Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2023-жылдын 25-январы №115/21-5
Токмок шаарындагы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын наркын эсептөөнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
(Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 129/23-5 токтомунун редакциясына ылайык)
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 27-декабрындагы №1-22/2832 кайрылуусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 24-январындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 129/23-5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.Жер участогунун типтүү ижара келишими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №219/30-4 “Токмок шаары боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонууга ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |