Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 151
"2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууга (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууга (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
"2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашуу (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашуу (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 151 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууга (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 -Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууга (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашуу (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашуу (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Бул БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун ортосундагы бириктирүүчү жолдун долбоору, Фаза 2, (Балыкчы шаарынан тартып Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна чейин (0-43 км) жана Кочкор айылынан тартып Эпкин айылына чейин (64-89 км) жалпы узундугу 68 км түзгөн участоктор) боюнча Зайым берүү жөнүндө макулдашууну жана Грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоого мүмкүндүк берет.
Аталган Долбоор 2018-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынында жактырылган. Аталган Долбоор боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-сентябрындагы № 320-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы түзүлүп, сүйлөшүүлөр 2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн.
Аталган Макулдашууларга кол коюлганга чейин тиешелүү министрликтер, ведомстволор менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан жактырылган.
Макулдашуулардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 457-б буйругу менен жактырылган жана 2018-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан кол коюлган. Аталган макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылган.
Техникалык параметрлери.
Жолдун долбоорлонгон участоктору II техникалык категорияга кирет. Калктуу конушта 2 тилкелүү жана калктуу конуштун сыртында 4 тилкелүү жол кыймылы каралган. Долбоордо калктуу конуштардын ичинде тротуарларды, аялдамаларды, түтүктөрдү, арыкка коюлуучу лотокторду салуу жана жарык берүүчү лампаларды орнотуу каралган.
Каржылоо зарылдыгы боюнча маалымат.
Азия өнүктүрүү банкы 68,5 млн. АКШ долларын кредиттик каражат, 9,5 млн. АКШ долларын гранттык каражат катары бөлүүдө. Кредитти төлөө мөөнөтү 32 жылды түзүүдө, анын ичинде 8 жылдык жеңилдетилген мезгили менен. Жеңилдетилген мезгилдин ичинде пайыздык ставка жылына 1,0% жана кийинки жылдары жылына 1,5% көлөмдө каралган. Салыктарды жана алымдарды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 12,75 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоо берет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкуулоодон өтүп, анын жыйынтыгы боюнча сын пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Макулдашууларды ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.