Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-апрели № 176
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2018-жылдын 7-августу, № 66 (2924) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "тартиптик, административдик жоруктарды" деген сөздөр "бузууларды же жоруктарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 10-беренесинин 7-пунктундагы "административдик укук бузуулар (бузуулар) тууралуу" деген сөздөр алып салынсын;
3) 18-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Куралды колдонуудан мурун, эреже катары, аны колдоно тургандыгы жөнүндө эскертүү берилиши керек.
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ок атуучу куралды төмөнкү учурларда колдонот:
1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан аларды жана өзүн коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;
2) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга топтошуп же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
3) маанилүү жана кайтаруудагы объектилерге, жарандардын турак үйлөрүнө, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин имараттарына топтошуп же куралдуу кол салуунун, ыйгарым укуктуу органдын кызматтык тобуна кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же кылмыш жасап жаткандарды, камактан качкандарды (административдик камактагылардан башкаларды) кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн колдонулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|