Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-июлу № 356
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 221 «Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо механизмин оптималдаштыруу, мамлекеттик финансы ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 221 «Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы «2019-жылга» деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо методикасынын тиркемесинде:
– 1-главанын 3-пунктундагы «1/1, 1/5» деген цифралар «2/1, 2/5» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 2-главанын 3-пунктундагы «1/1» деген цифралар «3/1, 3/5» деген цифраларга алмаштырылсын;
– 3-главада:
3-пункттагы «41/24» деген цифралар «38/24» деген цифраларга алмаштырылсын;
11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 3, 4-тиркемелеринин аталышындагы «2019-жылга» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 58 (3507)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |