Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-августундагы
№ 467 токтому менен
бекитилген
Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү
жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488,
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо темир жол станцияларына, жүргүнчүлөр токтоочу жерлер-
ге, портторго, пристандарга, аэропортторго, байланыштын почта-телеграф
ишканаларына, өнөр жай ишканаларына, мекемелерге, менчиктин мамлекеттик
түрүндөгү билим берүү мекемелерине, дагы башка мамлекеттик маанидеги
объекттерге ат берүүнүн жана алардын атын өзгөртүүнүн тартибин чектеп
көрсөтөт.
2. Мамлекеттик маанидеги объекттерге наам мындай объекттерди түзүү
маселеси чечилип жаткан учурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры тарабынан берилет.
3. Мамлекеттик маанидеги объекттерге наам чет өлкө коомдору менен
орток ишканаларга наам берүүдөн башка учурларда кыргыз же орус тилде-
ринде берилет. Берилген наамдар жөнөкөй, көп сөздүү болбой, топономика-
нын талаптарына шайкеш келиш керек.
4. Мамлекеттик маанидеги объекттерге тарыхый окуяларды белгилөө,
мамлекеттик жана коомдук уюмдардын урматына, ошондой эле өтө чыгаан
мамлекеттик ишмерлердин, илим, маданият ишмерлеринин, дагы башка эмгеги
сињген кишилердин ысмы берилсе болот. Өзгөчө чыгаан мамлекеттик ишмер-
лердин, илимдин жана маданияттын ишмерлеринин, башка эмгек сињирген
адамдардын аттары өзгөчө учурларда алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу
максатында дүйнөдөн кайткандан кийин ыйгарылат. Көрсөтүлгөн наамдарды
ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Төрагасы менен 3-пунктка ылайык
макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү, атын өзгөртүү туу-
ралуу өтүнүчтөр жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар
тарабынан демилгелениши мүмкүн.
Ат берүү жана атын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөр төмөнкүлөргө жиберилет:
- темир жол станцияларына, жүргөнчүлөр токтоочу пункттарга, портторго,
пристандарга, аэропортторго карата – транспорт жана коммуникациялар
чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана мамлекеттик маанидеги
башка объекттерге карата – карамагында ушул объекттер турган Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери боюнча курулуп жаткан
монументтерге, обелисктерге жана монумент өнөрүнүн башка чыгармаларына карата-
билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Өнөр жай ишканаларынын, долбоорлоо, илим-изилдөө мекемелеринин,
менчиктин мамлекеттик түрүндөгү билим берүү мекемелеринин, дагы башка
уюмдардын наамдары алардын турган жерин, ишинин түрүн, кайсы мекемеге
карай тургандыгын чагылдырып туруш керек. Ишканаларга, мекемелерге жана
уюмдарга шарттуу наам да ыйгарылса болот. Мамлекеттик маанидеги ишкана-
лардын, уюмдардын, мекемелердин наамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен, а эгерде объект бир нече областтык аймагында жайгашса,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин менен макулдашылууга тийиш.
Бир министрликке же ведомствого таандык башка ишканаларга, мекеме-
лерге уюмдарга берилген наамдарды дагы ыйгарууга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Темир жол станцияларына, жүргүнчү токтоочу жерлерге, портторго,
пристандар менен аэропортторго демейде ошол транспорт объекттери жай-
гашкан калктуу конуштардын наамы ыйгарылат, мындай учурда бир эле жерде
жайгашкан темир жол, дењиз, аба транспорт объектилерине бирдей эле наам
ыйгарылат.
Жогоруда аталган объекттерге наам Кыргыз Республикасынын Президентинин
облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен, эгерде көрсөтүлүп
жаткан объекттерге ыйгарылып жаткан наам
калктуу конуштардын наамдарына шайкеш келбесе, бул объекттер калктуу
конуштардан тышкары жактарда жайгашса, алар Администрациялык - аймактык
түзүлүш жана географиялык аттар боюнча ведомстволор аралык комиссия ме-
нен да макулдашылат. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүнчү поезддерине наам ыйгарылса болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча
курулуп жаткан монументтерге, обелисктерге, монумент өнөрүнүн дагы башка
чыгармаларына наам ыйгаруу, ошондой эле алардын беттериндеги жазмалардын
тексттерин бекитүү билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мам-
лекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Байланыштын почта-телеграф ишканаларына аталган ишканалар кайсы
жерде жайгашса, ошол калктуу конуштардын наамдары ыйгарылат.
10. Мамлекеттик маанидеги объекттердин наамын өзгөртүү тиешелүү
объекттердин наамы үчүн иштелип чыккан ушул Жобо чектеген эрежелер бо-
юнча жүргүзүлөт. Мамлекеттик маанидеги объекттердин наамын өзгөртүүгө
алар кайра уюштурулса, башка жерге которулуп жайгаштырылса, ишинин
предмети, баш ийе турган мекемеси өзгөрсө, дагы Кыргыз Республикасынын
Президентинин же Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жол берилет. Ишкана, мекеме,
уюмдардын баш ийген мекемеси өзгөрүшүнө байланыштуу наамын өзгөртүү за-
рылчылыгы туулса, же объекттер жайгашкан калктуу конуштардын аты өзгө-
рүлсө, ушул Жобонун 4-6-пункттарында каралган макулдашуу талап кылын-
байт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Темир жол станцияларына, жүргүнчү токтоочу жерлерге, порттор-
го, пристандар менен аэропортторго берилген наамдарды өзгөртүүгө наам-
дары көрсөтүлгөн объекттерге ыйгарылган калктуу конуштардын аттары өз-
гөртүлгөн учурда же дагы Кыргыз Республикасынын Президентинин же Министрлер
Кабинетинин чечими боюнча жол берилет. Калктуу конуштардын аттарынын өзгөр-
түлгөнүнө байланыштуу көрсөтүлгөн транспорт объекттеринин наамын өзгөр-
түү учурунда ушул Жобонун 7-пунктунда каралган макулдашуу талап кылын-
байт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Мамлекеттик маанидеги объекттердин наамдарынын транскрипциясын
тактоо Кыргыз Республикасынын карамагында ошол объектилер турган Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик
маанидеги объекттерге наам берүү же алардын наамын өзгөртүү калктуу ко-
нуштардын кабыл алынып жаткан наамдарынын бекитилген транскрипциясы ме-
нен жүргүзүлөт.
13. Мамлекеттик маанидеги объекттердин наамдарын эсепке алуу кара-
магында ошол объекттер турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен курулуп жаткан
монументтердин, обелисктердин, монумент өнөрүнүн дагы башка чыгармала-
рынын тизмеси билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Темир жол станцияларына, жүргүнчү токтоочу жерлерге, порттор-
го, пристандар менен аэропортторго берилген наамдар, ал наамдарды өз-
гөртүү, транскрипцияларын тактоо тууралу расмий жарыяламалар транспорт
жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан
ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)