Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели № 198
Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- 2019-жылдын 1-майы - 2020-жылдын 31-декабры мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын базасында Бишкек шаарынын ИИББсынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бөлүмдөрүн жана Бишкек шаарынын ИИББсынын кайгуул-күзөт кызматын бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын (мындан ары - Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы) түзүү жана каржылоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-техникалык жана башка маселелерди (тиешелүү программалар боюнча кызмат өтөөгө талапкерлерди тандап алуу жана окутуу, квалификациялык сынактарды тапшыруу, конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн жана окууну ийгиликтүү аяктаган адамдар менен кызмат өтөө жөнүндө контракт түзүү) чечсин;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын бардык аймагында долбоорду андан ары ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жобонун 6-пунктунда каралган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү функциялар, ошондой эле жарандардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана ар кандай мыйзамга каршы кол салуулардан коргоо, кылмыштарга, жоруктарга жана бузууларга дароо чара көрүү, кылмыштарга, жоруктарга жана бузууларга бөгөт коюу, кылмыш кылганга же жорук жасаганга шектүү адамдарды кармоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүү, табигый кырсыктар, өзгөчө кырдаалдар жана алааматтар келип чыкканда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган токтоосуз чараларды көрүү, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу бекитилген аймакта укуктук тартиптин сакталышын камсыздоо, ошондой эле аларды жасаганга түрткү берүүчү жагдайларды аныктоо боюнча функциялар жүктөлө тургандыгы;
- Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлер ачык конкурстун негизинде тандалып алынары;
- Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгында кызмат өтөөчү талапкерлерге квалификациялык талаптарды, ошондой эле ачык конкурсту өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри белгилей тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
5-пунктунун 3-пунктчасындагы "жана административдик укук бузууларды" деген сөздөр ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пунктунда:
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ички иштер органдарынын башка бөлүктөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлерине кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууга, ошондой эле кылмышкерлерди жана мыйзам бузуучуларды кармоого жардам көрсөтүү;";
- 9-пунктчасындагы "административдик эреже бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктчасындагы "административдик эреже бузуулар жана салынган административдик айыптар тууралуу" деген сөздөр "бузуулар жана салынган айыптар тууралуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктунда:
- 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) бузуу жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартууга;";
- 14-25-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) транспорт каражатын башкарган адамдарды мас абалда экенин аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө жиберүүгө;
15) коомдук тартипти, Жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоо жана белгилөө, транспорт каражаттарынын жана жолдордун техникалык абалын контролдоо, транспорт каражаттарын мажбурлап токтотуу жана кармоо, тахографтардын көрсөткүчтөрүн чечмелөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте атайын техникалык жана транспорттук каражаттарды колдонууга;
16) эгер күч колдонбогон ыкмалар тапшырылган милдеттерди аткарууну камсыздай албаса кылмышты жана башка мыйзам бузууларды болтурбоо жана бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, өзүн коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кара күчтү, анын ичинде кармашуунун атайын ыкмаларын, атайын каражаттарды жана куралды колдонууга;
17) укук бузган жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого жана жекече текшерип кароого, жүктү коштоп жүргөн айдоочунун же жарандардын катышуусунда транспорт каражаттарын жана жүктөрдү кароого, транспорт каражаттарын текшерип кароого;
18) өндүрүштө турган иштер жана материалдар боюнча жарандарды жана кызмат адамдарын чакырууга, алардан зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү, маалым каттарды, документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) алууга;
19) шашылыш же кечиктирилгис формада медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгон жарандарды медициналык уюмдарга жеткирүү, авариядан жабыр тарткан транспорт каражаттарын ташуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда чет мамлекеттердин дипломаттык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнө, эл аралык уюмдарга таандык транспорт каражаттарынан жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан башка, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын транспорт каражаттарын пайдаланууга;
20) юридикалык жактарга жана жарандарга тиешелүү байланыш каражаттарын кызматтык максатта тоскоолдуксуз пайдаланууга;
21) Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын контролдоочу техникалык каражаттарды, жол-транспорт кырсыгы болгондо колдонулуучу авариялык-куткаруучу жабдууларды, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун арттырууга жана коомдук тартипти сактоого шарт түзүүчү башка техникалык каражаттарды, автоматташтырылган системаларды жана приборлорду иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлгөн мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарууга белгиленген тартипте катышууга;
22) кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен бирдикте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу темаларын жана багыттарын аныктоого катышууга, аларды белгиленген тартипте ишке ашырууга, ошондой эле илимий иштеп чыгууларды ИИМдин ЖКККББсынын практикалык ишине киргизүүгө катышууга;
23) эл аралык уюмдардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо проблемалары боюнча иштерине белгиленген тартипте катышууга, кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен бирдикте Кыргыз Республикасынын бул жааттагы эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоочу иш-чараларды иштеп чыгууга жана аткарууга;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого, аларды атайын токтотуучу жайларга жайгаштырууга, сактоого, дөңгөлөктүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонууга;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык издөөдө жүргөн транспорт каражаттарын кармоого.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашуу боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдун эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 197237300 (бир жүз токсон жети миллион эки жүз отуз жети миң үч жүз) сомго көбөйтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардан келип түшүүлөрдүн эсебинен 197237300 (бир жүз токсон жети миллион эки жүз отуз жети миң үч жүз) сом суммасындагы каражатты Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга бөлүп берсин, анын ичинен:
материалдык-техникалык жабдууга - 191029,400 (бир жүз токсон бир миллион жыйырма тогуз миң төрт жүз) сом;
окуп жаткан мезгилде курстардын угуучулары (конкурстук тандоодон өткөн) кийүүчү формалык кийимдерди сатып алууга - 6207900 (алты миллион эки жүз жети миң тогуз жүз) сом;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо аталган кошумча каражаттарды эске алсын;
2) "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 184633400 (бир жүз сексен төрт миллион алты жүз отуз үч миң төрт жүз) сом суммасындагы каражатты карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун 3-пунктунун 2-пунктчасы 2020-жылдын 31-декабрына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкаруу СХЕМАСЫ