Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 221 токтомуна) |
Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо МЕТОДИКАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Методика Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарын (мындан ары - ведомстволук уюмдар) жана алардын аймактык бөлүмдөрүн көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарга эсептешүүлөрдү которууда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун өлчөмүн аныктоо тартибин белгилейт.
2. Бул Методиканын күчү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун төмөнкү ведомстволук уюмдарына жайылтылат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборуна;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборуна;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборуна.
Аймактык бөлүмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондук (шаардык) борборлору;
- транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун кара тумоого каршы бөлүмдөрү.
3. Бул Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ведомстволук уюмдарды каржылоо - Кыргыз Республикасынын калкынын санынын жана бир тургун үчүн киши башына карата каржылоо ченеминин негизинде эсептелген республикалык бюджеттин каражаттары;
2) аймактык бөлүмдөрдү каржылоо - кызмат көрсөтүүлөр үчүн республикалык бюджеттин багыттар боюнча бөлүнгөн каражаттары:
- мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл;
- мамлекеттик санитардык көзөмөл;
- лабораториялык изилдөөлөр (бактериологиялык, санитардык-гигиеналык, вирусологиялык, паразитологиялык, жөнөкөй жана гельминттик изилдөө, айлана-чөйрөнүн физикалык факторлорун изилдөө жана радиологиялык өлчөө);
- зоологиялык-паразитологиялык иштер;
3) каржылоонун киши башына карата ченеми - бир тургунга эсептегенде ведомстволук уюмдардын чыгымдарынын орточо өлчөмү;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми - санитардык-эпидемиологиялык жана энтомологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн бир иш-чарасынын наркынын төмөнкүлөр боюнча орточо өлчөмү:
- мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл;
- мамлекеттик санитардык көзөмөл;
- лабораториялык изилдөөлөр (бактериологиялык, санитардык-гигиеналык, вирусологиялык, паразитологиялык, жөнөкөй жана гельминттик изилдөө, айлана-чөйрөнүн физикалык факторлорун изилдөө жана радиологиялык өлчөө);
- зоологиялык-паразитологиялык иштер.
2-глава. Ведомстволук уюмдарды каржылоонун киши башына карата ченемин эсептөө
4. Бир тургунга ведомстволук уюмдарды каржылоонун киши башына карата ченеми республикалык бюджеттин каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын калкынын санына жараша ведомстволук уюмдарды каржылоонун болжолдонгон көлөмүнүн негизинде аныкталат.
5. Каржылоонун киши башына карата ченеминин өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
ПНi - i-ведомстволук уюму боюнча киши башына карата каржылоо ченеми;
Фi - i-ведомстволук уюму боюнча каржылоо;
Ч - Кыргыз Республикасынын калкынын жалпы саны.
3-глава. Аймактык бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоо ченемдеринин түзүмү жана аны эсептөө
6. Аймактык бөлүмдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоо ченемин эсептөө бюджеттик каражаттардын эсебинен, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын эсебинен мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл, лабораториялык изилдөө боюнча бир жүргүзүлгөн иш-чарага жана бир зоологиялык-паразитологиялык иш үчүн эсептелүүчү иш жүзүндө түзүлгөн консолидацияланган чыгымдардын негизинде жүзөгө ашырышат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми оорулардын алдын алууга, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө жана кара тумоого каршы иш-чараларды камсыздоого байланышкан учурдагы чыгымдарды камтыйт жана алар түз жана кыйыр чыгымдар болуп бөлүнөт.
8. Мамлекеттик санитардык жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченемдеринин өлчөмүн эсептөөдө инфекциялык оорулардын иммунопрофилактикасына кеткен чыгымдар эске алынбайт.
§ 1. Түз чыгымдардын ченемин эсептөө
9. Түз чыгымдардын ченеми төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү;
- мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл, лабораториялык кызмат жана кара тумоого каршы иш-чаралар боюнча кызмат көрсөтүү процессинде зарыл болгон дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу;
- аймактык уюмдардын күндөлүк керектөөлөрү үчүн материалдар.
10. Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеминин өлчөмүндө түз чыгымдарды эсептөө төмөнкүлөргө негизделет:
1) аймактык уюмдардын учурдагы муктаждыктары үчүн медикаменттерди, медициналык багыттагы буюмдарды жана материалдарды сатып алуу, эмгек акы төлөө фонду боюнча иш жүзүндөгү консолидацияланган чыгымдарына;
2) мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл жана төмөнкүдөй лабораториялык изилдөөлөр боюнча иш-чаралардын санына:
- инфекциялык бейтаптарга карата иш-чаралар;
- дарылоо-профилактикалык уюмдарга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл;
- эскертүү көзөмөлү;
- иштеп жаткан субъекттерге көзөмөл;
- массалык иштер;
- айлана-чөйрөнүн физикалык факторлорун изилдөө;
- санитардык-химиялык изилдөөлөр жөнүндө маалымат;
- вирусологиялык лабораториялардын иши;
- бактериологиялык лабораториялардын иши;
- радиологиялык ченөөлөр;
- айлана-чөйрөнү санитардык-паразитологиялык изилдөө;
- эң жөнөкөйлөргө жана гельминттерге изилдөөлөр жөнүндө маалымат;
- калкты гигиеналык окутуу боюнча иш - көпчүлүктө иштөө;
- табигый очоктордогу зоологиялык-паразитологиялык иштер.
11. Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченемдерин эсептөө үчүн мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл жана лабораториялык изилдөөлөр боюнча отчеттук жылдагы иш-чаралардын саны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин буйругу менен бекитилген "Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (дезинфекциялык станция) борборунун иши тууралуу отчет" № 18 форма боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттукка ылайык аныкталат.
12. Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченеминин өлчөмүндө түз чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
ПРi - иш-чаралардын i-багыты боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченеминин өлчөмүндөгү түз чыгымдардын ченеми;
ФОТi - эмгек акы төлөө фонду боюнча бюджеттик каражаттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн i-багыты боюнча атайын эсептин каражаттарынын эсебинен консолидацияланган чыгымдар;
Медi - санитардык-эпидемиологиялык жана энтомологиялык кызматтарды көрсөтүү процессинде зарыл болгон дары-дармектерге жана медициналык багыттагы буюмдарга бюджеттик каражаттардын жана иш-чаралардын i-багыты боюнча атайын эсептин каражаттарынын эсебинен консолидацияланган чыгымдар;
МРi- санитардык-эпидемиологиялык жана энтомологиялык кызматтарды көрсөтүү процессинде зарыл болгон материалдарды сатып алууга кеткен бюджеттик каражаттардын жана иш-чаралардын i-багыты боюнча атайын эсептин каражаттарынын эсебинен консолидацияланган чыгымдар;
∑Колiмер - ушул Методиканын тиркемесине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченемдерин эсептөө үчүн "Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (дезинфекциялык станция) борборунун иши тууралуу отчет" № 18 формада келтирилген жана отчеттук жылга мамлекеттик статистикалык отчеттордо жазылган мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл жана лабораториялык изилдөөлөр боюнча иш-чаралардын суммалык саны.
§ 2. Кыйыр чыгымдардын ченемин эсептөө
13. Кыйыр чыгымдардын ченеми төмөнкүдөй чыгашаларды камтыйт:
- транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну;
- иш-сапардык чыгымдарды;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнү;
- имараттарды жана жайларды күнүмдүк оңдоону;
- жабдуулар менен шаймандарды күнүмдүк оңдоону.
14. Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеминин өлчөмүндө кыйыр чыгымдарды эсептөө төмөнкүлөргө негизделет:
- транспорттук, коммуналдык кызматтарды сатып алууга, имараттарды жана жайларды, жабдууларды жана шаймандарды күнүмдүк оңдоого, иш-сапарларга, уюмдардын учурдагы муктаждыктарына иш жүзүндөгү консолидацияланган чыгымдарга;
- ушул Методиканын 10-пунктунун 2-пунктчасына ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча иш-чаралардын санына.
15. Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченемдерин эсептөө үчүн мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл жана лабораториялык изилдөөлөр боюнча отчеттук жылдагы иш-чаралардын саны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин буйругу менен бекитилген "Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (дезинфекциялык станция) борборунун иши тууралуу отчет" № 18 форма боюнча мамлекеттик статистикалык отчетко ылайык аныкталат.
16. Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченеминин өлчөмүндө кыйыр чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
КРi - иш-чаралардын i-багыттары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченеминин өлчөмүндө кыйыр чыгымдардын ченеми;
Тi - иш-чаралардын i-багыты боюнча санитардык-эпидемиологиялык жана энтомологиялык көзөмөлдү камсыздоо үчүн бюджеттик каражаттардын жана атайын эсептеги каражаттардын эсебинен транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча консолидацияланган чыгымдар;
КРi - иш-чаралардын i-багыты боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен кызматкерлердин иш сапарларга жумшалуучу чыгымдары;
КУi - иш-чаралардын i-багыты боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен төлөнүүчү коммуналдык чыгымдар;
ТРi - иш-чаралардын i-багыты боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен имараттарды жана бөлмөлөрдү, жабдууларды жана инвентарды күнүмдүк оңдоого төлөнүүчү консолидацияланган чыгымдар;
∑Колiмер - ушул Методиканын тиркемесине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченемдерин эсептөө үчүн "Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (дезинфекциялык станция) борборунун иши тууралуу отчет" № 18 формада келтирилген жана отчеттук жылга мамлекеттик статистикалык отчеттордо жазылган мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл жана лабораториялык изилдөөлөр боюнча иш-чаралардын суммалык саны.
§ 3. Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл, лабораториялык изилдөөлөр жана зоологиялык-паразитологиялык иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченемин эсептөө
17. Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл, лабораториялык изилдөөлөр жана зоологиялык-паразитологиялык иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоо ченеминин өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
НБФУi = ПРi + КРi, мында:
НБФУi - иш-чаралардын i-багыты боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченеминин өлчөмү;
ПРi - иш-чаралардын i-багыты боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченеминин түз чыгымдарынын ченеми;
КРi - иш-чаралардын i-багыты боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченеминин кыйыр чыгымдарынын ченеми.
|
| Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин аныктоо методикасына тиркеме |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджеттик каржылоо ченемдерин эсептөө үчүн "Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (дезинфекциялык станциялар) борборунун иши тууралуу отчет" № 18 формасында келтирилген мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл жана лабораториялык изилдөөлөр боюнча иш-чаралардын суммардык саны
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн багыттары боюнча иш-чаралардын аталышы | Бөлүмдүн, таблицанын, саптын/графанын номери |
1. Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл | ||
1 | Инфекциялык оорулууларга карата иш-чаралар | V бөлүм, 1-таблица, 1/1-сап/графа |
2 | Дарылоо-профилактикалык уюмдарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл | V бөлүм, 20-таблица, 1/5, 1/6-сап/графа |
3 | Массалык иштер | VI бөлүм, 2-таблица, 2/1, 2/5-сап/графа |
2. Мамлекеттик санитардык көзөмөл | ||
1 | Эскертүү көзөмөлү | II бөлүм, 1/1, 1/3, 1/5-сап/графа |
2 | Аракеттеги объекттерди көзөмөлдөө | III бөлүм, 1-таблица, 1/9-сап/графа |
3 | Массалык иштер | VI бөлүм, 2-таблица, 3/1, 3/5-сап/графа |
3. Лабораториялык изилдөөлөр | ||
1 | Адамдын айлана-чөйрөсүнүн физикалык факторлорун изилдөө | III бөлүм, 9-таблица, 1/2, 1/6, 1/10, 1/14, 1/18-сап/графа |
2 | Санитардык-химиялык изилдөөлөр жөнүндө маалымат | III бөлүм, 11-таблица, 1/3-сап/графа |
3 | Вирусологиялык лабораториялардын иши | V бөлүм, 5-таблица, 38/24-сап/графа |
4 | Бактериологиялык лабораториялардын иши | V бөлүм, 9-таблица, 44/2-сап/графа |
5 | Айлана-чөйрөнү санитардык-паразитологиялык изилдөө | V бөлүм, 32-таблица, 1/1, 1/8-сап/графа |
6 | Жөнөкөйлөрдү жана гельминттерди изилдөө жөнүндө маалымат | V бөлүм, 34-таблица, 1/3-сап/графа |
7 | Радиометрикалык изилдөөлөр | III бөлүм, 5-таблица, 2/1-сап/графа |
8 | Өзгөчө кооптуу инфекцияларга бактериологиялык изилдөөлөр | V бөлүм, 21-таблица, 1/1, 1/3, 1/7, 1/13-сап/графа |
9 | Холера боюнча адамды жана айлана-чөйрөнү лабораториялык изилдөөлөр | V бөлүм, 22-таблица, 1/4-сап/графа |
10 | Холера боюнча адамды жана айлана-чөйрөнү лабораториялык изилдөөлөр | V бөлүм, 23-таблица, 1/1-сап/графа |
11 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) | |
12 | Серологиялык изилдөөлөр | V бөлүм, 25-таблица, 1/3, 1/7-сап/графа |