Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 139
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокторго укуктарды түзүү жана берүү тартибин оптимизациялоо жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
(Преамбула Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), 1-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу типтүү келишими, 2-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы, 3-тиркемеге ылайык;
Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
Күрөө жөнүндө типтүү келишим, 5-тиркемеге ылайык.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
ижарачылар тарабынан көп батирлүү үйлөр турган жер участокторду (жер участокторду пайдалануу мөөнөттөрү аяктаганга чейин же аяктагандан кийин) сатып алуу боюнча ишти уюштурсун;
(Үчүнчү абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Бешинчи абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Алтынчы абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ыйгарым укуктуу орган жыл сайын баалоочулардын же баалоочу уюмдун кызматтарын төлөөгө акча каражаттарын карасын
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Б. Абиров |
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын «____» _________ №____ токтомуна 1-тиркеме
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү
долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү)
пайдаланууга берилген жер участокторду сатып
алуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарынын аймагындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарда мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу менен байланышкан Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартибин белгилейт.
3. Бишкек шаарында жеке жана юридикалык жактар тарабынан жер участокторунун сатып алууну жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул жобо тарабынан белгиленген тартипте бекер негизде жүргүзүлөт.
4. Ушул жобо мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер участокторго жайылтылбайт.
5. Бишкек шаарында чет элдик жактарга жер участокторун сатып алууга тыюу салынат.
II. Түшүнүктөр жана терминдер
6. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жер участокторду сатып алуу – бул участокто жайгашкан көп батирлүү үйдүн ээси болгон жер пайдалануучуга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участоктун кайтарымдуу жана келишимдүү ажыратылышы;
(Үчүнчү абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
шаар куруу документтери – райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, чек салуунун деталдуу пландаштыруу долбоорлору, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн жана башка калктуу конуштардын пландаштыруучу түзүмдөрүнүн элементтерин куруу;
арыз ээси – жер участогун менчикке сатып алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга арызы менен кайрылган, көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн жер участокту ижарага алуучу болуп саналган жак;
имараттар жана курулуштар – жер менен тыгыз байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде батирлер, көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайлар;
жер пайдалануучу – жер участогун пайдалануу укугу көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген, өткөрүлүп берилген жеке же юридикалык жак;
көп батирлүү үй – эки жана андан көп батир, ошондой эле жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайлары (жалпы пайдалануудагы жайлар) бар турак жай имараты;
жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугу – жер участогун 50 жылга чейинки мөөнөт менен чектелген ижара шарттарында пайдалануу;
жер участогуна менчик укугу –Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан таанылган, жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен ага тийиштүү жер участокту өзүнүн каалоосу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
уруксат берилген жер участокту пайдалануу – шаар куруу документтери жана жер пайдалануу жана курулуш эрежелери тарабынан белгиленген шаар куруу регламентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө ылайык жер участогун пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – жер участоктордун пайдаланылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;
жерлердин функционалдык багытталышы – жер участокко укуктарды ырастоочу документтерде, келишимдерде же башка укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер участокторун пайдалануу;
баа (сатып алуу наркы) – ыйгарым укуктуу орган жана ижарачынын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн жыйынтыгында жер участок сатып алына турган акчанын суммасы.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Жер участокторду сатып алуу үчүн негиздер
7. Объект эксплуатацияга киргизилген же курулуш даярдыгы 100 пайыздан кем эмес болсо, укугу жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган, 5 кабаттан жогору көп батирлүү үйлөрү бар ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууда турган жер участоктун ижарачысы жер участокту сатып алууга арыз ээси болуп чыгууга укуктуу.
