Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин берилген Жобонун колдонуусу токтолду
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгилдеги эмгектенүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү жана жеке ишкердик менен алектенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция, тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле ушул Жобо менен жөнгө салынат.
3. Ушул Жободо белгиленген чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квота, ошондой эле иштегенге уруксат алуунун милдеттүү тартиби "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде белгиленген категорияга кирген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга колдонулбайт.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - эгерде Кыргыз Республикасында эмгектенүүгө тартуу шарттары ушул Жободо белгиленген критерийлерге шайкеш келсе, иштин конкреттүү жаатындагы жогорку билимге, иш тажрыйбасына, көндүмдөргө жана жетишкендиктерге ээ чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдары тарабынан берилген патенттин негизинде уюм ачпастан жеке ишкердик кылган чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк жумушчу - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенген чет өлкөлүк адис, жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис жана чет өлкөлүк жеке ишкер;
чет өлкөлүк адис - эмгектенүү үчүн тиешелүү билими, керектүү квалификациясы бар, иш берүүчү тарабынан ишке тартылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
маалыматтык система - тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын компоненти болуп саналуучу жана каралган, берилген, сакталган, узартылган, жокко чыгарылган, ошондой эле берүүдөн баш тартылган иштегенге уруксаттар тууралуу маалыматтарды каттоо, жүргүзүү, сактоо, иштеп чыгуу жана түзүү модулдарын камтуучу интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система;
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квота - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун абалына жараша эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын чектүү саны;
иш берүүчү - чет өлкөлүк жумушчу менен эмгек мамилеси бар жеке же юридикалык жак (уюм);
иштөөгө уруксат - миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, чет өлкөлүк жумушчунун Кыргыз Республикасында эмгектенүү же ишкердик кылуу укугун ырастаган документ;
QR код - машина окуй турган оптикалык белги, ал өзү байланган объект жөнүндө маалыматты камтыйт;
иштөөгө электрондук уруксат - квалификацияланган электрондук кол тамга коюлган, Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштөөгө берилген уруксаттын статусуна теңештирилген, ушул Жобого ылайык электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, тез таасир көрүү үчүн атайын окулуучу QR-коду бар документтик ырастама.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) берилүүчү иштөөгө уруксаттын негизинде эмгектенет.
Иштөөгө уруксат 18 жашка толгон чет өлкөлүк жумушчуга берилет.
6. Чет өлкөлүк жумушчуга иштөөгө уруксат берилгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө мамлекеттик алым ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынат.
7. Бир чарбакер субъектке ишке тартылуучу чет өлкөлүк адистердин саны ошол чарбакер субъекттеги жалпы жумушчулардын санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Бир чарбакер субъектке чет өлкөлүк адистерди чарбакер субъекттеги жалпы жумушчулардын санынын 20 пайызынан ашык тарткан учурда, жумуш берүүчү лимиттен сырткары тартылган ар бир жумушчу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген эседе мамлекеттик алымды төлөйт.
8. Ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында аталган арызды жана документтерди арыз берүүчү өзү же ишенимдүү өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берет. Арыз жана документтер кагаз жүзүндө же электрондук түрдө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эгерде документтер чет тилинде толтурулса, аларга нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги котормолор тиркелет.
10. Көчүрмөлөрүн чет өлкөлүк жумушчу тарабынан иштөөгө уруксат алуу үчүн бериле турган чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтер, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
11. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун шарттары иш берүүчүлөрдүн жана жеке ишкерлердин ишинде аткарылып жаткандыгына мониторинг жүргүзүп турат.
2-глава. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квота бөлүштүрүүнүн тартиби жана шарттары
12. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квота алуу үчүн иш берүүчү тарабынан төмөнкүлөр берилет:
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга арыз;
- юридикалык же жеке жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- лицензиялануучу иш жүргүзгөн учурда, лицензиялануучу ишти жүргүзүүгө лицензиясынын көчүрмөсү;
- бекитилген штаттык ырааттама бардык жумушчулардын санын, жеке маалыматты (аты-жөнү, паспортунун номери) көрсөтүү менен, ошондой эле бош орундар бар экендиги жөнүндө маалымат.
13. Ыйгарым укуктуу орган иш берүүчүнүн арызы жана ага тиркелген документтер түшкөн күндөн тартып, Ведомстволор аралык уруксат берүү комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кароосуна чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квотаны бөлүштүрүү жөнүндө өтүнүчтү киргизет. Комиссиянын иш тартиби жана курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.
14. Комиссия иш берүүчүлөрдүн республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымын, жергиликтүү калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүүсүн жана бош кызмат орундарын ээлөөгө Кыргыз Республикасынын жарандарына артыкчылыктуу укук берүүсүн, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчулардын санынын - Кыргыз Республикасынын жумушчуларынын санына катышын эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квотаны бөлүштүрөт.
15. Комиссиянын курамына миграция жаатындагы; калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо жаатындагы; ички иштер жана улуттук коопсуздук жаатындагы; экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы; инвестиция, экспорт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын бирден өкүлү кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ыйгарым укуктуу орган иш берүүчү тарабынан берилген документтер катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн аралыгында ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына Комиссиянын чечимин жайгаштырат. Квотаны бөлүштүрүү же бөлүштүрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим иш берүүчүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан Комиссиянын жыйынынын протоколунун көчүрмөсү түрүндө берилет.
Иш берүүчү баш тартылган учурда бир календардык жылдын ичинде чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга квотаны бөлүштүрүү жөнүндө арыз менен эки жолудан ашык кайрыла албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Бөлүштүрүлгөн квотага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында иштөө үчүн иш берүүчү тарабынан жалдап алына турган чет өлкөлүк жумушчуларды Комиссия аныктаган санда тартуу жана пайдалануу ченеми белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу үчүн бөлүштүрүлгөн квота башка иш берүүчүгө өткөрүп берилбейт. Иш берүүчү тарабынан тартылган чет өлкөлүк жумушчулар башка иш берүүчүгө иштөө үчүн которулбайт.
19. Иш берүүчү өзүнүн чарбалык ишин токтоткон учурда чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга бөлүштүрүлгөн квота жана анын негизинде алынган чет өлкөлүк жумушчулардын иштөөгө уруксаты берилген мөөнөтүнө карабастан күчүн жоготот.
3-глава. Чет өлкөлүк жумушчуларга иштөөгө уруксаттарды берүү тартиби жана шарттары
20. Чет өлкөлүк жумушчу тарабынан иштегенге уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча иштегенге уруксат берүү жөнүндө арыз;
- чет өлкөлүк жарандын жарактуу визасы (W1 категориясы) же каттоосу бар паспортунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- билим берүү, медицина жана фармацевтика чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк жумушчулар үчүн билими тууралуу дипломунун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- Республикалык "СПИД" борбору тарабынан берилген АИВге антителону текшерүү жөнүндө медициналык корутунду;
- бурчу бар, ак фондогу, өлчөмү 30х40мм жылтырак эмес түстүү эки сүрөт;
- алдын ала 3 айга төлөнгөн жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жарактуу патенттин көчүрмөсү (чет өлкөлүк жеке ишкер үчүн);
- эмгек акынын же сый акынын өлчөмү жазылган эмгек келишими (жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис үчүн).
21. Чет өлкөлүк жумушчуга иштегенге уруксат мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу квитанция тапшырылгандан кийин берилет.
22. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жумушчунун иштегенге уруксатын ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Иштөөгө уруксат төмөнкүлөргө берилет:
- чет өлкөлүк адиске - бир жылга чейинки мөөнөткө, бирок иш берүүчүнүн чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу квотасын колдонуу мөөнөтүнөн ашык эмес;
- чет өлкөлүк жеке ишкерлер үчүн - бир жылга чейинки мөөнөткө, эмгек миграциясына берилген квотанын чегинде;
- жогорку квалификациялуу адиске иш берүүчүнүн арызы боюнча, чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу квотасынан тышкары - эмгек келишимин колдонуу мөөнөтүнө, бирок үч жылдан ашык эмес, аталган мөөнөт аяктаган соң кайтадан кайрылуу укугу менен.
24. Паспортун алмаштырган же иштегенге уруксаты жоголгон учурда чет өлкөлүк жумушчу ыйгарым укуктуу органга иштөөгө уруксатынын дубликатын берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Чет өлкөлүк жумушчунун иштегенге уруксатынын дубликаты ыйгарым укуктуу орган тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде чыгарылат. Дубликатты чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мамлекеттик алым 5 пайыз өлчөмүндө алынат.
25. Жогорку квалификациялуу адис деп Кыргыз Республикасында ишке тартуу шарттары ай сайын ала турган эмгек акысы же сый акысы 1300 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө болжолдонгон чет өлкөлүк адис таанылат.
26. Иш берүүчү жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистердин компетенттүүлүгүн, квалификациясынын деңгээлин өз алдынча баалайт.
27. Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистин иштөөсүнө уруксат берилгенден кийин үч айдын ичинде ыйгарым укуктуу орган иш берүүчү тарабынан жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис менен түзүлгөн эмгек келишимине ылайык берилген эмгек акысынан жана сый акысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыздандыруу жана салыктык чегерүүлөр тууралуу маалыматты сурап алат.
28. Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер Кыргыз Республикасында төмөнкүдөй иштерге тартылбайт:
- диний үгүттөөгө же башка диний иш менен алектенүү үчүн;
- чекене соода процессинде кардарларды тейлөө үчүн.
29. Иштегенге уруксаты бар чет өлкөлүк жеке ишкерлер иштөөгө уруксатында көрсөтүлгөн жерде гана ишкердик кылууга укуктуу. Эгерде чет өлкөлүк жеке ишкер башка жерде ишкердик кылууну кааласа, ал ыйгарым укуктуу органдан иштегенге жаңы уруксат алуусу зарыл.
3-1-глава. Иштөөгө электрондук уруксатты берүү тартиби жана шарттары
(Глава КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
29-1. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу иштөөгө электрондук уруксатты алуу үчүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарына көрсөтүлгөн арызды жана документтерди берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
29-2. Ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн документтер адамдын графикалык кол тамгасынын, мөөрдүн, бланктын бурчтук штампынын, документтеги даталардын аныктыгынын бардык аутенттүү белгилеринин сакталышын камсыз кылган Portable Document Format (PDF) форматында сканерленүүгө тийиш. Сканерленген документтер электрондук кол тамга менен жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
29-3. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн документтер берилгенде, ушул Жобонун талаптарына шайкеш келерин эки жумуш күндүн ичинде текшерет. Каталар жана дал келбөөлөр аныкталган учурда иш берүүчүгө/чет өлкөлүк жумушчуга каталарды оңдоо зарылдыгы тууралуу дароо электрондук маалымат жиберилет жана өтүнүч толуктап иштеп чыгып, кайтадан тапшыруу үчүн кайтарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
29-4. Ыйгарым укуктуу орган электрондук документтердин толук комплектте алган учурда иш берүүчүгө/чет өлкөлүк жумушчунун электрондук почта даректерине эки жумуш күндүн аралыгында электрондук документтердин алынгандыгы жазылган өзгөчө номер камтылган билдирүү жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
29-5. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу ушул Жобонун 29-4-пунктунда көрсөтүлгөн уникалдуу номерди, ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында киргизген учурда электрондук документтердин өтүшү тууралуу маалыматты ала алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
29-6. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу иштегенге электрондук уруксат алгандан кийин, зарылдыгына жараша аны басып чыгарат. Иштөөгө электрондук уруксат чет өлкөлүк жумушчу паспортун көрсөткөн учурда жарактуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу квоталарын жана чет өлкөлүк жумушчуга иштегенге уруксатты берүүдөн баш тартуунун жана жокко чыгаруунун негиздери
30. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу квотасы бөлүштүрүлбөйт, ал эми мурда бөлүштүрүлгөн квота төмөнкүдөй учурларда кыскартылат же жокко чыгарылат:
- эгерде иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу квотасын алуу учурунда жалган маалымат берсе же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иш жүргүзсө;
- ички эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан ошого окшогон жумушчу күч бар болсо;
- чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу квоталарын бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 90 күндүн аралыгында квотаны пайдаланбаса;
- иш берүүчү тарабынан тышкы миграция жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы аракеттер жасалса.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Төмөнкү учурларда чет өлкөлүк жумушчуга иштөөгө уруксат берилбейт же иштегенге мурда берилген уруксат жокко чыгарылат, эгерде:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгы, укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары үчүн кооптуулук жаратса;
- чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу квоталарын, иштегенге уруксат алуу жөнүндө өтүнүч бергенде, иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталганда же виза алуу учурунда жалган маалымат берилсе;
- Кыргыз Республикасында жасаган кылмышы үчүн соттолсо, жаза мөөнөтү аяктаганга же бошотулганга чейин;
- ден соолугунун бузулушу же оорусунун мүнөзү, оордугу жана мүмкүндүү узактыгы башка адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратса же саламаттык сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүнө алууну талап кылса;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомуна ылайык күчүн жоготту
- террордук, экстремисттик же сепараттык уюмдардын мүчөсү болуп саналса;
- тышкы миграция жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы аракеттер жасалса;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүсүн же жеке ишкердик менен алектенүүсүн токтотсо.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу квоталарын жана чет өлкөлүк жумушчуга иштөөгө уруксатты берүүдөн баш тартуу жана жокко чыгаруу чечимине сот тартибинде даттанса болот.
5-глава. Берилген документтер тууралуу маалымат менен алмашуу, документтерди сактоо, отчет берүү
33. Чет өлкөлүк жумушчуларды тартуунун жана пайдалануунун колдонулган квотасы, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын иштөөсүнө берилген уруксаттар жөнүндө маалымат менен өз ара аракеттенүүчү органдардын ортосунда алмашуу маалыматтык система аркылуу ишке ашырылат.
34. Маалыматтык системада камтылган маалымат мамлекеттик органга жүктөлгөн иш милдеттерин аткаруу жана тиешелүү отчетторду түзүү процессинде керектелсе, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары маалыматтык системага интеграцияланууга укуктуу болот.
35. Маалыматтык системага, ошондой эле башка купуя маалыматтарга жетүү чектелүү болууга тийиш. Ушул маалымат базасына уруксатсыз кирүүнү болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарга ылайык маалыматты коргоонун тиешелүү чаралары көрүлөт.
36. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу үчүн квотаны бөлүштүрүү, ошондой эле иштөөгө уруксатты алуу үчүн арыз берилген учурда, арыз берүүчүгө маалыматтык системада, ошондой эле арыздарды каттоо журналында катталган жеке идентификациялык номер ыйгарылат. Кийинки арыздарга да чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу үчүн квотаны бөлүштүрүү жөнүндө биринчи арызды берүү учурунда колдонулган жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
37. Иштөөгө уруксат берүү процессине тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамына ылайык алынган жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо үчүн техникалык, уюштуруучулук жана башка чараларды көрөт.
38. Иштөөгө уруксаттын бланкы так отчеттук документ болуп саналат. Иштөөгө уруксаттын бланктарын жүгүртүү жана чыгымдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролдонот.
39. Иштөөгө уруксаттын бланктары, чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу квотасын бөлүштүрүү боюнча документтер жана иштегенге берилген уруксаттар ыйгарым укуктуу органдын иш номенклатурасына ылайык сакталат жана жок кылынат.
40. Ушул Жобонун талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартууга алып келет.
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иштөөгө уруксатынын сүрөттөмөсү
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга иштөөгө берилүүчү уруксаттын бланкы (мындан ары - уруксат бланкы) бурчтары тегеректелген 80 мм х 120 мм өлчөмүндөгү чаптама карточка болуп саналат, мамлекеттик жана англис тилдеринде уруксаттын ээси тууралуу маалымат жазылган алдыңкы жана арткы бети бар.
Алдыңкы бетинде төмөнкүдөй текст жазылган:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ KYRGYZ REPUBLIC
Чет өлкөнүн жаранынын же жарандыгы жок адамдын
ИШТӨӨГӨ УРУКСАТЫ
XX № ХХХХХХ",
андан ары баш тамгалар менен мамлекеттик тилде миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы жазылат.
Уруксаттын ээси тууралуу маалымат камтылган бетинде төмөнкүдөй текст жазылат:
"Толук аты-жөнү/ФИО/FuIl name
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth
Жынысы/Пол/Sex
Паспортунун №/№ Паспорта/Passport №
Иштеген жери/Место работы/Place of work
Кызмат орду/Должность/Position
Бөлүм башчы/Заведующий отделом/Head of the Department
Колу/Подпись/Signature
Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue
Аяктоо датасы/Дата окончания/Expiration date".
Уруксаттын бланкы мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо учурунда колдонулган жана жасалмалоодон өзгөчө коргоону талап кылган коргоо элементтери бар атайын кагазда басылат.
Уруксаттын бланкынын эки тарабы тең кооздолгон айырмалоочу өзгөчөлүккө ээ. Тексттер түзүнөн, сүрөт элементтери тикесинен жайгашкан: орнамент - сол тарабында жана торчолуу тилке - оң тарабында.
Уруксат бланкынын эки бетинин тең борбордук бөлүгүнө торчолуу кооздук түшүрүлүп, анын ортосунда тегиз чачыраган тегерек күн алкагынын сүрөтү жайгаштырылган, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Тегиз чачыраган тегерек күн нурларын айланта "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген сөздөр жазылган.
Торчолуу алкактын алдыңкы тарабындагы тилкенин жогорку бөлүгүнө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "KYRGYZ REPUBLIC" (кириллица жана латын алфавиттери менен) жазуулары түшүрүлүп, алардын ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнүн төмөн жагына кара түстө "Чет өлкөнүн жаранынын же жарандыгы жок адамдын ИШТӨӨГӨ УРУКСАТЫ" деген сөздөр басылган.
Уруксат бланкынын алдыңкы тарабынын төмөнкү бөлүгүнө мамлекеттик тилде миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы кара түстө басылган.
Уруксат бланкынын оң жактагы төмөнкү бурчуна алтын түстөгү кыргыз орнаменти түшүрүлгөн.
Иштөөгө уруксаттын номери алдыңкы жана арткы беттерине жазылат жана эки компоненттен турат: эки латын тамгасынан турган (XX) сериялык номерден жана алты цифрадан.
Уруксаттын ээси тууралуу маалымат жазылган беттин сол жактагы жогорку бурчуна 30 мм х 40 мм өлчөмүндөгү түстүү фотография үчүн ак түстөгү бош тик бурчтук тартылган.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иштөөгө уруксатынын үлгүсү
Алдыңкы бети | ||||
| ||||
| ||||
| ||||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ | KYRGYZ REPUBLIC | |||
| ||||
Чет өлкөнүн жаранынын же жарандыгы жок адамдын | ||||
ИШТӨӨГӨ УРУКСАТЫ | ||||
Сүрөт/Photo | ||||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы | ||||
| ||||
XX № ХХХХХХ | ||||
| ||||
Арткы бети | ||||
| ||||
XX № ХХХХХХ | ||||
|
| |||
|
|
| _________________________________________________________ | |
_________________________________________________________ | ||||
_________________________________________________________ | ||||
Толук аты-жөнү/ФИО/Full name | ||||
_________________________________________________________ | ||||
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship | ||||
____________/___________/____________ ________________ | ||||
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth Жынысы/Пол/Sex | ||||
| ||||
| _________________________________________________________ | |||
| Паспортунун №/№ паспорта/Passport № | |||
| ||||
Иштеген жери/Место работы/Place of work _________________________________________________ | ||||
Кызмат орду/Должность/Position _________________________________________________ | ||||
| ||||
Бөлүм башчы/Заведующий отделом/Head of the Department _________________________________ | ||||
Колу/Подпись/Signature | ||||
| ||||
Берилген датасы/Дата выдачи Аяктоо датасы/Дата окончания | ||||
Date of issue ______/______/__________ Expiration date _______/______/_______ | ||||
| ||||
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
Герб | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ | |||||
|
| |||||
| ГОСУДАРСТВЕННАЯ СЛУЖБА МИГРАЦИИ ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |||||
|
| |||||
| STATE MIGRATION SERVICE UNDER THE GOVERNMENT OF THE KYRGYZ REPUBLIC | |||||
|
| |||||
| Иштөөгө электрондук уруксаты/Электронное разрешение на работу/E-work permit | |||||
|
| |||||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
| |||
Сүрөт/Фото/Photo |
|
|
|
| ||
|
|
|
| |||
|
|
|
| |||
|
|
|
| |||
Толук аты-жөнү/ФИО/Full name: |
| XXXXXXXXXXX | ||||
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship: |
| XXXXXXXXXXX | ||||
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth: |
| XX/XX/XXXX | ||||
Жынысы/Пол/Sex |
| XXXXXXXXXXX | ||||
Паспортунун номери/Номер паспорта/Number of passport: |
| XX/XXXXXX | ||||
Иштеген жери/Место работы/Plасе of work |
| XXXXXXXXXXX | ||||
Кызмат орду/Должность/Position |
| XXXXXXXXXXX | ||||
Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue: |
| XX/XX/XXXX | ||||
Аяктоо датасы/Дата окончания/Expiration date: |
| XX/XX/XXXX | ||||
|
|
| ||||
| Уруксаттын номери: XXXXXX | |||||
| Номер разрешения: | |||||
| Number of permit: | |||||
|
|
| ||||
|
|
| QR код | |||
|
|
|
|
|
|
|