Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели № 197
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- 2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1- берене
2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын «___» ________ №_____токтому менен |
| жактырылган |
|
|
2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуу (мындан ары – макулдашуулар) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 467-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол койгон.
Долбоордун жалпы бюджети 43,6 млн АКШ долларын түзөт, анын 38,6 млн АКШ долларын Азия өнүктүрүү банкы берет, анын ичинде 16,8 млн АКШ доллары – грант, 21,8 млн АКШ доллары – жеңилдетилген кредит жана 5 млн АКШ доллары – салыктардан жана жыйымдардан бошотулган түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салымы.
Кредит 32 жылга берилет, анын ичинде 8 жылдык жеңилдетилген мезгили жылдык 1 % пайыздык ставкасы менен жана жеңилдетилген мөөнөтү бүткөндөн кийин жылдык 1,5 % пайыздык ставкасы менен.
Долбоордун максаты болуп төмөнкүдөй жолдор аркылуу климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине калктын туруктуулугун жогорулатуу жана кырсыктардын тобокелин кыскартуу эсептелет:
а) ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо;
б) ирригация системасын жана айыл чарба жерлерин башкарууну жакшыртуу;
в) табигый кырсыктарды башкаруу боюнча потенциалды улуттук деңгээлде чыңдоо.
Макулдашууларды ратификациялоо терс, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен чыгымдарга алып келбейт.