8. Бишкек шаарында ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участокторго укуктарын берүү боюнча комиссиянын (мындан ары – комиссия) чечиминин негизинде жер участокту толук сатып алуу наркы төлөнгөндөн кийин жана белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Жер участогунун сатып алуу наркы «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамы кабыл алынганга чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасына (мындан ары – Методика) ылайык аныкталат. Жер участогунун наркын эсептөө көрсөтүлгөн Методикага ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Жер участокторун сатып алууга арыздарды кароо тартиби
9. Ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр көрсөтүлүүсү тийиш болгон арыз берилет:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (бир маанилүү идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, инсандыгын ырастаган документтердин маалым даректери, жеке жактар үчүн – катталган жери (каттоодо тургандыгы) жана анык жашаган жери жөнүндө маалыматтар, юридикалык жактар үчүн – уюмдаштыруу документтери боюнча юридикалык жактын маалыматтары, юридикалык жактын мамлекеттик катталган дареги, байланышуу үчүн телефон номерлери, ижарачынын атынан анын өкүлү кайрылган учурда ишеним каттын маалым даректери. Юридикалык жактар үчүн кошумча чет өлкөлүктөрдүн катышы жок тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт);
б) участоктун аянты жана жайгашкан жери.
Арызга төмөндөгү документтердин түп нускаларын берүү менен төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
а) жер участокко укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин;
б) арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документтин, ошондой эле арыз ээси юридикалык жак болсо, уюмдаштыруу документтеринин;
в) эксплуатацияга киргизүү актысынын көчүрмөсү (курулуш аяктаган учурда);
г) ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылган күнү алынган Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөсү.
10. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда арызды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу:
а) арыз ээсинин атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок жак кайрылганда;
б) эгерде ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү болгон документтер берилбесе.
11. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынгандыгын тастыктаган документ берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн бар экендигин (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоочу жана сот органдарынын актылары) карап чыгат.
Чектөөлөр бар болгондо ыйгарым укуктуу орган арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине негиздүү баш тартууну жөнөтөт.
12. Ижара төлөмдөрү боюнча карыздар жана ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган арыз катталган мезгилден тартып 3 жумуш күндүн ичинде жер участогунун чиймелеринин көчүрмөлөрү менен суроо-талаптарды төмөнкүлөргө жөнөтөт:
- ижара келишимине ылайык жер участогун пайдалануу предметине жер участогун текшерүү актысын даярдоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органына;
- жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тийиштүү документти даярдоо үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органга; чектөөлөр жок болгон учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берет. Жер участогун сатып алууга тоскоолдук кылган чектөөлөр аныкталган учурда (шаар курууну жөнгө салуу линиялары, инженердик транзиттик тармактардын болушу), архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган шаар куруу корутундусун даярдайт;
- объектти эксплуатацияга киргизүү актысы жок болсо –курулуштук даярдыгы долбоорлоо документтеринде каралгандан 100 пайыздан кем эмес курулуш даярдык фактысын белгилөө үчүн тийиштүү корутундуларды даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын региондор аралык башкармалыгына.
13. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар белгиленген компетенцияларынын алкагында келип түшкөн суроо-талаптарды кароого алат жана жер участогун сатып алууга тоскоолдук кылган чектөөлөр аныкталган учурда суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга негизделген баш тартууну жөнөтөт.
Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган жер участокту сатып алуу жөнүндө арызды кароо боюнча мындан аркы ишти токтотот. Кабыл алынган чечим 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.
14. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын оң жооптору арыз келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 35 жумуш күндөн көп эмес мөөнөттө жөнөтүлөт.
Арызды кароонун жалпы мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпоосу керек. Шаар куруу корутундусу даярдалган учурда, арызды кароо мөөнөтү 30 күндөн көп эмес мөөнөткө узартылат, бул тууралуу ыйгарым укуктуу орган арыз ээсин кабарлайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Корутундуларды, материалдарды жана башка керектүү документтерди даярдоого тартылган ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтардын толуктугу, аныктыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши үчүн мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
17. (Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
V. Бишкек шаарында жер участокторго менчик укуктарын сатып алуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана объекттери
18. Көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторду сатып алуу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиялдуу органы болуп саналган комиссия түзүлөт.
19. Муниципалдык менчик жана жер ресурстар маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри төрагалык кыла турган комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, муниципалдык администрациялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, инженердик-техникалык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киришет.
20. Комиссиянын иш-аракеттерин уюштурууну камсыздоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат, ал протоколдорду түзүүнүн тууралыгы жана протоколдордун комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартышат.
21. Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын өткөрүү датасына чейин 10 календардык күн мурун кабарлайт жана боло турган жыйынды материалдар менен камсыздайт.
Материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) шаар куруу корутундусунун көчүрмөсү;
б) чиймелерди тиркөө менен жер участоктун жайгашкан орду жөнүндө маалыматтар;
в) жеке же юридикалык жактын арызынын көчүрмөсү;
в-1) Методикага ылайык жер участогунун наркын эсептөө;
г) ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан, түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринен жыйында карала турган маселелерге тийиштүү документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды суроого жана алууга;
б) Комиссиянын кароосуна ушул жобонун талаптарын бузуу менен материалдар даярдалган учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч берүүгө;
в) Комиссиянын мүчөсү катары менен үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, Бишкек шаарынын мэриясына аны алмаштыруу жөнүндө өтүнүч берүүгө.
23. Комиссия өз иш-аракеттерин жыйын формасында жүзөгө ашырат.
Комиссиянын жыйындарынын жыйынтыктары үч нускада протокол түрүндө жол-жоболоштурулат, комиссия жыйыны болгон күнү анын ар бири комиссиянын төрагасы, катчысы жана бардык катышкан мүчөлөрү тарбынан кол коюлат. Протоколдордун ар бир барагы жыйынга катышкан комиссиянын бардык катышкан мүчөсү тарабынан парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, экинчи нускасы Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт, үчүнчү нускасы комиссиянын жыйыны өткөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
Комиссиянын чечими тууралуу протоколдун көчүрмөсү комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсине берилет.
24. Жыйынды комиссиянын төрагасы алып барат, эгер ал жок болсо, төраганын орун басарларынын бири алып барат.
25. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү катышса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
26. Комиссиянын чечимдери ачык добуш берүү жолу менен жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
27. Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө Интернет тармагында түз видеотрансляция аркылуу (социалдык тармактардагы расмий баракчаларда) онлайн режиминде аудио жана видео жазмалар жүргүзүлөт. Аудио жана видео жазмалардын сатылоо комиссиянын катчысына жүктөлөт.
Ыйгарым укуктуу орган квартал сайын комиссиянын жыйындарынын видеожазмаларынын көчүрмөлөрүн Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.
28. Комиссиянын иш-аракеттери менен байланышкан материалдар, анын ичинде комиссиянын протоколунун бир нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
29. Эгерде комиссиянын мүчөсүнүн түз кызыкчылыгы болсо же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катышууга укугу жок.
30. Комиссия ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга көп батирлүү үйлөрдү курууга мурда берилген жер участогун сатып алуу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган 3 жумушчу күндүн ичинде жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзүү үчүн негиз боло ала турган тийиштүү чечим чыгарат.
Жер участогун сатып алуу-сатуу келишими укук белгилөөчү документтин күчүнө ээ.
Баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу органдын буйругу арыз ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Ыйгарым укуктуу органдын чечиминде төмөнкү маалыматтар каралат:
а) арыз боюнча кабыл алынган чечим;
б) арыз ээси тууралуу маалымат;
в) жер участогу тууралуу маалыматтар;
г) сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка маалым даректери.
Чечимдин көчүрмөсү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана кол коюлган күндөн тартып 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратынын жалпыга жеткиликтүү жеринде илинет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
32. Комиссиянын чечиминин негизинде ижарачы жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу орган менен жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү.
Жер участогунун сатып алуу наркын жарым-жартылай төлөөгө жол берилет. Жарым-жартылай төлөгөн учурда ижарачы, Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобого ылайык күрөө берүү жолу менен сатып алуу наркынын калган бөлүгүн төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
Жер участогунун сатып алуу наркынын төлөнбөгөн бөлүгүнүн суммасына күрөө берилет жана аны төлөө боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин күчүндө болот.
Жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүлгөн суммага пропорционалдуу күрөөнүн өлчөмү азайтылууга жатат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Жер участогуна менчик укугу жер участокту сатып алуу-сатуу келишими катталгандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Түзүү жана андан ары каттоо боюнча чыгымдар сатып алуучуга жүктөлөт.
34. Ижара төлөмдөрүн эсептөө жер участокту сатып алуу наркы толук төлөнгөн жана жер участокту сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып токтотулат.
