгон техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдылган жер;
9) коштоочу кагаз - эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) болбогон учурда ташылуучу товар жөнүндө маалыматты камтыган белгиленген формадагы коштоочу документ;
10) жеке жак тарабынан өткөрүлүүчү коштоочу багаждагы товар -Кыргыз Республикасынын аймагына кол жүк менен ташып келинүүчү товар;
11) транзиттик декларация - ЕАЭБдин бажы органдары тарабынан берилүүчү документ;
12) ыйгарым укуктуу өкүл - башка жактын атынан чыгууга же иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу юридикалык же жеке жак.
13) авиа коштомо кагазы - жүктөрдү эл аралык авиа жол менен ташууну жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды ырастаган товар коштоочу документ;
14) темир жол коштомо кагазы - жүктөрдү эл аралык темир жол менен ташууну жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды ырастаган товар коштоочу документ;
15) журнал - ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алуу журналы;
16) жүктөрдү кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү жер - ыйгарым укуктуу уюмдун кампалары, порттору жана башка обьекттери, ошондой эле жүктөрдү кабыл алып жана өткөрүп берип жаткан анын ведомстволук бөлүмдөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Салык салуу жана товарларга байкоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) датасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды жана өткөрүлүүчү жүктөрдүн көлөмүн эсепке алуу салык кызматы органдары тарабынан төмөнкүлөр менен бирдикте жүзөгө ашырылат:
1) товарларды ташууда - убактылуу/стационардык пункттун ишине тартылган мамлекеттик органдар;
2) товарларды төмөнкүлөр аркылуу ташууда товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүктү алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдар:
- темир жол транспорту - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (ушул Тартиптин № 9 тиркемесине ылайык форма боюнча);
- аба транспорту - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому, же товарларды эсепке алуу жана/же жүк алуучуга өткөрүп берүү боюнча милдет жүктөлгөн агент (ушул Тартиптин № 9 тиркемесине ылайык форма боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ыйгарым укуктуу салык органы менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ыйгарым укуктуу уюмдардын ортосундагы маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү ушул Тартиптин жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын биргелешкен чечими менен бекитилген регламенттин негизинде ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
4-1. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүү (импорттоо) датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
- товарларды темир жол транспорту менен ташууда - белгиленген станцияга келген дата;
- товарларды аба транспорту менен ташууда - ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан товарлар таризделген дата.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын аймагына товар импорттоону көздөгөн импорттоочу ушул Тартиптин 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык форма боюнча, ушул Тартип менен белгиленген талаптарга ылайык товарга эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) же коштоочу кагазды тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
6. 2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып киргизүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардан тышкары, аларга карата Казакстан Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин алымдарынын ставкаларына жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 59 чечими менен бекитилген алымдардын мындай ставкаларынын өлчөмдөрүнө салыштырмалуу кыйла төмөн ташып келүү бажы алымдарынын ставкалары колдонулган Товарлардын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизилген товарларды Казакстан Республикасынан импорттоодо Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарларга электрондук эсеп-фактуранын (инвойстун) (мындан ары - Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча эсеп-фактура) кагаз түрүндөгү көчүрмөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарга ылайык таризделген Кыргыз Республикасынын аймагына ошол товарды ташып келүү укугун ырастаган тийиштүү коштоочу документтердин милдеттүү түрдө болушу талап кылынат.
Мында, Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча эсеп-фактурада жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тийиштүү органынан алынган маалыматтарга ылайык келиши керек.
7. Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча эсеп-фактуралардын жана ошол товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастаган тийиштүү коштоочу документтердин бар экендигин жана аныктыгын текшерүү убактылуу/стационардык пунктта салык органынын кызмат адамы, аймактык мобилдик топ тарабынан ишке ашырылат.
8. Импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу өкүлү Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча эсеп-фактураларда, товарларга эл аралык транспорттук коштомо кагазда (CMR) же коштоочу кагазда жана ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерде көрсөтүлүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарынын же бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликке тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо фактысы боюнча импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан салык органдарына тийиштүү салык отчеттору берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык каралган импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнөт. Тийиштүү салык отчеттору берилбеген жана импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнбөгөн учурда, импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарынын же бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликке тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасына автомобиль транспорту менен товарларды импорттоодо эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) же коштоочу кагазды тариздөө жана пайдалануу
10. Экономикалык иштин максаттарында товарларды импорттоону көздөгөн импорттоочу салыктык катталган жери боюнча тийиштүү салык органына "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берет. Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкаттын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
11. Салык органы арызды карап чыгат жана салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочунун салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерет.
