Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 325 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 26-июну № 359
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы N 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеси
1. Баткен облусу:
а) Лейлек району:
- Жаңы-Жер айылдык аймагы: Центральное (Борбордук) айылы Жаштык участогу менен, Арка, Достук айылдары жана Ай-Көл участогу;
- Кулунду айылдык аймагы: Интернациональное, Коммунизм (Ак-Арык), Ленин (Раззаков), Максат айылдары жана Кайрагач, Майты, Сада участоктору;
- Исфана шаары: Мырза-Патча айылы;
- Бешкент айылдык аймагы: Эски-Оочу айылы;
- Сумбула айылдык аймагы: Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу.
б) Баткен району:
- Кыштут айылдык аймагы: Таян, Согмент, Чарбак жана Сай айылдары;
- Суу-Башы айылдык аймагы: Боз-Адыр, Кара-Токой, Бөжөй жана Апкан айылдары;
- Төрт-Күл айылдык аймагы: Ак-Өтөк, Зар-Таш, Чоңгара жана Чоң-Талаа айылдары;
- Кара-Бак айылдык аймагы: Достук, Дөбө жана Кара-Бак айылдары;
- Самаркандек айылдык аймагы: Самаркандек, Миң-Өрүк жана Паскы-Арык айылдары;
- Ак-Сай айылдык аймагы: Ак-Сай, Таштумшук, Үч-Дөбө, Көк-Таш, Миң-Булак жана Капчыгай айылдары;
- Ак-Татыр айылдык аймагы: Ак-Татыр айылы жана Говсувар (Орто-Боз) айылы Мазеиттин жери участогу менен.
в) Кадамжай району:
- Ак-Турпак айылдык аймагы: Өтүкчү, Калача, Кызыл-Коргон Ак-Турпак жана Чоң-Кара айылдары;
- Алга айылдык аймагы: Чуңкур-Кыштак, Алга жана Адыр айылдары;
- Бирлик айылдык аймагы: Чечме, Сырт жана Ынтымак айылдары;
- Абсамат Масалиев айылдык аймагы: Какыр жана Лесхоз айылдары;
- Көтөрмө айылдык аймагы: Ак-Кыя жана Кара-Шоро айылдары;
- Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы: Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдары;
- Халмион айылдык аймагы: Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Ирилеш, Гүлдүрөмө (Жаңы-Жер участогу), Ноогардан, Халмион айылдары.
2. Жалал-Абад облусу:
а) Ала-Бука району:
- Көк-Серек айылдык аймагы: Теңги жана Кош-Болот айылдары;
- Биринчи Май айылдык аймагы: Совет-Сай айылы;
- Көк-Таш айылдык аймагы: Булак-Башы, Көк-Таш, Күлпөк-Сай жана Чоң-Сай айылдары.
б) Аксы району:
- Авлетим айылдык аймагы: Дерес-Сай айылы;
- Мавлянов (Кош-Дөбө) айылдык аймагы: Торук айылы жана Атана айылынын Бай-Кыштак участогу;
- Кербен шаары: Мамай, Жетиген (Кутчу), Ак-Дөбө айылдары;
- Кашка-Суу айылдык аймагы: Чарбак айылы.
в) Чаткал району:
- Чаткал айылдык аймагы: Ак-Таш айылы.
3. Ош облусу:
а) Кара-Суу району:
- Ак-Таш айылдык аймагы: Барак айылы.
4. Ысык-Көл облусу:
а) Ак-Суу району:
- Эңилчек айылдык аймагы: Эңилчек айылы;
б) Жети-Өгүз району:
- Ак-Шыйрак айылдык аймагы: Культцентр (Үч-Кошкон) жана Ак-Шыйрак айылдары.
в) Түп району:
- Сан-Таш айылдык аймагы: Каркыра айылы (№ 4 ферма).
5. Талас облусу:
а) Кара-Буура району:
- Маймак айылдык аймагы: Маймак айылы.".