Сатылып алынган жер участокту ижаралоо келишиминин иштөөсү жер участокту сатып алуу-сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып токтотулат.
VI. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
35. Жер участокторду сатып алуудан келип түшүүчү каражаттар 100 пайызы шаардык бюджетке түшүүсү жана бөлүштүрүлүшү керек.
36. Акча каражаттарынын түшүүсүн контролдоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
VII. Корутунду жоболор
37. Көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокту сатып алууга тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
М. Дж. Алымбеков |
|
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда
ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген
жер участокторун сатып алуунун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаары | 20__-жылдын «___» _________ |
Бишкек шаарынын мэриясы, __________________________________ атынан, __________________________________________________негизинде иштеген, мындан ары «1-тарап» деп аталган биринчи тараптан, жана________________________________атынан __________________________________________________негизинде иштеген, мындан ары «2-тарап» деп аталган экинчи тараптан, бирге «Тараптар» деп аталуучулар, Бишкек шаарындагы Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___-жылдын ____ ________ №___ чечиминин негизинде, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. 1-тарап Бишкек шаарындагы Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___ - жылдын ____ ________ №___ чечиминин негизинде акы төлөнүүчү негизде, ал эми 2-тарап Бишкек шаарынын ______________________ дареги боюнча жайгашкан, _______ га аянты менен жер участогун бардык чектөөлөрү жана сервитуттары менен менчигине кабыл алат. 2. 1-пунктта көрсөтүлгөн жер участогунун функционалдык багыты __________________________________________________________________.
Жер участогуна менчик укугунун баасы
3. 2-тарап 1-тарапка сатып алынган жер участогунун наркын ушул Келишим боюнча ________________________________________________________________ сом өлчөмүндө, (цифралар жана жазуу менен) ошондой эле, башка чыгымдарды ______________________________________________сом (цифралар жана жазуу менен) өлчөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү. 4. Жер участогуна укуктун баасы ушул Келишим боюнча 2-тарап тарабынан ушул Келишимди түзгөнгө чейин 1-тараптын эсептик эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөнгөндүгүн Тараптар тастыкташат. Төлөм 20___ - жылдын ____ ________ №___ төлөм документи (тиркелет) менен тастыкталат. 5. 2-тарапка жер участогуна менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып, 20___ - жылдын ____ ________ №___ ижаралоо келишими боюнча Тараптардын милдеттенмелери токтойт.
Тараптардын милдеттери
6. 2-тарап төмөнкүлөргө милдеттүү: 6.1. Жер участогуна менчик укугу пайда болгон учурдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жер салыгын белгиленген тартипте төлөөгө; 6.2. Жер участогун функционалдык багыты боюнча пайдаланууга; 6.3. Ушул Келишимди жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөрүүгө жана белгиленген тартипте кадастрдык планды тариздөөгө; 6.4. Кадастрдык план таризделгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаар курулушу боюнча нөөмөттүк планды жүргүзүү үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылууга.
Кепилдиктер жана дооматтар
7. Тараптар тарабынан ушул Келишимдин предмети үчүнчү жактын укуктары менен чектелбегендиги, күрөөдө турбагандыгы жана тыюу (камак) салынбагандыгы макулдашылды. 8. Ушул Келишимдин Тараптары алар тараптан кол коюлуп жаткан ушул Келишимдин маңызын түшүнүшөт жана укуктары бар экенин, ошондой эле алар үчүн өзгөчө ыңгайсыз шарттарды ушул Келишимди алар тарабынан түзүүнү мажбурлаган жагадайлар болбогондугун билдиришет. 9. Ушул Келишим үчүнчү жактардын укугун жана мыйзамда каралган кызыкчылыктарын бузбай тургандыгын, мажбурлоонун жана аргасыз шарттарда түзүлбөгөндүгүн кепилдешет.
Талаштарды чечүү
10. Бардык талаш-тартыштар Тараптардын ушул Келишимде көрсөтүлгөн юридикалык дарекетерине каттарды (корреспонденцияларды) жөнөтүү аркылуу сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен чечилет. Эгерде талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, Тараптар Кыргыз Республикасынын сотторуна мыйзам тартибинде каралган тартипте кайрылууга укуктуу.
Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
11. Ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү Тараптардын макулдугу менен гана мүмкүн болот. 12. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылып, андан кийин өзгөртүүлөр жана толуктоолор жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөрүлөт, жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишим түрүндө таризделет.
Чыгымдар
13. Ушул Келишимди түзүүгө, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана аны аткарууга байланышкан бардык чыгымдарды 2-тарап тартат.
Кошумча шарттар
14. Ушул Келишим Тараптар тарабынан кол коюлган учурдан жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет. 15. Ушул Келишим Тараптар бардык милдеттенмелерин аткарганга чейин күчүндө болот. 16. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү. Бир нускасы жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу органда, ал эми бирден нускасы ар бир Тарапта сакталат.
Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери: | |
Бишкек шаарынын мэриясы | Сатып алуучу |
(Аталышы) Дарек ____________________________________ Телефон ___________________________________ Банктык эсеби ____________________________________ Банк ____________________________________ БИК ____________________________________ Бишкек шаарынын мэри ___________________________________
“____” ______________/______________ (датасы)
(кол тамгасы) МО | (Аталышы) Дарек _____________________________________ Телефон _____________________________________ Банктык эсеби _____________________________________ Банк _____________________________________ БИК _____________________________________ _____________________________________
“____” ______________/________________ (датасы)
(кол тамгасы)
МО |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын “_9_” _ноябры_ №_56_ токтомуна тиркеме |
| 3-тиркеме |
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда жер участогун баалоонун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары | датасы |
Биз, _______________________________________________________ начальниги ________________________________________ атынан мындан ары “Тапшырыкчы” деп аталуучу, бир тараптан жана ___________________ ______________________________________ атынан мындан ары “Баалоочу” деп аталуучу, экинчи тараптан, бирге «Тараптар» деп аталуучулар, 20__-жылдын “____” ___________ №____ өткөрүлгөн конкурстун (мамлекеттик сатып алуулардын) жыйынтыгынын негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1. Тапшырыкчы тапшырат, ал эми Баалоочу Кыргыз Республикасынын баалоо жүргүзүү иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына жана баалоонун стандарттарына ылайык жер участогунун наркын баалоо жүргүзүү боюнча милдеттерди өзүнө алат жана Тапшырыкчыга баалоо жөнүндө тийиштүү отчет (эксперттик корутунду) берет.
1.2. Тапшырыкчы өткөрүлгөн конкурстун (мамлекеттик сатып алуулардын) шарттарында Баалоочунун ишин кабыл алат жана акы төлөйт.
1.3. Келишимдин колдонуу мөөнөтү 20__ -жылдын “____” __________ тартып 20___-жылдын “___” ____________ чейин.
2. Келишим объектиси
2.1. Баалоо объектиси: Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, идентификациялык номери:_______________________________, аянты ___________ га жер участогу, функционалдык дайындалышы __________________________________________________________________, Бишкек шаарынын __________ районунда _________________________ жайгашкан, _______________________________________________негизинде мындан ары “Жер пайдалануучу” деп аталган __________________________ берилген.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Баалоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
3.1.1. Баалоону жүргүзүүдө Тапшырыкчыдан баалоочунун же анын өкүлүнүн баалоо объектисине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну жана объектти баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди толук көлөмдө берүүнү талап кылууга;
3.1.2. Мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан мамлекеттик же коммерциялык жашыруун сыр болуп саналган маалыматтардан тышкары, объектти баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жазуу түрүндө сурап алууга, эгерде көрсөтүлгөн маалыматты бербегендик объектти баалоонун ишенимдүүлүгүнө негиздүү таасирин тийгизсе, баалоочу аны баалоо жөнүндө отчетто көрсөтүүгө;
3.1.3. Баалоо объекттеринде иштеген, Жер пайдалануучу менен түздөн-түз туугандык мамилеси же жалпы финансылык кызыкчылыгы бар адамдардан башка баалоочуларды же башка адистерди зарылчылыгына жараша келишимдик негизде, өзүнүн эсебинен баалоо жүргүзүүгө катышууга тартууга, алардын аракеттери (аракетсиздиги) үчүн баалоочу өзүнүн жеке иш-аракети (аракетсиздиги) катары жоопкерчилик тартууга;
3.1.4. Эгер Тапшырыкчы келишимдин шарттарын бузган, баалоо объектиси жөнүндө зарыл болгон маалыматты берүүнү камсыз кылбаган же келишимге ылайык иш шарттарын камсыз кылбаган учурда объектти баалоону жүргүзүүдөн баш тартууга;
3.1.5. Колдонулуп жаткан баалоо эрежелеринин жана стандарттарынын, Тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин шарттарынын чектеринде баалоо методдорун өз алдынча аныктоого;
3.1.6. Тапшырыкчыдан бааларды жана ыйгарым укуктуу адамдардан баалоонун колдонуудагы эрежелеринин жана стандарттарынын чегинде баалоо жүргүзүү үчүн керек болгон бардык түшүндүрмөлөрдү жана кошумча маалыматтарды оозеки жана жазуу жүзүндө алууга.
3.2. Баалоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.2.1. Баалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү талаптагыдай жүргүзүүгө;
3.2.2. Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тапшырыкчынын алдында жооп берүүгө;
3.2.3. Баалоо иш-аракеттерин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарынын жана баалоо стандарттарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;
3.2.4. Тапшырыкчыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, ошондой эле объективдүү баалоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылган башка жагдайлардын натыйжасында баалоо жүргүзүүгө өзүнүн катышуусунун мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө;
3.2.5. Тапшырыкчыдан, Жер пайдалануучудан жана үчүнчү жактардан баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин сакталышын камсыз кылууга жана Тапшырыкчыга андан алынган документтерди баалоо жөнүндө отчетту берүү менен бирге кайтарып берүүгө;
3.2.6. Баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө Тапшырыкчыдан алынган конфиденциалдуу маалыматты, ошондой эле баалоонун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары учурда Тапшырыкчынын уруксатысыз ачыкка чыгарбоого;
3.2.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда анда сакталган баалоо жөнүндө отчетто турган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте укук коргоо органдарына, сот жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдарга алардын расмий мыйзамдуу талаптары боюнча берүүгө;
3.2.8. Баалоо жөнүндө отчетту Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда баалоочуну же баалоочу уюмду аныктоо Тартиби тарабынан белгиленген талаптарга ылайык баалоо жөнүндө отчетту түзүүгө;
3.2.9. Баалоо жөнүндө түзүлгөн отчетторду жана жумушчу документтерди үч жыл ичинде сактоого.
3.3. Баалоо жүргүзүүгө төмөндөгү учурда жол берилбейт, эгер баалоочу:
3.3.1. Тийиштүү жер участогунда жана/же тургузулган көп кабаттуу турак жай курулуш объектисинде баалоо келишиминен тышкары буюмдук же милдеттүү укугу болсо;
3.3.2. Жер пайдалануучунун уюмдаштыруучусу, менчик ээси, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу же Жер пайдалануучу Баалоочунун уюмдаштыруучусу, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу болуп саналса;
3.3.3. Жер пайдалануучунун кызматкери болуп саналса;
3.3.4. Жер пайдалануучунун жетекчилигинин мүчөлөрүнүн кимдир-бирөөсү, ошондой эле ушул пункттун башка абзацтарында саналган адамдар менен түздөн-түз туугандык мамиледе болгон адам болуп саналса;
3.3.5. Жер пайдалануучунун мураскер коомунун же филиалынын жетекчиси, тең ээси же кызматкери, объекттин Жер пайдалануучусунун тең ээси болуп саналса.
4. Жоопкерчилик
4.1. Баалоочу ушул Келишимди, Кыргыз Республикасынын баалоо иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарын, баалоо стандарттарын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн ушул Келишим жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
4.2. Кыргыз Республикасынын баалоо иш-аракеттери жөнүндө мыйзамдарын жана баалоо стандарттарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуруулууга жатат.
4.3. Баалоочунун Жер пайдалануучу же башка адамдар менен Объекттин баалоо наркын төмөндөтүү боюнча көмүскө бүтүмүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулууга жатат.
4.4. Баалоочу Тапшырыкчыдан алынган маалыматты ачыкка чыгаруунун натыйжасында ага келтирилген зыян үчүн Тапшырыкчынын алдында материалдык жоопкерчилик тартат.