12. Салык органы арызды кабыл алгандан жана салыктык каттоо фактысын аныктагандан кийин, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат берет.
Салык органы арызды кароодо бир жумуш күндүн ичинде маалымкатты берүү жөнүндө же баш тартууну негиздөө менен маалымкатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкатты берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги;
2) тигүү жана текстиль тармагынан тышкары, ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат Мамлекеттик салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгында КНС төлөөчүлөрү катары катталган субъектилер үчүн алган күндөн тартып 180 календардык күндүк, ал эми калган субъектилер үчүн 60 календардык күндүк мөөнөткө жарактуу.
14. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу жок болгон учурда салык органынын кызмат адамы салыктык каттоо жол-жобосун ишке ашырат.
15. Импорттоочу Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды автомобиль транспорту менен ташып келүүдө эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) тариздейт (толтурат). Таризделген транспорттук коштомо кагаз (CMR) болбогон учурда импорттоочу жана/же ыйгарым укуктуу өкүлү коштоочу кагазды толтурууга милдеттүү.
16. Консолидацияланган жүктү импорттоодо (ташып киргизүүдө) импорттоочу/жүк ташуучу ар бир жүк (товар) алуучуга эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) же консолидацияланган жүккө коштоочу кагазды ушул Тартиптин 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык форма боюнча тариздейт.
Эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) же коштоочу кагаз ар бир жүк (товар) ташуучу транспорт каражатына өз-өзүнчө таризделет.
17. Товарларды автомобиль транспорту ар кылуу ташып өткөрүүдө -эл аралык транспорттук коштомо кагаздагы (CMR) штампта көрсөтүлгөн же убактылуу/стационардык пунктта иштеген салык органынын кызмат адамынын коштоочу кагазга койгон датасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып киргизүү (импорттоо) датасы болуп эсептелет.
18. Ушул Тартипке ылайык түзүлгөн товарларды эсепке алуу боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык органдары тарабынан салыктык башкаруу максатында колдонулат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз милдеттерин аткаруу максатында контролдук функцияларды аткаруучу башка мамлекеттик органдар менен иштешүүдө колдонуу үчүн жеткиликтүү.
19. Эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) же импорттоочунун салыктык каттоосун ырастоо максатында товар импорттоодо колдонулган коштоочу кагаз салык кызматынын маалыматтык системасы же "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси бар салык органы берген маалымкат же импорттоочунун мөөрү менен ырасталган анын көчүрмөсү менен салыштырылат.
20. ЕАЭБге мүчө мамлекетте сатып алынган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө, ага карата тийиштүү коштоочу кагаз таризделет, ага автотранспорт каражаттарын каттоодон өткөрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда автотранспорт каражатын каттоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар киргизилет:
- кузовдун номери;
- автотранспорт каражатынын тиби;
- кыймылдаткычтын көлөмү;
- чыгарылган жылы.
Ишкердик эмес, жеке максатта бир транспорттук каражаттын бирдигин ташып киргизүүдө салык органынын маалымкаты талап кылынбайт.
21. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды убактылуу ташып киргизүүдө "убактылуу ташып киргизүү" деген белгиси менен тийиштүү коштоочу кагаз милдеттүү түрдө таризделет.
Мында, убактылуу ташып киргизүүчү жак салык органына убактылуу ташып киргизүүнү ырастаган кошумча документтерди берет, алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- эл аралык макулдашуулар жана/же келишимдер, жана/же мамлекеттик органдардын чечимдери;
- көргөзмө-жарманкелерге катышууга чакыруу.
22. Товарларды кайра иштетүү же концерттик-оюн-зоок, спорттук, көргөзмө-жарманкелик иш-чараларды өткөрүү максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарларды, жабдууларды кайра ташып чыгаруу үчүн убактылуу ташып киргизүүдө "убактылуу ташып киргизүү" белгиси менен тийиштүү коштоочу кагаз таризделет жана маалымкат берилет:
- товарларды кайра иштетүү үчүн ташып киргизүүдө - товарды кайра иштетүүчү болуп эсептелген субъект тарабынан;
- концерттик-оюн-зоок, спорттук, көргөзмө-жарманкелик иш-чаралардын уюштуруучусу (коюучусу) болуп эсептелген субъект тарабынан.
23. Бир нече импорттоочу товарды алуучулар (сатып алуучулар) болуп, товарды адистештирилген жүк ташуучу (транспорттук, почта уюму же жүк ташууну уюштуруучу жак) ташып киргизген (импорттогон) учурда эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) же коштоочу кагаз ар бир импорттоочу үчүн өз алдынча таризделет же жүк ташуучу тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден консолидацияланган жүктү алуучулардын реестри менен консолидацияланган жүккө коштоочу кагаздын таризделиши аркылуу ишке ашырылат.
24. Консолидацияланган жүктү ташып киргизүү белгиси менен эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) же коштоочу кагазды тариздөөдө консолидацияланган жүктүн ташуучусу ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден консолидацияланган жүктү алуучулардын реестрин түзөт жана кошумча ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен өзүнүн салыктык катталган жери боюнча аймактык салык органына берет.
25. Эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) жок болгон, Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча тийиштүү коштоочу кагаз, эсеп-фактура таризделбеген, тийиштүү салык отчету берилбеген жана импорт боюнча кыйыр салык төлөнбөгөн, анык эмес маалымат чагылдырылган учурда импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамдары Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарынын же бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликке тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Товарды импорттоодо 2 нускада эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) болууга тийиш, аларда көрсөтүлгөн реквизиттердин баары (жүктү сатып алуучунун/алуучунун ИСНи) толтурулуп, товар жөнүндө маалымат жана "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын жарактуу маалымкаты же импорттоочунун мөөрү менен ырасталган көчүрмөсү болот. Жүк жөнөтүүчү тарабынан таризделген эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) жок болгон учурда импорттоочуда товарга коштоочу кагаз милдеттүү түрдө болууга тийиш (2 нускада комплект).
27. Коштоочу кагазда көрсөтүлгөн маалыматтары менен инвойстун жана/же товардык коштомо кагаздын маалыматтарынын ортосунда жүктү ташып киргизүү көлөмү боюнча 5%га чейинки айырмага жол берилет.
28. Импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу өкүлү таризделген эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды (CMR) же Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча коштоочу кагаздарды, эсеп-фактураларды эсепке алат, аларда тариздөө күнү, товарды жөнөтүүчү, товардын аталышы, товардын көлөмү, ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча товардын тобу сыяктуу көрсөткүчтөр чагылдырылат.
29. Эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) же Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча коштоочу кагазды, эсеп-фактураларды эсепке алууну уюштуруу жана сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген тартипте импорттоочуга жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Убактылуу/стационардык пунктта эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) же коштоочу кагазды көрсөтүү
30. Кыргыз Республикасынын аймагына автомобиль транспортунда товар импорттоо үчүн импорттоочу же жүк ташуучу, убактылуу/стационардык пункттун ишине катышкан салык органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) 2 нускасын же "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси бар салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө жарактуу маалымкат же анын көчүрмөсү менен бирге коштоочу кагаздын 2 нускасын көрсөтөт.
2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери тууралуу протоколдун 3-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардан тышкары, Тизмеге кирген товарларды Казакстан Республикасынан импорттоодо ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин болушу милдеттүү түрдө талап кылынат.
Таризделген эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) же импорттоочунун же товарды (жүктү) жөнөтүүчүнүн/жеткирүүчүнүн мөөрү менен ырасталган коштоочу кагаздын көчүрмөлөрүн көрсөтүүгө жол берилет.
31. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү импорттоочунун/жүк ташуучунун автомобилдик транспорт каражаты менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казакстан участогундагы автожол контролдук-өткөрүү пункту аркылуу өтүүдө импорттоочу/жүк ташуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органынын маалым катын тиркөө менен товар коштоочу документтерин көрсөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
311. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы товар коштоочу документтерди, транспорт каражатынын техникалык паспортун, импорттоочунун/ташуучунун паспортун сканерден өткөрөт, маалыматтык системага сканерленген версияларды киргизет жана маалыматты реалдуу убакыт режиминде убактылуу/стационардык пунктка өткөрүп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Убактылуу/стационардык пункттун иштешин уюштуруу
32. Убактылуу/стационардык пункттун иши салык кызматы органынын, ички иштер органынын, ошондой эле зарыл болгон учурда мамлекеттик статистика органынын, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
321. Импорттоочу/жүк ташуучу мамлекеттик чек арадан өткөндөн кийин убактылуу/стационардык пунктка барат, ал жерде ташып келаткан товарын эсепке алуу, иш жүзүндө көрсөтүп жаткан товар коштоочу документтеги маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн (сканерленген версиядагы), республиканын аймагына товарларды ташып келүүгө негиз болгон маалыматтар жана салмак-габариттик контролдоо пунктунан алынган маалымат менен салыштыруу жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Импорттоочу/ташуучу же алардын ыйгарым укуктуу адамы төмөнкү аракеттерди жүргүзүү менен импорттолуучу товарлар (жүктөр) тууралуу берилүүчү документтерди убактылуу/стационардык пунктта каттоого милдеттүү:
- убактылуу/стационардык пункттун тийиштүү кызмат адамына ушул Тартиптин 6 жана 26-пункттарында көрсөтүлгөн ташып киргизилүүчү товарларга (жүктөргө) товар коштоочу документтерди берүү;
- убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы карап көрүүсү үчүн автотранспорт каражатын ачуу, автотранспорт каражаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспортеру тарабынан пломбаланган болсо пломбасын ачуу;
- каттоодон өтүп, документтерди көрсөткөндөн кийин убактылуу/стационардык пункттун тийиштүү кызмат адамынан кирип жатканда берилген документтерди, убактылуу/стационардык пункттан өтүү датасын жана убактысын көрсөтүү менен штамп коюлган эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды (CMR) же коштоочу кагаздарды алуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Убактылуу/стационардык пункттун тийиштүү кызмат адамы төмөнкү аракеттерди жүргүзүү менен импорттолуучу товарлар (жүктөр) тууралуу берилүүчү документтерди каттоого милдеттүү:
1) импорттоочудан/ташуучудан же алардын ыйгарым укуктуу адамынан төмөнкүлөрдү кабыл алуу:
- ташылуучу товарга (жүктөргө) товарды коштоочу документтерди, эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) эки нускасын же коштоочу кагаздын эки нускасын, транзит учурунда - транзиттик декларациянын көчүрмөсүн, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаты же импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн;
- Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча электрондук эсеп-фактуралардын кагаз көчүрмөсүн, Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген ушул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастаган тийиштүү коштоочу кагаздарды.
Мында Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча электрондук эсеп-фактураларда жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тийиштүү органынан алынган маалыматтарга шайкеш келиши керек;
2) салык кызматынын маалыматтык системасынан импорттоочунун салыктык каттоосун, ошондой эле ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык салык органы берген маалымкаттын колдонуу мөөнөтүн текшерүү;
21) Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) кыйыр салыктардын толук түшүүсүн контролдоо максатында транспорт каражаттарын кароо, эгерде автотранспорт каражаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспортеру тарабынан пломбаланса, зарыл болгон учурда кароо үчүн пломбасын ачуу;
3) товарларды эсепке алуу жол-жобосун өтүү мезгилинде импорттоочу/ташуучу же алардын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан салык кызматынын маалыматтык системасында импорттолуучу товарлар (жүктөр) тууралуу берилген документтердин катталышын камсыз кылуу;
4) убактылуу/стационардык пункттан өтүү датасын жана убактысын көрсөтүү менен эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) же коштоочу кагаздын нускаларына штамп коюу;
5) салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочу тууралуу маалыматтарды түзүү жана сактоо;
6) тийиштүү салык органына эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) же коштоочу кагаздын экинчи нускасын, транзиттик декларациянын көчүрмөсүн, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаты же импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Убактылуу/стационардык пункттагы тийиштүү кызмат адамы кабыл алынган эл аралык транспорттук коштомо кагазды (CMR) же коштоочу кагазды, транзиттик декларацияны жана салык органынын маалымкаттарын маалыматтык системада же эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды (CMR), коштоочу кагазды, транзиттик декларацияны жана "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаттарын же ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн эсепке алуу журналында тиешелүү маалыматтарды жазуу менен эсепке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Убактылуу/стационардык пункттун тийиштүү кызмат адамы салык кызматынын маалыматтык системасында кабыл алынган эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) же коштоочу кагаздын, транзиттик декларациянын, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкатынын же импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүнүн реестрин түзөт.
