Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 56
Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Баалоо иши жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” жана 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 “Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
“1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын; “3-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үй долбоорлоо жана куруу үчүн ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга мурда берилген жер участогун сатып алууда жер участокту баалоонун типтүү келишими.”, 1-тиркемеге ылайык;
2-пункттун 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “баалоочуларды же баалоочу уюмду аныктоодо, ошондой эле жер участокторду баалоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алсын;
2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “ыйгарым укуктуу орган жыл сайын баалоочулардын же баалоочу уюмдун кызматтарын төлөөгө акча каражаттарын карасын”.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:
6-пункттун 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«баалоочу - Кыргыз Республикасында баалоо ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык баалоо кызматтарын көрсөтүү үчүн керектүү квалификацияга ээ болгон жеке адам;
баалоочу уюм - белгиленген тартипте катталган жана штатында баалоо ишин аткаруучу бирден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак.;»;
8-пункттун 2-абзацындагы «көз карандысыз баалоочуларды» деген сөздөр “1 жылга чейинки мөөнөт менен ыйгарым укуктуу орган менен кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзө турган баалоочуларды же баалоочу уюмду” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
14-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Арызды кароонун жалпы мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпоосу керек. Шаар куруу корутундусу даярдалган учурда, арызды кароо мөөнөтү 30 күндөн көп эмес мөөнөткө узартылат, бул тууралуу ыйгарым укуктуу орган арыз ээсин кабарлайт.”;
15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«15. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле Бишкек шаардык кенеши тарабынан бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда баалоочуну же баалоочу уюмду аныктоо тартибинин талаптарына ылайык баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчету бар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.»;
17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“17. Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде, ыйгарым укуктуу орган жер участокту баалоого тапшырма даярдайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер участоктун наркын баалоону жүргүзүү үчүн баалоочуну же баалоо уюмун аныктайт.
Жер участокту баалоо өзүнө баалоону өткөрүү предметин жана мөөнөтүн, берүүчү кызматтардын көлөмүн, төлөө өлчөмүн жана тартибин, ошондой эле тараптардын жоопкерчилигин камтыган ыйгарым укуктуу орган менен баалоочунун же баалоо уюмунун ортосунда түзүлгөн Типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Жер участоктун наркын баалоону өткөрүү баалоочу же баалоо уюму тарабынан келишим түзүлгөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Баалоочу же баалоо уюму тарабынан түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүнүн аякташы жер участокту баалоо тууралуу отчетту тапшыруу актысы менен аныкталат.”;
21-пункт төмөнкү мазмундагы кичи пункт менен толукталсын:
«-в 1) жер участогун баалоо жөнүндө отчеттун көчүрмөсү;»;
30- жана 32-пункттардагы «көз карандысыз баалоочунун корутундусуна ылайык» деген сөздөр «баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчетко ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;
32-пункттагы “жер участоктун наркы” деген сөздөр “жана баалоочулардын же баалоочу уюмдун кызматтарын төлөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
үч айлык мөөнөттө, Бишкек шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун ишке ашуусунун жүрүшү тууралуу маалыматты Бишкек шаардык кеңешине берсин;
үч айлык мөөнөттө, муниципалдык жер участоктордун башка түрлөрүн сатып алуу тартибин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
К. Конгантиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын “_9_” _ноябры_ №_56_ токтомуна 1-тиркеме |
| 3-тиркеме |
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда жер участогун баалоонун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары | датасы |
Биз, _______________________________________________________ начальниги ________________________________________ атынан мындан ары “Тапшырыкчы” деп аталуучу, бир тараптан жана ___________________ ______________________________________ атынан мындан ары “Баалоочу” деп аталуучу, экинчи тараптан, бирге «Тараптар» деп аталуучулар, 20__-жылдын “____” ___________ №____ өткөрүлгөн конкурстун (мамлекеттик сатып алуулардын) жыйынтыгынын негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1. Тапшырыкчы тапшырат, ал эми Баалоочу Кыргыз Республикасынын баалоо жүргүзүү иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына жана баалоонун стандарттарына ылайык жер участогунун наркын баалоо жүргүзүү боюнча милдеттерди өзүнө алат жана Тапшырыкчыга баалоо жөнүндө тийиштүү отчет (эксперттик корутунду) берет.