4.5. Баалоочу баалоо иш-аракетинин жүрүшүндө өзү алган жана (же) түзүлгөн маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыздоого милдеттүү жана ал документтерди же алардын көчүрмөлөрүн ким болбосун үчүнчү жактарга берүүгө, же болбосо андагы маалыматтарды Тапшырыкчынын кат жүзүндөгү макулдугусуз жарыялоого укугу жок.
4.6. Баалоочу баалоонун жүрүшүндө алган маалыматтарды башка ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында пайдаланууга укугу жок.
4.7. Баалоочу баалоону жүргүзүүнүн жана баалоо жөнүндө отчет түзүүнүн жүрүшүндө ченемдик укуктук актылардын жана баалоонун стандарттарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
4.8. Баалоочу баалоо жөнүндө отчетту берүү мөөнөтүн аткарбагандыгы үчүн мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн келишимдин наркынын 0,1% өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.
5. Талаштарды чечүү тартиби
5.1. Бардык талаш-тартыштар сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен чечилет.
5.2. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
6. Башка шарттар
6.1. Баалоочу укук жөндөмдүү, кол тамга коюп жаткан келишимдин мазмунун, ошондой эле аны өзү үчүн өтө пайдасыз болгон шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугу жөнүндө түшүнөт.
6.2. Тараптар ушул Келишим үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбагандыгына жана мыйзамга карама-каршы келбегендигине, мажбурлоо жана эрксиздик шарттарда түзүлбөгөндүгүнө кепилдик беришет.
6.3. Ушул Келишим тарабынан каралбаган бардык учур Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр же толуктоолор, бул тууралуу макулдашууну түзүү жолу менен Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн.
6.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, расмий тилде 2 нускада түзүлдү.
6.5. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 382, 385, 393 жана 394-беренелеринин мазмуну баалоочуга түшүнүктүү жана түшүндүрүлгөн.
7. Күчүнө кирүү шарттары
7.1. Ушул Келишим милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
8. Тараптардын юридикалык даректери жана
банктык реквизиттери
Тапшырыкчы | Баалоочу |
_______________________________ (Аталышы) Дареги ________________________ Телефон_______________________ Банктык эсеп___________________ Банк __________________________ БИК __________________________ Начальник _____________________
«_____» ____________/________ (датасы)
(кол тамгасы)
МО | __________________________________ (Аталышы) Дареги ___________________________ Телефон__________________________ Банктык эсеп______________________ Банк _____________________________ БИК _____________________________ Начальник ________________________
«_____» ____________/__________ (датасы)
(кол тамгасы)
МО |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Аденов |
|
№ ________ күрөө жөнүндө типтүү келишим
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
| |
Бишкек шаары
| 20__ -жыл «____» ____________
|
Мындан ары «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын атынан, ______________________________ бир тараптан жана мындан ары «Күрөө берүүчү» деп аталуучу _____________________________ экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар 20___-жылдын «___» _________ № ____ өткөрүлгөн конкурстун (мамлекеттик сатып алуулардын) жыйынтыгынын негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. Ушул Келишим Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___-жылдын «__» _________ № ____ чечиминин негизинде «Күрөө берүүчүгө» берилген жер участогун ижаралоо келишими _________________________________________________________ (келишимдин номери жана датасы) боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн түзүлдү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө берүүчү төмөнкү кыймылсыз мүлктү күрөөгө берет: _____________________________________________________, (толук аталышы) бааланган наркы ___________________________________________________, (суммасы) __________________________________________________________ таандык. (ээсинин аты-жөнү) 2. Күрөөгө коюлган мүлккө болгон укуктар төмөнкү документтер менен тастыкталат: ________________________________________________ . (аталышы, № жана датасы) 3. Күрөөгө коюлган мүлк көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланат:____________________________________________________. (сумма) 4. Күрөөгө коюлган мүлк Күрөө берүүчүнүн ээлигинде жана пайдалануусунда калат. 5. Ушул Келишим түзүлгөн учурда күрөөгө коюлган мүлк ижарага берилген эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта эмес жана камакка алынган эмес.
