Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-июну № 21
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө 2014-жылдын 17-февралы Токтом № 99, 2021-жылдын 16 июнундагы № 80 токтомдорунун редакциясына ылайык, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомуна ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын аты тажик тилине жакын болгондугуна байланыштуу Говсувар айыл атын Орто-Боз айылы деп атын өзгөртүү боюнча жогоруда келген каттардын негизинде карап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Говсувар айылынын атын, Орто-Боз айылы деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ибрагим уулу Т. |