Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттин башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгына жана бринчи Элдик Курултайга КР айылдардан делегаттарды шайлоо боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү курултайы 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10-00гө Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы клубка чакыртылсын.
2. Чоң-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү курултайынын курамы калктын санына ылайык төмөнкүдөй санда тураары белгиленсин.
- Кызыл-Эшме айылынан 10 делегат
- Кызыл-Туу айылынан 4 делегат
- Дароот-Коргон, Кара-Шыбак айылдарынан 40 делегат
- Чак айылынан 15 делегат
- Жаш-Тилек айылынан 11 делегат
- Жар-Башы айылынан 16 делегат
- Кулчу, Сары-Булак айылдарынан 4 делегат жалпы 100 делегат.
3. Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 кишиден бекитилсин (№ 1-тиркеме)
4. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдар ичинде делегат шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 21-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 2 тиркеме) жана өкүчүлүктун нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин.
5. Чоң-Алай айыл өкмөтү Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү жабдыктар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Мадалиев |
Тиркеме № 1
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2022-жылдын
15-сентябрындагы № 23-сессиясынын
№ 1 токтому менен бекитилген
Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | А.А.Т | Кызматы |
1 | Мадалиев Галдарбек Абдиганыевич | Төрага |
2 | Турдалиев Касымбек Абдилазизович | Катчы |
3 | Ташболотов Акматали Өктөмович | Мүчө |
4 | Үсөнова Замира Исматиллаевна | Мүчө |
5 | Маматкайымова Шайыргүл Рыскуловна | Мүчө |
6 | Рахманали уулу Абдугапар | Мүчө |
7 | Абдилай уулу Таалайбек | Мүчө |
8 | Жусупов Акылбек Маматякутович | Мүчө |
9 | Даниярова Акдана Мусаевна | Мүчө |
10 | Эсеналиев Жалалидин Калмахаматович | Мүчө |
11 | Суюндуков Кансаар Бөрүевич | Мүчө |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
К. Турдалиев |
Тиркеме № 2
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2022-жылдын
15-сентябрындагы № 23-сессиясынын
№ 1 токтому менен бекитилген
Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ | Жыйын өтүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Кызыл-Эшме айылы Ынакба уулу Келдибек атындагы орто мектеби | 17.10.2022. | 10-00 | 1563 | 10 | А.Ташболотов К.Суюндуков Э.Ынакбаев |
2 | Кызыл-Туу айылы Кызыл-Туу балдар бакчасы | 20.10.2022. | 10-00 | 594 | 4 | З.Үсөнова Б. Кожокматов К.Суюндуков |
3 | Дароот-Коргон, Кара-Шыбак Б.Акимбеков атындагы клуб | 19.03.2022. | 10-00 | 6923 | 40 | Ш.Маматкаимова Б.Кожокматов Ж.Камаридинов К.Турдалиев Ж.Эсеналиев |
4 | Чак айылы Көк-Суу орто мектеби | 19.10.2022. | 10-00 | 2721 | 15 | Рахманали уулу А М.Каландаров Ж.Эсеналиев |
5 | Жаш-Тилек айылы З.Каримбеков орто мектеби | 16.10.2022. | 10-00 | 1980 | 11 | Абдилай уулу Т Т.Каримбеков Ж.Эсеналиев |
6 | Жар-Башы айылы Н.Кармышев орто мектеби | 20.10.2022. | 10-00 | 2920 | 16 | Г.Мадалиев А.Жусупов Т.Таштанбеков |
7 | Кулчу, Сары-Булак айылы К.Жапаров орто мектеби | 20.10.2022. | 10-00 | 650 | 4 | А.Даниярова Г.Баймаматов К.Турдалиев |
* | Жалпы |
|
| 17351 | 100 |
|
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
К. Турдалиев |