Тараптардын милдеттери
6. Күрөө берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет: Күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз акысыз өткөрүп бербөөгө, башка адамдарга күрөөгө койбоого, күрөөгө коюлган мүлктү алмаштырбоого, ошондой эле кандайдыр бир башка жол менен тескебөөгө; күрөөгө коюлган мүлктү күтүү үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылууга; ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими күчүндө турган мезгилде күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышы жана техникалык абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартууга; күрөөгө коюлган мүлктүн бар экендигин, сапатын, абалын жана сактоо шарттарын текшерүү максатында анын турган жерине Күрөө кармоочунун өкүлдөрүнүн кирүүсүнө жол берүүгө; күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуу же бузулуу коркунучу пайда болгон учурда, Күрөө кармоочуга дароо кабарлоого; күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларына белги коюу менен күрөөгө коюлган мүлктү ажыратууга тыюу салууну белгилөө жолу менен тиешелүү каттоо органдарында каттоодон өткөрүүгө. 7. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттенет: Көп батирлүү үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участогун сатып алуу боюнча кол коюлган келишимдин негизинде күрөө берүүчү ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткарганда күрөөгө берилген мүлктү ажыратууга тыюу салууну алып салууга.
Тараптардын укуктары
8. Күрөө кармоочу төмөнкүдөй укуктарга ээ: күрөө мүлкүнүн абалын текшерүүгө; Тараптардын макулдашуусу боюнча, тиешелүү мүлккө рыноктун конъюнктурасы өзгөргөн учурда, күрөөгө коюлган мүлктүн наркын өзгөртүүгө; күрөө менен камсыздалган милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын же күрөөнүн предмети бузулган жана талап кылынбаган учурда күрөөнүн предметинин алмаштырылышын талап кылууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте күрөөгө коюлган мүлктү толук көлөмдө өндүрүп алууга; күрөө предметин сатуудан түшкөн сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, жетишпеген сумманы Күрөө берүүчүнүн башка мүлкүнөн талашсыз тартипте алууга. 9. Күрөө берүүчү күрөөнүн предметин анын мүнөзүнө жана багытына ылайык пайдаланууга жана ага ээлик кылууга укуктуу.
Өзгөчө шарттар
10. Ушул Күрөө жөнүндө келишимге кол койгон Күрөө берүүчүгө талап коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар келип чыккан учурда (өлүм, камакка алынуу жана башка жагдайлар), ушул Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары анын укук мурасчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга тийиш.
Келишимдин колдонуу мөөнөтү
11. Ушул Келишим жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат. 12. Ушул Келишимдин 10-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда, ушул Келишим боюнча колдонуу мөөнөттөрү жана милдеттенмелери токтотулбайт.
Башка шарттар
13. Ушул Келишимдин шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жазуу жүзүндө өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 14. Ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелер аткарылган учурда, ажыратууга тыюу салуу алып салынбаган күрөө Күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча башка кийинки милдеттенмелерди да камсыздай алат. 15. Күрөө берүүчү ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин, ошондой эле жер участогун ижаралоо келишимине киргизилүүчү шарттар ар кандай өзгөртүлгөн учурда ушул Келишимде көрсөтүлгөн күрөө предметин берүүгө жана күрөөдө калтырууга өзүнүн макулдугун тастыктайт. 16. Ушул Келишимди тариздөө боюнча, ошондой эле мүлктөн өндүрүп алынган учурда, күрөөгө коюлган мүлктү сатуу менен байланышкан чыгымдар Күрөө берүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат. 17. Ушул Келишимден келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенишет жана макулдашууга келбеген учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто каралууга тийиш. 18. Ушул келишим ______________ нускада түзүлдү.
Тараптардын даректери жана реквизиттери | |
Күрөө кармоочу: ______________________________ (органдын аталышы)
______________________________ Дареги:_ ______________________________ ______________________________ ЖРИУК_______________________ ИСН__________________________ Паспорт_______________________ ______________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________ (кол тамга) М.О.
| Күрөө берүүчү: ________________________________ (субъектин аталышы)
________________________________ Дареги: ________________________________ ________________________________ ЖРИУК _________________________ ИСН____________________________ Паспорт_________________________ _________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
_________________________________ (кол тамга) М.О. |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |