Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы
2022-жылдын 15-марты № 3/13
Биринчи Май орто мектебинине Марипа Асанканованын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” жобонунун негизинде жана Биринчи май орто мектебинин ата-энелер чогулушунун протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Биринчи Май айылындагы Биринчи Май орто мектебине Марипа Асанканованын ысымын ыйгаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биринчи Май айылындагы Биринчи май орто мектебине Марипа Асанканованын ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция башкармачылыгына тийиштүү материалдарды дайындоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.А. Кутманалиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К. Эдигеевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Р. Акчалов |