Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 токтомуна) |
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө тартибин аныктайт.
2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын башкаруу органдары, мамлекеттик органдарынын күчтөрү жана каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелери жана ыктыярдуу уюмдары элементтери болуп эсептелген жалпы мамлекеттик тутум болуп саналат, ал тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын коргоо боюнча иш-милдеттерди аткарат.
3. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун уюштуруу-укуктук жактан жөнгө салуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
4. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар Жарандык коргонуунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги пландарына, тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыгуучу Жарандык коргонуунун даярдык пландарына жана Жарандык коргонуу жаатындагы башка пландарга ылайык ишке ашырылат.
5. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму аймактык-тармактык принцип боюнча экономикалык, жаратылыштык жана башка мүнөздөмөлөрдү, ошондой эле калктын ар кандай топторунун демографиялык, гендердик, маданий өзгөчөлүктөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун даражаларын эске алуу менен түзүлөт.
6. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунда Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштырууну уюштуруу-методикалык жактан жетектөө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун түзүмү
7. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму административдик-аймактык бирдиктин базасында түзүлгөн аймактык тутумчадан, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун базасында түзүлгөн тармактык тутумчалардан жана Жарандык коргонуу жаатындагы маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн атайын тутумчадан турат.
8. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун башкаруу ушул Жобого тиркелген схемага ылайык жүргүзүлөт.
9. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык тутумчасы башкаруу органдарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын күчтөрү менен каражаттарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүн камтыйт.
10. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тармактык тутумчасы башкаруу органдарын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун күчтөрүн жана каражаттарын камтыйт.
11. Атайын тутумча Жарандык коргонуу жаатындагы маселелерди чечүү үчүн түзүлөт.
12. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун башкаруу калкка маалымдоонун жана кабарлоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумун колдонуу менен ишке ашырылат, ал Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарына жана күчтөрүнө, калкка маалыматты жана кабарлоо белгилерин жеткирүүнү камсыз кылуучу байланыштын жана кабарлоонун күчтөрү менен каражаттарынын, жалпы пайдаланылуучу байланыш тармактарынын каналдарынын жана байланыштын ведомстволук тармактарынын уюштуруу-техникалык бирикмеси түрүндө болот.
3. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө режими
13. Тынчтык мезгилде түзүлгөн кырдаалга, болжолдонгон же келип чыккан өзгөчө кырдаалдын масштабына, белгилүү бир аймактын чегинде анын таралуу шарттарына жараша Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн төмөнкү режиминин бири белгилениши мүмкүн:
- күндөлүк иш режими;
- жогорулатылган даярдык режими;
- өзгөчө кырдаалдар режими.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштешинин түрдүү режиминде ишке ашырылуучу иш-чаралар:
күндөлүк иш режиминде:
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына, потенциалдуу-кооптуу объектилердеги жана ага чектешкен аймактардагы абалга байкоо жүргүзүүнү жана контролдоону ишке ашыруу, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоо боюнча пландалган иш-чараларды бекитилген пландардын алкагында жүзөгө ашыруу;
- калкка, объектилерге жана турмуш-тиричилик инфраструктурасына өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун болтурбоо максатында превентивдүү, атайын, инженердик жана башка уюштуруу-техникалык иш-чараларын жүргүзүү;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын, резервдерин, жайгашуу орундарын аларды иштетүү тартибин тактоо;
- өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында жана өрт коопсуздугун камсыз кылууда белгиленген тартипте маалымат алмашуу, иштеп чыгуу жана топтоо;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калктын өрт коопсуздугун камсыз кылуу, мүмкүн болуучу жоготууларды жана чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда өнөр жай объектилеринин жана экономика тармактарынын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча максаттуу жана илимий-техникалык программаларды жана чараларды пландаштыруу жана аткаруу;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана каражаттарын өзгөчө кырдаалдардагы. аракеттерге даярдоону өркүндөтүү, калкты өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге жана коргонуу ыкмаларына окутууну уюштуруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатында билимдерин жайылтуу;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу үчүн финансылык жана материалдык ресурстардын резервин түзүү жана толтуруу;
- камсыздандыруунун максаттуу түрлөрүн ишке ашыруу;
- башкаруу, кабарлоо жана байланыш тутумдарын даярдыкта кармоо жана өркүндөтүү.
жогорулатылган даярдык режиминде:
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун звенолорунун жана тутумчаларынын иштөөсүнө түздөн-түз жетекчилик кылууну Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялардын өздөрүнө алуусу;
- ыкчам нөөмөттүк жана нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардын курамын күчөтүү, алар жок болгон учурда - күнү-түнү ыкчам нөөмөттү уюштуруу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
- кырсыктын келип чыгышы мүмкүн болгон райондогу абалдын начарлоо себебин аныктоо, ошондой эле такталган маалыматтардын негизинде аны жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ыкчам топторду түзүү;
- иштин күчөтүлгөн режимине өтүү жана маалымат алмашуу тартибин камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тийиштүү тутумчасын жана звенолорун аныктоо;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иштешин жогорку даярдык режимине өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө калкты өз убагында маалымдоону бирдиктүү маалыматтык башкаруу тутуму аркылуу уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча ыкчам штабды түзүү тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
- зарыл болгон учурда байкоочу жана контролдук постторду, анын ичинде байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо тармагын уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин жана коркунучтарын, алардын масштабын баалоо боюнча өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү тутумунун ишин күчөтүү;
- өзгөчө кырдаалдардын болуусунун жана өнүгүүсүнүн алдын алуу, өзгөчө кырдаал болгон учурда жоготуулардын жана чыгымдардын көлөмүн азайтуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда объекттердин иштөө туруктуулугун жогорулатуу боюнча ыкчам чараларды көрүү;
- күчтөрдү жана каражаттарды даярдык абалына келтирүү, алардын иш-аракеттеринин планын тактоо жана зарылчылыкка жараша өзгөчө кырдаал болжолдонгон районго аларды жөнөтүү;
- мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдын калкка жана чарбачылык объектилерине таасирин болтурбоого (коркунучту азайтуу) багытталган инженердик-техникалык, атайын жана башка алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү.
өзгөчө кырдаалдар режиминде:
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин башчысын дайындоо;
- авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруу үчүн өзгөчө кырдаал болгон аймакка Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, адамдын өмүрүн сактоо, инфраструктураны жана объектилерди сактоо боюнча бардык зарыл иш-чараларды уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү тутуму, айлана-чөйрөнүн абалын, өзгөчө кырдаал аймагындагы абалды байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы аркылуу кырдаалга үзгүлтүксүз баа берүү;
- Жарандык коргонуу боюнча тийиштүү комиссиялар тарабынан өзгөчө кырдаалдын зыянын аныктоо;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун бардык деңгээлдеги жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга, ошондой эле калкка өзгөчө кырдаалдардын болгондугу жөнүндө кабарлоо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
- өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
- өзгөчө кырдаалды жоюуну уюштуруу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
- өзгөчө кырдаал болгон райондогу курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалын, кыйроо болгон объектилердеги жана ага чектешкен аймактардагы жагдайды үзгүлтүксүз контролдоону ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Мүмкүн болгон коркунучка же өзгөчө кырдаалга жараша Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечим тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
132. Чечим менен төмөнкүлөр аныкталат:
- жогорку даярдыктагы жана/же өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар жана баалоо критерийлери;
- өзгөчө кырдаал коркунучу бар аймактын чектери же өзгөчө кырдаалдын чектери;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөр жана каражаттар;
- Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын сандык курамы, адистерди жана эксперттерди киргизүү зарылдыгы;
- калкты өзгөчө кырдаалдан коргоону камсыз кылуу же анын кесепеттерин жоюу иштерин уюштуруу боюнча иш-чаралардын тизмеси;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жооптуу кызмат адамдары;
- өзгөчө кырдаалдар болгон аймакка күчтөр менен каражаттарды киргизүү тартиби;
- жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда жарандардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана өзгөчө кырдаал зонасында жайгашкан уюмдардын ишин токтото туруу зарылдыгы;
- күч жана каражатты, аларды жайгаштыруу үчүн орундарды ар тараптан камсыз кылуу иш-чаралары;
- өзгөчө кырдаал зонасында зарыл болгон авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштердин жалпы комплексин жүргүзүү, уюштуруу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн башка чаралар.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү же алып салуу жөнүндө кабыл алынган чечим, менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
134. Жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги башчылары Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштеши боюнча мурун белгиленген режимдерин алып салышат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн алкагында төмөнкүлөр ишке ашырылат:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымат берүүлөрү;
- байланыштын бирдиктүү үч орундуу телефондук номерин пайдалануу менен калктан акы албай өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде өрт кырсыгынан келип чыккан өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымат кабыл алуу;
- бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматты пайдалануу менен өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, ведомстволук ыктыярдуу жана башка куткаруучу кызматтарын жана өрт өчүрүүгө, кыйроодон-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерге тартылган түзүмдөрдү ыкчам башкаруу.
15. Жаппы жана жарым-жартылай мобилизациялоонун жарыяланышы менен Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун согуш мезгилинин шартында иштөөгө которуу ишке ашырылат.
Даярдык даражалары жана Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун согуш мезгилиндеги иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысынын директивасы менен белгиленет.
3. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тартиби
16. Өзгөчө кырдаал келип чыккан убакта, анын классификациясына жараша Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги башчысы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жетекчини дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу болгон күчтөрдү жана каражаттарды колдонуудан башталат. Эгерде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн болгон күчтөр жана каражаттар жетишсиз болсо Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги башчысы жогору турган башкаруу органына кайрылат. Өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарларынын чечими боюнча Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дайыма даярдыкта турган күчтөрү тартылат. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрү жана каражаттары жетишсиз болсо, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым аскер бөлүктөрү жана бөлүмчөлөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышып жаткан калкка жана ыктыярдуу куткаруучу түзүмдөргө карата "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору жайылтылат.
5. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун жана Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар шартындагы аракеттерге окутуунун тартиби
17. Согуш жана тынчтык мезгилинде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын жогорулатуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар тарабынан аларга жүктөлгөн иш-милдеттерге жана ыйгарым укуктарга ылайык алдын ала ишке ашырылат.
18. Өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн даярдоо жана кайра даярдоо, калкты окутуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат жана ишке ашырылат. Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана мамлекеттик эмес уюмдардын персоналдарын окутуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан келишимдик акы төлөмө негизде жүргүзүлөт.
6. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун финансылык жана материалдык жактан камсыздоо
19. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун финансылык жана материалдык жактан камсыздоо "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
|
| Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун башкаруу СХЕМАСЫ