Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № 190
"2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 190 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 513-б буйругу менен жактырылган.
Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиси бар бир мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу мамлекеттердин ар биринин укугун бөлүштүрүү эрежелерин аныктайт. Мында бул жоболорду ишке ашыруунун ыкмалары салыктык укуктун мамлекеттин ички ченемдерин белгилейт.
Мындан тышкары, бул Макулдашуу бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргоо болуп саналат, ал салык салуудан качуунун же макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдалануунун алдын алууга жөндөм түзөт.
Буга байланыштуу кош салык салуудан качуу жөнүндө Макулдашуу Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун куралы болуп саналат, анткени кайсыл бир өлкөдө гана салык салына турганын билген чет өлкөлүк фирмаларга өлкөгө инвестиция салууга мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Бул Макулдашуу ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилөө зарыл.