Эл аралык транспорттук коштомо кагаздар (CMR) же коштоочу кагаздар, транзиттик декларациялар, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаттары же импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөлөрү убактылуу/стационардык пункттун кызмат адамы тарабынан реестрге ылайык күн сайын салык органына өткөрүлүп берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Убактылуу/стационардык пункттун салык кызматынын маалыматтык системасында топтолгон маалыматтар алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде кызыкдар болгон бардык мамлекеттик органдар үчүн, ошондой эле импорттоо боюнча салык милдеттенмелерин тактоо максатында жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча импорттоочу-салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
371. "Маймак" темир жол станциясынын аймагына товарларды импорттоону (ташып келүүнү) ишке ашыруучу салык төлөөчүлөр "Маймак" темир жол станциясынын товарларды эсепке алуу пунктунда импорттолуучу жүктөргө документтерди эсепке алууга жана каттоого милдеттүү. Темир жол менен ташуучу салык органдарынын уруксаты менен салык төлөөчүгө жүктөрдү берүү боюнча иш-аракеттерди жасоого тийиш. Темир жол менен ташуучу салык органдарынын уруксатысыз жүктү бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Төмөнкү фактылар аныкталган учурда:
- импорттоочуда/ташуучуда эл аралык транспорттук коштомо кагаз (СМК) же тиешелүү коштоочу кагаз, транзиттик декларация, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалым кат же импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү, ошондой эле ушул Тартиптин 6-пунктунда аталган документтер болбосо;
- салык кызматынын маалыматтык системасында өткөн мезгилде ушул автотранспорт каражаты менен акыркы постто (токтобой өтүү менен) документтерди тариздебей коштомо кагазы жок чек арадан өтүү фактысы болбосо, ал башка ыйгарым укуктуу органдардын автоматташтырылган контролундагы маалыматтар менен салыштыруу жолу аркылуу ачыкка чыкса;
- товар коштоочу документтеги маалыматтар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн (сканерленген версиядагы) жана салмак габариттик контролдоо пунктунан алынган маалыматтар менен шайкеш келбесе;
- коштоочу кагаздагы көрсөткүчтөр импорттолуучу товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчүнө шайкеш келбесе;
- товарды импорттоочуда жана/же ташуучуда товар коштоочу документ болбосо;
убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого милдеттүү:
а) тийиштүү мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына бул туурасында дароо маалымдоого;
б) ушул Тартипке ылайык маалыматты берүүнү эсепке алуу журналына жазууга (7-тиркеме);
в) убактылуу/стационардык пункт аркылуу маалымат берүү мүмкүн болбогон шарттарда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-нөөмөттүк кызматтардын жана/же ички иштер органынын линиясы аркылуу тийиштүү мобилдик топко маалымдоого;
г) мында убактылуу/стационардык пункттун кызматкери транспорт каражатын кароону жүргүзбөйт;
д) тийиштүү мобилдик топтун кызмат адамына маалымдагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына товарды (жүктү) өткөрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөдө коштомо кагаздар колдонулбайт. Бул учурда салык төлөөчү транзиттик декларациянын көчүрмөсүн убактылуу пункттун кызматкерине берүүгө милдеттүү.
Убактылуу/стационардык пункттун тийиштүү кызмат адамы ушул Тартиптин 5-пунктуна ылайык транзиттик декларациялардын көчүрмөлөрүн журналга каттайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Убактылуу/стационардык пункттун кызматкерлерин ушул Тартипте каралган журналдар, ишкердик максаттар эмес, жеке өзү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сатып алган жеңил транспорт каражаттары үчүн коштомо кагаздардын бланктары менен ыйгарым укуктуу салык органы камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Ушул Тартипте каралган, пайдаланылган (толтурулган) журналдар ыйгарым укуктуу салык органына өткөрүлүп берилет.
5. Стационардык пункттун ишин уюштуруу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
51. Темир жол станцияларында/аэропорттордо товарларды эсепке алуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
411. Товарларды темир жол/аба транспорту аркылуу алып келүүдө убактылуу/стационардык пункттун иши салык кызматы органынын кызматкерлери тарабынан товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун жүктөрдү өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу жерлеринде жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
412. Товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун кызмат адамы ички иш тартибине ылайык тиешелүү документтерди текшерүү аяктагандан кийин товар коштоочу документтерди товарларды эсепке алуунун андан аркы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн аймактык салык органынын кызматкерине жиберет. Тиешелүү товар коштоочу документтер берилбеген учурда кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
413. Убактылуу/стационардык пункттун тийиштүү кызмат адамы төмөнкүдөй аракеттерди көрүү жолу менен импорттолуучу товарлар (жүктөр) тууралуу берилген документтерди каттоого алат:
1) товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун кызмат адамынан төмөнкүлөрдү кабыл алат:
- ташылуучу товарга (жүккө) товар коштоочу документтерди, темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын эки нускасын, транзит учурунда - транзиттик декларациянын көчүрмөсүн;
- Казакстан Республикасында тартып алууга туш болгон товарлар боюнча электрондук эсеп-фактуралардын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн жана бул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү укугун ырастоочу, Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген тиешелүү коштоочу документтерди.
Мында Казакстан Республикасында тартып алууга туш болгон товарлар боюнча электрондук эсеп-фактураларда жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тийиштүү органдарынан алынган маалыматтарга шайкеш келиши керек;
2) салык кызматынын маалыматтык системасынан импорттоочунун салыктык каттоосун текшерет;
3) товар коштоочу документтердеги маалыматтарга шайкеш келүүсү боюнча жүктү карап чыгат, эгерде жүк ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспорттоочусу тарабынан пломбаланган болсо, зарылдыкка жараша жүктү кароо үчүн пломбасын алат.
Пломбаны алуу учурунда кызмат адам пломбаны алуу актысын эки нускада толтурат, андан кийин бир нускасын импорттоочуга же анын өкүлүнө берет;
4) товар ташылып келген датаны көрсөтүү менен темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын нускаларына штамп коёт. Темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын бир нускасы товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмга кайтарылып берилет;
5) салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочу жөнүндө маалыматтарды түзөт жана сактайт;
6) темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын экинчи нускасынын, транзиттик декларациянын көчүрмөсүнүн сакталышын камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
414. Төмөнкү фактылар белгиленген учурда:
- темир жол коштомо кагазы/авиа коштомо кагазы, транзиттик декларация, ошондой эле ушул Тартиптин 6-пунктунда аталган документтер жок болсо;
- темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын көрсөткүчтөрү импорттолуучу товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө шайкеш келбесе;
убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкүдөй аракеттерди ишке ашырат:
а) тиешелүү мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына бул жөнүндө токтоосуз маалымдайт;
б) маалыматты берүүнү эсепке алуу журналына жазып коёт;
в) убактылуу/стационардык пункт аркылуу маалымдоо мүмкүн болбогон шарттарда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-нөөмөттүк кызматтардын жана/же ички иштер органдарынын линиясы боюнча тиешелүү мобилдик топко маалымат берет.
Мобилдүү топ келгенден кийин салык органынын кызмат адамы андан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн болгон документтерди берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
415. Темир жол станцияларындагы/аэропорттордогу товарларды эсепке алуу боюнча иштерди уюштуруу жоопкерчилиги убактылуу/сгационардык пункттарда иштеген кызмат адамдарына жана товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмга алар аткарган функциялардын чегинде жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мобилдик топтун ишин уюштуруу
52. Мобилдик топ тийиштүү аймакка жана/же убактылуу/стационардык пунктка (мындан ары - тийиштүү мобилдик топ) бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын атынан тийиштүү мобилдик топ убактылуу/стационардык пункттун кызмат адамынан маалыматты алгандан кийин ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык маалыматты кабыл алууну эсепке алуу журналына жазуу менен алгандыгын ырастайт жана ушул Тартиптин жоболоруна ылайык бул маалымат боюнча тийиштүү чараларды көрөт.
53. Ушул Тартиптин 38-пунктунда аталган убактылуу/стационардык пункттун кызмат адамынан маалымат алгандан кийин тийиштүү мобилдик топ товары (жүгү) менен автотранспорт каражатын кармайт.
54. Тийиштүү мобилдик топ жагдайлар аныкталып, тийиштүү коштоочу кагаз таризделип, коштоочу кагаздын экинчи нускасы тийиштүү салык органына берилгенге чейин товары (жүгү) менен кармалган автотранспорт каражатын убактылуу сактоочу кампаларга (МБК УСК) же товарды импорттоочунун жана/же ташуучунун кампалык, өндүрүштүк аймагына жайгаштырат.
55. Тийиштүү мобилдик топ төмөнкүлөргө укуктуу:
- жүктү убактылуу сактоочу кампаларга же сактоо үчүн дайындалган башка жерлерге чейин коштоп барууга;
- товардын иш жүзүндөгү көлөмүн, анын таандыктыгын контролдоого жана аныктоого, иш жүзүндөгү жүктү жана товардын аталышын жүк коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө, салыштырып кароо үчүн пломбаларды ачууга.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 1-тиркеме |
КОШТОМО КАГАЗ (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) колдонулат)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 3-тиркеме |
КОНСОЛИДАЦИЯЛАНГАН ЖҮКТӨРГӨ КОШТОМО КАГАЗ (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында консолидацияланган жүктү Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) колдонулат)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 4-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 5-тиркеме |
Форма
Эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды (CMR), коштоочу кагаздарды, транзиттик декларацияларды жана салык органынын маалымкаттарын эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Жазуу күнү | Коштоочу кагаздын, эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) же транзиттик декларациянын номери | Коштоочу кагаздын, эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR) же транзиттик декларациянын күнү | "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкат | Жүктүн түрү (консолидацияланган - "К", консолидацияланган эмес - "К.Э") | Ташып киргизүү белгиси (убактылуу ташып киргизүү - "У", башка - "-") | Салык төлөөчү жөнүндө маалымат | Товарларды эсепке алуунун убактылуу/ стационардык пунктунун жооптуу адамынын аты-жөнү, кызмат орду | Колу | |||
Берилген күн | Чыгыш номери | Аталышы | ИСН | МСКБ коду | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
Журналдагы жазуу товарларды эсепке алуудан өтүүдө салык төлөөчү тарабынан берилген эл аралык транспорттук коштомо кагазда (CMR) же коштоочу кагазда же транзиттик декларацияда жана "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" белгиси менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде дароо жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 6-тиркеме |
Форма
Автотранспорт каражатын таразага тартуу АКТЫСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
Күнү _____________
Таразага тартылган жер ______________
Айдоочунун аты-жөнү _____________________________________
Транспорт каражатынын маркасы _______________________________
ТК _________________ чиркегичтин __________________ мамлекеттик номердик белгиси
Параметрлер | Көрсөткүчтөр | Эскертүү |
Күнү жана убактысы |
|
|
Транспорттун товар менен жалпы салмагы |
|
|
Таразага тартуунун жыйынтыктары |
|
|
Таразага тарткан кызматкер | ___________________________ (аты-жөнү) | _________________ (колу) |
|
|
|
Транспорт каражатынын айдоочусу | ___________________________ (аты-жөнү) | _________________ (колу) |
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 7-тиркеме |
Форма
Маалымат берүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Маалымат берилген убакыт, күн | Маалыматты берген товарларды эсепке алуу пунктунун кызматкеринин аты-жөнү, кызмат орду | Автотранспорт каражаты жана айдоочу жөнүндө маалымат | Ташылуучу жүктүн (товардын) негизги түрү | Маалыматты кабыл алган ЭККМК кызматкеринин аты-жөнү, кызмат орду | |||
Автотранспорт каражатынын маркасы | Автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери | Айдоочунун аты-жөнү | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 8-тиркеме |
Форма
Маалыматты кабыл алууну эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Маалымат кабыл алынган убакыт, күн | Маалыматты кабыл алган ЭККМК кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Автотранспорт каражаты жана айдоочу жөнүндө маалымат | Ташылуучу жүктүн (товардын) негизги түрү | Маалыматты берген товарларды эсепке алуу пунктунун кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат | |||
Автотранспорт каражатынын маркасы | Автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери | Айдоочунун аты-жөнү | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 9-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жол/аба транспорту менен товарларды өткөрүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
Станциянын/аэропорттун аталышы ___________________________________________
№ | Жазылган дата | Станциянын, аэропорттун аталышы | Жүк алуучу тууралуу маалымат | Инвойс эсеп-фактурасынын № жана датасы | Жүк тууралуу маалымат | Жүк жөнөтүүчү тууралуу маалымат | |||||||||||
Аталышы | ИСНи | КодУ | МСКБ коду | ТЭИ ТН боюнча товардын тобунун коду | Жүктүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү (салмагы) | Жүктүн максаттуу багыты | Жүктүн түрү (консолидацияланган - "К", консолидацияланбаган - "КЭ") | Ташып кирүү белгиси (убактылуу ташып кирүү - "У", башкасы - "-") | Жөнөткөн өлкө | Субъекттин аталышы | Субъекттин ИСНи | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|