1.2. Тапшырыкчы өткөрүлгөн конкурстун (мамлекеттик сатып алуулардын) шарттарында Баалоочунун ишин кабыл алат жана акы төлөйт.
1.3. Келишимдин колдонуу мөөнөтү 20__ -жылдын “____” __________ тартып 20___-жылдын “___” ____________ чейин.
2. Келишим объектиси
2.1. Баалоо объектиси: Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, идентификациялык номери:_______________________________, аянты ___________ га жер участогу, функционалдык дайындалышы __________________________________________________________________, Бишкек шаарынын __________ районунда _________________________ жайгашкан, _______________________________________________негизинде мындан ары “Жер пайдалануучу” деп аталган __________________________ берилген.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Баалоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
3.1.1. Баалоону жүргүзүүдө Тапшырыкчыдан баалоочунун же анын өкүлүнүн баалоо объектисине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну жана объектти баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди толук көлөмдө берүүнү талап кылууга;
3.1.2. Мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан мамлекеттик же коммерциялык жашыруун сыр болуп саналган маалыматтардан тышкары, объектти баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жазуу түрүндө сурап алууга, эгерде көрсөтүлгөн маалыматты бербегендик объектти баалоонун ишенимдүүлүгүнө негиздүү таасирин тийгизсе, баалоочу аны баалоо жөнүндө отчетто көрсөтүүгө;
3.1.3. Баалоо объекттеринде иштеген, Жер пайдалануучу менен түздөн-түз туугандык мамилеси же жалпы финансылык кызыкчылыгы бар адамдардан башка баалоочуларды же башка адистерди зарылчылыгына жараша келишимдик негизде, өзүнүн эсебинен баалоо жүргүзүүгө катышууга тартууга, алардын аракеттери (аракетсиздиги) үчүн баалоочу өзүнүн жеке иш-аракети (аракетсиздиги) катары жоопкерчилик тартууга;
3.1.4. Эгер Тапшырыкчы келишимдин шарттарын бузган, баалоо объектиси жөнүндө зарыл болгон маалыматты берүүнү камсыз кылбаган же келишимге ылайык иш шарттарын камсыз кылбаган учурда объектти баалоону жүргүзүүдөн баш тартууга;
3.1.5. Колдонулуп жаткан баалоо эрежелеринин жана стандарттарынын, Тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин шарттарынын чектеринде баалоо методдорун өз алдынча аныктоого;
3.1.6. Тапшырыкчыдан бааларды жана ыйгарым укуктуу адамдардан баалоонун колдонуудагы эрежелеринин жана стандарттарынын чегинде баалоо жүргүзүү үчүн керек болгон бардык түшүндүрмөлөрдү жана кошумча маалыматтарды оозеки жана жазуу жүзүндө алууга.
3.2. Баалоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.2.1. Баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү талаптагыдай жүргүзүүгө;
3.2.2. Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тапшырыкчынын алдында жооп берүүгө;
3.2.3. Баалоо иш-аракеттерин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарынын жана баалоо стандарттарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;
3.2.4. Тапшырыкчыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, ошондой эле объективдүү баалоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылган башка жагдайлардын натыйжасында баалоо жүргүзүүгө өзүнүн катышуусунун мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө;
3.2.5. Тапшырыкчыдан, Жер пайдалануучудан жана үчүнчү жактардан баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин сакталышын камсыз кылууга жана Тапшырыкчыга андан алынган документтерди баалоо жөнүндө отчетту берүү менен бирге кайтарып берүүгө;
3.2.6. Баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө Тапшырыкчыдан алынган конфиденциалдуу маалыматты, ошондой эле баалоонун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары учурда Тапшырыкчынын уруксатысыз ачыкка чыгарбоого;
3.2.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда анда сакталган баалоо жөнүндө отчетто турган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте укук коргоо органдарына, сот жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдарга алардын расмий мыйзамдуу талаптары боюнча берүүгө;
3.2.8. Баалоо жөнүндө отчетту Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда баалоочуну же баалоочу уюмду аныктоо Тартиби тарабынан белгиленген талаптарга ылайык баалоо жөнүндө отчетту түзүүгө;
3.2.9. Баалоо жөнүндө түзүлгөн отчетторду жана жумушчу документтерди үч жыл ичинде сактоого.
3.3. Баалоо жүргүзүүгө төмөндөгү учурда жол берилбейт, эгер баалоочу:
3.3.1. Тийиштүү жер участогунда жана/же тургузулган көп кабаттуу турак жай курулуш объектисинде баалоо келишиминен тышкары буюмдук же милдеттүү укугу болсо;
3.3.2. Жер пайдалануучунун уюмдаштыруучусу, менчик ээси, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу же Жер пайдалануучу Баалоочунун уюмдаштыруучусу, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу болуп саналса;
3.3.3. Жер пайдалануучунун кызматкери болуп саналса;
3.3.4. Жер пайдалануучунун жетекчилигинин мүчөлөрүнүн кимдир-бирөөсү, ошондой эле ушул пункттун башка абзацтарында саналган адамдар менен түздөн-түз туугандык мамиледе болгон адам болуп саналса;
3.3.5. Жер пайдалануучунун мураскер коомунун же филиалынын жетекчиси, тең ээси же кызматкери, объекттин Жер пайдалануучусунун тең ээси болуп саналса.
4. Жоопкерчилик
4.1. Баалоочу ушул Келишимди, Кыргыз Республикасынын баалоо иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарын, баалоо стандарттарын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн ушул Келишим жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
4.2. Кыргыз Республикасынын баалоо иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарын жана баалоо стандарттарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуруулууга жатат.
4.3. Баалоочунун Жер пайдалануучу же башка адамдар менен Объекттин баалоо наркын төмөндөтүү боюнча көмүскө бүтүмүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулууга жатат.
4.4. Баалоочу Тапшырыкчыдан алынган маалыматты ачыкка чыгаруунун натыйжасында ага келтирилген зыян үчүн Тапшырыкчынын алдында материалдык жоопкерчилик тартат.
4.5. Баалоочу баалоо иш-аракетинин жүрүшүндө өзү алган жана (же) түзүлгөн маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыздоого милдеттүү жана ал документтерди же алардын көчүрмөлөрүн ким болбосун үчүнчү жактарга берүүгө, же болбосо андагы маалыматтарды Тапшырыкчынын кат жүзүндөгү макулдугусуз жарыялоого укугу жок.
4.6. Баалоочу баалоонун жүрүшүндө алган маалыматтарды башка ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында пайдаланууга укугу жок.
4.7. Баалоочу баалоону жүргүзүүнүн жана баалоо жөнүндө отчет түзүүнүн жүрүшүндө ченемдик укуктук актылардын жана баалоонун стандарттарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
4.8. Баалоочу баалоо жөнүндө отчетту берүү мөөнөтүн аткарбагандыгы үчүн мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн келишимдин наркынын 0,1% өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.
5. Талаштарды чечүү тартиби
5.1. Бардык талаш-тартыштар сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен чечилет.
5.2. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
6. Башка шарттар
6.1. Баалоочу укук жөндөмдүү, кол тамга коюп жаткан келишимдин мазмунун, ошондой эле аны өзү үчүн өтө пайдасыз болгон шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугу жөнүндө түшүнөт.
6.2. Тараптар ушул Келишим үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбагандыгына жана мыйзамга карама-каршы келбегендигине, мажбурлоо жана эрксиздик шарттарда түзүлбөгөндүгүнө кепилдик беришет.
6.3. Ушул Келишим тарабынан каралбаган бардык учур Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр же толуктоолор, бул тууралуу макулдашууну түзүү жолу менен Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн.
6.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, расмий тилде 2 нускада түзүлдү.
6.5. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 382, 385, 393 жана 394-беренелеринин мазмуну баалоочуга түшүнүктүү жана түшүндүрүлгөн.
7. Күчүнө кирүү шарттары
7.1. Ушул Келишим милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
8. Тараптардын юридикалык даректери жана
банктык реквизиттери
Тапшырыкчы | Баалоочу |
_______________________________ (Аталышы) Дареги ________________________ Телефон_______________________ Банктык эсеп___________________ Банк __________________________ БИК __________________________ Начальник _____________________
«_____» ____________/________ (датасы)
(кол тамгасы)
МО | __________________________________ (Аталышы) Дареги ___________________________ Телефон__________________________ Банктык эсеп______________________ Банк _____________________________ БИК _____________________________ Начальник ________________________
«_____» ____________/__________ (датасы)
(кол тамгасы)
МО |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Аденов |