Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-апрели № 153
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьясынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жарандар эгерде алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилген туруктуу жашап турууга уруксаты болсо Кыргыз Республикасында туруктуу жашай алышат."
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
35-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
39-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин 2-бөлүгүнөн тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |