Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 17/2
Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына караштуу “Ак-Кыя” айылын «Байказак» айылы деп атоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын жалпы тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамынын 12, 14-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренеси жана башка учурда иштеп жаткан ушул жааттагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын талаптарын жетекчиликке алуу менен, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын 2023-жылдын 25-январындагы жалпы тургундарынын жыйынынын №1 протоколунун негизиндеги кайрылуусу жактырылып, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылы “Байказак” айылы деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык иш алып барылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш маселелерин жана географиялык аталыштарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралып, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизилсин.
4. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылын “Байказак” айылы деп атоо жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен демилгелөөчү тарап айыл тургундарынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде бардык чыгымдарды көрсөтүү менен демилгелөөчү тарап айыл тургундарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Өмүрбеков |