Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 18-апрели № 179

Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 475 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев